п»ї
 Таанышуу жарыясы


  кумир менен баарлашуу

Тата улан:
"Ырларымды" негрлердин сөгүнгөн ырларына салыштырбайм"
Тата Улан деген ысымды укканда эле көз алдыбызга маскачан ырчыны элестетебиз. Маска тагынып өзү жөнүндө көп маалымат бербеген сыйкырдуу ырчы Тата Улан "Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын кадырлуу коногу болду.

Чынара:
- Улан байке, сахнага жаңы чыкканда эле маска тагынчу белеңиз?
- Мен он төрт жашымдан баштап ыр жаза баштагам. Ырларым 2003-жылдан бери эле дисктерге таралган. Болгону радиолорго жарыяланган эмес. Анткени "Баары бир" деген ырым радионун форматына туура эмес деп коюлчу эмес. Аларды деле мен туура түшүнгөм. Ар бир кызматкер өзүнүн иши үчүн жооп берет да. Ал эми чоң сахнага чыкканымда эле маскачан чыккам. Мындан кийин да маска менен сахнага чыга берем.
- Маска кийип чыгуу өзүңүздүн идеяңызбы же..?
- Сүрөтчүлөрдүн уулу болгон соң канымда болсо керек. Масканы өзүм ойлоп тапкам. Буга чейин мага эч ким кеңеш берген эмес. Эмне үчүн маска кийип чыкканымды буга чейин айтып келгем. Мен өзүмдү көчөдө таанытып ырахат алалбайм. Таанылгандын өзү бир четинен жакшы нерсе болсо керек, бирок мага жакпайт. Болгону элге ырларым жетип турса болду. Маска кийгенге жараша өзүң сырдуу болушуң керек деп ойлойм. Ошон үчүн өзүмдүн жеке жашоомду айтып жар салгым келбейт. Башкалардын жашоосу да мени кызыктырбайт.
- Сыр болбосо маскаңызды канча сомго сатып алдыңыз эле? Көчөдө жүргөндө да тагынып жүрөсүзбү?
- Көчөдө жүргөндө маска тагынып жүрбөйм. Кадимкидей эле элдерге аралашып, коомдук транспортто жүрө берем. Бул менин экинчи маскам. Биринчисин өзүм колго жасап алгам, көп өтпөй эле сындырып алдым. Анан атайын жасатпасам болбойт экен деп "спец заказ" менен булгаарыдан, кооз таштардан жасаттым. Эскизин өзүм түшүрүп бергем. Баасын айтпай эле коёюн, мен үчүн кымбат эле.
- А сиз маска кийип жүргөнүңүз менен сырткы кийимиңизден таанып калышат да. Эмне кийимдериңизди да алмаштырып турасызбы?
- Кийимимден таанып "Тата Улан сиз болосузбу?" деп жаныма келгендерге жок кечиресиң, мен Улан эмесмин деп жооп берип коём. Сахнада Тата Улан болсом, көчөдө мен Тата Улан эмесмин. Мен кийген кийимдер Бишкекте жалгыз эмес да. Балким окшош болуп чыгат. Көчөгө чыкканда башка жашоого кирем.
- Сиздин атыңыз псевдонимби?
- Эч кандай псевдоним эмес. Тата деген менин таятамдын аты. Улан өзүмдүн атым. Мен башынан эле атты кыскартып же өзгөрткөндү жактырчу эмесмин.
- Илхом сизге кандай учурда келет? Бир ырыңызды канча күндө жазасыз?
- Бүгүн сөз жазып, эртең обонун чыгарып, бүрсүгүнү радиолорго бербейм. Илхом ар кандай деп коёт го. Бирок аны деле көндүрүп, чакырып алса болот. "Карындаш" деген ырым жөн эле жерден жазылып калган. Кийин маанисин ойлонуп кайрадан иштеп чыккам. Негизи эле мен бир ырды элге алып чыгыш үчүн алгач оюмду багам. Анан шашпай жаңы жаралган ырды багып, жүз пайыз даяр болгондо гана эл алдына алып чыгам.
Тамара:
- Өзүңүздү Кыргызстандагы биринчи репер деп элестетесизби?
- Күйөрмандарым менин ырларымды жакшы кабыл алып жаткандары мени сүйүнтөт. Бирок, мен өзүмдү репермин деп санабайм. Менин ырларым кыргыздын нукура сөздөрүнөн куралып жаткандыктан аны негрлердин сөгүнгөн ырларына салыштыргым келбейт. Башкача айтканда комузу жок эле этно акынмын. Бул ырларымды комузга салып ырдасам кадимкидей эле кыргыздын ыры болуп калат. Болгону мен билинбей жүрүп жаңы стиль таап коюптурмун.
- Эстрадада дагы ырдайсызбы?
- Менде үн бар. Кийинчерээк эстрадада ырдап калышым мүмкүн.
- Учурда канча ырыңыз бар?
- Чынында мынча ырым бар деп санап көрбөптүрмүн. 2008-жылы он ырдан турган чакан ыр жыйнак чыгаргам. Азыр жыйырма чакты ырларым бар. Чет элден уурдалып алынган которулган ырларга каршымын.
- Жеке жашооңуз жөнүндө айтканды жаман көрөм дедиңиз. Бирок, бизге сиздин үй-бүлөңүз кызык болуп жатпайбы. Биринчи аялыңыз Нуркыз Исакова менен азыр мамилеңиз барбы?
