п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Сактансаң сактаармын
Күндөн-күнгө бет кап тагынып, чочко тумоосунан сактанган адамдардын саны өсүүдө. Айрымдары "чочко тумоосунан адам айыкпайт экен" деген сыяктуу кооптонуу менен жашап жаткан кездери. Коомчулук бир топ ызы-чууну жараткан чочко тумоосунан ким эмне болду деп кулак түрүп жашап жатышат. Аталган илдеттин канчалык коркунучтуу экени, кантип сактануу керектиги тууралуу, дегеле бул оорунун пайда болуу тарыхына назар салып, окурмандарга маалымат берүүнү туура көрдүк.

Эмне себептен чочко тумоосу деп аталып калган?
Эң алгач бул тумоо пайда болгондо изилдөөчүлөр ойлонуп көрүп, вирусту түндүк америкалык чочколорго окшоштурушуп, ушундай "ысымды" ыйгарышкан. Чынында бул ат көпчүлүгүн канаттандырбайт, АКШнын айыл-чарба министри Том Вилсек чочко сатып жан баккандардын жашоосун бузбайлы- деген ниетте вирусту илимий тил менен эле "H1N1" деп атоону сунуштаган. Ал эми Израилдин Саламаттыкты сактоо министри Яков Лицман еврейлер "чочко" деген атты аташын каалабай жатканын билдирип, вирусту "мексикалык тумоо" деп атоону туура көрүптүр. Белгилей кетчү жагдай, биринчиден чочко тумоосу чочколордон адамга жукпайт, экинчиден чочколор ай-жылда бир эле жолу оорушат. Чочконун эти менен тамактанган адам чочко тумоосуна туш болбойт.

Чочко тумоосу өзгөчө кимдерге кооптуу?
Аталган илдет өзгөчө эски дарты бар, онкологиялык оорулар менен жабыркаган, кант диабети, жүрөк жана кан тамыр оорулары менен алышкан адамдарга жана беш жашка чейинки балдарга ошондой эле кош бойлууларга өзгөчө кооптонууну жаратат. Европада башкалардан өзгөчөлөнүп, кош бойлуулар менен эски дарты бар адамдар бул илдетти башынан оор кечирип жатышат. Ал эми Англия менен Жаңы Зеландияда жашы 65 жаштан өткөндөр бул оору менен азыраак ооруп, ооруса да тумоону оңой жеңип жатышат. "Балким, кары адамдар буга чейин мындай илдетке кабылышкандыктан, алардын организми тумоого даяр окшойт" дейт Лондондогу профессор Джон Оксфорд.

Чочко тумоосу дүйнө жүзүндө
Америкада
АКШда бул тумоого 3,9 миң 540 адам туруштук бере алган жок. Медиктер колдон келген жардамдарын көрсөткөнүнө карабай каза болгондордун саны күн сайын өсүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда учурда Америкада 22 миллион адам тумоого кабылып, медиктердин колунда ооруга каршы 41,6 миллион вакцина бар.

Украинада
Украинада чочко тумоосунан 239 адам көз жумду. Оору пайда болгондон баштап бул өлкөдө баш аягы 1 миллион 253 миң 558 адам ооруса, анын 30 миң 500ү сакайып бейтапканадан чыгарылды.

Испанияда
Бир топ коркунуч туулса да бактыга жараша Испанияда чочко тумоосу менен ооругандардын саны 6 кишини түзгөн. Аларды дароо текшерүүдөн өткөрүшүп, бейтапканага жеткиришкен. Учурда аларды эч ким менен сүйлөштүрбөй, күчөтүлгөн режимде дарылап жатышат.

Россияда
Бүгүнкү күнгө берген маалымат боюнча Москвада 1396 адам чочко тумоосун жуктурган. Ооруну көтөрө албай жети адам каза тапкан.





Төлөн Исаков :
"Чочко тумоосунун сасык тумоодон айырмасы жок"
Жүрөктүн үшүн алган илдет боюнча дагы кененирээк маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башкы директору Исаков Төлөн Байдалиевичке кайрылган элек.

