окумал

Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
- Койсоңчу Касиет, жаш кызды келе элек жатып чүнчүтпөй. "Этапкада" жүрүп келди, бирдемеси болгон күндө да, ал жерден тазаланды. Өзү гүлдөй болгон кыз экен, мына отряд атыр жыттанып эле калбадыбы. Сен болсо… Жок сөздү сүйлөйсүң да? Ай… ай… Биз го, биз, алжыдык, айныдык дейин, ушул чырактай кыздар түрмөгө эмнеге түшөт түшүнбөйм?! Көрүп алып зээним кейийт. Жаш кыздар чыгып баратса кадимкидей кубанам, өзүм бошонуп бараткандай. Карасаң эле жыл айланбай, баягы кыз кайра кайрылып келип калган болот. Биз минтип үйүбүз, бала-бакырабыз көзүбүздөн учуп, чыгаар саатыбызды санап күн кечирип жатсак, кайра экинчи, үчүнчү жолу келгендерин көрүп таң калам, кээде туруп жиним келет! Тфу… тфу… бирок мен чыксам "бул жерди желкемдин чуңкуру көрсүн!" дейт элем. Чын! Мына олтурганыма бешинчи жылга карады, ошондон бери канча "хлебка" узаттым "экинчи келбе!" деп. Жок, көбү эле кайра… И-ий, койчу! Апээй, мен чай сайып коюп, каяктагы сөзгө кирип кеткен турбаймынбы! - деп алаканын шак коюп, коридордун наркы башын көздөй жөнөгөн аялдын сөзүн угуп, мен да босогодо туруп калган экенмин. Ал чыгып кеткенден кийин гана колумдагы төшөнчүлөрүмдү бөлмөнүн арт жагындагы орундуктун кырына жөлөп, өзүм олтура кеттим. Эки жагыма көз чаптырсам, айнектелген чоң терезелери бар кенен бөлмөдө катар тизилген орундуктар коюлуптур. Бурчта чоң, түстүү телевизор өчүк болгону менен төрт-беш аял токуп олтурушкан экен.
Мен киргенден кийин, алар баштарын бириктирип, шыбырашып калышты.
- Ошол бекен?! Ошондой, тирмийип кебетесинде турбайбы! Анан эмне муну башка отрядга эмес, бизге бөлүп коюшту?! Кызык… Менин "проходума" жаткырышса жакшы болмок, кемпирди сабаган кандай болот экенин эси-көөнүнөн кеткис кылып коёт элем! - деп үнүнүн болушунча бек-бек чыгарып, мен тарапты оту өчкөн нурсуз көзүнөн заар чача карап койду, чачы кыска кыркылган, сөөк-саактуу, бетин майда бырыш каптап калган аял.
Эмне дээримди билбей эле, кызарып-татарып унчукпай, жер тиктеп олтуруп бердим. "Унчукпаган үйдөй балээден кутулат - Аздек, сүйлөп жибере көрбө!" - деп жаттым ичимден.
- Өлөсөлүү кемпирге колу кантип көтөрүлдү дейм да?! Эмне, өзүңдүн энең жокпу?! Ордуна коюп көрдүңбү, өзүңдүкүн? Дагы түштөн кийин жер тиктеп калгандарын кантейин?!
- Ай, бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, азыркылардан уят-сыйыт деген кеткен, кокуй! Ыйман-ынсап дегенди билишпейт! Дагы ажалы жок экен, байкуш кайненеси тирүү калган турбайбы, - деп коштоп кетти жанындагы ак баштыктын жибин жандырып, түрүп олтурган орто жашап калган арык аял.
