п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Шоу-бизнес жаңылыктары
"Рефлекс"+ "Гости из будущего"
"Рефлекс" тобунун солисткасы Женя Малахованын туулган күнүн белгилеп Россиянын шоу-бизнесине кеңири таанылган жаш ырчылар чогулду. Топтун экинчи солисти Алена Торганова учурдан пайдаланып жигитин "жарыкка" алып чыкты. Ал "Гости из будущего " тобунун солисти Юрий Усачев менен көп убакыттан бери кыз-жигит болуп жүргөнү менен көпчүлүккө сыр кылып айтпай келген. Мындан аркы мамилеси кандай өнүгөөрүн Алена болжоп айткысы келбейт. Анткени, ал турмушка чыгам деген максатта жигиттерди чапса, көп убакыт өтпөй эле урушуп кетет экен.

Леона Льюисге кол көтөрүштү
Англиялык ырчы Леона Льюис өзүнүн китебинин бет ачаарына элдерди чогулткан. Ошол жерден ал бир күйөрманына кол тамга берип нары бурулганда күйөрманы аны көзгө муштаган. Көзүнөн от чагылыша түшкөн ырчы эмне болуп кеткенин түшүнбөй, коопсуздук кызматында турган жигиттерди чакырган. Күбөлөрдүн айтымында кылмышкер: "Леона, мен сени сүйөм" деп кыйкырганына ырчы ""Мен сизди сүйбөйм"- деп жооп берген. Сыягы Леонанын ушул сөзүнө арданып аны көзгө соккон окшойт. Леона азыр көз айнек тагынып жүрөт, ал эми "күйөрманга" кылмыш иши козголду.

Элтон Джон катуу ооруп калды
Британиялык ырчы Элтон Джон ноябрь айына пландаштырылган үч концертин токтотууга аргасыз болушту. Ичегилерине суук тийгизген ырчы доктурлардын көзөмөлүнө алынды. 62 жаштагы Улуубритания, Ирландия, АКШга Билли Джоэл менен бирге гастролдомок. Белгилей кетсек, мындай окуя ушул жылы эле июль айында да кайталанган. Анда Билли Джоэл катуу ооруп калып эки ай бейтапканага дарыланып жаткан. Элтондун оорусунун үстүнө оору кошулуп отуруп азыр ырчынын ден соолугу начарлоонун эле үстүндө.

Бейонс бир кечеде 72 көйнөк алмаштырды
Москванын "Олимпийский" спорткомплексинде Бейонстун көптөн күткөн концерти өттү. Билеттер концерт башталаарга бир ай калганда эле эчак сатылгандыктан, концертке кирүүнү каалагандардын саны арбын болгон. Күйөрмандардын көпчүлүгү чет мамлекеттерден учуп келишкен. Атайын Сан-Францискодон келген күйөрман кыз "АКШда Бейонстун концертине кирүүгө мүмкүн эмес" -деп ырчынын аброюн бир топ көтөрдү. Ырларынын көбү жандуу үн менен аткарылып, сахнага суммасы миллион долларга сатылып алынган экран орнотулган. Бир эле кечте Бейонс 72 көйнөк алмаштырып, кээсин тамшандырса, көпчүлүгүн таң калтырды.

Аврил Лавин ажырашты
Белгилүү ырчы Аврил Лавин ажырашууга арыз берди. Ажырашуунун себебин Аврил "пикир келишпестиктерден улам келип чыкты" деп түшүндүргөн. Демилгени биринчи Лавин көтөрүп, Лос-Анжелестин сотуна кайрылган. Жолдошу ырчы Дэрик Джейсон менен үч жыл жашашкан. Мындан сырткары Аврил Лавин ажырашкандан кийин үй-бүлөлүк мүлктү бөлүшүүнү каалабасын билдирди. Себеби, тапкан оокаттын көбү ырчынын өзүнө таандык экен.

А. Сабырова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
10-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЛАССТАШЫНЫН КАТЫН БЕРБЕЙ КЫЗГАНГАН ТЕМИРЛАН
2-бет
"Бийден жакшы акча тапса болот"
3-бет
Кат куржун
4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Кызык инсан
6-бет
Баарын кылып, бийлегенге чамасы жетпеген Темирлан
7-бет
Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Микрофонго эмес диктофонго сүйлөгөн ди-джейлер
10-бет
Кайненемдин айынан күйөөм менен ажыраштым
11-бет
Шоу-бизнес жаңылыктары
12-бет
Тайванчик - Япончиктин
шакирти, Ротарунун сүйгөнү

13-бет
Тирукмуштуу "Мурси" уруусу
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??