п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жылдыздар турмушунан

Белгилүүлөрдүн
балдары божураганда....
Биз буга чейин элге аты чыккан таанымал адамдардын апаларынан, аталарынан алар тууралуу суроолорду узатып келсек, бул саныбызда балдарына белгилүү ата-энеси тууралуу, алар менен бирге күбө болгон кызыктуу окуялардан да бир үзүм кеп сала кетүүсүн сурандык.


Жамиля Муратованын уулу Адилет:
"Апам экөөбүз ынак достордонбуз"
- Эсимде мен анда биринчи же экинчи класста окучумун. Жаңы жыл болуп калып эжекебиз "Ар кимиңер ар башкача, өзүңөрдүн фантазияңар менен кийинип келгиле" деген эле. Үйгө келип, апама эжекейдин айтканын айтсам, апам мага жалтырак шым жана ага окшошкон жалтырак көйнөк тигип берип, көзүмө такканга өз колу менен маска жасап берип мектептин бал-маскарадына жиберген эле. Менин костюмум мектептеги мугалим эжейлерге жагып, мага кымбат белектерди беришкен. Ошол учурда апама ушунчалык ыраазы болгон элем. Азыр болсо апам экөөбүз ынак достордонбуз. Бир маселе чыгып калса биринчи апама айтып, аны биргеликте чечкенге аракет кылабыз.

Асылбек Өзүбековдун баласы Арген:
"Атамдын жини жаман"
- Кичине кезимде абдан тентек болчумун. Атама ыйлап жатып "салют, жардыргыч"саттырып алып, экинчи кабаттан, биринчи кабаттагы кошуналарымдын квартираларынын жанына ыргытып качып кетчүмүн. Кошуналардын балдары ыйлап, атама даттанып келишээр эле… Кичине кезимде бала бакчадан үйгө качып келип, эч ким жок кезде балкондон кирип кетип, атамды көп убарага салгам.
Чоңойгон сайын мен токтолдум, атам да мен каалаганымдай болуп калды. Мисалы, тогузду бүткөндө БГУЭПке тапшырам десем, унчукпай, уруксат берди. Иши кылып менин айтканымды эки кылып көрө элек. Бирок жинине тийсең ачуусу чукул. Өзгөчө жумуштан чарчап келгенде үйдөгүлөрдүн баары жинине тийбегенге аракет кылабыз.
Көп адамдар атам экөөбүздү аябай окшошсуңар дейт, атам экөөбүздүн келбетибиз гана эмес, үнүбүз да окшош.

Бактыбек Мамытов Улан:
"Атамды үйгө киргизбей койгом"
- Мен негизинен апама жакын болуп чоңойдум. Атамдын сүрүнөн эле корккондуктан, көп деле даап сүйлөй алчу эмесмин. Мектептеги дискотекаларга же конокторго апамдан суранып алып эле кетип калчумун. Анткени атама айтсам барыбир "жок, барбайсың" деген сөздү укчумун да. Ошон үчүн апамдан суранып, акыры-ын кетип калчумун. Кичине кезимде шоколадды абдан жакшы көргөндүктөн шоколад жок болсо ыйлай берчү экенмин. Бир курдай атам жумуштан мага шоколад көтөрбөй келсе, "шоколадың жок" деп үйгө киргизбей коюптурмун.

Шайыр Касымалиеванын кызы Мээрим:
"Шымым суу болуп калып…"
- Менин апамдай дүйнөдө апа жок болсо керек. Абдан боорукер, шайыр жана мээрман эне. Башкача айтканда, идеалдуу аял десем болот. Мен апам кылган иштерди азыр эне болуп туруп кыла албайм. Кичине кезимде апам мени өзү ойногон спектаклдерге ээрчитип алчу. Апамдын ойноп жатканын көрүп, "мен да апамдай болом" дечүмүн. Менин кино дүйнөсүнө аралашып калганыма апам түрткү болду.
Апам экөөбүздүн ортобузда бир да жолу чыр чыккан эмес. Кичинекей кезимде бир курдай тентектик кылып койсом, апам менин колумдан оорута кармап туруп көзүн алайтты эле, ошонусунан эле коркуп калгам. Ошондон кийин олуттуу тентектик кылган жокмун. Тентектик кылаардан мурда апамдын чакчайган көзүн элестетип алчумун.
Бир кызык окуя: Анда мен бала бакчага барчумун. Кышында муз жасап алып, балдар менен ылдый түшүп, өйдө чыгып жаныбыз тынбай ойночубуз. Бир жолу үч жолу түшүп кайра чыксам эле шымымдын болгон жери суу болуп калды. Эртеси күнү ал жоругум үчүн үйгө камалып калгам. Ошондон кийин музга ойногонду да токтотком.

