п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

ОП-92-01. Кара-Кулжа районунун Чалма айылында жашаган сүйгөнүм Нурали, мени таштап кетпечи? Таштап кетпеңиз, суранам сизден! Мен сизди жакшы көрөм! Сизсиз кантип жашайм, жаным?! Айка.
ОП-92-02. Балдар менен таанышам, достук үчүн. Жазгуля. СМС жазгыла 0777358973
ОП-92-03. Кара-Кулжадагы Кара-Кочкор айылынан Акыл кандайсыз?
ОП-92-04. Сиңдим Зуляга салют! Сенин үнүңдү угуп аябай кубандым. Сенин мамилең абдан жакты. Жаным өзүңө карап жүр. Эч ооруба! Амангүл.
ОП-92-05. Жашап жатып жалгандын чеңгээлинде,/ Сен жашайсың тагдырдын деңгээлинде./Ажал жанды алар болсо дүңүнөн./ Анда адам жашоосунан түңүлгөн./ Максат.
ОП-92-06. Менин саламым бүт дүйнө жүзүндөгү бардык ата-энелерге жолдонот. Балаңар.
ОП-92-07. Келечекте мыкты жаштардан бололу. Динара.
ОП-92-08. Менин саламым КГНУнун бардык студенттерине! Аларды майрамдары менен куттуктайм! Өзгөчө туризм, экология факультетинин 1-курсунун студенти Ибраимов Муратты куттуктайм! Тилеген тилегиңерге, сүйгөнүңөргө жеткиле! Бактылуу болгула! Мурат жаным мен сени сүйөм жана ишенем! 11-а Настя92.
ОП-92-09. Не себептен, не себептен бактылуу күн бузулат? Туталанам, туталанам көзүмдөн жаш сызылат. Бакыт кушу, бакыт кушу учуп кетти колумдан, ала кетти, ала кетти сүйүү отун кокустан. 0777588ххх.
ОП-92-10. Саламым эң жөнөкөй, мени унутпаган дос эжем казак кызы Амангүлгө! Ар дайым маанайыңыз ачык болсун! Айгөлөк.
ОП-92-11. Кочкорлук курбуларым Альбинага, Шарипага, Лаззатка салам жолдойм! Окууларына ийгилик каалайм! 0773049ххх.
ОП-92-12. Менин сүйүктүү апамдын өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм! Ар дайым бар болуңуз! 0778075ххх.
ОП-92-13. Мен эч кимге ишенбей калдым. 0778075ххх.
ОП-92-14. Апама жана атама өзгөчө салам! Наргиза.
ОП-92-15. Молдо Нияз мектебинин 11-класстарынын окуучуларына жана эжейлерине чоң салам! Наргиза.
ОП-92-16. Шоро-Башатта жана Турцияда, Ошто жүргөн бир туугандарым ар дайым бар болгула! Айчүрөк94.
ОП-92-17. Менин саламым бүт Кыргызстандын 2009-2010-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө! Кудай буйруп каалаган окуу жайыңарга өтүп кетишиңерди каалайм! Келечегиңер кең болсун! Силердин катарыңарды мен да толуктайм. Мен 1992-жылдын 27-январында Бишкек шаарында төрөлгөм. Учурда Кемин районунун Шабдан-Ата айылында жашайм жана 11-а класста окуйм. Настя 1992.
ОП-92-18. Улан саламатсыңбы? Сага чыгармачылык ийгилик, жашооңдо бакыт каалайм! Жүзүңдү көрбөсөм да, жүрөгүңдүн сулуу экендигин ырларыңдан билсе болот. Ошентсе да, өзүңдү "кандай адаммын" деп ойлойсуң? 0770059ххх
ОП-92-19. Эт жүрөгүм эңсеген, колум сунсам жетпеген, бакыт нуру сен белең жаным? Сени эстесем от болуп, сенсиз жашоо жок болуп жаным. Сезим бүгүн көздөр жымыңдаса сансыз, турамын ойлоп сени, жүрөктө болуп ызгаар жалгыз. Өмүрүм түнгө айланды. Айланып мага атпаган таңсыз. Сыртыма чыгаралбай ичимен таш жарамын жалгыз. Кыялдарым буулугат, куса болуп куюлат, кулагыма угулат үнүң. Уктай албай күнү-түнү, сагынамын күлкүңдү. Айтчы ушул мүмкүнбү?! @@@@ Нуриге. 0773049ххх
ОП-92-20. Кочкордун эң алдыңкы лидерлери Аля+Азамат, Марсик+Лаззюха, Шарипажан+Азю. 0773049ххх.
ОП-92-21. Ыймандуу кыздар менен таанышам. 078151281.
ОП-92-22. Мен Эльзарды сүйөм. Айка.
ОП-92-23. Эмне үчүн адамдар бири-бирине ишенбей, ар кандай жол менен алдашат? Мындай болсо адамдардан көңүлүң калат экен. Гүлфина.
ОП-92-24. Ай чыксын сенин жашооң үчүн! Таң атсын сен талыкпас үчүн! Гуля.
