п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-91-001. Салам алейкум Улан байке, мен сиздин ырларыңызды аябай жакшы көрөм. Иним да сиздин ырларыңызды жакшы көрөт. Соткасында ырларыңыз жаңырып турат. Сиз патриотсуз. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Менин байкемдин аты да Улан. Күйөрманыңыз Нурбек.
ОП-91-002. Мамбеталиев мектебинин 10 "б" классынын окуучусу шайыр досум Зирегүлдүн 11-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Дос, сага дүйнөдөгү жакшылыктардын баарын каалайм! Сени жакшы көрөм! Досуң Зуля.
ОП-91-003. Балыкчы "БСЭИде" окуган жалпы студенттерди 17-ноябрь майрамдары менен куттуктайм! 1-курстун студенттери: Рыскүл, Айзада, Бема, Чынара, Сезим, Жыргал, Баха, Атай, Мурат окууларыңарга ийгилик! Кураторубуз Раимбекова Майрам Жакшылыковна сиздин ишиңизге дагы ийгилик каалайбыз! 0773963ххх
ОП-91-004. Бул дайра тоодон аккан тунук дайра, Ал дайра артты көздөй акпайт кайра. Ал дайра артты көздөй акса дагы, Жаштык кез экинчи ирээт келбейт кайра. Жыргагыла жаштар! 0777588ххх
ОП-91-005. Сага арналат мендеги бардык ырлар, "Сен" деп турат катылган бардык сырлар. Ырларымды, сырларымды түшүнбөсөң, Анда менин ыйык сүйүүм кыйрап калаар! Жаным Шабдан, Настя мен сени сүйөм! М…т!
ОП-91-006. Мейли мени сүйбө, мен сени сүйгөнүмө бактылуумун. Фархат сенин жүрөгүң таш экенин билбептирмин. Сенсиз жашоо уланып жатат, бирок, билесиңби? Сенсиз өтүп жаткан күн кудайымдын мага берген тозогу. Оштон Асель.
ОП-91-007. Салам Step by Step! Элдияр байке Ош шаарында болуп өткөн концерт дисктерге чыгарылабы? Нурайым94.
ОП-91-008. Шабдан ата орто мектебинин 11 "А" жана "Б" класстарына ысык салам! 0777588ххх
ОП-91-009. Эң эле таланттуу, популярдуу, сүйкүмдүү ырчылардын бири Тата Улан. Сизди абдан жакшы көрөбүз жана дайыма мыкты ырчылардын биринчиси болушуңарга ишенебиз. Ар дайым ушул абалыңыздан жазбай, өсүп, өркүндөй бериңиз! Кеминден Айша жана Султан.
ОП-91-010. Бөлүнбөгүлөчү кыргыздар! Патриот Мирбек Мамытбеков.
ОП-91-011. Казак кызы Амангүл номериңди берчи? Патриот Мирбек.
ОП-91-012. Султан эмнеге көрүнбөй калдың? Азыр эл сенин ырларыңа суусап турган маалы. Тезирээк сахнага кайтып кел! Биз сени сагындык.Күйөрманың Настя Шабдан.
ОП-91-013. Татынакай, токтоо мүнөз, пейили кенен мендеги дос башкада да болду бекен? Коркпоймун ал турганда эч нерседен. Суранганым жараткандан бактылуу кыз болсоң экен. Насыйкат, Мурат бактылуу болгула! Курбуң Динара.
ОП-91-014. Жаным мен сени сүйөм! 0777588ххх
ОП-91-015. Көпөлөкчө гүлдөн гүлдү тандаба, Бирин сүйүп экинчисин алдаба. Бар болгон соң өз сүйгөнүң жаныңда, Сүйүү гүлүн башкасына арнаба. 0777588ххх
ОП-91-016. Сүйүү-сүйүү дешет, чын сүйүү барбы? Кыздардын жүрөгү жалган сүйүүгө зарбы? Бирин алдап, экинчисин сүйгөн. Эх, жигиттер силерде ар- намыс барбы? Зуля.
ОП-91-017. Сын таккан жигитмин, сага сын такпайм өзүм бир гана. Сыдыргы салып сезимге, Сыздатып жүрөт бир санаа. Зуля.
ОП-91-018. Достук жакшы - дос болууну кааласаң, Достук жакшы - жолу менен бааласаң. Достук жакшы - түбөлүккө өчпөсө, Достук жакшы - өмүр бою көктөсө! Зуля.
ОП-91-019. Ардактуу ата-энем Рустам жана Сонунбүбүгө салам жолдойм. Силер бар, биз бар. Силер бар, күн бар. Силер бар бул жашоо бейкут, көңүлдөр ток. Ар дайым багыбызга аман болгула! Силерди жакшы көрөм! Зуля.
ОП-91-020. Менин жашым 21де. Ыймандуу, түшүнүктүү, тамашакөй, жөнөкөй жигиттер менен таанышам. 0772795020, 0552795020.
ОП-91-021. Бактыгүл Бадыева талантыңыз өркүндөй берсин! Лиза.
ОП-91-022. Мен сулуу кыздар менен таанышам. Атым Алмаз. 0773447045.
