п»ї

Кат куржун
Адатта бул рубриканы "Уккан кулакта жазык жок" деген ураан менен баштайбыз. Окурмандардан келген sms терди карап көрүп, уккан ушактарынын канчалык деңгээлде чын-төгүнү бар экенин өз ооздорунан угуп гезит бетине жарыялап жатабыз.


Үмүт Тилегенова:
"Жеке жашоомо байланышкан суроолор менен чалбагыла!"
Саламатсызбы "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Мен жакында эле "Кош жылдыздын" концертине баргам. Үмүт Тилегенова эмнегедир мурдакыдай эмес, алда канча толуп кеткендей көрүндү көзүмө. Элдердин арасында "боюнда бар" деген сөздөр да жүрүп жатат. Ушул чынбы?
Салкынай, Бишкек шаары
Үмүт Тилегенова:
- Андай эмес, кыздар ошо мага келген кат жөнүндө жазбай эле койгулачы. Менин боюмда барбы, жокпу кимдин кандай иши бар? Чынын айтыш керек, бул өтө "личное дело". Кийин дагы жеке жашоомо байланышкан суроолор менен мага кайрылбагылачы, сураныч.

Эрнис Кыязов:
"Ал да ажы, мен да ажы..."
Ырчы Майрамбек Осмонов "Замананы" жакшы алып барып жатпады беле? Кайра бат эле эфирден көрүнбөй калды го. Кээ бир тааныштарымдан журналист Эрнис Кыязов менен жакалашып урушуп кетиптир деп уктум. Балким Майрамбек Осмонов Эрнис Кыязов менен тил табыша албай жумушунан чыгып кеттиби?
Мээрим, Бишкек шаары
Эрнис Кыязов:
- Мушташкан эмеспиз. Азыр экөөбүз өтө жакын адамдарданбыз. Мен аны сыйлайм, ал мени сыйлайт. Ал да ажы, мен да ажы дегендей...

Лунара Мамытова:
"Турусбек Мамашовго эмес, башкага турмушка чыктым"
Урматтуу "Обон" гезити менин жакшы көргөн дикторум Лунара Мамытова Турусбек Мамашовго турмушка чыкканы жатыптыр деген сөздү угуп төбө чачым тик турду. Себеби, жакшы көргөн алып баруучум тууралуу мындай суук сөздөрдү уккум келген эмес. Ушул ушак-айыңдын канчалык деңгээлде чындыгы бар,ыя?
Медер, Ош шаары
Лунара Мамытова:
- (Күлүп) Бул сөз жөн гана айтылган ушак. Анткени мен 17-октябрда Турусбек Мамашовго эмес, өзүмдүн сүйүктүү адамыма турмушка чыктым. Ал адам азыр менин жанымда. Бирок, менин жолдошум ким экенин, каякта иштээрин азырынча сыр кылып айтпай турайын.

Алексей менен Алькамил чогуу жашайбы?
Алып баруучу Алексей Филатов ырчы Алькамил менен чогуу жашайбы. Экөө бири-бирин "сүйүшөт" деген чынбы?
Кумара, Бишкек
Алексей Филатов:
- Жок бул сөз калп. Мен өзүмчө батирде жашайм, ал болсо иниси менен жашайбы же башка бирөө менен жашайбы так билбейт экенмин.

Канат Култаев:
"Жүз миң сомумду уурдаттым"
Жакында эле Канат Култаевди милиция бөлүмүнөн көрүп таң калдым. Эмнегедир маанайы жоктой сезилди. Бир топ акчасын уурдатып жибериптир деген сөздөр чынбы? Өз оозунан сурап бергилечи?
Максат, Бишкек
Канат Култаев:
- Ооба, андай окуя болгон. Мага бирөө почта аркылуу бир нерсе салып жибергенинен, аны алам деп интернет клубга беш мүнөткө кире коюп жүз миң сомдун тегерегиндеги акчамды уурдатып жибердим. Ошол күнү ал акчага бир чоң нерсе алайын деп жүргөм, тилекке каршы ал оюм ишке ашпай калды. Милициялар деле уурунун фотороботун камера аркылуу таап чыгышкан, азырынча эч кандай жыйынтык чыга элек, кылмышкерлер табыла элек. Менин абалымды сурап, тынчсызданып жаткан окурманга чоң рахмат. Учурда өзүм да ооруканада дарыланып жатам, баарыңарга ден-соолук каалайм.

Айя Садырова:
"Мурда эле өзүмөн улуу адамга турмушка чыккым келчү"
Ырчы кыз Айя Садырова турмушка чыкканда кубандым. "Apple" дискоклубунун директору менен Айяны көп көрчүмүн. Анын жашы аябай эле улуу болчу, ошол адамга турмушка чыкты деп уктум. Ушул чынбы?
Зина, Бишкек
Айя Садырова:
- Жолдошум менден жети жаш улуу, бойдок кезимде эле өзүмөн улуу адамга турмушка чыксам дечүмүн. "Apple" дискоклубунун ээсинин аты Эмил, менин жакын досум. Экөөбүз мурдатан кызматташып келебиз. Менин концерттеримди, чакан жабык кечелеримди кээде уюштуруп берип турат. Жолдошум менен Эмилди чаташтырып алышты окшойт. Экөө эки башка адам.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
10-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЛАССТАШЫНЫН КАТЫН БЕРБЕЙ КЫЗГАНГАН ТЕМИРЛАН
2-бет
"Бийден жакшы акча тапса болот"
3-бет
Кат куржун
4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Кызык инсан
6-бет
Баарын кылып, бийлегенге чамасы жетпеген Темирлан
7-бет
Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Микрофонго эмес диктофонго сүйлөгөн ди-джейлер
10-бет
Кайненемдин айынан күйөөм менен ажыраштым
11-бет
Шоу-бизнес жаңылыктары
12-бет
Тайванчик - Япончиктин
шакирти, Ротарунун сүйгөнү

13-бет
Тирукмуштуу "Мурси" уруусу
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??