п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

 "Обон" шоу-таймс

Кундуз эми ачкыч уурдабайт
Кундуз Канатбек кызы жөө жүргөндөн тажаганбы, же таксиге түшө берип чарчаганбы, ата-энесине, бир тууган байкелерине эркелеп жатып капкара түстөгү жалтыраган "Лексус" үлгүсүндөгү кычыраган машинелүү болуп, сүйүнүчү койнуна батпай жаткан убагы. Кундуз буга чейин агасынын машинесинин ачкычын уурдап алып, эч кимге айтпай айдап кеткен күндөрү көп болгонун жашырган жок. Байкеси машинесин карындашына талаштырбай "Кой" деп, "Лексус" белек кылгандан бери өзүнүн жаны тынч алып калды.

Кичинекей Айдин төрөлдү
Ырчы Айдин Шер жаңы ырларды жараткан сайын ошончолук күйөрмандарынын саны көбөйүүдө. Мындан бир ай мурун жаш жубайлар наристелүү болуп, жаңы төрөлгөн баласына ырчы Айдин Шердин атынан улам Айдин деген ысым ыйгарышкан. Ырчы күтүлбөгөн мындай сүйүнүчтүү кабарды укканда продюсерин ээрчитип барып, кичинекей Айдиндин ата-энесине көрүндүк берген. Жаш жубайлардын тун баласынын ысымына себепкер болгон ырчы буга чейин мындай толкундоону башынан өткөргөн эмес экен.

Бегимай апасына сюрприз даярдайт
Бегимай Эсенгулова 21-ноябрда жылына бир келүүчү өздүк майрамын өзгөчө белгилейт. Анткени, ооздон түшпөс курак он сегиз жашка чыгат. Бул күндү ырчы айым чыдамсыздык менен күтүүдө. Өзүнүн туулган күнүнө катуу даярдыктарды көрүү менен жарык дүйнөгө алып келген сүйүктүү апакесине сюрприз даярдайт. Кызыктын баары 21-ноябрда болоорун айткан Бегимайдын туулган күнүнө сахналаш достору менен бирге жакын туугандары күбө болушат.

Айгерим узун бойлуу жигит издейт
Чимириле бийлеп, атасы менен кошо жарышып ырдаган Айгерим эми киного тартылат экен деген сөз көптөн бери эле айтылып, бирок киносунун дайыны жок. А бирок жаңы ырларына клип тарттырып, катуу иштеп жаткан убагы. "Сен жана мен" "Жаш агайга" "Азгырба" деген аталыштагы ырларына клипке түшүүгө бою 1метр 80см болгон жаш, сулуу жигиттерге кастинг жарыялайт. Узун бойлуу, келишимдүү жигиттер 0-700-73- 44-11 телефонуна кайрылышса болот.


Рустам сыйлыгын жууп жүрөт
Киносүйүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан кино режиссёр Рустам Аташов жакында эле Маданияттын мыкты кызматкери наамын алып, жакындарына жууп жүргөн кези. Кыргыз киносунда өз ордун таап, бир топ көркөм тасмалардын автору, режиссёру аталган Рустам мырзанын эмгегинин акыбети кайтып, минтип наам алып олтурат. Мындай сыйлыктардын дагы далайын багындырып, ийгилик коштоп жүрө берсин демекчибиз.

Алекс
Кыргызстаным
Сөзү, обону: автордуку
Бийик тоолор мекендеген,
Кыргызстандын жеринде.
Таза аба булактары,
Табылбас эч кай жерде.
Баатыр элдин урпактары,
Сактап келди элибизди.
Эч убакта унутпайлы,
Туулган биздин жерибизди.

Кайырмасы:
Суранамын кыргыз калкым,
Эстей жүр өз жериңди.
Кай жакка сен барбасаң,
Сагынаарсың элиңди.
Суранамын кыргыз калкым,
Эстей жүр өз журтуңду.
Кай жакка сен барбасаң,
Сагынаарсың жериңди,
Мекениңди.

Кыргызстанда жерим менин,
Ала-Тоо сыймыгы элдин.
Таласымда баатыр Манасым,
Ысык-Көлдө бермет көлүм,
Нарындагы Теңир-Тоом.
Чүйдөгү Сары-Өзөнүм,
Баткенде Өрүк зарым,
Жалал-Абаддан Курманбегим.

Сулайман тоом Ошту колдоп,
Ак-Буурасы шаркылдаган.
Аркар, кулжа маралдарым,
Аска-Зоону аралаган.
Алайымда алп тоолорум,
Колдоп жүрсүн кулунун.
Керегине жараган,
Мекенимдин уулумун.




Алекс:
"Орустар мени жаман көрө беришет"
1984-жылы 30-июлда Ош областындагы
Күлчө айылында төрөлгөн.
Тутунган дини - мусулман
Жакшы көрүп жеген тамагы - манты
Жактырган гүлү - талаа гүлдөрү
Түстөрдөн - көк, ак өңдү жактырат
Кыялданган машинеси - БМВ
Жактырган жаныбары - жылкы
Кыздардагы баалаган сапаты - ыймандуулук
Жаман көргөнү - ушак
Учурда Улуттук Консерваторияда 1-курста окуйт.

Биздин бүгүнкү маектешибиз өзү орус болсо да аты кыргыз, сөзү кыргыз жана да ырлары кыргыз жыттанган Алекс болду.


