Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов Рубрикабыздын бул жолку коногу "Шорпо" атка конгон куудул Жаныбек Алыкулов менен жубайы Азиза болмокчу. Эриш-аркак турмуш кечирген түгөйлөр бири-бирин канчалык деңгээлде билээрин төмөндөн аныктап алыңыз. Азиза: - Жолдошуңуз мас болгондо кандай абалга келип калат? А: Жайдары болуп бажактап көп сүйлөп калат. Ж. А: Со-онун болуп көңүлүм көтөрүлүп калат. - Кийим сатып алганда кандай түскө басым жасайт? А: Мурда кызыл түстү жактырчу, азыр базар аралаганда башкачараак, оригинальный түстөрдү тандайт. Ж.А: Жашыл- көк түстүн ортосу. - Ачууланганда кайсы сөздү көп айтат? А: Билбейм Ж.А: Кечке эле "неужели" деген сөздү айта берем. - Кайнатаңыз канчанчы жылкы? А: 1932-жылкы Ж.А: 1933-жылкы - Кайсы спорттун түрүн жакшы көрөт? А: Өзү спортко жакын, бардык түрүн эле жакшы көрсө керек, ошентсе да футболду көбүрөөк жакшы көрөт го. Ж.А: Баскетбол. - Кайсы саясатчыны баалайт? А: Лениндин жүргүзгөн саясатын баалайт. Ж.А: Чолпон Баекованы жактырам - Телефону кайсы маркада? А: - Нокиа Ж.Б: - Нокиа - Канча күндө бир кийим которот? А: Бат-баттан эле алмаштыра берет, күнүгө десем да болот. Ж.А: Жеңеңер кайсы кийимди берсе ылгабай кийип алып кете берем, көп деле короздонуп кийим которбойм. - Чач тарачка канча айда бир барат? А: "Чачыңды кырктырып кел"- деп чачтарачка өзүм 20-күндө бир жиберип турам. Ж.А: Бир-эки айда бир барам. - Мектепте кайсы сабакты жакшы көрчү? А: Математика сабагын Ж.А: Мен мектепте жаман көргөн сабагым жок болчу. Баарын жакшы окучумун. - Көк бетпи же ак көңүлбү? А: Ак көңүл Ж.А: Ак көңүл да, көк бет да боло алам. - Кайсы ресторанга же кафеге көп барат? А: Кафелерди көргөндө качат, ызы-чууну, музыканы көп жактыра бербейт. Ж.А: Кафеге баргандан көрө жакшы ашканада отуруп тынч эле шорпо, манты жегенди жактырам. Жаныбек: - Кайсы фирманын косметикасын колдонот? Ж. А: Билбейм А. А: "Мэри Кей" - Кайсы түстү жактырат? Ж. А: Билбейм А: Кызыл - Жини келип жатканын кантип билдирет? Ж. А: Баскан-турганынан, чай куйганынан билинет, чыныны столдун үстүнө "каңк" эткизе бир коёт. А: Жиним келип жатканын айтпайм, жөн эле полду такылдатып, катуу-катуу басып калам. - Кайсы тамактын даамын чыгара жасайт? Ж.А: Манты А: Шорпо - Денесинин кайсы бөлүгүндө мең же кал бар? Ж.А: Сүйлөшүп жүргөн кезде бетиндеги сепкилдер мага кал сыяктуу көрүнчү. Азизаны ушунчалык жакшы көргөндүктөн бетиндеги сепкилдери меңдей көрүнөт. А: Жок - Төркүнүнө канча убакта бир барат? Ж. А: Мен бошогондо алып барам, бир жылда эки жолу барабыз. А: Ата-энем Ошто болгондуктан жылына1-2 жолу барам. - Денесинин кайсы бөлүгү өзүнө жакпайт? Ж.А: Акыркы күндөрү толо баштадым дечү эле, ашказаны ооруп, кайрадан арыктай баштады. А: Акыркы күндөрү толуп бара жатам, толуктугум жакпайт. - Сизге жакпаган кандай адаты бар? Ж.А: Талапты көп коё бергени жакпайт. А: Чыдамым жетпей "мындай кыл, тигиндей кыл" дегенимди жактыра бербейт. - Кайсы жер-жемишти жакшы көрөт? Ж.А: Билбейм А: Алмурут менен курманы көп жейм. - Боюнда бар кезинде эмнеге талгак болду эле? Ж.А: Кош бойлуу кезинде тиши көп ооруду да, мен аналгин көп ташып жүрдүм. Ошондон улам аналгинге талгак болгон десем да болот. А: Биринчи боюмда болгондо алмага талгак болгом, калганы эсимде жок. - Бою канча метр, салмагы канча киллограм? Ж.А: Билбейм А: Салмагым 78 килограмм, боюм 165 сантиметр. А. Дүйшөналиева |