Спорт дүйнөсү

Баскетболдун падышасы
Майкл Джордан
Спорт сүйүүчүлөрү үчүн баскетболдо өзүнүн чеберчилиги менен көптөгөн ийгиликтерди багынтып келген Американын Нью-Йорк штатынан чыккан, алгылыктуу баскетбол оюнчусу Майкл Джордан тууралуу маалымат бермекчибиз. Майклдын спорттун бул түрүнө кантип аралашканы, ийгиликтерди кандайча жараткандыгы жөнүндө кызыксаңыз, анда төмөнкү макала сиздер үчүн.


Толук аты: Майкл Джеффри
Джордан
Баскетболдогу позициясы:
коргоочу
Бою: 1,98 м
Салмагы: 98 кг

Ийгиликке алгачкы кадам
1963-жылы 17-февралда Нью-Йорк шаарында төрөлгөн. Майкл кичине кезинде эле анын үй-бүлөсү Түндүк Каролинага көчүп кетишет. Өзүнүн алгачкы тобун 1,73 сантиметр бою менен мектепте окуп жүргөн кезинде атаандашынын топ салган шакекчесине салган.
Кичине кезиндеги эң сүйүктүү оюндарынын бири бейсбол болгондуктан аны абдан мыкты ойногон. Атасы үйүнүн аркасына өзүнөн улуу агасы Лари менен баскетбол ойноо үчүн атайын аянтча жасап берген. Ошондон тарта Майклдын баскетболго болгон сүйүүсү күндөн-күнгө күч ала берген. Мектепте окуп жүргөндө эле көптөгөн бейсбол боюнча мелдештерге катышып келген. Бирок бейсбол оюну боюнча жакшы жыйынтык чыгараарына көзү жетпеген Майкл, өзүн баскетболдон да сынаганды эп көрөт. Ошентип, баскетболго жакындай баштаган. 1984-жылдан тарта баскетболдук карьерасы башталат.

Эң көп акчаны жана упайды багындырган Майкл
Улуттук "Чикаго Буллз" баскетбол командасында 13 мезгил ойногон. 1996-жылы Улуттук Баскетболдук Бирикмесинде эң мыкты 50 оюнчунун катарын толуктайт. Ал эми андан бир канча жылдан кийин Улуттук Баскетбол командасынын эң көп пайда алып келген оюнчусу катары саналып, командасына акча жаатында да, упай жаатында да көптөгөн ийгиликтерди алып келип турган. 1998-жылдардын аралыгында биринчи беш оюнчунун катарына кирип, Улуттук Баскетбол Бирикмесинин атагын алыска тааныткан оюнчу болгон. Ал жакта ойноп жүрүп Түндүк Каролинанын Курама командасына киргенден кийин Майкл көптөгөн упайларды өзүнүн жаңы кирген командасынын пайдасына алып келет. Ал команданын башкы машыктыруучусу Декан Смит жаңы оюнчуларды араң дегенде өзүнүн командасына алып келгендиктен, бул жолу Джордан үчүн аябагандай чоң жетишкендик болгон десек жаңылышпайбыз. Майклдын бою 1,98 метр болгондуктан эч бир атаандашын алдыга чыгарбай, колуна тийген эле топту атаандашынын топ салгычын көздөй ыргытып, өзүнүн командасына көптөгөн упайларды алып келип, рекорд койгон.

Атасы өлгөндөн кийин спорттон кеткен
Андан сырткары 90-91, 91-92 жана 92-93 үч оюн мезгилинде да жеңишке жетишкен. Ошентсе да, бардык нерсе Майкл ойлогондой болуп кеткен эмес. Ага гольф оюнунан 100 миң АКШ долларын уттуруп жиберди деген күнөөнү моюнуна илишкен. Бирок Джордандын жашоосунда мындан да жаман окуя болгон. Атасы машинасында эс алып уктап жаткан учурда, мээсине бирөө мылтык такап өлтүрүп кетип, ошонун азабын тартып, мөңкүрөп отурганда дагы бир жакын адамы болгон досунан айрылат. Ошондон кийин ал спорттон кетүүнү чечет. Бирок, Массалык маалымат каражаттарына спорттон биротоло кетишине атасы менен досунун өлүмүнүн эч кандай тиешеси жок экендигин айткан.

Баскетболго байланган Джордан
Элди таң калтырганы анын кийинки "Чикаго Вайт Сокс" (" Chicago White Sox") бейсбол лигасы менен келишим түзүүсү болду. Майкл ал командада ойноп, толгон-токой каталарды кетирген. Ошондо гана ал Чикагонун стадионунда Скотти Пиппен менен баскетбол ойноп 52 упайга ээ болуу менен бирге, дагы да болсо баскетболго болгон сүйүүсүнүн күч экендигин өз күйөрмандарына далилдеп берген. Ал тууралуу ар кандай ушак-айың сөздөр болуп, жыйынтыгында Джорданды кайрадан Улуттук Баскетбол Курама командасына келип ойноосун суранышкан. Майкл өз командасы менен чогуу машыга баштаганда анын күйөрмандары сүйүнүп "кайрадан ойнойт го" деген ойлор кеткен. 1995-жылы 19-мартта тарап жаткан ушак-айың сөздөр четке кагылып, Майкл 45-номер менен оюнга кайтып келген. 5-оюнда атаандаштарын 113-111 эсеби менен утушуп, Майкл 26,9 упайды өзү топтогонго жетишкен. Ошентип Чикагонун курама командасы 3 мезгил бою өз атаандаштарын алдыга чыгарбай утуп турушкан. Андан кийин Майкл эки мезгил кайрадан командасына кетип калат.

Спортто жараткан эрдиктери
Майкл Джордан сегиз жылдан бери "Вашингтон Визардс" командасын финалга чыгаруу менен бирге Улуттук Баскетбол Командасынын курамында чемпиондук наамды алып келет. Джордан бүгүнкү күндө да жаңы рекорддорду коюп, өзүнүн күйөрмандарына баскетболдогу эрдиктерди көрсөтүп, күйөрмандарынын сүймөнчүгүнө ээ болуп келет. Эки колу менен тең топту мыкты деңгээлде ойното алат. Ар бир мелдеште 1,98 метр бою менен бийикке секирип, укмуштуудай өнөрлөрүн көргөзүп, өз күйөрмандарын таң калтырып келет. Эки колу менен топту шакекчеге каалагандай салгандыктан, анын атаандаштарынын колдоруна топ тийбей калган учурлар көп кездешет.

Майклдын жеке жашоосунан кыскача маалыматтар
Майклдын жана анын аялы Хуанитанын эки уул, бир кызы бар. Балдарынын аттарын өзүлөрүнүн салты боюнча аташкан: Джефри Майкл, Маркус Джеймс жана кызы Жасмин Михаил. Үй-бүлөсү Хайленд Паркта жашашат.
Ал эми ийгиликке жетүү үчүн дайыма Каролина штатынын "Бука" формасындагы кыска шымын кийип жүрөт.
Майкл атасынын бир жумушту жасап жатканда тилин чыгарып жибермей көнүмүш адатын тартып калган. Өзү да дайыма топту шакекчеге салаарда тилин чыгарып алат.
1996-жылы көгүлтүр экранга чыккан "Космостук баскетбол" фильмине тартылган.
Ойноорго жакын дайыма жумуртка жеп алат.
Акита аттуу ити менен эс алганды жакшы көрөт.