п»ї

Тайванчик - Япончиктин
шакирти, Ротарунун сүйгөнү

Бул саныбызда дагы бир "мыйзамдагы ууру" тагыраак айтканда, маркум Япончиктин досу Тайванчик тууралуу сөз козгомокчубуз. Өзүнүн толук аты Тохтахунов Алимжан. Ал эми "Тайванчик", "Алик" жана "Өзбек" деген тергеме аттары менен крим чөйрөсүнө өтө белгилүү. Тайванчик крим дүйнөсүндө гана эмес, спортто да кандайдыр бир орунга ээ болуп келет.

Япончиктин шакирти
Тайванчик 1949-жылы, 1-январда Өзбекстандын Ташкент шаарында төрөлгөн. Үч жолу үйлөнгөн. Азыркы жашап жаткан жубайы Светлана орус улутунан болсо да, Италиянын атуулдугун алып, ошол жактын тургуну болуп жашап келет. Төрт баланын атасы. Өмүр таржымалына токтоло турган болсок: Тохтахунов Алимжан алгач билимди Ташкент шаарынан алган. Кийин 1968-жылы аскерге чакырылган. ЦСКАда кызмат өтөп, өзүнүн тобунун администраторунун жардамчысы болуп иштейт. 1985-жылы биринчи жолу "тунеядство" боюнча соттолгон. Ал эми 80-жылдардын аяк ченинде Тайванчик СССРди таштоого мажбур болот. Чет элде да жөн жүрбөй 1993-жылы Германиядан, 1995-жылы Монте-Карлодон айдалып кетет. Андан бир жылча убакыт өтүп-өтпөй жатып эле "Тайванчик өлдү" деген маалыматтар тарап кетет.

"Кылмышкерлер тобунун башчысы"
1998-жылы француздардын тышкы чалгынчы кызматынын докладында Тайванчик "кылмышкерлер тобунун башчысы" деген ат менен чыккан. Ал жерде да көп убакыт турбастан Италияга кетип калат. Андан сырткары Тайванчик Солт-Лейк-Ситиде болгон эл аралык муз үстүндө бийлөө боюнча олимпиаданын жыйынтыгына кандайдыр бир катышы бар экендиги тууралуу күнөөлөнөт. Олимпиаданын өкүлдөрү Тайванчиктин бул жерде эч кандай тиешеси жок экендиги тууралуу далилдешкен.

Тайванчик - футболист
Бала чагына көз чаптыра кетсек, Тайванчиктин бала кезиндеги достору: Шамиль Тарпишев Лев жана Михаил Каралар (Черные) менен жакшы мамиледе болгон. Кичине кезинде эле футболду мыкты ойногон Алимжан "Пахтакор" футбол командасынан баштаган. Ал командада ойноп жүрүп, эмнегедир Россиянын ЦСКА командасына ойногусу келет. Бирок жаш футболчу Россияда анчалык деле чоң ийгилик жарата алган эмес. Спортто ийгилик жарата албаса да крим чөйрөсүнө аз-аздан аралашып отуруп, крим дүйнөсүндөгү олуттуу адамдар менен катышып, бул жагынан "ийгилик" жарата алган. Кылмышкерлердин ичинен Япончик менен да жакшы мамиледе болгон. Тайванчик Япончикти өзүнүн өкүл атасы кылып шайлап алган жана ошол бойдон кала бермекчи.

Тайванчик София Ротарунун сүйгөнү
Тайванчик Япончик менен чогуу жүрүп, Россиянын ырчылары менен да эң мыкты мамиле түзгөнгө жетишкен. Примадонна Алла Пугачева, Иосиф Кобзон, София Ротару жана башкалар Аликтин атын укканда жакын адамынын ысымын уккандай болуп сүйүнүп турушат. Бир жолу София Ротару Ташкентке концерт койгону барганда анын күйөөсү Толикти жана Ансамблдин адамдарын жакшы кабыл алып, Ташкенттеги эң кымбат ресторанга киргизип коноктогон. Ошол ресторандагы жолугушуудан баштап Тайванчик менен София Ротару достошуп жүрүшөт. Софиянын журналисттерге берген билдирүүсүнө караганда Тайванчик Софияны сүйөт экен. Софияга эң кымбат белектерди белек кылып, бат-баттан телефон да чалып турат. Тайванчик Россияга көп келбегендиктен Парижде, Германияда жана башка өлкөлөрдөн ырчы айым менен кезигишип турушат.

Машина уурдаган "Өзбек"
Алимжан бир нече жолу баңги заттарынын контрабандасы, ок атуучу куралдардын мыйзамсыз түрдө колдонгону жана уурдалган машиналарды сатып жүргөндүгү боюнча күнөөлөнүп келет. Россиянын аты аталбаган ФБР агенттигинин бир бараандуу кызматчысы Тохтахунов 90-жылдардын башталышында Москвадагы сулуулар конкурсун жетектеп келгендигин айтып, аны актаганга канчалык аракет кылгандыгына карабастан, аны куткара албай коёт. Андан башка дагы Солт-Лейк-Ситидеги болгон "Муз үстүндө бийлөө" (фигурная катания) олимпиадасында Тайванчик калыстар тобунун төрагаларына чалып, Россиянын фигуристтерине көбүрөөк упай берүүсүн айткандыгын жаздырып алышып, соттошкон. Парижде жашап жүргөндө эле Япончик аны Европанын "смотрящийи" (карап турган адам) кылып дайындагандан баштап Европаны колуна алган.

Кызына Майкл Джексонду белек кылган
Лола Кочеткова - чоң театрдын балеринасы, Тайванчиктин кызы. Лола апасынын фамилиясын алып жүргөндүктөн, бул жөнүндө көптөр эле биле беришпейт. Кызы Лола поп музыкасынын падышасы болгон Майкл Джексонду абдан жакшы көрчү. 1993-жылдары Тайванчик Россияга келип Москванын "Метрополь" мейманканасына токтоп калат. Ошол учурда Майкл Джексон Россияга концерт коюп келип, "Метрополь" мейманканасына токтоп калганын билип калып, андан кызы Лолита окуган мектепке концерт коюп берүүсүн өтүнөт. Майкл Лолитанын мектебине барганда мектептин директору, аз жерден кулап кала жаздаптыр. Ошентип, Тайванчик кызынын кичинекей кезинен берки кыялын орундаткан.

Эмки саныбызда дагы дир "мыйзамдагы ууру"
Тайванчиктин досу "Глобус"
тууралуу сөз козгомокчубуз
Элес Турар








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
10-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЛАССТАШЫНЫН КАТЫН БЕРБЕЙ КЫЗГАНГАН ТЕМИРЛАН
2-бет
"Бийден жакшы акча тапса болот"
3-бет
Кат куржун
4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Кызык инсан
6-бет
Баарын кылып, бийлегенге чамасы жетпеген Темирлан
7-бет
Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Микрофонго эмес диктофонго сүйлөгөн ди-джейлер
10-бет
Кайненемдин айынан күйөөм менен ажыраштым
11-бет
Шоу-бизнес жаңылыктары
12-бет
Тайванчик - Япончиктин
шакирти, Ротарунун сүйгөнү

13-бет
Тирукмуштуу "Мурси" уруусу
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??