ОП-91-023. Манас радиосунун шайыр, булбулдай үнү ар бир угарманды өзүнө тарткан таланттуу ди-джей Айбек Ахматовдун 13-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Ар дайым ишиңде ийгилик көп болсун! Айдеми.
ОП-91-024. Менин саламым Бекчорого! Ар бир ырың угармандын жүрөгүнөн орун алсын! Сен супер ырчысың. Айдеми.
ОП-91-025. Сени сүйөм Кыргызстан! 0551765ххх
ОП-91-026. Сүйүктүү ырчым Мирбек Атабеков ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин! Ырларыңыз өркүндөй берсин! Кудайым өзү колдосун! Ырларыңыз элдин жүрөгүнөн орун алсын! Күйөрмандарыңыздын алдында дайым бар болуңуз! Терең урматым менен Замана93.
ОП-91-027. Саламым Эду сарыга, Айбекке жана Заир сулууга. Айтаарым кыздардын убалына калбай жөн жүргүлө! Айбек сен Айганышты колдон чыгарба. Эду сени билем сага кыз токтобойт. Заир сен Каныкей деп жүрүп кара далы болуп кетесиң го. Кыскасы бар болгула, бай болгула. Бай болгондо эмне, эл менен тең болгула! Adek_kg.
ОП-91-028. Мен түштүктөн болом. Бирок, түштүк-түндүк деп бөлгөндөрдү жактырбайм. Бөлүнбөй биримдиктүү болсок, биз баарын жеңебиз. Биз КЫРГЫЗбыз. Бема.
ОП-91-029. Жаным Гүл эмнеге менден алыстап баратканыңа түшүнбөй койдум. Сенден кайрадан мурункудай жылуулук издейм. Н…
ОП-91-030. Салам! СМСчилер гезиттен урушпай, достошкула, сүйүшкүлө. Урушсаңар уят. "Гезиттен СМС аркылуу урушкула" деп "Обон почта" ачылган эмес. Менин силерге эжелик кеңешим, жаман көрбөй туура кабыл алгыла. Бема.
ОП-91-031. Жолдошум Кабылга, акем Жыргалга, жеңем Гүлмирага, Бола акеге, кайним Заирбекке салам! Баарыңарды жакшы көрөм. Жаным Кабылды сүйөм! Бема.
ОП-91-032. Мирбек Атабеков мен сизди сүйөм. 0553563ххх
ОП-91-033. Мен Сүлүктү шаарынын 140-жылдык маарекеси менен бүт Сүлүктүлүк туугандарды куттуктайм! Дайыма бар болгула! Акбермет.
ОП-91-034. Амангүл сени Бека аттуу балдар чындап сүйгөнүнө ишенесиңби? Бека!
ОП-91-035. Менин саламым Сүлүктү шаарчасында жашаган классташ курбу кыздарым: Жазгүл, Рабия, Айтургандарга жолдонот. Мен силерди жакшы көрөм! Акбермет.
ОП-91-036. Мирбек Атабеков сага ийгиликтерди каалайм! Дагы да болсо ырларыңды сатып, байып кетишиңе тилектешмин! Гүлзада Казакстандан.
ОП-91-037. ОП-89-065теги Жумашова Нуриз, мен сени тааныгандай болуп жатам. Атым Самара. Эгерде окуп калсаң мага байланышчы. +79267804ххх
ОП-91-038. Супер СМСчилер менен таанышам. Урматым менен Айпери.
ОП-91-039. Мирбек Атабеков ырыңды эмне үчүн саттың? Акча үчүнбү? Гүлзада Казакстандан.
ОП-91-040. Мирбек Атабеков Кыргызстанды сатпайсыңбы, ырыңды калтырып?! Казакстандан Гуля.
ОП-91-041. Утурлай тосуп чыкчумун жолуңдан. Учурашып кыска кармап колуңдан. Капыстан ал ордумду алмаштырып. Кете бердим тагдырыма багынып. Гүлүм.
ОП-91-042. Ильяз Абдаразаков сизди жараткан өзү колдосун! Талантыңызга көз тийбесин! Сиздин ырларыңызды сүйүп угам. Күйөрманыңыз Нуржан.
ОП-91-043. Ош шаарынын Ноокат районуна караштуу Жар-Коргон айылына жана 1989-90-жылкы классташтарыма чоң салам! Бишкектен Айпери.
ОП-91-044. Шамурзаева Бүзайнап апамдын аман-эсен көз жарып алышын кудайдан миң мертебе суранам. Кызыңыз А.
ОП-91-045. Салам И.Абдразаков. Эмнеге түштүк жергесине келбейсиң? Боюңду көтөргөнүңбү? Ушул жерде эле өсүп, чоңойдуң эле го? Барган сайын өзгөрүп бара жатасың. Мурдагы биз билген Ильяз жок. Балким өзгөрүп калаарсың аны бир убакыт көрсөтөт. Мека.
ОП-91-046. Менин кумирим Ильяз Абдразаков. Атым Актилек.
ОП-91-047. Бул дүйнө кандай жаралган? Ак сүйүү кандай таралган? 0552210ххх
ОП-91-048. Баарына салам! Эмиль, Эмир, Кубат салам! Ишиңерге ийгилик! Гүлжаханна94.
