Махабат майданы

Байыркы уруулардын баш айланткан төшөк оюндары
Махабат майданындагы түрдүү төшөк оюндар биздин доорго чейин эле мыкты өнүгүп, байыркы уруулар ал ыкмаларды кеңири пайдаланып келишкен. Айрым уруулардагы эркек-аял ортосундагы төшөк оюндарынын эң өзгөчөсүн, кызыктуусун ылгадык.

Денесине жыныс мүчөнүн сүрөтүн тартышып...
Каяпо уруусунда жашагандардын билими жок болсо да, сексуалдык жашоосун кооздош үчүн атайын оюндарды ойлоп табышкан. Уруудагы айрым эркектер түгөйү менен жыныстык катнашка бараарда жылаңач денесине жыныс мүчөнүн сүрөтүн тартып алышып, ошондон ырахат алышкан. Ал сүрөттү тартууга албетте, бир топ убакыт сарпталган. Сүрөттү карап алып түгөйлөр укмуштуудай дүүлүгүп, кумардын туу чокусуна бата алышкан. Андан сырткары айрымдар аарынын да сүрөтүн тарттырышкан, себеби, алар сексуалдык түшүнүктү аарылардан үйрөнүшкөн. Денеге тартылган сүрөт баш-аягы эки жумага чейин өчпөй сакталып турган.

Сактанам деп төрөбөй калган аялдар
"Ме кра кет джа" өсүмдүгүнүн жардамы менен индеецтердин уруусунун айымдары каалаган эркеги менен боюна бүтүрбөй көңүл ача алат. Бойдон сактануу азыр эле пайда болду дейсизби, биздин доорго чейин эле ал нерсе мыкты өнүккөн. Каалаган эркеги менен бадалдын арасына кирээрден мурда аталган өсүмдүктүн кайнатмасын ичип алышса эч качан бойго бүтүү коркунучу туулган эмес. Бирок, кээде бул өсүмдүк абдан күчтүү таасир бергендиктен, айрым учурларда кайнатманы ичкен аял өмүр бою төрөбөй өткөн.

Аялдарын лотереяга ойноткон кука уруусу
Африканын түндүк-батышындагы кука уруусунда бир айда бир жолу майрам уюштурулуп, лотерея өткөрүлүп турат. Уруудагы ар бир аял мойнуна таккан шурусун баштыкчага салат да, эркектер болсо кезекке туруп, баштыкчадагы шуруну аралаштырып, челип туруп колуна тийгенин алат. Мындай жол менен алар бир түнгө түгөйлөрүн тандап алышат. Ошентип кимдин шурусу колуна тийсе ошол селкини жетелеп ар ким өз алачыгына жөнөйт. Бул оюнга кары-картаңдар да катышат. Көпчүлүк учурда кары кишилерге жаш кыздар, жаш жигиттерге кары кемпирлер туш келип калган жагдайлар көп кездешет.

Коноктордун койнуна өз аялдарын салышып...
Австралиядагы арунта уруусунда эркектер аялдарын кызганмак тургай тескерисинче бири-бирин сыйлашып бир түнгө төшөгүнө салып берген учурлар кеңири тараган. Эгерде сиз бул урууга конокко барып калып бирөөсү сизге аялын сунуштаса баш тартпаңыз. Анткени, муну менен сиз үй ээсин таарынтып гана тим болбостон өзүңүзгө душман кылып алууңуз да мүмкүн. Мындай эреже сырттан келген сыйлуу конокторго гана каралган, уруу ичинде бири-биринин аялына көз артмай жок. Ал эми арунта уруусунун аялдары ченде жок кызганчаак келишет, алар тескери жолго түшкөн күйөөсүнүн жыныс мүчөсүн бычак менен тилип салган көрүнүштөр да көп кайталанат.