- Алекс, акыркы убактарда эмне менен алектенип жатасың?
- Учурда чыгармачылыгыма көңүл бөлүп, жаңы ырларды жаздыруудамын. Быйыл Улуттук Консерваториянын опералык хор бөлүмүнө атайын курста окуп жатам. Бөлүмгө студенттер толуп калгандыктан азыр даярдоо бөлүмүндөмүн. Андан сырткары ресторанда музыкант болуп иштейм. Жакында энелерге арналган "Энекем" аттуу жаңы ырды жаздырып бүттүм.
- Чыгармачылыктын арабасын тартып калышыңа эмне себеп болду?
- Мен өзүм ата-энемден эрте ажырап, тагдырдын оор сыноолорун, кыйынчылыктарын башымдан көп өткөрдүм. Ата-эненин мээримине муктаж болуп жалгыз өстүм. Чыгармачылыкка жакын болуп калышыма турмуш өзү түрткү болду деп ойлойм. Он төрт жашымда "Махабатым"деген ырымды ырдап сахнага чыкканмын. Репертуарымдагы он төрт ырдын он үчөөнүн сөзү, обону өзүмө таандык. Дүйнө жүзүнө белгилүү чыныгы чыгармачыл адамдар Джет Ли, Майкл Джексон ж.б бир топ адамдардын бала күндөрү өтө оор өткөн. Келечекте мен дагы кыргыздын туусун көтөрүп, кыргыздан чыккан атактуу инсан аталгым келет.
- Кыргыз тилинен башка канча тилде эркин сүйлөйсүң? Кыргызстандык болуп калганыңа өкүнбөсөң керек?
- Кыргызчаны кошпогондо орусча, казакча, түркчө, өзбекче, англисче эркин сүйлөй алам. Менин сырткы келбетим гана орус көрүнбөсө, тутунган диним мусулман, жүрөгүм кыргыз деп согот. Кыргызстандык болгонума эч качан өкүнбөйм. Менин балалыгым Күлчө айылында өткөндүктөн тоодо ат минип, улуттук оюндарды ойноп чоңойгом. Тескерисинче, кыргыз тилинде так сүйлөп, ырдап калганыма сүйүнөм.
- Ата-энең мусулман болушуңа каршы чыккан эмес беле?
- Жок, каршы болгон эмес. Атам абдан акылдуу, ак көңүл, боорукер адам болгон. Кичинемде эле классташ балдарым менен мечитке барып, куран, намаз окуганды үйрөнгөм. Эгерде атам каршы болсо мени ошондо эле мечитке жөнөтмөк эмес да. Эки жылдай беш маал намазды калтырбай окугам. Бир жолу орозо кармап көрдүм. Азыр тилекке каршы жума намазга гана баруудамын. Өкүнгөнүм ата-энем менин сахнадагы өнөрүмдү көрбөй калганы. Кудайдан эми өзүмдүн келечегимди сурап, элим үчүн мыкты ырларды жарата берем.
- Ошондуктан кыргыз кызына баш кошкон экенсиң да?
- Мусулман болгондон кийин мусулман кызга үйлөндүм. Келинчегим Чынара мага супсулуу кыз төрөп берген. Кызыбызды Раяна деп мен барып жүргөн мечиттеги молдого койдурганбыз. Раянага азыр бир жаш, үч ай болуп калды. Экөөбүзгө тең аябай окшош.
- Сени орус улутундагы балдар менен көп сүйлөшпөйт деп уктум эле?
- Негизи досторумдун көпчүлүгү кыргыздар. Орус улутундагы балдар менен чынында көп сүйлөшө албайм. Алар мага "Улутуң ким, сен орус тилин акцент менен сүйлөйсүң. Орус болгондон кийин орусча сүйлөбөйсүңбү?"деп жаман көрө беришет.
- Үйдө кандай жумуштарды аткарасың?
- Айылда өскөндүктөн кара жумушка, үй иштерине тың элемин. Бирок азыр шаарда батирде тургандыктан атайын огород казып жер айдабайм. Келинчегиме жардам берип, кээде өз колум менен аш басып берем. Өзүм камыр тамактарды,өзгөчө манты, оромо, лагманды жакшы көрөм. "Адам кааласа таштан гүл, такырдан чөп чыгара алат" дегендей, өзүм дегенде жакшы эле күчүм бар.
- Кимдир бирөөдөн кеңеш сурап көрдүң беле?
- "Кыргызстаным" аттуу ырымды жаңы жазганда Ибрагим Жунусов Ош шаарынын университетинде сабак берчү. Анан мен ырымды көтөрүп алып "Кандай болгонун баалап берсеңиз"деп агайга баргам. "Азаматсың, мыкты ыр болуптур"деген жакшы сөздөрү мага стимул болду десем болот. Ал ырымды атайын, жети областта жашаган кыргыздар бөлүнбөй, ынтымакта, биримдикте болушсун деген ниетте жазгам. Азыр деле ырга тиешеси бар профессионал эже-агаларымдан кеңеш алып турам.











кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
10-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЛАССТАШЫНЫН КАТЫН БЕРБЕЙ КЫЗГАНГАН ТЕМИРЛАН
2-бет
"Бийден жакшы акча тапса болот"
3-бет
Кат куржун
4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Кызык инсан
6-бет
Баарын кылып, бийлегенге чамасы жетпеген Темирлан
7-бет
Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Микрофонго эмес диктофонго сүйлөгөн ди-джейлер
10-бет
Кайненемдин айынан күйөөм менен ажыраштым
11-бет
Шоу-бизнес жаңылыктары
12-бет
Тайванчик - Япончиктин
шакирти, Ротарунун сүйгөнү

13-бет
Тирукмуштуу "Мурси" уруусу
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??