Кимиң бай да кимиң ай

Экс-жубайларды электен өткөргөндө …
Бир кездеги бирге жүрүшкөн кош жылдыздарыбыздын кай бирлери эки айрылыш жолго түшүшүп, кээси башкадан бакыт таап, бапырап жашап жатышса, кээси дале жалгыз жүрүшөт. Убагында бир нанды бөлө жешкен, аны табыш үчүн бирдей тытынышкан жубайлар эки бөлүнгөнү эмгеги талаага кеткен жокпу, үй-бүлө бюджети, азыркы абалы кантти экен деп, жөн турбай ары-бери элекке салмай болдук. Чет-өлкөдө атактуу жубайлар ажырашып жатып, байлык бөлүштүрө келгенде баштары маң эле болуп калат эмеспи, ал эми бизде андай эмес деңизчи, ошентсе да азыркы учурда берегидеги экс-жубайлардын кимисинин ити чөп жатканын билгиңиз келсе, анда көз чаптырып көрүңүз. Өзүңүз салыштырып алаарсыз.


Кенже Кубатова
Гонорары- Америкалык "Ага- Хан" фонду тарабынан уюштурулган, "Устат-шакирт" коомунда эмгектенет. Алар менен чет-мамлекеттерге концерт коюп чыкканда 1000 доллардан 3,500 миң долларга чейин гонорар алат. Ал эми тойлорго барып ырдап көргөн эмес, азыр да ырдабайт. Ал эми дос-тааныштарынын жакшылыктарына бекер эле ырдап берет.
Сыйлыктары- 1996-жылы Жамбыл шаарында өткөн "Менин Казакстаным" конкурсунан 2-орун, күмүш байгеге ээ болгон. 1999-жылы "Ысык-Көлдө кадыр түн" фестивалында 1-орунду ээлесе, 2002-жылы Астанада өткөн "Шабыт" конкурсунан 1-орунду алган.
Бизнеси- Учурда Кочкор районунда жашагандыктан, анча-мынча мал кармашат. "Элчилеп соода-сатыка да жокмун"-дейт.
Топтогон акчасы - Бишкектин банктарынын биринде 650 евросу сакталуу.
Үйү- Кочкордо чоң жер тамда жашайт.
Дачасы- "Биздин район өзү эле дача. Жаратылышы таза." -дейт.
Машинеси- "Ауди" үлгүсүндөгү бир машинеси бар. Бирок өзү айдабайт. Жолдошу айдап, өзү алдында чалкалап эле отурат.

Токтобек Асаналиев
Гонорары- Тууган эместерге 200 долларга барып созуп берсе, туугандарга "ставкасын" 100 долларга түшүрөт. Улуттук Консерваторияда "Салттык музыка жана фольклор" бөлүмүндө мугалим болуп эмгектенет. Жумасына жок дегенде бир жолу тойго барса, Консерваториядагы айлыгы кошулса анда жаман эмес.
Сыйлыктары- Казакстанда өтүүчү "Шабыт" жана "Н. Тилендиев" атындагы конкурстардын лауреаты. "Ош азем түндөрү 2000" конкурсунан 3-орунду ээлеген. "Жалал-Абад азем түндөрүнүн" да катышуучусу. Былтыр "Жылдын мыкты ырчысы" наамын алган.
Бизнеси- Жок. "Байлыкты кошо көтөрө кетмек белем"-дейт.
Топтогон акчасы - 20 миң доллары Бишкектин ири банктарынын биринде сакталуу. Кайсы банк экенин "Банкты чагып кетесиңер"-деп тамашалап, айтпайт.
Үйү- Ата конушу Ат-Башыда бир үйү, Бишкекте бир үйү бар.
Дачасы- Жок, ага кызыкпайт.
Машинеси- "Мерс миллениум" үлгүсүндөгү темир тулпарын зуулдатып жүргөн убагы. А эми келинчегине өзүнчө Ниссан машинесин алып берген.



Байыш Момунов
Гонорары- Бир жылдай убакыт КТРдин "Замана" таңкы берүүсүн алып барып жүрүп, контракттык негизде ай сайын 4 миң сом колуна алчу. Акыркы төрт жыл гастролдобой калган. Андан көрө тойлорго барган кирешелүү экенин жон териси менен сезип калып, ырдагандан тышкары тамадалык менен да алектенип келет. Алыс жолго чакырса 400 доллар сураса, Бишкек ичинде 300 долларга барып берет. Демек, бир айлык бюджети 1 миң 600 долларды чапчыйт экен.
Сыйлыктары - М. Абдраев атындагы музыкалык мектебинде окуп жүргөн кезинде эки жолу Орто Азия аралык өткөрүлгөн конкурстарда лауреат болгон. "21-кылымдын жылдыздары" концертинин дипломдорунун ээси. Кайрымдуулук концертине көп катышкандыктан, ар кандай ыраазычылык дипломдору менен сыйланган.
Бизнеси- жалгыз бизнеси ошол эле "тили".
Топтогон акчасы - "Башкасы акча чогултса да артисттер акча чогулта албайт го"-дейт. Бирок келечекте банктан "счет" ачкысы келет. А үйүндө "Динара" деген банкы бар. Бирок анысы акчаны да көпкө сактай албаган, чыдамы жок банк.
Үйү- Бишкекте 3 бөлмөлүү квартирасы бар.
Дачасы- Жок.
Машинеси- "Мерседес 230" үлгүсүндө бир машинеси бар.

Клара Алибекова
Гонорары- Азыр Жалал-Абадда тургандыктан, ал жактагы тойлорго 100-50 долларга макул болуп барат. Бишкектеги тойлорго деле ушул бааны айтса, макулдугун берет. Бир курдай Оштогу филармонияда бир жылдай иштеген бирок, анда да гастрол деп кетип калып жүрүп, жарытылуу деле айлык алган эмес. Ал эми бир жумалык гастролдорго чыкканда эл жакшы келип берсе, чыгашаны эсептеп чыгарып салгандан кийин, бөлүшө келгенде 10-15 миң сомдой чөнтөгүнө түшөт.
Сыйлыктары - 7-класс кезинде Жалал-Абадда өткөн "Таңкы чолпон-жылдыз" конкурсунда гран-приге ээ болгон. "21-кылымдын жылдыздары" концертинде алган ж.б. дипломдор, грамоталары бар.
Бизнеси- Бизнеске шыгы жок.
Топтогон акчасы - "Запаска" акча койбойт деле. Тапканын дароо жок кылат.
Үйү- Өзүнүн үйү жок. Жалал-Абадда ата-энеси менен бирге жашайт.
Дачасы- Жок.
Машинеси- Азырынча машинеси жок. Жакында алам деп пландаштырып жүрөт. Ал эми гастролдорго чыкканда кызмат кылган "УАЗ" машинесин бузула бергенинен сатып жибергенине көп болду.