ОП-91-049. Мен айга-күнгө теңегиз кызым Мединаны сагындым. Анын күлкүсүн эстегенде өзүнчө толкунданам. 0552717ххх
ОП-91-050. Ассалоому алейкум кыргыз калкым! Ысык-Көл областынын Түп районунун Күрмөнтү айылна, 11 "в" классына жана мен тааныгандарга ысык салам! Силерге ийгилик! Канаева Айчүрөк.
ОП-91-051 . Качан сүйүү багын аралайбыз? Настя92 Шабдан
ОП-91-052. Султан Садыралиев Шымкентке неге афишаңда берип ийип, өзүң келбедиң? Бөйрөгүңдөн операция болдуңбу? Беш тапандын балдарынан акча берип жибердик дарыларыңа. +77014606ххх
ОП-91-053. Жүрөккө жылуу сезим жараттың. Сүйдүрүп күндөн-күнгө бараттың. Көзүңдүн нурун чачып сен бизге доскем, жүрөгүбүздү жараладың. Сени сыйлаган, сагынган досторуң Сыргак, Талант, Э Дима, Умар.
ОП-91-054. Айым 89 балдарга суроо берген экенсиң. Ал СМСти "Обонго" эмес алдап кеткен балага жазып көрсөң не дейт экен? Э Дима.
ОП-91-055. Тамада сиздин тоюңуздун көркүн ачат. 0705039265
ОП-91-056. Ноокаттын Кожоке айылына сагынычтуу салам жолдойм! Эгемберди кызы Гүлзина.
ОП-91-057. Кара-Кол шаарында М.В.Фрунзеде окуп кеткен бир досумду издеп жүрөм. Аты-жөнү Мамбетов Темирбек. Жалгыз уул, апасынын аты Замира, аталарыбыз военный болгон. Тилекке каршы Ысык-Көлгө көчүп кеткен. Эгер окуп калсаң 87013479123 номерине кабарлашып кой. Эгерде тааныган мусулман жандар болсо, кабарын бергилечи суранам. Досу майор Мадаминовдун баласы Э.Дима.
ОП-91-058. Менин саламым алыскы ордолуу Өзгөн шаарына караштуу Кароол айылында жашап жаткан күнүм атама, айым апама жана сиңдилерим Акбермет, Акмарал, Алия, укам Нурсултанга жолдонот! Бар болгула, бай болгула! Алтындарым ден-соолугуңар чың болсун! Ошондой эле апамды 12-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз! Жүзүңүздөн күлкү кетпесин! Өмүрүңүз узун болсун! +77011268ххх
ОП-91-059. Жандай көргөн жан досторум Айсулууга. Эльмирага, Жамалбүгө, Айнагүлгө жана Нурзатка ж.б. досторума жалындуу ысык салам! Мен силерди жакшы көрөм. Силердей досторумдун бар экендигине сыймыктанам. Окууңарга ийгилик! Терең урматым менен Замана93.
ОП-91-060. Салам кантип жолдойт? 0770345ххх
ОП-91-061. Эмнеге жаш тилекке жетүү кыйын? Эмнеге жүрөк сырын чечүү кыйын? 0777588ххх
ОП-91-062. Алыскы Алай районундагы айылдардын биринде жашаган сүйгөнүм Соняга салам жолдойм! Сени сагындым! Мени менен кабарлаш. +77770949251
ОП-91-063. Алма-Атадагы жездем Альберт, эжем Жаңылай 16-ноябрь үйлөнүү тоюңар кут болсун! Бактылуу болгула! Алматыдан Элиза.
ОП-91-064. Мени менен таанышканды каалаган Алма-Аталык кыздар барбы? 87051479035
ОП-91-065. Саламым Үмүт жеңеме, Айзирекке, Тахминага, Айка жеңеге, Аянага, Исхакка, Мединага жолдонот. Ишиңерге ийгилик каалайм. Алтынай.
ОП-91-066. "Бекжан" базарында отурган Адилет мен сени жакшы көрөм. +77770957ххх
ОП-91-067. Ош-Бишкек жолундагы Шумахерлерге салам жолдойм.Аман болгула! Алматыдан жүргүнчү.
ОП-91-068. Эмнеге адамга ашык болот? Ажырашса, эки көзгө жаш толот. Айтчы эгер билсең?! Эмне үчүн сүйүү жолу татаал болот?! Айка.
ОП-91-069. "Алатау 2" базарында иштеген Акылбек мен сени сүйөм. Сенчи? Мени сүйдүң беле? Айка.
ОП-91-070. Казак кызы Амангүл, сага шерик болсом кантет? Мен кыргыздын уулумун. Бирок, Казакстанда турам. Жалпысынан айтканда Казакстандагы жана башка өлкөдө жүргөн жарандарыбызга ийгилик! Эрке бала Азамат.
ОП-91-071. Амангүл супер приз жана супер звезда боло бербечи. Приз болуп бирөө-жарым утуп кетпесин. +77777069ххх
ОП-91-072. Менин элим Манас ата урпагы. Менин жерим алтындан го турпагы. Чолпонбай жан берген, Кыргызстаным сенде өмүр жыргалы. Тугел.