- Менин келиним болсобу?! Бул жердин битиндей болгон немеден таяк жебей эле эбакта кетирип тынмакмын. Тигине, улуу келиним келе элек жатып, "бөлүнөм" деп чыкты эле балама: "Катын жолдо, бала белде деп коёт. Аялың кетсе башка аял таап аласың. Балаңды ала кетсе, талашпа, башкасы төрөп берет, балалуу болосуң. Ал эми мени эч жерден таппайсың. Эне деген бирөө эле! Бул аялың бизди жыргатып бүлө болбой калды. Танда: же мен, же катының?!" десем, ары кетип, бери кетип жатып, акыры төркүнүнө жеткирип таштады. Акылсыз келиним ойлогон окшойт да, "эрим менин сөзүмдү сүйлөйт" деп. Пыш… Мына кийин башка аял алып берип койгом. Өткөндө эле "свиданкага" ошол экинчи аялы менен келип кетпедиби. Анысы болсо тим эле албарсты-ы! "Апакелеп" бети-башымдан өпкүлөп, көзүмдүн агы менен тең айланып "эртерээк эле бошоп келсеңиз экен. Сизсиз үй аңгырап, жаман болуп жатабыз. Кошуналар да күндө сурашат" деп коёт. Ооба, мен ишенип калдым. Ичинен "Бул мастаке дагы олтура турса экен" деп тиленип жаткандыр. А бирок ошентип жойпуланып койгонуна ыраазы болуп, кээде алданып калам. Күйөө керекпи? Бала керекпи? Анда биринчи мага жаксын, менин көңүлүмдү тапсын! Чыдаса, чыдасын анан… Ошондо баары болот. Келин дегенди келгенде эле катуу кармаш керек. А мунун кайненеси "келиндүү болдум, уучум узарды" деп бийликти берип койсо керек да. Өзүнөн көрсүн! - оозу-оозуна тийбей сүйлөп, колдору да токуганын токтотпостон, шыпылдап иштеп жаткан аялды аңырайып эле карап олтуруп бердим. Эмне дейт элем?!
- Койсоңорчу, бекер эле бежирей бербей. Ар кимдин турмушу ар башка. Калп эле кереги эмне?! Кемпирден да кетсе керек да! Болбосо, кантип эле?.. Эки тараптан тең кетет… Жаш… жаштык кылып койгон чыгаар. Ушу мен экөөңө келин болгон болсом, ушул келин кылганды силерге мен да кылмакмын! - деп күлө сүйлөдү терезенин түбүндөгү олтургучта жүндүү жоолукту ээк астына келтире байланып, бүрүшүп олтурган апа.
- Жок, ай эже! Кемпирден миң кеткен күндө деле… - деп бирөөсү сүйлөйүн деди эле, арык тарамыш колун силкип:
- Кой, токтоткула! Бирөөнүн тагдырын талдап болбойт! Өзүбүз эле оңгонубуздан карыганда минтип абакта олтурабызбы? А… бу… дей бергендин эмне кереги бар? Ар бирибиздин эле башыбызда кыз бала бар да. Ошон үчүн ооз кесир сүйлөгөндүн кереги жок. И-ий, бутум, мен барып биртке кыйшайбасам, башым салмактанып, ооруп турат. Түндө түшүмө уулум кирип, түн ортосунда ойгонуп алып, не бир уктай алайын? Келип калаар бекен, же кыздарын жибереби? Сагындым! Памилиямды айтып, чакырышса кыйкырып коё көргүлө, өткөндөгүдөй укпай олтура бербейин, - деп мени жылуу тиктеп, бөжүрөп чыгып кетти. Үстү-башы таза, тыкан кийинген карапайым картаң апаны узата карап "и-ий, байкуш киши! Кайсы кылмышы үчүн ушул жашында бул жерде олтурат болду экен? Эмне кылышы мүмкүн?" деп ойлонуп калдым.
Ошол маалда бөлмөгө бойлуу, кашы-көзү капкара, бажырайган, улуту башка сулуучумак келин кирип келип:
- Сен белең? "Үстү башын кара" дешкенинен, мен дагы элестетип келсе… Атың ким? Жүрү, "отрядныйдын" кабинетине, чакырып жатышат, - деп коридордун сол тарабында жайгашкан эшикке киргизди. Кийин билсем, ал келин отряд өзү шайлаган тазалыкты көзөмөлдөөчү аял экен. Кабинетте отряддын начальниги - формасы өзүнө куп жарашкан, мүчө-келбети келишкен сулуу, зыңкыйган жаш келин жана отряддын "председатели" (өзү "осужденная" бирок, отряддагыларга баш көз болуп, үстүртөн караган аял) менен он мүнөттөй сүйлөшүп, мага түшүндүрмө беришип, жата турган орунумду көргөзүштү.
"Оо, кудай, жанагы аялдын жанына жаткыра көрбө!" деп жалынып жаттым эле, кудай жалгап узун коридордун эки тарабында катар тизилип жайгашкан керебеттердин ортосунан, жанагы тазалыкты текшерген аялдын үстүнөн орун алдым. А тигил, мен корккон аял сол жак тарапта жатат экен.