ОП-92-25. Эмне үчүн, эмне үчүн? Кайсыл кылган күнөөм үчүн, таштап кеттиң сен мени?! Жигиттер кыздарды алдабагылачы! Айнура.
ОП-92-26. Шарипа билесиңби, сен аябай жакшы кызсың. Жанагыдай дөлдүрлөр үчүн эч качан кайгырба. Азамат сени сүйөт. Ошого көңүл бурсаң балким сен Азаматты жакшы көрөөрсүң? 0773049ххх.
ОП-92-27. Бүткүл Кыргызстанга салам жолдойм! 0778075ххх.
ОП-92-28. Чымкенттик кыргыз жигиттер менен таанышабыз. Жашы 20дан жогору. +77054026752.
ОП-92-29. Динара дос, сага ийгилик каалайм! 0778075ххх.
ОП-92-30. "Бекжан" базарында иштеп жаткан Таке, Шошо, Кушу, Казы, Коля, Кешага жалындуу ысык салам! +77025700707.
ОП-92-31. Оп-89-01 Таалай90 сенин жазган ырың мага ушунчалык таасир берди. Дагы ырларың болсо жазып турчу. Окугум эле келет экен. Азаматсың! Гузель.
ОП-92-32. Ырыскан дос жаныма келип турсаң. Көрүнбөй кеттиң го? 0778075ххх.
ОП-92-33. Кочкордогу сулуу-сулуу 11-класста окуган төрт кызга ысык салам! 0773049ххх.
ОП-92-34. "Бекжан" базарында 1-кабатта 3-катарда иштеп жаткан агам Азамат жана жеңеме салам. Адилет.
ОП-92-35. Альбина каражан кандайсың, ден-соолук? Деги айыгып калдыңбы? Качан келесиң Кочкорго? Биз сени сагындык! Тез кел, макулбу! Машулька.
ОП-92-36. Кара-Кулжанын Кара-Кочкор айылынан Акыл кандайсыз? Сиз Алматыда бут кийим сатып "Кулагер" базарына иштеп кеткенсиз. Азыркы убакта "Москвада кароолчу болуп иштеп жатам" деп айткансыз. Үйлөндүңүзбү? Ошондой эле сизден көп кечирим сурап Алматыдан. +77051467803.
ОП-92-37. Адамга жаралган жалгыз жүрөк. Ал жүрөк бирди тандап, бирди сүйөт. Ошондой жалгыз жүрөк менде да бар. Ал жүрөк сени тандап, сени сүйөт. Билал козу.
ОП-92-38. Жака Жазгүл эмнеге "Обонго" СМС жазбай калдың? Сени менен таанышайын дедим эле. Айчүрөк. 0771534094.
ОП-92-39. Талас областынын Талас районуна караштуу Таш-Арык айылында жашап жаткан апабыз Дүйшалиева Гүлбарчынга балдар-кыздарынын атынан ысык салам жолдойбуз! Эч убакта оорубай, ден- соолукта болуп, биздин сый-урматыбызды көрүп жүрө бериңиз! Б.Марат.С.
ОП-92-40. Салам Step by step! Концертиңер супер өттү. Түштүк жергесинин сыймыгы болуп жүрө бергиле. Супер Rn&b топ бир гана силерсиңер. 0557424ххх.
ОП-92-41. Мен 1994-жылы 10-декабрда төрөлгөн Манапбаева Асель аттуу кызымды издеймин. Менин билишимче азыркы убакта Талас областынын Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында таенесинин колунда чоңоюп жатыптыр. Апасынын аты Манапбаева Нурия 1976-жылы 4-январда төрөлгөн. Угушума караганда кызымдын атасы тууралуу кабары жок экен. Сиздерден сураныч, ким билген болсо мага кабарын билдирип койгулачы. +79523514ххх.
ОП-92-42. Кызыл-Сарай айылында жашаган таенем Салимага, таятам Ааматка, таежелериме, тагам Белекке жана мени тааныгандарга салам! Алина.
ОП-92-43. Мен кыргызымдын ыймандуу, сулуу кыздары менен таанышкым келет. Атым Мирланбек. Бойдокмун. 87014930585.
ОП-92-44. Мирбек ырыңды сатканың үчүн сени жаман көрүп калдык. Д.Г.А.К.
ОП-92-44. Саламатсыздарбы урматтуу "Обон" гезитинин эмгек жамааты, окурмандар ошондой эле СМСчилер! Жалпыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр, кышкыга бир тонна көмүр, ачык көңүл каалайм! Жүзүңүздөргө ыйман толсун, бирок ашпасын! Ашса жаман жерде калбасын! Ак эмгек, татыктуу жашоо үчүн кылган эмгектен кол талбасын! Бар болуңуздар! Терең урматтап мен Гуля88.
ОП-92-45. "Бекжанда" 2-кабатта балдардын кийимин саткан Айпери мен сени сүйөм, жаным! +77770957845.