Куудул Рахман Разыковдун баласы Каныбек Разыков:
"Сулуу кызды атам экөөбүз тең карап…"
- Атам үйдө деле куудулдана берет. Мени көп деле контролдобойт. Анткени мен ага чейин жеткирбейм. Кээ бир учурда, чектен чыгып кеткенимде гана анча-мынча айтчусун айтат. Болбосо эмне айтсаң деле баарына "макул". "Макул" деген сөзү мага абдан жагат. Анан абдан унутчаак, айткан нерсесин унутуп калмай адаты бар. А анысы болсо жакпайт. Кызыктуу окуялардан эстесем: Бир жолу гастролдон түнкү саат 12лерде үйгө келсем атам: "Ашканада манты бар. Сага калтырып койдук. Ысытып жеп ал" дегенинен ашканага кирип, мантыны ысытып, "мына жейин" деп жатсам, атам кирип келип: "Кана уулум, сүйлө. Гастроль кандай болду? Жакшы келдиңби?" деп мага сүйлөп атып, алдыдагы мантыны түгөтүп койгон эле. Мен болсо курсагымдын ач экенин билдирбей чай ичип жатып алгам. Дагы бир жолу, анда мен кичинекей кезим. Атам мени конокко ээрчитип барган эле. Атам алаксып турганда мен эшикке чыгып, орус балдар менен ойноп кетиптирмин. Жоготкон атам эмес, апам байкуш мени издеп жүрүп, орус балдардын арасынан таап келген. Ал эми кечээ жакында эле, атам экөөбүз машина менен кетип бара жатсак, татынакай бир кыз жолдун аркы четинде кетип баратыптыр. Эми сулуулугун айтпа! Эркектер андай кыздарды карамайын тура албайт эмеспизби, ал кызды мен карап калдым, анан жанымда олтурган атамды карасам, атам да ал кыздан көзүн албай карап атыптыр. Жолдун аңгыл-дөңгүлүнөн машинам "пипилдеп" кетсе болобу. Мен ал кызга тийишкендей болуп калдым. Атам мени карайт, мен "тийишкен жокмун" дейм…


Анапия Райымбекованын уулу Улукбек:
"Балдар шампанын эле ичкен болчумун"
- Мен кичинемде таенемдин колунда өскөм. Апам мени айылдан шаарга алып келип, колуна алганда мен төрт жашта болсом керек. Айылдан балмуздак эмне экенин жебесең кайдан билмек элең? Апам экөөбүз көчөдө кетип бара жатып, "Балмуздак жейсиңби, уулум?" десе, "Жок жебейм" деп койдум. Апам болбой эле алып берсе,"муздак экен" деп жатып араң тиштегем. Бир ооз тийгенден кийин кантип түгөтүп койгонумду өзүм да билбей калгам. Апам Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармонияга, жумушуна мени ээрчитип барып, "Балам, бул жерден эч жакка жылбай ойноп тур ээ" деп ырдагыны кирип кетсе, эшиктин туткасына колум жетпесе дагы, эптеп тырышып жатып, апам ырдап жаткан оркестрге кирип, ал жерде турган бардык адамдар менен учурашып чыкчумун.
Кийин М. Абдраев атындагы музыкалык орто мектебине киргизди. Окуп жүргөндө бир жолу конокко барып, кичине кызуу болуп калып, балдар менен чырдаша кеттик эле. Ал чырыбыз апама жетип калып, "Арак ичтиңби?!" деп жини келип, мени уруша баштаганда "ой апа, мен "детское шампанское" эле ичкен болчумун" деп кутулуп кеткем. Эмдигиче "детский шампанскийиңден ичип коюп жатасыңбы?" деп тамашалап сурап калат.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
10-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЛАССТАШЫНЫН КАТЫН БЕРБЕЙ КЫЗГАНГАН ТЕМИРЛАН
2-бет
"Бийден жакшы акча тапса болот"
3-бет
Кат куржун
4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Кызык инсан
6-бет
Баарын кылып, бийлегенге чамасы жетпеген Темирлан
7-бет
Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Микрофонго эмес диктофонго сүйлөгөн ди-джейлер
10-бет
Кайненемдин айынан күйөөм менен ажыраштым
11-бет
Шоу-бизнес жаңылыктары
12-бет
Тайванчик - Япончиктин
шакирти, Ротарунун сүйгөнү

13-бет
Тирукмуштуу "Мурси" уруусу
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??