ОП-91-073. "Алатау 2" базарында Давун, 1-катарда иштеп жаткан эжелерим, кошуналарым, Эльмира, Майрам, Гуля, Бегимай, Айка, Мээрим, Асель, Тимур, Урматтарга салам жолдойм! Алардын иштерине ийгилик каалайм! Нури.
ОП-91-074. Жан, сен сырыңды, мен чынымды айтканча, өмүр чиркин баратпайбы билинбей. Сен мени сүйөсүңбү, же жөн эле жүрөсүңбү? Бони.
ОП-91-075. Урматтуу Тата улан сиздин балансыңыз түбөлүк сүйүү менен толтурулду. Сиз "өчпөс сүйүү"тарифине өтсөңүз болот. Ал үчүн 0772795020 комбинацияларын басыңыз. Көңүлүңүздү бурганыңыз үчүн чоң рахмат1 Асель.
ОП-91-076. Тата Уланга: Ырыңызды, обонуңузду жаттап алдым. Үнүңүздү жүрөгүмө сактап алдым. Ырларыңызды, обондоруңузду бул үн менен жараткан кудуретке таңыркадым. Сизди терең урматтап Аруужан.
ОП-91-077. Салам Э Дима! Сен акылдуу бала элең го. Эмне шоктонуп атасың? Таир.
ОП-91-078. Жаным Самара дайыныңды билдир. Телефонуң өчүк го? Каякта жүрөсүң? Сени издеп мен баспаган жол калбады. Мурат.
ОП-91-079. Кыздар-балдар менен дос болгум келет. Атым Алина 1993-жылкымын. 0771899ххх
ОП-91-080. "Обондун" көркүн ачкан Алматынын сулуусу Амангүлгө жалындуу салам! +7702956ххх
ОП-91-081. 1992-жылкы Эгембердинин 13-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Классташың 17.17.
ОП-91-082. 1992-жылкы Асылбекти туулган күнү менен куттуктайм! Классташың 17.17.
ОП-91-082. 1992-жылкы Эралыны туулган күнү менен куттуктайм! Классташың Айсулуу.
ОП-91-084. №13 мектептин 1992-жылкыларына салам жолдойм. 17.17.
ОП-91-085. Бекиш сени жактырам. Бирок негедир сүйө албаймын. Кааласам да сени менен жүрө албаймын. 17.17.
ОП-91-086. 92нин балдарына жана кыздарына салам жолдойм! 17.17
ОП-91-087. Бирди сүй, аны танда. Бир жүрөктү экиге жарба! МирЧындык!
ОП-91-088. Улан байке мен сизге бекем ден-соолук, узун өмүр жана чыгармачылыгыңызга албан ийгиликтерди каалайм. Ар дайым ак эмгегиңизден баар таап, бар болуңуз. Кыргыз элимдин сиздей чыгаан уулдары бар экенине мен эле эмес, бүтүндөй элиңиз сыймыктанса керек. Сиздин жараткан ар бир ырыңыздын түпкүрүндө чыркыраган чындык жатат. 0773463ххх
ОП-91-089. Салам достор! Кандайсыңар? 0772663ххх
ОП-91-090. Салам айтам жалпыңа, жалпы кыргыз калкыма! Кутман таңыңыздар менен! 0777588ххх
ОП-91-091. Кыргыз калкым ойгонгула. Баарын кризиске шылтай бербей. Биз кризистен эмес, кризис бизден тажады окшойт. Тамаша Настя92.
ОП-91-092. Менин саламым №87деги 8-б класска. Жакшы окугула. Гүлдана.
ОП-91-093. Салиевага чоң салам! Үй-бүлөмдү, досторумду, мектебимди аябай сагындым го… Кудай буюрса барып калам. Нурмахмуд жакшы окугун ээ? Оштон эжең Аля-Алина.
ОП-91-094. Ноокаттын Жаркоргон айылындагы досум Аксана сени аябай сагындым. Окуп калсаң мага СМС жазчы 8701144820705
ОП-91-095. Кыргызстан алга! Э.Дима.
ОП-91-096. Сен тууралуу жүргөн кезде ойлонуп, Капилеттен СМС жаздым толгонуп. Окуп жатып "сүйөм" деген сөзүңдү, Эт жүрөгүм кетти ордунан козголуп. Капырай, бул чынбы же төгүнбү? Же тек гана келдиби алгым көңүлдү? Билесиңби? А мен болсом жүргөнмүн, эзүү арнап бүтүн өмүрдү, Күнүм, айым, ак жылдызым чолпонум. Күлкүң менен жактың сүйүү отторун, Күйүп, жанып жашап жүрүп өзүң деп, Күлгө айланып каламбы деп коркомун. МирЧындык!
ОП-91-097. Нуркыз мен келгиче жакшы иште. Шоктонбогун. Ылайым Тимурга жет досум. Насипа сен да шоктонбогун. Көп ыйлаба. Силерди жакшы көрөм. Уулкыз.
ОП-91-098. Жалпы окурмандарга салам жолдоо менен бирге Базаркоргондун айчырайлуу периси Зуляга чоң салам! Кайда болсоң аман бол алтышам! Оштон Аля-Алина.
