Бырс этме

Куудул Борончуну атасы шаарга жөнөтүп жатып айткан экен. "Эми балам, окууга өтүп калсаң жакшы оку, өтпөй калсаң жумуш таап иште, такыр эле болбой калса артист болуп кетесиң да." Борончу:
- Макул ата.

Ырчы Гүлнара Кахарова менен күйөөсү телефондон сүйлөшүп жатышат. Күйөөсү:
- Гүлнарочка, менин эң асыл адамым сенсиң. Анда Гүлнара:
- Ооба жаным, менин эң кымбат "товарым" сенсиң.

Ырчы Кундуздун концертине күбө болгон кемпир-чал сүйлөшүп жатышат. Кемпири:
- "Бали, 90-60-90 ыр эмес бекен, азыркыга чейин кулагымдын учунан кетпейт." Анда чалы
- "Ооба байбиче, менин дагы көз алдыман кете элек."

Узун чачтуу ырчы жигитибиз Мелис
Абдрашитов атасына сүйгөн кызын сүрөттөп берип жатат.
- Ата, ал -ушунчалык сулуу, кара тору, "чымка белдүү". Атасы:
- Кара торусу го жакшы, "чымка бели"
кызык экен.

Жаш акын Жылдызбек Турсунбаев Алтынбек Исмаиловдун кулагына шыбырап сурап калат. - "Ыя Алтыке, неге мынча арыксың, деги ден-соолугуң жайындабы?" Алтынбек таңыркап, - "Билбейсиңби Жыке, короздун жакшысы арык болот да."