- Төлөн Байдалиевич, бүгүнкү күндө чочко тумоосу менен канча адам ооруп жатат?
- Бүгүнкү күндө баш аягы 37 адам чочко тумоосу менен ооруп жаткан, азыр алардын баары тең сакайып үйлөрүнө чыгып кетишти. Өтө оор кырдаалдар катталган жок. Азыр көпчүлүгү жасалма чууну чыгарып, "чымындан пилди жараткандай " эле абалды түзүп жатышат. Анча кайгырганга эч кандай деле негиз жок. Оорулуулардын токсон пайызы сырттан келип жатышат. Эң биринчи август айында чочко тумоосу менен катталган адам Кыргызстанга Дубайдан келген. Анан Тажикстандан, Алма-Атадан, Канададан бир-бирден адамдар келишкен, калгандары Россиядан, Санкт-Петербургдан ооруп келгендер. Биздин негизги милдет-ооруну убагында аныктоо, бейтапканага убагында жаткыруу, убагында дарылоо. Ушул үч милдет так аткарылганда гана эпидемиядан элди сактап калабыз. Эгерде бул милдеттер так аткарылбаса, чочко тумоосу жайылбай, 37 адамдын саны менен чектелип калат деп кепилдик бере албайбыз.
- Азыр дарыканаларда бет кап жетишпей жатыптыр-деген маалымат да бар. Үй шартында бул тумоодон кантип сактанса болот?
- Айдын аягында дагы чет мамлекеттен 2,5 миллион бет кап келиши күтүлүүдө. Өзүбүздүн жергиликтүү фирмалар да бет кап тиктирип жатат, ушунун баары кайсы бир убакка чейин жетет деген ойдомун. Бет кап жок болсо эмне кылабыз дегендерге айтаарым, ар бир үйдө эле марли бар да, аны үй шартында тигип алып, колдонуп, кечинде жууп-үтүктөп кайрадан колдоно берсе болот. Кыргыздарда бир түшүнүк бар, той-топурга чакырылса ооруп, чүчкүрүп-бышкырып жатышса да "кой, жаман көрөт" деп сөзсүз барышат. Тескерисинче сыркоолоп жаткан кезде көпчүлүктөн четтеп, жылуу-жумшак үйдө отургандан өтөөрү жок.
- Чочко тумоосу менен сасык тумоонун кандай айырмасы бар?
- Тумоонун үч түрү бар, куш тумоосу, сасык тумоо анан азыр айтып жаткан чочко тумоосу. Үчөөнүн тең бири-биринен эч кандай айырмасы жок. Бул тумоолордун жугуу жолдору, белгилери да бирдей. Үчөөнү тең лабораториялык жол менен аныкташат. Кыргызча тил менен түшүндүргөндө,адамдын аттары сыяктуу эле вирустардын да өзүнчө чочко тумоо, куш тумоо, сасык тумоо деген аттары бар. Анан чочко тумоосунан адам айыкпай өлүп калат деген сөз жалган. Кээ бирөөлөр "ой, чочко тумоосунан айыкпайт экенсиң, өлүп калат экен" деген ойдо болуп, кооптонуп жүрүшөт.
- Анда эмнеге башка өлкөлөрдө бир топ адам чочко тумоосунан каза болуп жатышат?
- Адам убагында дарыланбаса, жөнөкөй деле тумоодон өлүп калышы мүмкүн. Ооруп жатып доктурга кайрылбай, кыргызчылык жол менен дарыланышканга өтүшөт. Качан гана айыкпай, дарты күчөп кеткенде ооруканага келишет, кокус көз жумуп калса "жакшы карабай коюшту" деп жалаасы доктурларга калып жатпайбы. Учурда адамдар бир нече оорулар менен ооруйт, бирөөнүн өпкөсү ооруса, бирөөнүн кант диабети бар дегендей, ал эми сасык тумоо ошол дарттардын баарын козгоп чыгат. Адамдар да Саламаттыкты сактоо министрлигин карап отура бербей, бизге да жардам берсе жакшы болот эле. Ал үчүн ар бир адам жеке тазалыгына көңүл буруусу зарыл. Массалык маалымат каражаттары да элдин көңүлүн өзүнө бурдуруш үчүнбү, чочко тумоосун укмуштуудай кылып өркүндөтүп, көбүртүп-жабыртып жазып жатышат. Бул нерсе коомчулуктун кулагын түрүп, жүрөгүн ого бетер түшүрүп жатышат. Коркууга эч кандай негиз жок. Баарыбыз биригип бул илдетти жеңебиз деп ишенем.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
17-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Касымга мен биринчи сүйөм деп айткам"
2-бет
Тата улан:
"Ырларымды" негрлердин сөгүнгөн ырларына салыштырбайм"

3-бет
Экс-жубайларды электен өткөргөндө …
4-бет
Жаналбай жаткан жылдыздар
5-бет
Кызматтагы күйдүмчок
6-бет
Сактансаң сактаармын
7-бет
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык
опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов:
"Башында театрга баш бага албай сүрдөгөм"

8-бет
Самат Дөөлөтбаков:
"Концерттен "кайф" алайын деп жатам"

9-бет
Юристанбек Шыгаев:
"ҮЙДө АКЧА ДА, БИЙЛИК ДА ЖУБАЙЫМДЫН КОЛУНДА"

10-бет
Жылуулуктан сулуулук
11-бет
Байыркы уруулардын баш айланткан төшөк оюндары
12-бет
окумал
13-бет
Баскетболдун падышасы
Майкл Джордан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??