ОП-92-46. М.Атабеков Кыргызстанды да ырыңа кошуп сатпадыңбы? Көбүрөөк акчалуу болот элең? Ильяз Лейлиге канча калың беришти казактар? Алматыдан Гули.
ОП-92-47. Аида, Айкан, Айпери, Айгерим, Элина, Пазилат, Асель, Айчолпон, Бекмамат мен силерди аябай сагындым! Классташыңар Алина. 0771899391 номерине байланышып койгулачы.
ОП-92-48. Б.Бадиева баары бир Неляга жетпейт. Алина Кызыл-Сарай.
ОП-92-49. Салам "Обонушка" мен Ийри-Суу айылындагы Аманчикти издейм. Аманчик кайда жүрөсүң? Мага кабарыңды билдирчи? Зина.
ОП-92-50. Даниелге сагынычтуу ысык салам! Айланып ай кармаймын, Алтыным күн санаймын. Алтыным келчи жаныма, Бир бололук дайыма! Ар дайым аман болуңуз, бай болуңуз! Сиз ар дайым суперсиз! Алина.
ОП-92-51 . Менин саламым баарынан өзгөчө жакшы көргөн, баарынан сулуу жакшынакай болгон Даниелге жолдонот! Мен Даниель менен таанышып, ал менен баарлашкым келет. Эгер сиз муну окусаңыз мага чалыңызчы. Даниелден башка эч кимиңер чалбагыла. Гуляга да чоң салам! 0554900193.
ОП-92-52. Сени сүйдүм айды карап айланчыктап, күндү караймын күлүмсүрөп. Неге алдадың мени ардагым? Сенин "сүйөм" деген сөздөрүң жалган беле? Бека, Акмарал.
ОП-92-54. Менин саламым Алай районундагы энеме жолдонот! Бар болуңуз! Небереңиз Акмарал.
ОП-92-55. Кыздар сырдашкым келет. Мүмкүнбү? 0556132ххх.
ОП-92-56. Миң-Булак айылындагы Бөжөн сарайында жашап жаткан апам Керез, атам Сүйүндүккө ысык салам! Ар дайым биздин кашыбызда карааныңыздарды көрсөтүп жүрө бериңиздер! Сиздерди абдан сагынып Бишкектен кызыңар.
ОП-92-57. Салам! Баткендиктер барсыңарбы? "Обон" гезитине СМС жазгыла! Биз супербиз го. 0777597ххх.
ОП-92-58. Үкүгүл салам! Саке Мидин.
ОП-92-59. Салам Анархан! Кандай? Сени аябай сагындым! Кай жакта жүрөсүң? СМС жаз. Саке.
ОП-92-60. Расул кызы Айгерим, сенде эле сан болгонсуп саныңды көрсөтүп алыпсың да. Ыймандуу бол! 0771899ххх.
ОП-92-61. Ильяз Абдразаков Кубанычбекович супер ырчы! 0771153ххх.
ОП-92-62. Досторум Жуман, Дүйшөн, Сапаркул, Кубаныч жана башкаларына салам жолдойм! У.
ОП-92-63. Салам! Мен сөзүнө турган чыныгы мырза менен дос болом. Кыз.
ОП-92-64. Жумакан келе жаткан 17-ноябрь туулган күнүң менен куттуктайм! У.
ОП-92-65. Кочкор районунун Семиз-Бел айылында жашап жаткан аяш атам Жетимиш, аяш апам Гүлсайрага жана Сезимге чоң салам! Аяш кызыңар.
ОП-92-66. Алтынбек кандай? Мен сени көрбөгөнүмө төрт айдын жүзү болду. Кудай буюрса жакында жоолугушабыз. Наргиза.
ОП-92-67 . Көңүлү сулуу, шайыр 14-18 жаштагы кыздар чалгыла. 0777758177.
ОП-92-68. Кыздар менен таанышам. 0770298325.
ОП-92-69. Жан биргем өзүңүз үчүн сайран курсам, / Багыңызда булбул болуп сайрап турсам. / Миңдеген кара көздөр тигилсе да, / Өзүңүзгө өзүм гана жайнап турсам./ Зуля.
ОП-92-70. Күлкү дебейм сүйүнүп күлбөгөндү. / Сүйүү дебейм экөө тең сүйбөгөндү. / Жашоо дебейм сүйүүсүз турмуш куруу, / Муздак жүрөк байлыкка гүлдөгөндү./ Зуля.
ОП-92-71. Жамандыр сүйүп айрылуу, / А бирок, жеткен бактылуу. / Аракет кылса ар бир жан, / Табаттыр жолун бакыттын. Зуля.
ОП-92-72. Мирбек Иманбековго ысык салам! Ишиңе ийгилик! 0771630ххх.
ОП-92-73. Бишкек шаарында жашап жаткан эжем Исабекова Кызжибек жана жездем Медетов Айдар бактылуу болгула! Өмүрүңөр узун болсун! Ар дайым бир болгула! Улан.