ОП-91-099. Сүйүү бул эмне? Сүйүү бул күн эмес нурун чачкан. Сүйүү бул ай эмес таңда баткан. Сүйүү бул суу эмес ичип жаткан. Сүйүүнү бир адам ойлоп тапкан. "Сүйүүсүз жашоо жок" деп жалган айткан. Силер не дейсиңер СМСчилер? 0777064ххх
ОП-91-100. Жаным, оо жаным. Сени сүйөм го. Капа болбойм, намаздан кийин СМС жазам макул?+77029564ххх
ОП-91-101. Менин саламым мен үчүн дүйнөдө эң кымбат болгон ардактуу атам Абдисаламга, сүйүктүү апам Жибекке, агам Эрланга, эрке сиңдим Баянага жолдонот! Ар дайым ден -соолукта болуп жүрө бериңиздер! Бешенеме бар болуңуздар! Кызыңар Гүлбурак.
ОП-91-102. Сүйүү бар, кыздардын да жүрөгү бар. Сүйүшүп-күйүшүп жанат чексиз. Алар кол сунуп жигиттерге сөз айталбайбыз. Себеби, намыс деген улуу салт бар. Уулкыз.
ОП-91-103. Ноокаттын Кожоке орто мектебинин 2006-2007-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө сагынычтуу салам жолдойм! Кайдасыңар классташтар? Алматыдан Э.Э.Гүлзина.
ОП-91-104. Салам "Обон" ишиңерге ийгилик! Бар болгула! 0777564ххх
ОП-91-105. Менин саламым акам Рахман, жеңем Гүлмира, кызы Аруужан, укам Үсөн, Үпөлгө жолдонот! Силерге дайым жакшылык каалаймын. Баарыңардын бетиңерден сүйдүм деп Нуркыз.
ОП-91-106. Жаркырап аткан таң белең? Ашыгым сага зар элем. Жайкалып чыккан белесте, Жайлоонун гүлү бал белең? +77015070ххх
ОП-91-107. Элестейм элесиңди толгон айдай, Суктанып карай берем алымсынбай. Кезиксек сен экөөбүз ошол кезде. Жанашып жанып турган кош жылдыздай. +77015070ххх
ОП-91-108. Шымкентте соода кылган Жылдыз, Жыргал, Улук, Абай, Дамир, Шумкар, Алтын, Нургазы, Канат, Жеңиш, Мириш, Шайырбек, Алмаз, Талант акелерге салам жолдойм! Ишиңиздерге ийгилик! Дордойдон Жайна.
ОП-91-109. Ыйманы ысык, жылдыздуу 17 жаштан жогору улан-кыздар менен таанышып, дос болгум келет. 0556657165 Саида.
ОП-91-110. Эне тилим, дүйнөдөгү кыйын тилим. Бул ааламда теңдеши жок тилим. Кылымдарды карыткан кыргыз тилим, Өсө берчи дайыма эне тилим. Данка90.
ОП-91-111. Дордой базарындагы Конжыкты (Айзирек) издейм. Жоголуп кетпечи. Сени сагындым! Амангүл.
ОП-91-112. Мыкты СМСчилер Айгөлөк, Зуля, Жанусь, Фея, Билал козу, Э.Дима, Жаку89. Нурзат90, Какао, Наргиза, Элка, Мая95, Гуля88, Дамира92, Барби, Абда, Айнагүлгө салам! Амангүл.
ОП-91-113. 90-79 абонент мен Кыргызстанга барсам казак экениме ишенесиңби? Анда ишенбей эле койбойсуңбу. Сени ишендириш үчүн, жумушумду таштап кете албайм! Ишенбесең мени тааныгандардан сурасаң айтышат. Амангүл.
ОП-91-114. Элка рахмат. Саламың саламатта болду. Амангүл.
ОП-91-115. Какао салам! Мен эч кимге көңүл бурбай эле жүрөм. Өздөрү билет да, ким жаман, ким жакшы. Амангүл.
ОП-91-116. Гүлжаханна салам! Мен казакмын жана өз тилимден башка жети тилде сүйлөйм. Намазды эми үйрөнүп жүрөм. СМСиңе рахмат. Урматым менен Амангүл.
ОП-91-117. Салам алейкум кушу сынчы! Макул сиздин айтканыңыздай болсун. Амангүл.
ОП-91-118. Ноокат районун Жаркоргон айылында жашаган ата-энеме, туугандарыма салам! +77014820ххх
ОП-91-119. Красноярскийдеги акам Полотов Мунарбекке салам! Ака сизди сагындым! Ар дайым бар болуңуз! Сизди жакшы көрөм. Карындашыңыз Калдаркан.
ОП-91-120. Тараздагы коммерсант ака, эжелер Акылай, Гүлшат, Эркин, Акберди, Дони, Алена, Айжан, Наргиза силерге оттой ысык салам! Күлкүңөр таш жарсын! Курсант.
ОП-91-121. Жогорку-Майга салам! Күйөө балаңар Сүйүнбек, кызыңар Наргиза.
ОП-91-122. Айпери сени сүйөм! 0550614ххх
ОП-91-123. Салам кол жеткис кыргызымдын сулуу кыздары! Сиздер менен кыргыздын чыныгы мырзасыТемирлан. +77024120122 Таанышууга чакырат Астана калаасынан.
