п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жылдыздар деле сиздей жан

Юристанбек Шыгаев:
"Үйдө акча да, бийлик да жубайымдын колунда"
Бул жолу рубрикабыздын коногу таланттуу Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев үй-бүлөсү менен болмокчу. Ынтымактуу үй-бүлөнүн маеги назарыңыздарда.

- Агай, жубайыңыз менен кантип тааныштыңыз эле?
- Менин Каныбек деген классташым бар. Политехникалык институттун инженер-экономика факультетине өткөн. Ал кезде мен Ленинградда Сүрөтчүлөр Академиясында окучумун. Бир күнү классташым "Жүрү, мени менен чогуу окуган Римма деген кыздын туулган күнүнө барабыз" деди. Гүл, шампанымды көтөрүп алып бардым, таанышкандан кийин жактырып калдым. Кийин кат аркылуу сүйлөшүп жаттык, мен ага кыргызча жазам, Римма болсо кыргыз тилин түшүнбөй курбусуна менин каттарымды окутуп, орусча жооп жазат. Ошол кезде жазышкан каттарыбыз бир чемодан болгон. Ошентип, 1980-жылы экөөбүз баш коштук. Римма институтту кызыл диплом менен бүтүрдү, "Аспирантурага тапшырам" дегенинен болбой койгом. Уулду болдук, атын Данияр койдум. Андан кийин кыздуу болдук, "Ким кызыма жакшы ат койсо байгеге ээ болот" деп чоң акча коюп, досторумдун арасына конкурс жарыялагам, бирок койгон ысымдар жакпай, акыры өзүм Алымкан деген ысымды ыйгардым. Кичүү уулубуздун аты Толубай.
- Балдарыңыз учурда эмне менен алек?
- Алымкан Орус-Славян университетинин эл аралык журналистика факультетине өттү. Комузда ойнойт, ырдайт, фотостудияда да кошумча окуп жатат. Менин жолумду улуу балам Данияр жолдоп, учурда Австрияда Сүрөтчүлөр Академиясында окуп жатат. Толубай №6 гимназияда окуйт, эмнеге жөндөмү бар экени азырынча билине элек. Окуусунан сырткары кошумча чет тилдерди үйрөнүп жатат. Келечекте Түштүк Кореяга барып билим алсам деп жүрөт.
- Жубайыңыздын кайсы сапаттары жагат?
- Римма биздин үйдөгү аары, жаны тынбай иштейт. Менин президентим, бухгалтерим, менеджерим. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып чыгармачылыгыма чоң көмөк көрсөтүп келет. Кээде жубайым тамашалап: "Сени Эл сүрөтчүсү кылган менмин" деп күлүп калат, башымды ийкеп "Ооба, сеники туура" дейм. Чынында эле Римма мага колдоо көрсөтпөсө ушундай деңгээлге жетмек белем, ким билет.
- Демек үйдөгү тизгин жубайыңыздын колунда экен да?
- Биздин үйдө бир эле президент бар, ал жубайым. Акча да, тизгин да Римманын колунда. Мен бар деген жагына унчукпай кете берем.
- Тамашакөй окшойсуз?
- Балдарым күлүп айтып калышат: "Эгерде папамдын сүрөттөрү өтпөй калса, циркке беребиз. Атам артист" дешет. Атам да тамашакөй адам болчу, мен да күлдүрүп сүйлөгөндү жакшы көрөм.
- Кайсы жумушту жасагандан ырахат аласыз?
- Көңүлүмө жараша болот, убактым болсо ашканадан тамак жасап коём, балдарым мактап ичишет. Сүрөтчү катары ар нерсени кооздоп, көркөмдөгөнгө аракет кылам.
- Үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?
- Мен кыргыз тилинде сүйлөгөндү жакшы көрөм, балдарым да кыргыз тилин суудай билсе дейм. Бирок, тагдырга жараша шаарда өсүп калгандыктан балдарым орусча сүйлөп жиберишет. Орус тилин каалаган убакта үйрөнсө болот, балдарым кыргыз тилин жок дегенде 50% га билишсе ошого мен кубанат элем.
- Сүрөтчүлөр илгерки, эски буюмдарга жакын келишет эмеспи, сизчи?
- Жакында эле Өзбекстанда "Көчмөн"деген көргөзмө болду, ал жерден илгерки туш кийиздерди, домбраларды сатып келдим. Эски буюмдарды чогултканды мен да жактырам, анткени ар бир буюмда өзүнчө философиялык ой, сыр жатат. Африкадагы эң мыкты чеберлердин кара бактан жасаган маскаларын алып келгем, өнөрканамдагы илинип турган ар бир сүрөттүн түздөн-түз мага тиешеси бар.
- Балдарыңызды тарбиялоодо кимиңиздер көбүрөөк роль ойнойсуздар?
- Баланын тарбиясында атанын кадыры, сөзү, акылы олуттуу роль ойнойт. Мен дайыма жолдо жүрөм, чыгармаларымды дүйнө жүзүнө таанытайын деген максатта убактымдын көбү чет жакта өтөт. Түйшүктүн баары жубайымда, ошентсе да өзүм акыл-насаатымды айтып, туура багыт көрсөткөнгө аракет кылам.
- Кыргызда куда түшүү деген жакшы салт бар эмеспи. Сиз да балдарыңызды ушул салт менен үйлөнтөйүн деген оюуңуз жокпу?
- Кызыма сөйкө салам дегендер көп, бирок мен кызым өзү жактырып, өмүрлүк жарды өзү тандасын деген ойдомун. Мүмкүн мен балдарыма өзүмө жаккан дос-тааныштарымдын улан- кыздары менен тааныштырып коюшум мүмкүн, бирок бул адамга турмушка чыгасың же ушу адамдын кызына үйлөнөсүң деп таңуулагандан алысмын. Кийин "Мына, силер үйлөнтүп коюп мен бактысыз болуп калдым" дебегидей болуш керек.




