п»ї

  Шырмаек

Самат Дөөлөтбаков:
"Концерттен "кайф" алайын деп жатам"
Өз кесибин сүйүп, ырчылык өнөрдү хобби катары алып жүргөн ырчы Самат Дөөлөтбаков 18-ноябрда күйөрмандарына жеке концертин тартуулайт. Отчёттук концертине кызуу даярданып жаткан Самат мырзага бирин-экин суроо менен кайрылдык.
- Самат, концертиңди кандай максат менен коюп жатасың?
- Менин жеке концертим 18-ноябрда Спорт Ордосунда болот. Атайын
17-ноябрь студенттердин күнүнө карата же болбосо акча табайын деп койгон жокмун. Эки жылдан бери күйөрмандарыма жолукпай, аларды сагындым. Чыгармачылыгымдагы ийгиликтеримди, жаңылыктарымды тартуулап, элге отчёт берейин дедим.
- Отчёттук концертиң өзгөчө болот экен да?
- Биринчи концертимде көп каталарды кетиргем. Өзүм сахнага аз эле чыгып, көбүнчөсүн башка коноктор ырдаган эле. Бул концертте болсо репертуарымдагы 25ке жакын ырларымды жандуу ырдайм. Ырчы досторумдун арасынан да "Жандуу ырдайм" дегендерди чакырганга аракет кылып жатам. Дүйнөлүк ырчылардын эски ырларын аткарам. Башкача айтканда концерт бир нече тилде аткарылган ырлардын коштоосунда өтөт. Биринчи жолу менин концертимде эң кымбат баадагы аппаратура коюлат. Көптөн бери толуп калган бугумду чыгарып, "кайф" алайын деп жатам. Эми калган өзгөчөлүктөрдү келген меймандар өздөрү байкашсын.
- Студенттер үчүн билеттин баасы арзандатылабы?
- Жок. Улуу-кичүү муун, студент дебей, билеттин баасы 200 сомдон болот.
- Концертке демөөрчүлүк кылгандар барбы?
- Албетте, демөөрчүлөрүм бар. Белгилүү кыргыз фирмаларынын бири жана түрк фирмалары демөөрчүлүк кылып жатышат. Андан сырткары бир туугандарым, ата-энем, банкта иштеген кесиптештерим да колдон-буттан алып, жардамдарын көрсөтүшүүдө. Ар бир ырымдын жаралыш тарыхын айтып берип, сахнага ата-энемди чакырам.
- Банктагы ишиң менен катар концерттин уюшулушуна кантип жетишип жатасың?
- Банктагы ишиме концерттин уюшулушу тескери таасирин тийгизген жок. Менин продюсерим катары келинчегим Аида чуркап жүрөт. Мен болсо адаттагыдай жумушум менен алектенүүдөмүн.
- Эмнеге башка ырчылардын концерттерине көп барбайсың?
- Биринчиден концерттерди тандайм. Ар бир концертке барып катыша бербейм. Анткени, көп учурда жумушума байланыштуу убактым болбой калат. Өзүңүздөр билгендей ырчылык бул менин жөн гана хоббим.
- А жаңы клиптерди кайсы учурда тартып жатасың?
- Убактымдын тардыгынан улам, концерттен кийин жаңы клиптерди тарттырууга атайын эки жумалык эс алуу алдым. Кудай буюрса, ошол аралыкта клип тарттырып, өзүм да эс алып, убактымды туура пайдаланганга аракеттенүүдөмүн.




Бек Алексти кубандырды
Көпчүлүктүн сүйүктүү ырчысына айланган Бек Борбиев өзүнүн жеке концертинен кийин жаш ырчыларга ыраазычылык билдирди. Андан сырткары чыгармачылык той концертине катышып, мыкты попури аткаргандыгы үчүн орус улутундагы ырчы Алекске "Досторго" аттуу ырын белекке берди. "Чыгармачылыгыңа ийгилик каалайм, бул ыр сага абдан жакшы жарашат экен. Ырдай бер"-деп жакшы каалоо тилегин айткан. Бек агасынан мындай белекти күтпөгөн Алекстин сүйүнүчү койнуна батпай жүргөн кези.