ОП-92-74. Сени сүйдүм буйруганы тагдырдын/ Өзүңдү эңсеп, көргүм келип сагындым/ Балким дүйнө биз экөөбүз жаралган/ Сени-мага, мени-сага байлаган? Зуля.
ОП-92-75. Махабат бул көк деңиздир. Толкуп-ташып, чалкыган / Менин сүйүүм балким кеме суу үстүндө калкыган/ Суулар акпай, соолуп калган какшыган/ Кетем жүрбөй көк деңизден айрылган. Зуля.
ОП-92-76. Саламым Бейшенбеков Иличке жолдонот! Илич мен берген китепче сакталдыбы? Клибиңди көрүп өзүмдү коёрго жер таппай калдым. Менден ката кетсе кечир! Сага тунук сүйүү каалайм! Сени сүйгөн бир кыз.
ОП-92-77. Салам достор! Салам замандаштар! Кирип келген кыш бизге токчулук алып келсин! Жумушчулар үшүбөй, оорулар бизден алыс болсун! Айгөлөк.
ОП-92-78. Менин атым Бакыт. Сулуу, ыймандуу жашы 17-19дагы кыздар менен таанышам. 0700929ххх.
ОП-92-79. Менин саламым "Обон" аркылуу мага салам жолдогон казак досум Амангүлгө жана ошондой эле Зуляга жолдонот! Рахмат ардактарым. Саламыңар өз дарегине жетти. Кай жакта болбогула ар дайым аман болуп, бактылуу көз ирмемдерде өмүр сүргүлө! Терең урматтап Зуля88.
ОП-92-80. Түбөлүк жүрөгүмдөн орун алдың,/ Сүйдүрүп, азабына салып салдың./ Мынчалык мени кыйнабастан,/ Жүрөгүмдү жүрөгүңө катып алгын! Мирчындык.
ОП-92-81. Атам Абдисатардын 16-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз! Гүлназ, Үмөт, Капитан. Жасмин, Алина.
ОП-92-82. Апа тезирээк эле айыгып кетиңиз! 0778075ххх.
ОП-92-83. Тыныч, сен мени алдадың. Мен сени кечире албайм! 0778075ххх.
ОП-92-84. Менин саламым дүйнө жүзүндөгү ата-энелерге! 0777588ххх.
ОП-92-85. Жака Жазгүл эмне "Обонго" СМС жазбай калдың? Сени менен таанышайын дедим эле. Айчүрөк. 0771534094 ушул номерге чалып койчу. Мен мурун "Супер инфо" гезитин окучумун, азыр "Обон" гезитин окуйм. "Обондун" СМСчилерин билем. Алар дайыма СМС жазып турушат. Айчүрөк.
ОП-92-86. ОП-90-61 +770264320ххх номеринин ээсине чоң салам! Сиздин СМСиңизди окудум. Абдан кайгылуу экен. Кайгырбаңыз, турмушта бардык нерсе боло берет. Номериңизди толук жазыңызчы. Урматым менен Нури.
ОП-92-87. Менин саламым классташым Таирова Махабатка! Кайда болсоң аман бол! Ачылсын сага турмуштук жол! Окуп калсаң мага чал 89296123304. М.
ОП-92-88. Амангүл сен дагы деле барсыңбы? Негизи жаман кыз экенсиң. Алматыдан агаң.
ОП-92-89. Ош шаарындагы №50 Нышанов мектебинин 10-б классына жана класс жетекчибиз Назгүл Эсенбаевнага, ошондой эле жалпы эжей-агайларга салам жолдойм! Сиздерди сагынып Чымкенттен Гүлбурак.
ОП-92-90. Казакстандын сулуусу Амангүл. Алдын-ала эскерткениң үчүн сага чоң рахмат! Аллахым сага да ден-соолук берсин! Альфонско салам айт! Чымкенттин "Самал" базарынан Гүлбурак.
ОП-92-91 . Көлдүк Кадиковдорго салам жолдойм! Э.
ОП-92-92. Кыздар эмнеге алдайсыңар? Эмнеге тажик, түрк жигиттерди жакшы көрөсүңөр? +79035277854.
ОП-92-93. "Обонушкадагы" мени тааныгандарга жана жалындуу ысык салам жолдогон ажайып татына СМСчилерине супер салам! Фея.
ОП-92-94. Адамга аба менен суудай зарыл нерсе албетте ыйык сүйүү, аруу тунук сезим. Башкача айтканда улуу махабат дастаны! Фея.
ОП-92-95 . Тайысам да махабаттан жалгыз калып, / Жаңылбадым ак сүйүүмдөн баш тартып./ Мен сүйөмүн ата-энемди, тууганымды./ Экинчиден жан жолдошум, сырдашымды. Фея.
ОП-92-96. Баарыңыздарды алдыдагы келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Баарыңарга бакыт каалайм! Фея.
ОП-92-97. Олтурам ойлонуп ойдо терең,/ Өмүрдө азап тура сүйүү деген./ Мынчалык эч кимди сүйбөгөнмүн,/ Сен мени арбап алдың бир күч менен! Мир Чындык.