ОП-91-124. Мен Ош шаарынын Пасылка айылында жашаган атам Ырысбек, апам Калыска салам жолдойм! Ата ишиңизге ийгилик! Ден-соолукта болгула! Биз силерди сагындык! Алматыдан кыздарыңыз Назгүл, Нуркыз, Уулкыз.
ОП-91-125. Султан эмнеге көрүнбөй калдың? 0777588ххх
ОП-91-126. " Обондун" көркүн ачкан алматынын сулуусу Амангүлгө салам жолдойм! Сагындырбай байланышып тур! Иштериңе ийгилик каалап сиңдиң Гүлбурак.
ОП-91-127. Жапалактыктар, Папандыктар барсыңарбы? Келгиле достошобуз! Гүлбурак.
ОП-91-128. Чымкенте иштеген досторум Эленага, Таалайга, Умарга, Э.Димага ысык салам! Алматыдан досуңар А.
ОП-91-129. Кызыл-Сарай айылынын тургундарына чоң салам! 93төр алга! Алина93.
ОП-91-130. Бакыт деген бул чексиз. Анын аныктамасы жок. Бакыт кээ бирөөлөрүнө акча, байлык, арман. Кээ бирөөсүнө тузсуз дүйнө. Биоланка- Ош.
ОП-91-131. Мирлан мени кечир! Эля.
ОП-91-132. Жаным Борон байке. Мен сизди эч кимге алмаштырбайм. Сиз менин келечегимсиз. Эля.
ОП-91-133. Ош облусунун Ноокат районундагы Жийде айылында жашаган атам Мамырга чоң салам! Балаңыз Максат.
ОП-91-134. Менин сүйүктүү досум Нурзадага жагымдуу салам! Досуң Макс.
ОП-91-135. Мен Бактыгүл Бадыева менен таанышкым келет. Номерин берип койгулачы Замира.
ОП-91-136. Апам Дыйканова Сапияга, атам Сүйүнбаев Кожоакматка салам. Бар болуңуздар! Баткен шаарындагы Чек айылына, 8-"А" класска өзгөчө салам! Классташтар силерди сагындым. 0772741293кө чалып койгулачы. Бишкекте окуп жаткан классташыңар Кожоакмат кызы Замира.
ОП-91-137. Тата Улан табышмаксыз неге антип алгансыз? Ар бир кыздын жүрөгүнө сүйүү отун жаккансыз. Мен да сизди жактырамын бирок жашым улуураак. Сенин ырың, сенин маскаң башкалардан сулуураак. Жамила.
ОП-91-138. Обондун жалпы жамаатын 7-ноябрь басма сөз кызматкерлеринин майрамы менен куттуктайбыз! Зам командасы.
ОП-91-139. Учурда Кыргызстанда сасык тумоо жүрүп жатат. Бардык кыргыз элине чың ден-соолук каалайбыз! Зам командасы.
ОП-91-140. Эң активдүү командалардын бири Зам командасына салам! Зам алга багыт алгыла! 007.
ОП-91-141. Менин жандай көргөн досторум Зам командасына жалындуу ысык салам! 007.
ОП-91-142. Менин саламым асылым эжелерим Амангүл, Айгөлөк, Ширин кыз, Айзирешкага, супер СМСчилер Гуля88, Жанусь, Роза, Нурзат90, Э.Дима, ж.б. бардык окурмандарга жолдонот. Баарыңарга ийгилик! Зуля.
ОП-91-143. Түн бир убак, уктай албайм, ой турат. Жымжырттыкка көнө албайм тунжурап. Асманда ай мени тиктейт. Ал жалгыз түшүнгөндөй жылдыз да турат сансыз. А жанымды сырдуу сезим тынч койбойт. Дүк-дүк урат жүрөк неге билип болбойт. Менин оюмда сен гана элең ишенсең сезим кыйнайт, жүрөк ыйлайт буркурап, бул дүйнөдө эч-эч армандуу сүйүү болбосун. Сүйүшкөндөр бактылуу болгула! Зуля.
ОП-91-144. Менин арманым, балким тагдырымдагы ыр… Айрылдык, айып кимде? Айтчы мага? Күнөөлүү болуп калдым мен оюмда. Канчалык капа кылып койсоң дагы, Жалынып баргым келет жаным сага. Бармакмын жок дегенде күлүп койсо… 0770199ххх
ОП-91-145. Ош обласытынын Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылына салам! Баарыңарга ийгилик! Силер суперсиңер. Алматыдан Полотова.
ОП-91-146. "Обондун" мыкты СМСчи кыздары кичине намысыңарды сактагылачы. Балдар таанышкысы келсе, өздөрү номериерди таап чыгышат. Сырдуу кыз.
ОП-91-147. Сулуу балдар менен таанышам. Аяна. 0552181897.
ОП-91-148. Сагынычтуу саламым бүткүл кыргыз элиме жана ошондой эле Өзгөн районунун Мырзаке айылынын тургундарына, №3 Марат Нубаев орто мектебинин агай-эжейлерине жана 10 "б" класстын окуучуларына жолдойм! Астанадан Абдыразакова Фарида.
ОП-91-149. Апам Гүлназга, атам Абдисатарга, акем Үмөткө, иним Капитанга, сиңдим Жасминге, аяш апам Уулканга жана Кызыл-сарай айылына чоң салам! Алина.
