п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  кызыктар дүйнөсү

Тирукмуштуу "Мурси" уруусу

Жер жүзүндө биз билгенден билбеген да уруулар жашаарын билбей келебиз… Бул жолу кебетелери адамдыкына окшош болгону менен, аң сезими, каада-салты, жашаган чөйрөсү, кийген кийими менен адамдардан айырмаланган Мурси уруусу тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Эң агрессивдүү этникалык топ
Эфиопияда башкалардан айырмаланган Мурси уруусу жашайт. Алар эң агрессивдүү этникалык топ болуп саналат. Эркектери башка чек аралардан алынып келген Калашников үлгүсүндөгү автоматтарын көтөрүп жүрүшөт. Ал эми автомат жетпей калган эркектер таяк көтөрүп алат. Таяктын жардамы менен өздөрүнүн лидер экендиктерин далилдешет. Бул уруу башка уруулардан айырмаланып, эртең менен эрте эле алкоголдук ичимдиктерди ичип алышып, түш оогон маалда мас болуп калышат.

Аңчылык менен жан сактаган Мурсилер
Мурси уруусунда бардыгы болуп 6 миң адам бар. Алар сорго өстүрүү жана бал иштетүү менен алектенишет. Ошону менен катар эле мурсинин эркектери аңчылык менен үй-бүлөсүн багышат. Андан сырткары, уй, кой жана башка үй жаныбарларын багып, аларды союп, эттерин жеп жан сакташат. Мурси уруусу Сурма тобунан бөлүнүп Ома жана Маро дарыяларынын ортосуна келип отурукташып калышкан.

Бойлору жапыз, буттары ийри адамдар
Бул уруу баарынан мурда негроид расасындагы мутанттарга тиешелүү болсо керек. Анткени алардын бою жапыз, буттары ийри, чекелери жакын жана моюндары абдан эле кыска келип, кебетелери суук болушат. Ал эми баштарында чачтары дээрлик жокко эсе. Ошондуктан мурсинин аялдары баштарына дайыма бир нерселерди оронуп же болбосо кандайдыр бир жаныбардын катуу терисин, жалбырактарды баштарына жаап алышат. Анан да мурсинин адамдары өтө сак келишет.

Көп убакыт жуунбай жүрө беришет
Дагы бир кызыктуу фактылардын бири болуп алардын адамдардыкынан башкача жыты эсептелет. Ал жыттан алардын көп убакыттар бою жуунбай жүрө беришээрин билүүгө болот. Изилдөөчүлөр эмне үчүн жуунбай жүрө беришээрин изилдеп көрүшүп, алар ар кандай паразиттерден (оорулардан) сактануу максатында атайын жуунбай жүрө беришээрин аныкташкан .

Эриндерин тешип, тегерек табак коюп алышат
Алардын бет жасалгалары башка уруудагы адамдарды гана эмес жапайы адамдарды да таң калтырып келет. Кыздар кичинекей кезинде эле астыңкы эринин кесип туруп жыгачтан жасалган тегерек нерсени коюп алышат. Кыз чоңойгон сайын тегеректин дагы диаметри чоңоюп турат. Ал эми үйлөнүү үлпөт тоюнда кыздын астыңкы эринине табак коюп коюшат. Табактын диаметри канчалык чоң болгон болсо, кыздын калыңына ошончолук көп мал беришет. Андай табактын диаметри 30 сантиметрди түзөт. Эгер табакты ооздон алып чыкса, астыңкы эрин ылдыйды карай 10-15 сантиметр чоюлуп калганын байкоого болот. Мурси адамдарынын көбүнчөсүнүн алдыңкы тиштери жок болот. Анткени табакты оозго салганда тиштерге тийишип жатып, тиш канап, натыйжада өспөй калат.

Адамдын сөөктөрүн кооздук катары тагынып…
Аялдары моюндарына бир башкача кооз буюмдарды илип алышат. Ал адамдын колунун манжаларынын сөөктөрүнөн жасалган кооздук. Нормалдуу адамда мындай сөөктөн жыйырма сегиз болот, аны "нэк" деп атап коюшат. Бирок алар абдан жалтырап жана эң жакшы жытты чыгарып турат. Баарынан кызыгы алар күн сайын моюнуна тагынып жүргөн сөөгүн адамдын денесинен чыккан май же тер менен сүртүп турушат.

Наркотикалык чөп даярдашат
Бул мистикалык уруунун аялдары дайыма кечинде өздөрүнүн сарайларында олтуруп алып, наркотикалык чөптү даярдашат. Табак коюлган эринине сүйкөп, күйөөсү менен чогуу жасап алган баңги затын колдонушат. Бир аз убакыт өткөн соң аялы тешик эрининен тилин чыгарып, күйөөсү экөө тең тиги баңгини жалай башташат. Бул ырым-жырым мурсилерче "өлүм-өбүшүүсү" деп аталат. Айткандай, сүйүшкөндөр сыяктуу өбүшүүнү алар турмушунда такыр колдонушпайт.

Күйөөлөрүнө уу даярдаган аялдар
Дубалаган адам ар бирин өзү чөптөн даярдап алган дарысы менен адамды дубалайт. Ал дубалап жаткан учурда мурсиниин адамы абдан сонун түш көрөт. Биз кино көрүп жаткандай абалда болуп өзүнчө эле жыргашат. Бул болсо "өлүм түшү" деп аталат. Бул жөн жеринен айтылып калган эмес. Күйөөсү түш көрүп жаткан учурда, аялы ага уу даярдайт. Ошондуктан мындай аталышка ээ болуп калган.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
10-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЛАССТАШЫНЫН КАТЫН БЕРБЕЙ КЫЗГАНГАН ТЕМИРЛАН
2-бет
"Бийден жакшы акча тапса болот"
3-бет
Кат куржун
4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Кызык инсан
6-бет
Баарын кылып, бийлегенге чамасы жетпеген Темирлан
7-бет
Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Микрофонго эмес диктофонго сүйлөгөн ди-джейлер
10-бет
Кайненемдин айынан күйөөм менен ажыраштым
11-бет
Шоу-бизнес жаңылыктары
12-бет
Тайванчик - Япончиктин
шакирти, Ротарунун сүйгөнү

13-бет
Тирукмуштуу "Мурси" уруусу
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??