ОП-92-98. Атабеков Мирбекке супер салам! Мен сизди жакшы көрөм! Мени менен байланышыңызчы суранам! 0773115360.
ОП-92-99. Эгер тагдыр бизге буюрбаса башка менен кете аласыңбы? Жылдар өтүп уулдуу болсоң, менин атымды коё аласыңбы? Уулуңду бооруңа кысып, "махабатым" дей аласыңбы? Аруужан.
ОП-92-100. Жаздым сага СМС. Жооп кайра келбес. Ачыгын сага айтайын, мени унутушуңду каалаймын! Мындан ары сүйлөшпөсөк, бири-бирибизди көрбөсөк, унутуп деле койсок болмок. А сен булбул, башка бакта сайрагын, ошол бакта өз гүлүңдү тандагын! Такыр мага телефон чалбагын! Түшүнсөң болду айтылбаган сөздүн калганын. Аруужан.
ОП-92-101. Супер СМСчи Билал козу сени мен биринчи көргөндө аябай уялгам, ушунчалык сүрдөгөм. Эми кезиге албай кыйналдым го. Эмне мынча жүрөккө чок салдың, же мен жакпадымбы? Чалсам албайсың. Бир жообун берчи? Тахмина.
ОП-92-102. Апа келе жаткан 22-ноябрь туулган күнүңүз менен! Жасмин, Алина.
ОП-92-103. Эң популярдуу команда "Фанклубдун" мырзаларына жана сырдуу кыздарына чоң салам! Бар болгула! Мен силерди жакшы көрөм! Кундуз.
ОП-92-104. Алыскы Жумгал районуна караштуу Чоң-Дөбө айылында жашап жаткан Динара аттуу курбу кызыбызды 19-ноябрь келе жаткан туулган күнү менен куттуктайбыз! Динара, ар дайым жылуу жүзүңдөн күлкү кетпей, аяшыбыздын жана кичинекей Бакыттын жанында жүрө бер! Бактылуу бол! Эч качан жамандык көрбөй, ата-энеңдин сыймыктанган кызы болушуңа чын жүрөктөн тилектешпиз! Нури, Пери жана Мен.
ОП-92-105. Мен приз да болоюн, жылдыз да болоюн. Эң башкысы силер тынч болгула! Амангүл.
ОП-92-106. Салам Азамат! Мен каршы эмесмин. Кел шеригим бол. Амангүл.
ОП-92-107. Чымкенттеги досторум: Э.Дима, Таалай, Талант, Умар, Мирлан, Жанна, Гүлбурак, Аскарга салам! Вирустан алдын алгылачы жандарым! Амангүл.
ОП-92-108. Сиңдим Айгөлөк, Абдадан сүрөтүңдү берип жиберишти унутпа! Амангүл.
ОП-92-109. Менин өзгөчө саламым досям Леди Гуличкага жолдонот! Гуля көңүлүңө тийсем кечир! Сен аябай жакшы кыз экенсиң. Кыргыз элинин алдында кечирим сурайм! Сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Амангүл.
ОП-92-110. Урматтуу кыргыз эли, окурмандар жана СМСчилер сураныч вирустан алдын алгылачы! Маска сатып кийсеңер аябай жардам болот! оруну алдын алсак өзүбүзгө жакшы го. Кудайым баарыңарды сактасын! Амангүл.
ОП-92-111 . Сиңдим Зуляга салют! Сенин үнүңдү угуп аябай кубандым! Сенин мамилең абдан жакты! Жанка өзүңө карап жүр, эч ооруба! Амангүл.
ОП-92-112. Ай меники, жылдыз сеники. Күн меники, нур сеники. Сен болчу жаным бир Меники! Казак кызы Амангүл.
ОП-92-113. Ак кар айлананын баарын агартып, ааламга адамды суктантып койду. Ар бириңиздердин жүрөгүңүздөр ак кардай таза болсун! Дамира.
ОП-92-114. Москвадагы досум Кадыров Мээрбек номериңди жоготуп алгам. Мени менен байланышчы, менде жаңылык көп дос. Эртерээк келсең болмок. 0552051540 Билал козу.
ОП-92-115. Салам Каныкей, Нестана, Айдана, Асель, Эмир, Эмиль кандайсыңар? Гүлжаханна 94.
ОП-92-116. Даниель тим эле эжеңе чалсам сенин телефонуң жок дейт. Кантип эле популярдуу ырчынын телефону жок болсун? Эми жылдыз болуп асманга учуп кетпесең эле, биздин Кировадан эле кеткенсиң го. Кированы таанып жүрсөң боло. Мекка.
ОП-92-117. Нарын облусуна караштуу Миң-Булак айылында жашап жаткан чоң энем Анипага, байкем Айтбекке жана жеңем Кундуз жана балдары Чыңгыз, Ильгиз, Жылдыз, кызы Кумаркүлгө ысык салам! Мен силерди сагындым! Бар болгула! Бишкектен кызыңар.