ОП-91-150. Урматтуу калайык, этият болуп жүрүңүздөрчү чочко тумоосунан. Балээдей болуп ким алып келди? Ушул эле жетишпей жатты эле. Жумагүл.
ОП-91-151. Жайдын кечи кандай кооз керемет. Жымыңдаган жылдыздар мага эркелеп. Жылып учкан ай бетине төгүлүп, Жылмайган сенин элесиң мага көрүнүп. Шамал ойнойт кулагыма шыбырап, "Сагындыңбы сүйгөнүңдү?" деп сурайт. Айткым келди ичте толгон сырымды, бирок шамал укпачудай сезилди. Акыл89А.
ОП-91-152. Бардык туугандарга супер салам! Айганыш.
ОП-91-153. Шаардагы Тунукка салам! Ден соолукта бол, ишиңе ийгилик! Карындашың Аяна.
ОП-91-154. " Обондун" СМСчилерине салам! Бар болгула! 0773115ххх
ОП-91-155. Ассаламу алейкум бардык намаз окугандар жана окуймун деп ниеттенген момун мусулмандар! Ушактан, араш-талаштан алыс бололу. Бул бир келген жалган дүйнөдө бири-бирибизди урматтап, барктап, сүйүп өтөлү. Жаратканым баарыбызга жар болсун! Жалгыз.
ОП-91-156. Билал козу аттуу жигит аябай жакшы адам окшойсуң. 0773311ххх
ОП-91-157. Саламатсызбы Уланчик байке. Сиздин талантыңызды абдан баалайбыз. Сизди үй-бүлөбүз менен дайыма колдоп келебиз. Ылайым эле бар болуңуз, аман болуңуз,үнүңүз көп жерге жетсин, золобоңуз өсө берсин, өсө берсин! Фанаткаңыз Жумагүл.
ОП-91-158. Т.Тынымбаев мектебинде окуган 1992-жылкы классташтарыма супер салам! Ак жол, жакшы окугула, ийгилик! Айганыш.
ОП-91-159. Салам достор! Өз атыңардын маанисин билесиңерби? "Алина-А" деген эмнени түшүндүрөт? Алина
ОП-91-160. Эң жакын дос кыздарым Эркайымга, Гүлзатка салам! Эч оорубагыла! Ар дайым ойноп, күлүп жүрө бергиле! Айганыш.
ОП-91-161. Бишкек шаарында жашап жаткан Наку эжеме, Каку жездеме, балдары Шах, Камилага ысык салам! Эч качан оорубагыла! Мен силерди жакшы көрөм! Айганыш.
ОП-91-162. Абдиев Акыл мен сени сүйөөр элем чыныгы жүрөгүм менен. Сага болгон сүйүүм менен дагы деле жашай берем. Сени сагындым, күлкүңө зарыктым. Келчи эми жаным батыраак сагындым. Алина Кызыл-Сарай.
ОП-91-163. " Обондун" окурмандарына, СМСчилерине салам. Токмоктон Айкона super-star94.
ОП-91-164. Ат-Башы районунун 1-Май айылында жашап жаткан ата-энеме, иниме, эжеме салам! Бар болгула! Оорубагыла! Айганыш.
ОП-91-165. Тата Улан сен эң жакшы репер мырзасың. Ийгилик анда! Мен сени менен жолуккум келет. Айка.
ОП-91-165. Мирбек Атабеков, Бактыгүл Бадыева силерге супер салам! Ишиңиздерге ийгилик каалайм! Мен силерди аябай жакшы көрөм. Айка.
ОП-91-166. Талас областынын Талас районундагы Ташарык айылынын тургуну досум Мамыров Нурбектин үйлөнүү тою менен куттуктайм. Куш бооң бек болсун! Аяшым экөөңдүн кармашкан колуңар үзүлбөй, бактылуу болгула! Досуң Б.Марат.
ОП-91-167. Саламым Кара-Кулжа районундагы Чалма айылында жашап жаткан ардагым, арманым болгон сүйгөнүм Аматов Нуралыга жолдонот.Эгер окуп жатсаңыз, ушул өмүрдө жалгыз гана сизди сүйөмүн! Канчалык алыста болбоңуз жолуңузду карап күтөмүн сизди сүйүп бул өмүрдөн өтөрмүн. Мүмкүн али түшүнөөрсүз, түшүнгө соң өкүнөөрсүз. Кайда жүрсөңүз да мени унутпаңыз. Канча убакыт өтсө дагы арадан эч кимди сүйгөнүм жок. Жаным кайрылып келишиңизди суранам! Сизди сүйөм! Айгерим.
ОП-91-168. Талас облусунун Талас районундагы Ташарык айылынын тургуну апабыз Дүйшөналиева Гүлбарчынга балдар-кыздарнын атынан ысык салам жолдойбуз. Эч убакта оорубай ден -соолукта болуп, биздин сый-урматыбызды көрүп жүрө бериңиз демекчибиз. Б.Марат.С.
ОП-91-169. "Обонго" жана СМСчилерге салам! Таанышалы достор! Элизаветта. 1992-жылкымын.
ОП-91-170. Суу өмүрдүн булагы, Көз адамдын чырагы. Унутпасаң сен мени, СМС жазышып туралы. МирЧындык.