- Аздек, бизде жаңы келгенде эле биринчи "ярустан" орун тие бербейт. Өзүң көрүп жатасың, киши көп. Бул дагы азайып калгандагысы. Мен келгенде ушул экинчи яруста да орун жок, бир жумадай "телевизионкада" жатканбыз. Азырынча ушул "проходдо", менин үстүмдө жата тур. Кысынбай, өз эркиңче кирип-чык. Тумбочканын үстүңкү бөлүгүн сага бошотуп койдум, буюм-тайымдарыңды салып ал. Бирок, нан койбо, же ачык калтыра көрбө. Таракан аралап кетет. Эми сен жайгашып, эс ала бер. Бир нерсе сурай турган болсоң, мен кухняда болом. Баса, зонада тааныш-туунушуң барбы? - деди Зейне.
- Ооба, экинчи отрядда экөө бар.
- Аа, анда ошол жактан тамактанат турбайсыңбы? Кааласаң, бул жерден деле иче бер. Менин "хлебкам" эртеден-кечке жумушта болот. Макул эми, - деп жылмайып койду.
"Проход" дегени эки керебеттин ортосунда эки тумбочка баткыдай аралыктагы ачык жер экен. Ар ким колунан келишинче ал жерди "кооздоп", жерине килемче, таар төшөп алышкан экен. Зейненин керебетинин кырынан акырын үстүнө - өзүмдүн ордума чыгып, шейшептеримди салдым. Үстүнөн отряддын ичи алаканга салгандай толук көрүнөт экен. Акырын айландыра карадым. Көбүнчө улгайып калгандар болгону менен жаштар деле бир топ окшойт. Токуп, жамаачы жамап, китеп окуп же жөн гана шыпты тиктеп жаткан ар түркүн улуттагы аялдар. Ойлонгонгобу, курсагым аябай ачып "Бегим мени издеп келээр бекен? Дарыя эмне болду экен?" деп жатып уктап кеткен экенмин. Бирөө ийиниме катуу түртүп ойготту:
- "Проверка!"




Ырыскүл Кадырова
"Шайтандын торундагы сүйүү"
Капысынан эле кыздын бут алдында жаткан бала мышык жүндөрүн үрпөйтүп, куйругун саксайтып төр жакты караган тейде кышылдап айбат көрсөтүп ийди. Айым карай салса, мышыктын көздөрү укмуштай балбылдап, чоңоюп кетиптир.
"Буга эмне болду?" Бурулуп төр жакты карай берип, баягы өзүнө тааныш, түрү суук, "капкара караанды" көрдү. Турат…
Шуңшуйуп турат…
- Аа-а! Жалаңкыч, дагы пайда болдуңбу??? Эмне өчүң бар менде!?
Кыз адатынча колуна тийген буюм-тайымды ала коюп, тиги "караанды"атып ура баштады. Бирок ага баары бир! Эч нерсе тийбейт. Шылдыңдагансып бирде тиги бурчтан көрүнсө, бирде бул бурчтан көрүнөт. Кокустан эле Айым жиндиленип, көрүнгөн нерсени ыргытып атканын токтото коюп, чөгөлөй калып, жалбарып жиберди:
"… Айтчы, сен кимсиң? Арбаксыңбы? Шайтансыңбы? Же.. Же жаналгычсыңбы? Сага менден эмне керек, мен тажадым сенден!". "Караан" мени ээрчи-дегендей ишаарат берип аркы бөлмөнү көздөй бурулуп жоголду. Коркунучун ызалыкка жеңдирген кыз анын артынан кирди. "Караан" шифоньерге жашынды. Кыз шифоньерди аңтарып-теңтерип кирди. Капыстан колуна баягы… баягы өзүнүн түшүнө кирип, түшүндө көрүнгөн ак, аппак жип урунду. Жүрөгү "шуу" эте селейип отуруп калды. Демек, түшүндө тиги "караан" айтпады беле… Жай бурулуп ошону издеди. Турган экен күтүп, "ошол издегениң" дегенсип башын ийкеп, эшикти көздөй жөнөдү. Сендиректеп, анын соңунан кыз да жөнөдү. Кандайдыр бир жетеленме, маңыроо сезимге алдырып, белгисиз бир күчтүн жетегинде "ошол караанды" ээрчип бара берди, бара берди…