ОП-92-118. Тамада, музыка жана аппаратурасы менен. 0550652177.
ОП-92-119. Нарын облусунун мектеп Лицей-интернатынын 2004-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө жалындуу ысык салам! Айнура.
ОП-92-120. Сүйүү эмне экенин билдим, бирок сүйүүнүн бакыты эмне экенин биле элекмин. Сүйүү жакшы, а бирок кыйынчылыгына чыдаш кыйын экен. Таалай.
ОП-92-121. Жаш кезде көксөгөндү мына эми жолуктурдум. Жаштыкта көксөгөндү, акыры жолуктурдум! Деп көңүл оолуктурдум. Таалай. Ж.
ОП-92-122. Достор мусулмандын беш парзы бар: 1-Мухаммед пайгамбардын кадырын билүү, 2-беш рекет парз, 3- отуз күн орозо кармоо, 4- бечера менен карыпка кайрылуу, 5- Меккеге барып, ыйык Каабага зыярат кылуу. Билал козу.
ОП-92-123. Зуля сен суперсиң! Сенин жазган СМСтериң мени ойго салат. Сага өмүр жана сүйүү каалайм! Таалай. Ж.
ОП-92-124. "Обондун" супер кыздарына жана Амангүлгө салам! Сага бакыт, сүйүү жана өмүр тилейм! Таалай. Ж.
ОП-92-125. Араппай байке мен сизди сүйөм! Зарина.
ОП-92-126. Ильяз Абдразаковго чоң салам! Сырдуу кыз.
ОП-92-127. Сага арнаган ак сүйүүнүн кадырына жетесиңби? Сага арнап ыр жаратам, сен сүйүүмдү сезесиңби? Бул сүйүүмдү сен сезбей, ушунча да мени эзесиңби? Таалай. Ж.
ОП-92-128. Менин жакшы көргөн эң сүйүктүүм Жоомарт байке, мен сизди чексиз сүйөм! Бирок биз бирге боло албайбыз. Сиздин СМСтериңизди окуп өзүнчө сүйүнөм. Эмнеге сүйүүнүн көзү көр? Мен сүйгөн адамдын үй-бүлөсү бар. Мен эмне кылам достор? 0553819ххх.
ОП-92-129. Назми эже, эмне чыкпай калдыңыз? Сырдуу кыз.
ОП-92-130. 15 жаштагы кыздар менен таанышам. Мирбек. 0552030209.
ОП-92-131. Мен Адилет деген досумду издейм. Атасы Бекболот Кара-Кулжадан болот. Апасы Бурма Мырзакенин Комсомолунан болуш керек. Мени аны менен 1-классымда ата-энелерибиз дос кылган. Комузду кырын чыгарып чертет. Тааныгандар болсо редакцияга кабар берсеңиздер. Кушу Сынчы.
ОП-92-132. Эй, супер СМСчилер калп эле бири-бириңди ушактай бербей, журтуңа бир карачы. Эмне болуп жатат? Бири пара алып жатат, бири уурдап, бири алдап жатат. Бул кандай жорук? Ошон үчүн баарыбыз ыйман жолуна түшсөк мындай жорук болбойт деп ойлойм! Кушу Сынчы.
ОП-92-133. Кыргызстандыктарга жалпы салам! Оорубаңыздар! 0771544ххх.
ОП-92-134. Саламатсыздарбы СМСчилер! Кыргызстанда патриоттор калганбы? Айтып жатканымдын себеби, кыргыз болуп туруп кыргыз тилин билбеген киргиздер бар! Эмнеге чет мамлекеттен келгендер биринчи кыргыз тилин үйрөнбөй, орус тилин үйрөнүшөт? Буга ким күнөөлүү? Албетте, өзүбүз. Себеби ар бир нерсеге кайдыгер карайбыз. Бул маселени кантип чечсе болот? Патриоттор барбы? Кушу Сынчы.
ОП-92-135. Салам "Обон" гезити! Сиздер менин эң сүйүктүү гезитимсиздер! "Обондун" такай окурмандары Айгөлөк, Амангүл, Гуля88, Нурзат90, Барби, Абда, Гузель, фея ж.б. чоң салам! Урматым менен Жанусь, Роза.
ОП-92-136. Өзгөн районунун Мед колледжинин 1 ЛД жана 1 ЛД2 группасынын студенттерине өзгөчө салам! Келе жаткан майрамыңар көңүлдүү өтсүн! Ар дайым ушундай шайыр жүргүлө! Окууңарга ийгилик! Мен силерди жакшы көрөм! Терең урматым менен Замана93.
ОП-92-137. Кандайсыздар кыргыз калкым? Мен сиздерди жакшы көрөм! 0554122ххх.
ОП-92-138. Кыргызымдын тайманбас кызы Ангел-Асемге супер салам! Дося менден сага он камаз ден соолук! Дамира. ОП-92-
ОП-92-139. Дамира сен өтө эле акылдуу боло бербечи ээ? 0543256ххх.