ОП-91-171. Балыкчы шаарында "БСЭИде" окуп жаткан жалпы студенттер 17-ноябрь майрамыңар менен! Окууларыңарга ийгилик каалайм! Наргиза.
ОП-91-172. Жүрөгүмдүн ээсине арналат. Көргүм келип көздөрүңдү тезирээк, Сени эстесем тулку боюм эзилет. Өмүрүмдү сени мага ыроолоп, Сени мага жараткандай сезилет. Ээлеп алып жүрөгүмдү кусалык, калгандаймын ак сүйүүгө тушалып. 0773591ххх
ОП-91-173. Каракулжадагы Э.Осмонов мектебиндеги Нурзат, Айпери, Айжигит, Жакенге, жалпы 9-класстарга жана мугалимдерге салам! Нурпери.
ОП-91-174. Каракулжадагы Э.Осмонов мектебине чоң салам! Нурпери.
ОП-91-175. Бишкектен таанышкан 1993-жылкы досторум Адинай, Айдай, Салтанат кандайсыңар? Окуулар жакшыбы? 0777064465
ОП-91-176. Баткенде жашаган досторум Крошка, Детка, Дина, Кансулуу, Айчүрөк, Самара окууңарга ийгилик! Бактылуу болгула! Досуңар Каныкей.
ОП-91-177. Султан Садыралиев мен сени чексиз сүйөм! Ишиңе ийгилик! Бактылуу бол! Каку.
ОП-91-178. Саламым Кара-Суу районунун Ынтымак айылындагы 1987-жылкы Алтынбекке. Мен дале сени сүйөм, издейм. Мага чалчы сураныч. 0557220986
ОП-91-179. Саламым Карасуу районунун Ынтымак айылындагы 1987-жылкы Айгүлгө. 0557220ххх
ОП-91-180. Менин саламым "Обондун" жалпы СМСчилерине жана окурмандарына. Дагы бир саламым дос кызым Гуля, Мээримге жана Бегалиев Даниелге менден жалындуу ысык салам! Досум Гуля жана менин сүйүктүү ырчым Даниель ишиңерге ийгилик! Мен силерди жакшы көрөм. Алина 0554900193
ОП-91-181. Сүйүү болуш керек эң бир таза. Сүйүүдөн канча адам өлдү каза. Сүйөт десе сүйө бербе көрүнгөндү. Тандап туруп сүйүш керек бирди гана. Замир бул ыр сага тиешелүү. Өзүңдү кармап жүр. Замана93.
ОП-91-182. " Обондун" окурмандарына жана супер СМСчилерине жалындуу ысык салам! СМСчилер калемиңер курчуй берсин! Ар дайым алга! Замана93.
ОП-91-183. Афтандил өмүр гүлү жаш курак, Ойноп алгын ар убак. Сизге каалайм үч тилек: Өмүр, Бакыт, Махабат! Жакшылык жандап кетпесин! Жамандык кууп жетпесин! Тилеген ой-максатыңызга жетиңиз! Терең урматым менен Замана93.
ОП-91-184. Сырымды кимге айтамын, кимдер угат? Жүрөктү ким жылытат калса муздап? Кайрадан кайдыгерлик тиктейт салкын. Түшүмдү түшүнбөгөн ойлор бузат. Кайдасың? +77015070ххх
ОП-91-185. Чоң-Алай районуна караштуу Жарбашы айылына ысык салам жолдойм! Айнура.
ОП-91-186. Менин саламым "Бекжан" базарында иштеген досторум Айпериге, Гүлзадага, ошондой эле "Самал" базарында иштеген Айкага, Дамирага, Алинага, Зуурага, Мирага, бөлөм Микага. Ар дайым бар болгула! Силерди жакшы көрүп досуңар Гүлбурак.
ОП-91-187. Менин эң сүйүктүү ырчым Бактыгүл Бадыевага салам жолдойм! 0770700ххх
ОП-91-188. Айпериге салам жолдойм! 0770700ххх
ОП-91-189. Кыш келатат ызгаар суукту жамынып, Ак кар, көк муз, аязы да камынып. Жараткандан тилегеним бул кышта, Аппак сүйүү ала келсин жылмайып. Фея.
ОП-91-190. Казак кызы Амангүл Кайда болбо аман жүр! Сизди урматтаган сиңдиңиз Фея.
ОП-91-191. Наргиза эже сизге дайым бакыт, өмүр тилеген жакын санаалаш сиңдиңиз бар экенин эч унутпаңыз. Фея.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
10-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЛАССТАШЫНЫН КАТЫН БЕРБЕЙ КЫЗГАНГАН ТЕМИРЛАН
2-бет
"Бийден жакшы акча тапса болот"
3-бет
Кат куржун
4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Кызык инсан
6-бет
Баарын кылып, бийлегенге чамасы жетпеген Темирлан
7-бет
Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Микрофонго эмес диктофонго сүйлөгөн ди-джейлер
10-бет
Кайненемдин айынан күйөөм менен ажыраштым
11-бет
Шоу-бизнес жаңылыктары
12-бет
Тайванчик - Япончиктин
шакирти, Ротарунун сүйгөнү

13-бет
Тирукмуштуу "Мурси" уруусу
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??