  Жубайы Римма:

"Он эки жыл батирлеп жашафдык"
- Юристанбек агай менен жаңы баш кошкон жылдарды эстесеңиз?
- Чынында азыркы деңгээлге өз күчүбүз менен жеттик. Баарын нөлдөн баштаганбыз. Жаңы үйлөнгөндө Юристанбек экинчи курста окучу, мен окуумду бүтүп, Ленинградда куруучу компаниялардын биринде иштеп жүрдүм. Жамаатым "Римма, биякта эле калбайсыңбы, үй берилет" дешкен, анда Юристанбек "Сенде патриоттук сезим жок, бизди Кыргызстан күтүп жатат" деп болбой койгон. Анан Кыргызстанга келип алып он эки жыл батирлеп жүрбөдүкпү. Кызым төрөлгөндөн кийин гана жолдошум Америкага, Германияга барып сүрөттөрүн сатып, жакшы акча таап, бутубузга турдук.
- Орус мүнөз экенсиз. Кайын-журтуңуз жаңы үйлөнгөндө кандай кабыл алышты эле?
- Мен Бишкекте төрөлүп, чоңойгом. Жаңы үйлөнүп, Юристанбектин туугандарына барганда таенеси бар болчу, мен андан аябай коркчу элем. Үйүнө барганда "Эмне орус кызды алып алдың, кыргызча түшүнбөйт экен, көзү жакшы көрбөйт экен" деп жолдошумду уруша берчү. Бир нерсеге жумшаса, түшүнбөй, туура эмес жасап эле тил уга берчүмүн. Айтор, күнүмдүк тиричиликте билбестиктин айынан күлкүлүү окуялар көп эле болгон. Азыр деле абысындарым мени "орус" дешет.
- Жолдошуңуз базарга барып азык-түлүк алып келеби?
- Бир жолу базарга барып кел деп, ала турган азыктардын тизмесин кагазга жазып бергем. Баарын алып келип укропту таппай коюптур, "укроп деген эмне?" деп келген. Ошондон кийин базарга жумшаганды токтоттум. Тиричиликке көп кийлигише бербейт, алыш-катышка да мен даярданып, Юристабек жөн гана конок катары барып келет, үйгө конок келгенде конок менен конок болуп отуруп калат.
- Агайдын мүнөзү кандай?
- Өжөр, айтканын бербейт. Бир нерсени кылам дедиби сөзсүз кылат. Кээде талашып-тартышып калганда мен биринчи сөзгө келип элдешебиз.
Кызы Алымкан:
- Ата- энем менден көп нерсени үмүттөнүшөт, ошолорду актаганга аракет кылам. Кээде апам бир нерсеге тыюу салса, атам уруксат берет. Үйдү жыйна дегени болбосо... Ата-энем "демократичный" адамдар, көп учурда өз эркибизге коёт. Атам эле эмес, апам да аябай шайыр адам. Көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бура алат, тамактанып жатканда каткырып күлүп отурганды жактырат, башкалардын көңүлүн көтөргөнгө жөндөмдүү. Апамдан сырларымды жашырбай курбу катары сүйлөшөм. Себеби, жашооңдо болуп жаткан нерселер менен апаң канчалык жакын тааныш болсо ошончолук сарсанаа болбой тынч жүрөсүң да.

Анара Дүйшөналиева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
17-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Касымга мен биринчи сүйөм деп айткам"
2-бет
Тата улан:
"Ырларымды" негрлердин сөгүнгөн ырларына салыштырбайм"

3-бет
Экс-жубайларды электен өткөргөндө …
4-бет
Жаналбай жаткан жылдыздар
5-бет
Кызматтагы күйдүмчок
6-бет
Сактансаң сактаармын
7-бет
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык
опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов:
"Башында театрга баш бага албай сүрдөгөм"

8-бет
Самат Дөөлөтбаков:
"Концерттен "кайф" алайын деп жатам"

9-бет
Юристанбек Шыгаев:
"ҮЙДө АКЧА ДА, БИЙЛИК ДА ЖУБАЙЫМДЫН КОЛУНДА"

10-бет
Жылуулуктан сулуулук
11-бет
Байыркы уруулардын баш айланткан төшөк оюндары
12-бет
окумал
13-бет
Баскетболдун падышасы
Майкл Джордан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??