п»ї

  жыштык жылдысы

Микрофонго эмес диктофонго сүйлөгөн ди-джейлер
Кубулжуган ди-джейлердин үнүн радио толкундарынан күн сайын укканыбыз менен алардын келбетин көралбайбыз. Келбети эмес, үндөрү менен популярдуу болгон ди-джейлер гезит аркылуу бири-бирине чымчыма суроолорду узатышат. Бир эсептен сиздер кененирээк таанышып алышыңызга жакшы жагдай түзөлү дедик.

Алгачкы суроону өзүбүз "Кыргызстан Обондору" радиосунун булбул үндүү ди-джейи Назира Кадыевага берүүдөн баштадык.
- Назира, үйдө кандай жумуш аткарганды жакшы көрөсүң?


Назира Кадыева:
- Ак көңүлүм кармаганда мага тиешелүү иштин баарын жасап коём. Өзгөчө жаңы жуулган кийимдерди үтүктөгөндү жакшы көрөм. Өзүмдүн кийимдеримди эринбей, шашпа-ай кырын чыгарып ар бирин үтүктөп чыгам. (Күлүп) Ал эми башкалардыкын бырышы билинбесе болду да деп бүтүрүп коймоюм бар.
- Замир, ди-джейликти качан таштайын деп жатасыз? Сизди мен башка бийиктиктерден көргүм келет?


Канат Кадыржан:
- Жакшы суроо экен. Руханий байлыгымды жаңы идеяларды издөө менен толтурам. Башкача айтканда көп нерсени билгенге аракет кылам. Алган айлыгымды болсо сарамжалдап отуруп араң жеткирем. Канча көп акча алсаң деле барыбир жетпейт да. Ошондуктан азыркы алган айлыгым болгонуна сүйүнөм.
- Аскат, экөөбүз баягы айткан мантыны качан жейбиз?


Кундуз Авашова:
- Ой, алтышка, менин ден-соолугумду сурап койгонуңа ырахмат. Чынында баштагыга караганда барган сайын өзүмдү оор сезип жатам. Курсактагы балама жети ай болуп калды. Декреттик эс алууга өз каалоомо койсо азыр деле чыгып кетмекмин. Бирок бизде андай жок. Кудай буюрса эмдиги жылы чыгам го. Башкача айтканда январь айында декреттик эс алууга кетем.
- Элмара, сени сулуулук салон ачты деп уктум. Эми өзүңдүн сырткы келбетиңден кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот. Балким, имиджиңди өзгөртөт чыгаарсың?


Аскат Алдашев:
- Оо, ал мантыны жейли десек, манты жасап чакыргандар жок болуп жатпайбы? Бир күнү чыгынып атайын кафеге барып, бири-бирибизди сыйлап, мен сага, сен мага манты сатып берип, жебесек болбой калды.
- Бегайым эже, жездем экөөңөр тең ди-джей болуп жылдыздар менен мамилеңер жакшы да. Жакында боло турган үйлөнүү тоюңарга кызмат абалыңарды пайдаланып, ырчыларды, тамаданы бекер чакырасыңарбы?


Замир Казакбаев:
- Мм, эмнеге анча кызыктың?.. Ди-джейликти таштаганыма жарым жылдай болуп калды. Азыр олуттуу иштерге ыктап, телеге кеткем. Кудай буюрса жаңы ийгиликтерди жаратууга аракет кылып жатам.
- Чыңгыз, сен өзүңдү көбүрөөк ди-джей катары көрө аласыңбы же ырчы катарыбы, кайсынысы жүрөгүңө жакын?


Бегайым
Абдыкадырова
- Азыр тойго кызуу даярданып жатканыбыз менен ырчылар жагы кандай болот чечиле элек. Анткени тоюбуз Нарын шаарында болот. Жолдун алыстыгынан кайсы ырчы чыдап бараары азырынча белгисиз. Ошентсе да кесиптешим Жанара Атабекова бизди куттуктап тамаданын милдетин аткарып бермей болсо, жолдошу Нурбек Айдаров ырдап бермей болуп жатат. Ал эми башка ырчыларга кызмат абалыбыздан пайдаланган деле жокпуз. Мүмкүн, бизге сюрприз кылып өздөрү келип калышат.
- Кундуз эже, ден-соолугуңуз кандай? Кош бойлуу экенсиз, качан декреттик эс алууга чыгайын деп жатасыз?


Чыңгыз Мырзаев:
- Мен өзүмдү мыкты ырчы эмес экенимди билем. Ошон үчүн "Өнөр алды кызыл тил" сөз өнөрүн жүрөгүмө жакын көрөм. Ырчылыкта болсо менден мыкты таланттуулар кудайга шүгүр жетишет.
- Канат, руханий байлыгыңды кантип толтурасың, алган айлыгыңды кантип жеткиресиң?


Камчы Сарыбаев:
- Шаар ичине сен көргөн "Ниссан Санни" деген кичинекей машинемди айдайм. Ал эми шаардын сыртына сегиз орундуу "Спейс вагон" машинесин сатып алдым. Ошондо экөөнү кошкондо чо-оң болот да.

Ушундай кызыктуу суроолордун коштоосунда булбул үндөр бири-бирине тийишип да, ал-ахыбал сурашып да алышты. Кийинки сандарда чынжырчанын кезегин башка тармактагы өнөрпоздор улантат.

Элмара Турсуналиева:
- Ооба, "Кинодогудай" деген аталыштагы сулуулук салонун ачканыма үч жума болду. Мен буга чейин бизнестин ар кандай түрүн ойлоп койгом. Анан мага сулуулук салонун ачуу буюрду окшойт. Ал эми сырткы келбетимден жакында эч кандай өзгөрүү байкай албайсың. Анткени узун чачымды кырдырып салгандан бери эл алдына чыга албай көпкө кыйналдым. Чачым азыр 2см гана өсүп калды. Кийме чач да болбогон нерсе экен. Ошондуктан чачым өскөнчө менде андан башка деле өзгөрүү болбойт.
- Камчы, сени өткөндө кичинекей машине айдап баратканыңды көрдүм. Кичинекей машинеден түшүп келатсаң жарашпай эле калат экен. Качан чо-оң машине аласың?


Айнура Касымова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
10-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЛАССТАШЫНЫН КАТЫН БЕРБЕЙ КЫЗГАНГАН ТЕМИРЛАН
2-бет
"Бийден жакшы акча тапса болот"
3-бет
Кат куржун
4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Кызык инсан
6-бет
Баарын кылып, бийлегенге чамасы жетпеген Темирлан
7-бет
Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Микрофонго эмес диктофонго сүйлөгөн ди-джейлер
10-бет
Кайненемдин айынан күйөөм менен ажыраштым
11-бет
Шоу-бизнес жаңылыктары
12-бет
Тайванчик - Япончиктин
шакирти, Ротарунун сүйгөнү

13-бет
Тирукмуштуу "Мурси" уруусу
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??