п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Жаналбай жаткан жылдыздар
Азыр эмне көп,ырчы көп. Жаандан кийинки козу карындай болуп шоу-бизнесте жаңы ысымдар күн сайын эле көбөйүп келе жатат. Ырчылардын арасындагы атаандаштыкты жеңгени жеңип, алдыга озуп чыга келсе, айрымдары эмнегедир же жарк этип чыга албай, же ырчылыкты биротоло таштабай "эт менен челдин ортосунда" жүргөндөр да жок эмес.


Мэри
Шакулина:
Анда- санда сыналгыдан чыгып калчу кара торунун сулуусу Мэри Шакулина да хит ырларды жарата албай келет. Мэринин өзү жалкообу же Дананын жолу катуубу, айтор, колго тийген ырчыларды эле "тып" басат. Адам талыкпас эмгектин,аракеттин аркасы менен гана ийгиликке жете алаарын эске алыш керек. Эгерде Мэри Шакулина ушул калыпта эле жүрө берсе "жарк " этип чыкмак тургай аты такыр эле унутулуп калаары турган иш.

Азат
Болотбек:
Акыркы жолу "Жөн эле доспуз" деген ыры менен репертуарын толуктаган Азат Болотбек азыр кайда жүрөт деген суроо туулат. Тармал чачтуу, табышмактуу жигитибизге популярдуу болгонго эмне жетпей, жолун ким бууп жатты экен?Болбосо айрым ырчылардан мурда чыккан Азат азыр деле "эт менен челдин" ортосунда. Же ырдаган киши эмес, же ырдабаган киши эмес болуп эки анжы жолдо жүргөн кези.

Кайрат
Примбердиев:
Продюсери бар кезде "Сагынганда", "Эне үчүн" деген ырлары популярдуу болуп жаткан Кайрат Примбердиев азыр эмнегедир "жарк" этип чыга албай илең-салаң болуп жүрөт. Продюсеринен кол үзгөндөн кийин өз алдынча чыга албай жатабы же жаңы үйлөнгөн жигит жеке жашоосунан бошой албай жатабы, айтор түшүнүксүз. Мурда "таянган тоосу бийик болуп жүрүп" эми Динара эжесинен бөлүнүп өзүнчө иштегиси келген Кайраттан кабар жок. Эмнеси болсо Кайратка дайыныңды билдирип, жаңы ырың менен күйөрмандарыңды бир сүйүнтүп кой демекчибиз.


Ирлан
Таалайбеков:
"Окуучу, окуучу,окуучу кыз" деп чекчеңдеп Ирлан Таалайбеков деген жигит теледен чыгып калчу эмес беле? Алдыга озуп ырчылардын мыктысы боло албаса да өз арабасын кылдыратып тартып жүрө берчү эле. Продюсеринен кеткенден кийин Ирландын да дымы чыкпай калды. "Бала кезимде эле ырдачу экенмин" деп жүрчү Ика чындап эле музыкага жакын болсо, көпчүлүктөн суурулуп чыкканга эмне тоскоол болуп жатат, түшүнүксүз? Күн өткөн сайын бул баланын аты эл ичинде унутулуп баратканы да талашсыз.


Зарина
Хасанова:
Ар бир ырчынын өз күйөрманы болот. Күйөрмандардын тар чөйрөсү менен чектелген дагы бир ырчы кыз Зарина Хасанова. Удаа- удаа эле ыр жаздырып клип тарттырат же алар хит болуп чыкпайт. Албетте, ыр жаздыруу, клип тарттыруу көп акчаны талап кылаарын түшүнөбүз. Ошого жараша кылган аракетинин акыбетин көрсө жакшы эмеспи. Башка жолдордун баарын текшерип көрүп жакшы жыйынтык чыкпасына ырчы кыз ынанганбы, акыркы кездерде Юрий Бобковдун "Ырдайлы кыргыз ырларын" телеберүүсүнөн чыга баштады. Бул жерден Заринага ийгилик жылмайып "жарк" этип чыгып алышына биз тилектешпиз.


Микаэль:
Алькамилге "Менин стилимди туурабачы" деп ызырынган Микаэль сахнага чыгып ырдаганда өзү деле айрым ырчылардын кыймыл-аракеттерин туурай берээри өзүнө сезилбесе керек. Канча чамынып аракет кылса да ат чабыштан алдыга озуп чыга албай келет. Бүгүнкү күндө популярдуу болгон ырчылардан алда канча мурда чыкса да алардын артында жүрөт.


Алькамиль:
Кыргызчаны чулдурап чала-була сүйлөгөн Алькамиль жакында жеке концертин бергени менен эмнегедир ырларынын элге жугуму жок. Жакшы эле аракет кылат, ырлары хит болбой орто жолдо эле калып жатат. Алькамиль, башка элдердин ырларын которуп ырдап көрбөйсүңбү!? Балким сага ийгилик жылмайып, уурдалган ырлар атактуулук алып келип калаар? Анан дагы имиджиңди өзгөртпөсөң көпчүлүк сени Микаэль менен чаташтырып жаткандарына бир нече ирет өз көзүбүз менен күбө болдук.


Алихан:
Алихан да эмнегедир акыркы күндөрү солгундап бара жаткансыйт. Продюсери Мирбекке көбүрөөк көңүл буруп, башка балдарын көлөкөгө калтырып жатабы дейин десең Канат байкенин безилдеп чуркап жүргөнүн эле көрөсүң. Эмнеси болсо да Алихан өзүн таштабай чыгармачылыкты колго алса дурус болот эле. Минте берсең чыгармачылыгыңды сыйлаган күйөрмандарыңдын саны күн сайын азаят. Канат байкеңдин колу бошобосо, өзүңдү-өзүң билип ыр жаздырып, өз камыңды көрбөсөң болбойт. Азыр "элиң түлкү болсо түлкү, бөрү болсо бөрү" боло турган заман экени эсиңден чыгып калдыбы?!






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
17-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Касымга мен биринчи сүйөм деп айткам"
2-бет
Тата улан:
"Ырларымды" негрлердин сөгүнгөн ырларына салыштырбайм"

3-бет
Экс-жубайларды электен өткөргөндө …
4-бет
Жаналбай жаткан жылдыздар
5-бет
Кызматтагы күйдүмчок
6-бет
Сактансаң сактаармын
7-бет
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык
опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов:
"Башында театрга баш бага албай сүрдөгөм"

8-бет
Самат Дөөлөтбаков:
"Концерттен "кайф" алайын деп жатам"

9-бет
Юристанбек Шыгаев:
"ҮЙДө АКЧА ДА, БИЙЛИК ДА ЖУБАЙЫМДЫН КОЛУНДА"

10-бет
Жылуулуктан сулуулук
11-бет
Байыркы уруулардын баш айланткан төшөк оюндары
12-бет
окумал
13-бет
Баскетболдун падышасы
Майкл Джордан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??