"Алигисин" кумурскага чактырган айымдар
Бали аралынын айымдары төшөк оюнунда ойго келбеген жоруктарды колдонушат. Алар учтуу төөнөгүч менен эркектин жыныс мүчөсүн сайгылап ойногондон ырахат алышса, эркектери да алардан кем калбай, айымдын алигисин кумурскаларга чактырып аларга кумар тартуулашат. Азыркы күндө жапайы көрүнүш болуп көрүнгөн мындай жорук бүгүнкү күндө деле ал аралда жоюла элек.

Дүйнө жүзүндөгү өзгөчө рекорддор
Эң көп жыныс мүчөнүн коллекциясы: Биздин доорго чейин 13-жылы египеттиктер Ливияны басып алгандан кийин алар жеңилген душманынын жыныс мүчөлөрүн кесип алышкан. Бир эле жоокер 230 жыныс мүчөнү кесип алып, башкалардын алдында рекорд койгон. Ал эми бардыгы биригип 13 245 жыныс мүчө кесип чогултушкан.
Эң көп кыздардын "актыгын" алган: Саякатчы Кук Тынч океандын айланасындагы аралдарды аралап жүрүп, Тонга королдугуна баш багып калып, ал жердин башчысы Фатафехи Паулахка жолуккан. Сексен жаштагы башчы саякатчыга сырын ачып, бир күндө 8-10 кыздын кыздыгын алаарын айткан. Ажо баш аягы 37 кызды "актыгынан" ажыратканын англиялык саякатчы өз китебинде баса белгилеген.
Эң көп ойнош күткөн: Биздин доорго чейин 39-40-жылдардагы Рим императору Августа Юлиянын кызы өмүрүндө 80 миң эркек менен жатып чыккан. Кызынын мындай кылыгына жинденген каардуу император аны Пандатерия аралына сүргүнгө айдаган.

Хаустон аттуу айым дүйнө жүзүндөгү болгон элдин оозун ачырган. Кантип дейсизби? Хаустон 10 сааттын ичинде 162 эркекти кумардын туу чокусуна чыгарган.
Эң арзан сойкулар: Дүйнө жүзүндөгү эң арзан сойкулар Бангладеште баш калкалашат. Петраполдун жанында жайгашкан кыштактан бир түнгө 22 цент төлөп каалаган сойкуну тандап алууга болот.
Эң чоң жумурткалар: Тез арада эркектин жумурткасы чоңоюп кеткен кырдаал Африкада катталган. Анын жумурткаларынын салмагы 7 килограмм, көлөмү 60 сантиметрге чейин жетет. Медицинада мындай көрүнүш оору катары катталса, Африканын айрым урууларында чоң жумурткасы бар эркектер сыймыктануу менен "байлыгын" көрсөтүшүп мактанышат.
Эң узак убакытка созулган жыныстык катнаш: Адамдар эле эмес, жаныбарлар деле секс жаатында оозду ачырган рекорддорду коё алышат. Мисалы, эң узак убакытка созулган жыныстык катнашка Африкадагы чөлдө жашаган жыландардын түгөйү барышкан. Алардын кумары 23 саат 15мүнөткө созулуп Гиннес китебине киргизилген. Ал эми эң узак оргазм- чочколордуку. Орто эсеп менен 30 мүнөткө созулат.
Эң кооптуу жыныстык жашоо: Австралиядагы чычкандардын эркеги эң кооптуу жыныстык жашоо менен жашашат. Тактап айтканда, бир ургаачы чычкан менен бир эле убакта тогуз-он эркек чычкан кошулууга туура келет. Ошондуктан эркек чычкандар кошулуу учурунда колдон келишинче атаандаштарын өлтүргөнгө аракет кылышат. Жыйынтыгында, күчтүүсү аман калып ургаачысы менен кумарга батууга мүмкүнчүлүк алат. Ошентип, жыныстык кошулуу үчүн өмүрүнөн айрылган чычкандардын жашоосу эң кооптуу деп табылып, Гиннес китебине кирген.