ОП-92-140. Менин жандай көргөн 11 жыл бирге окуган классташтарыма супер салам! Өзгөчө Гүлбарчын, Акмөөр, Мамат, Нурсултан жана эң жакын досум Мухаммедге жолдонот! Мектепти ийгиликтүү аяктап, ардактуу кесиптин ээси болушуңарга тилектешмин! Классташыңар Дамира.
ОП-92-141. Бакуля сен суперсиң! Дамира.
ОП-92-142. Кыргыздын патриот кыздар-балдары барбы? Кайдасыңар? СМС менен урушкуча бир болбойсуңарбы? 0554123ххх.
ОП-92-143. Салам мен жакшы көрүп окуган "Обон" гезитинин жамааты! Ар бириңиздердин үйүңүздөргө бейкут жашоо каалайм! Дамира.
ОП-92-144. Мага сулуу, татынакай кыздар керек болуп жатат. Атым Мирбек. 0554126ххх.
ОП-92-145. Саламым СМСчилердин баарына! Баарыңды сагындым! Даниелге жалындуу ысык салам! Макс9.
ОП-92-146. Менин саламым Нарын районунун Миң-Булак айылында жашап жаткан кудагыйыма, сиңдим Айнурага, күйөө балама жана Алишерге жолдонот! 0772423ххх.
ОП-92-147. Ош шаарында жашап жаткан апам Айсулууга салам жолдойм! Апа ар дайым бар болуңуз! Кызыңыз.
ОП-92-148. Амангүл сен ашыкча акылдуу боло берет экенсиң го. Азыр акылман адамды эч ким сүйбөй калган. Мен.
ОП-92-149. Амангүл деги өзүң кандай кызсың? Мен.
ОП-92-150. Кыргыз кыздарынын курсун түшүрүп, балдар менен таанышам дегениңерди токтоткулачы суранам! 0778452ххх.
ОП-92-151. Кочкорго быйыл кар жаады сүйүнчү! 0553125ххх.
ОП-92-152. Улуттук университеттин студенттерин майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайм! Патриот.
ОП-92-153. Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттерди майрамдары менен куттуктайм. Ылайым окууңардан баар таап, жакшы кесиптин ээси болгула! Патриот.
ОП-92-154. Кыргыз кыздары барсыңарбы? Мен силер менен таанышкым келет. Казак кыздар менен эмнеге дос болушат билбейм да? 0552165ххх.
ОП-92-155. Өзгөн районунда жашаган атам Асылбектин 16-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Бишкектен балаңар.
ОП-92-156. Амангүлдү коюп өзүңөрдү биринчи билип алгылачы! Эмнеге эле ага тийишип калдыңар? 0771546ххх.
ОП-92-157. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун тургундарына ысык салам! 052145ххх.
ОП-92-158. Чочко тумоосунан сактангыла кыргыз элим! 0700053ххх.
ОП-92-159. Эмнеге мени таштап кеттиң жаным? Мен эми эмне кылам? 0705168ххх.
ОП-92-160. МирЧындык мен сени сүйүп калдым. Эми эмне кылабыз? 0778598ххх.
ОП-92-161. МирЧындык сенин жазган СМСтериңди окуп алып жыргай берем, эмнеге? 0778598ххх.
ОП-92-162. Капа болбо Амангүл бирок, "Обон" гезитинин СМС беттери жалаң гана сеники болуп калыптыр го. Эмне акчаң ушунчалык көп болуп жатабы? 0705687ххх.
ОП-92-163. Келгиле бир команда болуп биригебиз! Сырдуу кыз.
ОП-92-164. Мага СМСчилердин урушканы абдан жакпай турат. Достошпойлубу, кандай дейсиңер? Сырдуу кыз.
ОП-92-165. Кымча белдүү кыргыз кыздары мага чалып койгулачы суранам. 0705137ххх.
ОП-92-166. Талас облусунун Талас районунда жашап жаткан ата-энеме жадындуу ысык салам! Казя.
ОП-92-167. Даниелге салам! Кайда жүрөсүң көрүнбөй? 0552487ххх.
ОП-92-168. Айка сиңдим мен сени абдан жакшы көрөм! Аман-эсен көз жарып ал! Эжекең.
ОП-92-169. Нурлан байкеме жана Зинат жеңеме менден ысык салам! Ишиңер илгерилей берсин! 0700423ххх.
ОП-92-170. Кандайсыңар СМСчилер! Ден соолугуңар жакшыбы? Казя.
ОП-92-171. Менин туулган күнүмдө эч ким белек берген жок! Таарындым. 052468ххх.
ОП-92-172. Эң сүйүктүү Амангүл эжеме салам! Казя.
ОП-92-173. Амангүл ушунуңдан жазба! Казя.
ОП-92-174. Мага Зулядай кыздар жагат. Зуля сени сүйүп калдым! 0778412ххх.
ОП-92-175. Көлдүн Тоң районунун тургундарына салам! 0775265ххх.
ОП-92-176. Студенттерди жана аларды окутуп жаткан мугалимдерди келе жаткан майрамдары менен куттуктайм! Казя.