Азамат, азаматтык кылып жатат
Кыргыздын эң кымбат төкмө акындык өнөрүн аркалап келаткан Азамат Болгонбаев бир айдан бери "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагалык милдетин аткарып келет. Жаш болсо да өтө жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү милдетти моюнга алып келаткан Азамат мырза, сөз өнөрүн барктап, акындар айтышына күйөрман болгон жалпы элди 20-ноябрда саат 17.00дө Улуттук биринчи каналдын концерттик студиясында өтө турган чакан айтышка чакырат. Эске салсак, "Кыргыз"радиосу менен "Айтыш"коомдук фонду биргелешип уюштуруп жаткан ар айдын жыйырмасында боло турган чакан айтышка демөөрчүлөр табылып, он алты миң сом байге коюлган. Экинчи жолу өткөрүлүп жаткан айтыштын жеңүүчүсүн билгиңиз келсе, айтылган убакыттан кечикпей, Улуттук биринчи каналга барып калыңыз.


Боордошторго боору ооруган Гүлжигит
"Коштошуу", "Ай бийке" деп сыздаган Гүлжигит Сатыбеков акыркы убакта көрүнбөй кайда кетти десек, "Кеңеш" тобу менен бирге Россиянын бир топ чоң шаарларын кыдырып, жыйырма эки күн бою концерттик программа тартуулашкан. Концерттен сырткары ырчы кыргыз боордошторубуздун жашоо шарттары менен таанышып, кээ бирине боору ооруса, кай биринин жасаган иштерине суктанган. Мекендештерине жылуу сөз айтып, жүрөктөн чыккан ырларын арнап келген Гүлжигит мырза, эми "Таарыныч", "Чолпонум" аттуу жаңы ырларды жаздырып, аларга клип тартууну пландоодо.


Сема студенттерге дискотека коёт
17-ноябрь Студенттердин Эл аралык майрамына карата ырчы Сема күйөрмандарына ыр десте сунат. Чыгармачылык кечесинин өзгөчөлүгү: жаштар үчүн дискотека түрүндө өтмөкчү. Акыркы жаңы ырлары менен коштолгон шоу-концертке Семаны куттуктап ырчы достору да келишет. Студенттердин майрамында көңүлдүү кеч тартуулаган Сема бардык күйөрмандарын Спорт ордосуна чакырат.


Малика апасынан алыстап калды
Динара Акулованын кенже кызы Малика суйкайган сулуу кыз болуп чоңоюп калганы менен сүйүктүү апасынын жанынан бир да карыш чыккысы келбейт. Жакында эле Америкада боло турган Эл аралык фестивалга жөнөп кеткен апасынын келишин чыдамсыздык менен күтүүдө. Буга чейин мындай алыс убакытка апасынан алыстап көрбөгөн ырчы кыз куса болуп ооруп жатат. "Мен буга чейин апамдан алыс болуп көргөн эмесмин. Качан келээри белгисиз, апамдын жытын, караанын сагындым"дейт эрке кыз. Чет жерге кеткен апасынын сапары байсалдуу болуп, ийгиликтер менен кайтып келсин демекчибиз.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
17-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Касымга мен биринчи сүйөм деп айткам"
2-бет
Тата улан:
"Ырларымды" негрлердин сөгүнгөн ырларына салыштырбайм"

3-бет
Экс-жубайларды электен өткөргөндө …
4-бет
Жаналбай жаткан жылдыздар
5-бет
Кызматтагы күйдүмчок
6-бет
Сактансаң сактаармын
7-бет
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык
опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов:
"Башында театрга баш бага албай сүрдөгөм"

8-бет
Самат Дөөлөтбаков:
"Концерттен "кайф" алайын деп жатам"

9-бет
Юристанбек Шыгаев:
"ҮЙДө АКЧА ДА, БИЙЛИК ДА ЖУБАЙЫМДЫН КОЛУНДА"

10-бет
Жылуулуктан сулуулук
11-бет
Байыркы уруулардын баш айланткан төшөк оюндары
12-бет
окумал
13-бет
Баскетболдун падышасы
Майкл Джордан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??