п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

 "Жылдыздар кеңеш беришет"

Кайненемдин айынан күйөөм менен ажыраштым

Венера аттту кыз биздин гезиттин редакциясына кат жазып кеңеш сураптыр. Каттын кыскача мазмуну баягы эле кайнене менен келиндин ортосундагы бүтпөгөн майда-барат чыр-чатактар. Биз Венерага өзүбүз кеңеш бербестен атактуу инсандардын Венерага кеп-кеңешин сурадык. Эгерде сиздин жүрөгүңүздү да ушу сыяктуу маселе өйүп келген болсо, анда редакциянын номерине же болбосо obon_pr@mail.ru электрондук дарегине кат жазсаңыз атактуулардын кеңешин ала аласыз.


Атым Венера. Мектепти мыкты аяктаган соң, жогорку окуу жайлардын бирине, "дизайнер-модельер" бөлүмүнө тапшырып окуп жаткан убагым. Сабагым абдан оор болгондуктан алгачкы күндөрү окугум келбей, сабакта олтурганда ар нерсени ойлонуп, көңүлүм эч нерсеге чаппай жүрдү. Башка кыздардай болуп жигит менен сүйлөшө да алчу эмесмин. Сабакка барам, кайра кечинде үйгө маанайым пас болуп келем. Үйдөгүлөр менин мындай кылыгыма таң калышып, апам абдан кыжаалат болуп жүрдү...

Дос кызым агасы менен тааныштырып...
Ошондой күндөрдүн биринде Аида деген дос кызым мени туулган күнүнө конокко чакырып калды. Барбай коюуга да мүмкүн эмес эле. Чогуу окуган курсташтар да келишиптир. Чогуу-чаран бакылдашып отурганбыз. Бир убакта дос кызымдын агасы туулган күнү менен куттуктап, чоң роза гүлүн көтөрүп кирип келди. Экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү, мен уялып жерди карап калдым. Агасын дасторконго жакын алып келип, Аида бизге байкесин жакындан тааныштырып жатып, мени өзгөчө белгилеп кетти. Аты Нурбек экен. Байке бизге аралашып, мага салат салып, алма кесип берип олтурду. Ошол күндөн баштап экөөбүз жакын адамдардан болуп калдык.

Нурбек байке менен бактылуу мүнөттөрдү өткөрүп жүрдүм
Күндөр айга алмашып жатып, алты айдын кантип өтүп кеткенин билбей калыптырмын. Нурбек байке менен ушул убакыт ичинде жакшы минуталарды өткөрүп жүрдүм. Бир жолу паркты аралап кетип бара жатсак Нурбек байке: "Венера, ушинтип жүрө бербей турмуш куруп алсак кантет? Менин жашым да өтүп баратат. Сен жашсың, окушуң керек экенин да билем, өзүм окутуп алам, андан такыр кам санаба" - деп айтып мени ойго салды. Мен макулдугумду берип, көп өтпөй үйлөнүп алдык. Азыркы жаштар сыяктуу эле "Бакыт өргөсүнө" барып, андан кийин шаарды айланып, кафеге келип тойду уланттык. Той күнү кайненем менен кайын сиңдим мага жакшы мамиле жасап, мен бактылуу келин болдум деп сүйүнүп жаткам. Нурбек байкенин көздөрүнөн да бакыттын учкунун көргөм. Бирок, "Той болот, анын эртеси да болот" дегендей, тойдон бир жума өткөндө эле кайненемдин мага кылган мамилеси дароо өзгөрдү. Мени урушуп, жемелеп баштады. Башында мага көнө албай жатат го деп жолдошума айтпай жүрө бергем. А кайненем күчөгөндөн-күчөп, "Сен менин баламдын акчасына карап туруп тийип алгансың, шерменде! Байкуш баламдын башын айлантып алып…" деген сөздөрү менин мээмди жеди, акыр аягында чыдабай калып Нурбекке айттым. Кимибизге тартаарын билбей Нурбектин башы маң болуп, "Венерочка, кичине чыдап турчу, жакында өзүнчө бөлүнүп кетебиз" деп мени жоошутат. Сабакка уйкусурап барам, кайра үйгө шашып, кайненем келгиче тамак жасайм. Же мен жасаган тамакты жактырып ичип койсочу. Мен "уу" кошуп берип жаткансып Нурбекти беттен алат. Кайненемден кем калбай, мага курбу болуп жүргөн Аида кайын сиңдим да мага тың болот. Иши кылып жашоом бүт бойдон тозокко айланды.
апасына наалат айтып кала берем
Капаска түшүп калган чымчыктай болуп андан чыгууга аракет кыла баштадым. Апама телефон чалып алып күндө ыйлайм. Атамдын каршы болгондугуна крабастан, апам мени үйгө алып келип алды. Баягыдай эле сабакка барам, кайра келем. Азыр үчүнчү курста окуйм. Нурбек күнүгө университетке барып, мени тосуп алып үйгө жеткизип турат. Анын кебетесин көрүп алып ыйлагым келет… Эмне демек элем? Болгону ичимден апасына наалат айтып кала берем. Ал эми Нурбек экөөбүз кыз-жигиттей болуп жолугуп турабыз. Мындан ары эмне кылышты билбей башым маң.












кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
10-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЛАССТАШЫНЫН КАТЫН БЕРБЕЙ КЫЗГАНГАН ТЕМИРЛАН
2-бет
"Бийден жакшы акча тапса болот"
3-бет
Кат куржун
4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Кызык инсан
6-бет
Баарын кылып, бийлегенге чамасы жетпеген Темирлан
7-бет
Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Микрофонго эмес диктофонго сүйлөгөн ди-джейлер
10-бет
Кайненемдин айынан күйөөм менен ажыраштым
11-бет
Шоу-бизнес жаңылыктары
12-бет
Тайванчик - Япончиктин
шакирти, Ротарунун сүйгөнү

13-бет
Тирукмуштуу "Мурси" уруусу
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??