ОП-92-177. Россияда кыргыздар кантип жатты болду экен? 0777268ххх.
ОП-92-178. Мен орустарды абдан сыйлачумун, азыр сыйлабай калдым. 0777265ххх.
ОП-92-179. Кайдасыңар классташтар? Миргүл.
ОП-92-180. Ноокат районундагы чоң энем Бүбүгө салам! Апа оорубаңызчы, биздин маңдайыбызда жаркырап, жайнап жүрө бериңиз! Небереңиз.
ОП-92-181. Бүттү быйыл күйөөгө чыгам. 0554198ххх.
ОП-92-182. СМСчилер уруша бербей адамдарды деле карап койсоңор боло? Бул жакта бири-бирин сүйүп калышыптыр. 0552987ххх.
ОП-92-183. Менин сүйүктүү шаарым Нарынга жалындуу салам! 0554126ххх.
ОП-92-184. Мен Жалал-Абаддын Аксы районунан Медер деген1984-жылкы жигитти издеп жүрөм. Мени "Мусикоо" деп эркелетчү. Медер эгер окуп калсаң дайыныңды билдирчи. Экөөбүз бир жылдай убакыт сүйлөшкөнбүз. Телефонунун мурунку номери 0772170806 болчу. Азыр кайда экенин билбейм. Чырмаш Төрөбековдун иниси экенин билем. Мен Астранын курбу кызы.
ОП-92-185. Капысынан сени көрүп калып көзүңдү сүйүп калдым жаным. Ошондон бери сени унута албай кыйналып келем. Сүйүүнүн торуна чалынып калдым. 0778549ххх.
ОП-92-186. 2005-жылы НОМЛИни бүтүргөн классташтарыма салам жолдойм! Бар болгула, бай болгула негизгиси чочко тумоосунан алыс болгула! Пейпей.
ОП-92-187. Бишкек шаарында жашап жаткан Айгүл эже сиз абдан акылдуусуз. Баарын көтөрө билесиз. Ошонуңуздан жазбаңыз. Сиңдиңиз.
ОП-92-188. Кылыч байке мен сизди жакшы көрүп калдым. 0771542ххх.
ОП-92-189. Мен эми эркин кушмун. Кайда барсам өз эрким. 0553125ххх.
ОП-92-190. Кайдасыңар патриоттор? Кыргыз деп күйгөн, кыргызым деп жанын берген мырзалар? Патриот.
ОП-92-191. Кайда барба, Мамайдын көрү. 0771586ххх.
ОП-92-192. Салам "Обон" гезитинин жалпы жамааты! Сиздерге ийгилик каалайм! Патриот.
ОП-92-193. Урматтуу Мека, Рус силерди келе жаткан бир жылдык мааракеңер менен куттуктайм! Ар дайым эле ээрчишкен бойдон жүрө бергиле! Кайгы-капа жана дагы жаман нерселер силерден алыс болуп, жакшы адамдардын жанында гана жүрө бергиле! Ата -энеңерди сыйлап-урматтаган жаштардан болгула! Эң башкысы менен силерди сүйөөрүмдү эч качан унутпагыла! Кара корооз.
ОП-92-194. Салам Даниель мен Бишкекке келдим 0705209186 номерине чал. Махабат.
ОП-92-195. Абайла кожом абайла, карайлабай аста айда. Радарчан турган ГАИге 50 сом берип тап айла. 0777100ххх.
ОП-92-196. Аша чаап кетпесек, айдаганым "Мерс-эшек" 90дон өтүп кетиптир, тормозду бекем теппесек. 0771100ххх.
ОП-92-197. Айгерим мени кечир! Жаным мен сени түбөлүк сүйөм! 0705699ххх.
ОП-92-198. Урматтуу Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматович! Сизден чоң сураныч, Оштун телеканалдарынын өзбек тилинде берилүүсүн кыскартып берсеңиз! Балдарымдын өзбекче сүйлөшүн каалабайм же ОШ өзбектердикиби? 0772393ххх.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
17-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Касымга мен биринчи сүйөм деп айткам"
2-бет
Тата улан:
"Ырларымды" негрлердин сөгүнгөн ырларына салыштырбайм"

3-бет
Экс-жубайларды электен өткөргөндө …
4-бет
Жаналбай жаткан жылдыздар
5-бет
Кызматтагы күйдүмчок
6-бет
Сактансаң сактаармын
7-бет
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык
опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов:
"Башында театрга баш бага албай сүрдөгөм"

8-бет
Самат Дөөлөтбаков:
"Концерттен "кайф" алайын деп жатам"

9-бет
Юристанбек Шыгаев:
"ҮЙДө АКЧА ДА, БИЙЛИК ДА ЖУБАЙЫМДЫН КОЛУНДА"

10-бет
Жылуулуктан сулуулук
11-бет
Байыркы уруулардын баш айланткан төшөк оюндары
12-бет
окумал
13-бет
Баскетболдун падышасы
Майкл Джордан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??