п»ї

  Бырс этме

Казактар сүйлөшүп жатышат. Биринчи казак:
- "Кыргызстан" деген ырды сатып алдык .Анда экинчиси:
- Эми ырчынын өзүн сатып алсак э.Үчүнчүсү:
- Адегенде эле өзүн сатып алганда экөө тең биздики болмок да.

Күмөндөр Абылов жогорку ылдамдыкта келе жатса МАИчи токтотот. Күбөлүгүн текшерген соң, багажын ачуусун талап этет. Анда куудул:
- Ачпай эле коёюнчу,-деп 500 сом сунат. Шектенген МАИчи :
- Ачкын,-дейт. Куудул 1000 сом көргөзөт. МАИчи башын чайкайт. Күмөндөр 5000 сом десе, МАИчи багажды ачуусун чындап талап кылат.Анда куудул бош багажды көрсөтүп, "банкрот" деген экен.

Ырчы Токтобек Асаналиев аскерге жаңы барса ротанын командири катардагы жоокерлерден "Родители кем работает?"-деп сурап калат. Ар кимиси банкир, учитель, механик деп орусча жооп беришет. Бул суроо ырчыга да жетет. Анда Токо,койчунун баласы болгондуктан "Малчи" деп кыйкырат.


Расул кызы Айгерим шашылыш түрдө такси тосуп калат. Такси токтобостон зуулдап өтүп кетет. Ачууланган Айгерим:
- Силердиби карап тур, ырдабай койбосом .

Ырчы Султан Садыралиев кичинесинде лимонду жанындай көрүп жегендиктен күнүгө келип дүкөнчүнү тажатчу экен.
- Султан: Байке, лимон барбы?
- Дүкөнчү: Жок.
- Кийинки күнү, лимон барбы?
- Жок.
- Кийинки күнү байке лимон?…
Дагы бир жолу келсең алдыгы кулагыңды мык менен дубалга кагып таштайм,-дейт
Эртеси акырын кирип келген Султан:
- Байке мык барбы?
- Жок.
- А лимончу?







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
10-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЛАССТАШЫНЫН КАТЫН БЕРБЕЙ КЫЗГАНГАН ТЕМИРЛАН
2-бет
"Бийден жакшы акча тапса болот"
3-бет
Кат куржун
4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Кызык инсан
6-бет
Баарын кылып, бийлегенге чамасы жетпеген Темирлан
7-бет
Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Микрофонго эмес диктофонго сүйлөгөн ди-джейлер
10-бет
Кайненемдин айынан күйөөм менен ажыраштым
11-бет
Шоу-бизнес жаңылыктары
12-бет
Тайванчик - Япончиктин
шакирти, Ротарунун сүйгөнү

13-бет
Тирукмуштуу "Мурси" уруусу
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??