Качан гана эсине келгенде айыл четиндеги токой арасында, баягы… түшүнө кирген ийри- муйру өскөн бир укмуштай дарактын түбүндө отурган экен жибин кармап. Чочуп кетти. Айланасына бат-бат көз жүгүртүп "тигини" издесе көрүнбөйт эч жерден. Колундагы жипти бир карап, төбөсүндөгү шоңшойгон даракты бир карап түпсүз санаага батып кетти:
".. Чын эле, чын эле муунуп өлсөмбү, ушинтип сендиректеп, же өлүү эмес, же тирүү эмес болуп жүргөнчө. Байкуш апамды да кыйнап бүттүм окшойт. Эми менин кимге керегим бар, дегеле мен үчүн ушул жашоонун эч бир кызыгы жок. Эх арман күн ай! Жок дегенде абийирим төгүлбөгөн бойдон жүрсөм эмне! Ким болсо да убалым жетсин! Рустам муну билсе такыр эле жек көрүп калса керек! Кайдан да ошол Чымкоргонго түштүм экен, кайсы жиндинин колунан келди, ким билет…". Жиндиканада жатып кыз абийиринен ажыраганы аз келгенсип, эми эл арасында "Баягы жинди Айым", "Чымкоргон" атыгып бараткан кыз дарактын түбүндө ыйлап отурду. Бир кезде тиги "караан" көрүндү кайра.
- Туура, Сиз туура айтасыз, мен өлүшүм керек!
Айым ордунан атып туруп, колундагы жипти ары-бери сыйыртмак жасай коюп, даракка байлады да, айланага бир көз чаптырып алып, сыйыртмакты мойнуна илип, дарактан боюн таштап жиберди… Бир саамга тыбырчылап, буттары дирт-дирт эте, күмүш шакеги акырын шыпырылып, күнгө бир жарк этти да, чөптүн арасына түшүп кала берди…
Акыркы күндөрү жүрөгүндөгү түпөйүл санаа,тээ көңүлүнүн түпкүрүндөгү шектүү- ой жанын жай таптырбай, ойдон ой басып, чүнчүп, жүдөп баратты Айназик. Анысынын да себеби бар, күйөөсү Рустам эмнегедир аябай өзгөрүп кетти. Болбосо үйлөнгөндөрүнө жыл айлана элек, эч кимдин мажбурлоосуз эле өз каалоолору менен бири-бирин жактырышып, көңүлдөрү төп келишип, жүрүп баш кошушту. Жарым жылдай аябай таттуу жашашты, бирок андан кийинки нерселерге түшүнө албай эле башы маң келиндин. Туура, жаман айтышкан деле жери жок экөөнүн, күндүз кадимкидей жадырап-жайнап, колуктусун сүйө да, элжирей да карап эркелетип турат. Болгону, күүгүм кирди дегиче кабагы карыш түшүп, сөздү да, күлкүнү да жактырбай, көңүлү эч нерсени сүйбөй калчу болду.
- Эмне болду Рустам? Дары берейинби же ысык чай ичесиңби?-деп жалооруй тиктеп, чарк айланган Айназикти да көргүсү келбей;
- Жайыма койчу мени… Башым ооруп атат, башым…-дейт жаны кейип. А чынында башы деле анчалык оорубайт, бирок күн уяга батаары менен өзүнө сезилген бир нерсе-түпсүз бир терең кыжаалаттык, көңүлсүздүк жан дүйнөсүн ээлеп, көзүнө кандайдыр бир карааңдаган укмуштуу элестер "жылт" этип бир тартылып өтүп кетет да, өзүнөн-өзү бардык нерседен коркуп, сактанып, акыры ушул жашоого нааразычылыгы күчөп, бардык жакшы нерселерге болгон үмүтү солгундап, өчүп бараткансып, өлүп эле алгысы келип турат. Муну бир өзүнөн башка жан киши да билбейт. Айтканда кимге айтмакчы? Айназикеби? Ал мунун мындай оорсу бар экенин билсе жүрөгү түшүп калат го… А апасына болсо айтуунун деле зарылчылыгы жоктой, аны сарсанаа кылгандан башка эч бир пайдасы жок. Өзүнүн ушул ойлоруна бекип алган Рустам өзү менен өзү болуп, эч кимге эч нерсе айтпай, өз азабын жалгыз тартууну чечкен.