- Мамилем жок. Өткөн жашоомду кайра-кайра айта бериш туура эмес. Анткени силер маңызын түшүнбөйсүңөр. Адам бир келген бактысын көтөрө билиш керек. Мен анда чоң жаңылыптырмын. Ушул суроого мен ушунча тоюп кеттим. Бир балабыз бар. Азыр ал апасы менен.
- А сиз үйлөнгөн жоксузбу?
- Азыр мен энем менен жашайм. Азырынча үйлөнө элекмин. Болочоктогу келинчегим чыгармачылыкка эч кандай тиешеси жок. Менин жашоомду түшүнө билген адам экен. Учурда бири-бирибизди байкаштырып сынап жатабыз.
- Сүйлөшкөн кызыңыз түшүнүктүү экен. Ал эми өзүңүздүн мүнөзүңүз кандай?
- Менин кандай адам экенимди энем эле билет болуш керек. Ар ким өзүн жакшы көрөт да. Менин мүнөзүм катуу деп ойлойм. Бирок мен жөнүндө башкалар айтсын. Бала кезимден бери эле бирөөнү кумир тутуп, окшошкум келбеген өзгөчө сапатым бар. Ар бир адамдын өзүнө жараша чөйрөсү, өзүнүн табити болот. Ошондуктан эч качан башкага окшошо албайсың деп ойлойм.
- Кайсы окуу жайды бүтүрдүңүз эле?
- Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайынын "Актёр, кино жана театр" бөлүмүндө окуп келгем. Бизде Төлөмүш Океевдей чыныгы режиссёрлор жок. Баары тең майдаланып кеткен. Адамдын рухун сындырып салчу кинолорду тартышат. Кесип менен иштегенге Кыргызстанда жакшы шарттар жок.
Бектур:
- Жашоодо сизге жакпаган нерселер барбы?
- Ар бир адамдын өзүнүн тагдыры болот. Кудайга шүгүр, ичип арыктын түбүнө жатып калган эмесмин. Ичимдик ичпейм, туура эмес иш жасабайм. Мага эл тааныбаган адамдын жашоосун каза берген жакпайт. Мисалы мени жакындан эч ким тааныбагандан кийин жеке жашооңду айта берсең ар ким ар кандай ойлоп калышы мүмкүн. Жакпаган нерселерден жаккан нерселер көп. Бирок элдер жакпаган нерсеңди сурап туруп алышат да.
- Эмне үчүн концерттерге көп катышпайсыз? Тойлорго барып ырдайсызбы?
- Мени тойго чакыргандан коркушат окшойт же тамадалар чакырышпайбы көп барбайм. Концерттерге болсо барып ырдабайм. Анткени мен бартер деген нерсени жаман көрөм. Ыр биздин наныбыз болгондон кийин акча табышыбыз керек. Башкалар кийим сатса, биз ыр жазабыз да. Мен өзүм деле концерт берсем келген ырчыларга акчасын төлөп берем. Негизи эле акчага келгенде так болгонду жактырам. Карыз алсам бергенче шашам. Берген карызымды сурабай өздөрүнүн абийирине коём.
Самат:
- Намаз окуп, орозо кармайсызбы?
- Орозону төрт жылдан бери кармайм. Азырынча беш маал намаз окуй элекмин. Жума намазга гана барып турам.
- Өзүңүздү эмнеге ашыкча патриот сезесиз?
- Кыргыз болуп төрөлгөндөн кийин эч качан бөлүнбөшүбүз керек. Ансыз да өзүбүз аз калк болсок. Кайсы жерден болосуң? деген суроонун өзү бөлүнгөндүктүн белгиси деп билем. Казакстанда жашап калгангабы Кыргызстанга келгенде эмнеге бизде бардык байлык бар да өнүгө албайбыз деп жүрөгүм ооруган. Ойлоп көрсөк, кыргыздарга баары бир болуп калгандай. Бизде коррупция өнүккөн.
- Күйөрмандарыңызга жеке концертиңизди качан тартуулайсыз?
- Жеке концертимди буюрса жазгыга пландоодомун. Күйөрмандарыма сөз менен эмес, ыр менен жакшы ниеттерди айткан жакшы го. Анткени менин оюмдун баары ырларыма жазылат. Бизди ырчы кылган күйөрмандар болгондуктан алардын оюна төп келген жакшы ырларды жаратканга аракет кылуудамын.
Айнура Касымова Бакыт Такиров








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
17-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Касымга мен биринчи сүйөм деп айткам"
2-бет
Тата улан:
"Ырларымды" негрлердин сөгүнгөн ырларына салыштырбайм"

3-бет
Экс-жубайларды электен өткөргөндө …
4-бет
Жаналбай жаткан жылдыздар
5-бет
Кызматтагы күйдүмчок
6-бет
Сактансаң сактаармын
7-бет
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык
опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов:
"Башында театрга баш бага албай сүрдөгөм"

8-бет
Самат Дөөлөтбаков:
"Концерттен "кайф" алайын деп жатам"

9-бет
Юристанбек Шыгаев:
"ҮЙДө АКЧА ДА, БИЙЛИК ДА ЖУБАЙЫМДЫН КОЛУНДА"

10-бет
Жылуулуктан сулуулук
11-бет
Байыркы уруулардын баш айланткан төшөк оюндары
12-бет
окумал
13-бет
Баскетболдун падышасы
Майкл Джордан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??