п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Саламат плюс

Баатырбек ИСМАИЛОВ:
"Актыкты" чыгарууда 1300 дөн ашык эксперимент жасагам"
Кадимки турмушта кыргыздын суусундуктарын ичип эле жүрөбүз. Ар бир суусундукта адамдын организмине пайдалуу болгон бир топ элементтер бар. Бекеринен кыргыздар жайлоого чыгып "уй кымыз", "кымыз", "бээнин сүтү"-деп тамшанып ичип келишпесе керек. Азыркы учурда организмге пайдалуу дагы бир суусундук пайда болду. Ал "Актык" деп аталат. "Актыктын" пайдасы канчалык экенин аны ойлоп тапкан Баатырбек Исмаиловдун өзүнөн сурайлы.


- Баатырбек байке, "Актык" суусундугун ойлоп табууга эмне себеп болду? Суусундуктун жаралуу тарыхы жөнүндө айта кетпейсизби?
- Бир жылдары мен өтө катуу оорудум. Доктурга барсам бронхит, астма, ак кан, муундарың ооруйт деген диагноз койду. Негедир ооруканага жаткым келген жок. Кандайдыр бир күч мени "башкача жол менен айыгасың" деп туруп алды. Ооруп жаткан күндөрдүн биринде түшүмдөн аян берди. Кудайга сыйынып жатып, баягы түшүмдөгү аянда эмне деп айтылган болсо, ошол боюнча дарылана баштадым. Кантип жасалаарын мен сыр кылып эч кимге айтпай келем.
"Актык" деңиз деңгээлинен 2500-300 метр бийиктикте Тянь-Шань жана Памир тоо кыркаларында өскөн чөптүн тамырларынан, таза сүт, булактын суусунун курамынан жасалат. Актык - адамдын убакыт, саат, өмүрүн узартуучу суусундук. Ичсе суусунду кандырат. Семиз адам бул суусундукту ичкенде өзүн жеңил сезип, арыктайт. Ал эми арык адам тескерисинче семирет. Тамакты сиңирүүдө, аракты таштоодо "Актыктын" таасири өтө чоң. Суусундукту бөлмөнүн салкын , күн тийбеген бетине коюп, жайкысын төрт ай, кышкысын алты айга чейин убакытта сактоого болот.
Ооругандар үч маал ичиш керек. Тамактанаардан 30-40 мүнөт эрте жана жатаардан 10-15 мүнөт эрте 100- 200 грамм ичсе жакшы натыйжасын берет. Ооруган адам эртең менен эрте жана түштө тамакка чейин 30-40 мүнөт эрте 100-200 грамм ичип, ал эми жатаарда толук 100 грамм ичиш керек. 0,95 грамм болуп жетпей калса же 105 грамм болуп, ашып кетсе анда жарабайт. Ал эми дени сак адамдар өздөрү каалаган, суусап турган учурларда иче берсе болот.
- Кымыз, чалап, бозо сыяктуу кыргыздын суусундуктарынан "Актык" эмнеси менен айырмаланат?
- Ар бир суусундуктун өзүнчө касиети болот. Мисалы, кымызды Үркөр жылдызы чыкканча гана ичүүгө болот. Кымыз менен чалап көбүнчө жайында жакшы ичилсе, бозону кышында ичишет эмеспи, Ал эми "Актыкты" дени соо адам жылдын төрт мезгилинде иче берет.
- Суусундуктун атын эмнеге "Актык" деп атадыңыз?
- Курамына сүт кошулуп жаткан үчүн эле "Актык" деп атаганым жок. "Оору" деген сөз да "Оор жана уу" деген эки маанини билдирет. Ошол оор-уудан арылуу үчүн "Актыкты" ойлоп таап, адамдын ички жана сырткы дүйнөсү агарсын, оорубасын деген максатта, ак тилек менен суусундуктун атын "Актык" деп атаганмын.
- Чөптөрдүн тамырлары Тянь-Шань жана Памир тоо кыркаларындагы чөптөрдөн алынат дедиңиз. Аларды өзүңүз алып келесизби?
- Башында өзүм тоого чыгып, алып келчүмүн. Азыр атайын чөптү терген топ бар. Тоодо 3 пайыз чөп өсө турган болсо, биз анын 1,5-2 пайызын гана терип келебиз. Калган пайызын кийинки жылкыга, кайра көбөйүүсү үчүн калтырып коёбуз.
- Демек, бул элдик медицинага кирет экен да?
- Муну элдик медицина деп айткандан да алысмын. Мен медитацияны терең түшүнгөн адаммын. Медитация аябагандай чоң түшүнүккө ээ. Башкача айтканда, медитация көк менен жердин сырын түшүнө билүү. Мен ошол көктүн да, жердин да касиеттерин жакшы билем.
- Өзүңүздүн медициналык билимиңиз барбы? Деги эле кесибиңиз ким?
- Бул суроо менен мага көп кайрылышат. Менин атайын медициналык билимим жок. Өзүмдүн кесибим кыргыз тилчи жана адабиятчы. Эгер адам максатына жетиш үчүн тырышып, аракет кылса сөзсүз түрдө жетет. Аракеттин аркасы менен медицинадагыдай эрдикти ар бир адам жасай алат. Мындайча айтканда медициналык билимди талап кылбайт. Мен деле "Актыкты" жасоо үчүн 1300дөн ашык эксперимент жасагам.
- "Актыкты" жасалма же таза экенин кантип билсек болот?
- "Актыкты" жасоо ыкмасын менден башка эч бир адам билбейт. Москванын "Молочная Академиясынын" академиктери чалып алып, "Сырын айтчы" деп жатышат. А мен ар кимге айтып. кыргыздын көрөңгөсүн эмне үчүн булгашым керек?! Эч качан аларга "Актыкты" жасоо ыкмасын айтпайм. Мындай нерсе сыр боюнча калыш керек. Учурда "Актык" бүткүл Азия боюнча алдына бир да суусундукту чыгарбай келет.


"Актык" суусундугу төмөнкү ооруларды айыктырууга жардам берет:
Кант диабетине
Бөйрөктөгү ташты түшүрүүгө
Денедеги уулуу заттарды тазалаганга.
Денеде зат алмашуу жакшырып, жеңилдетет
Ашыкча заттар денеден адамдын заарасы жана тери аркылуу чыгат
Кан тазаланып, кычкылтек менен байып, кандагы гемоглобин, аз кандуулук калыбына келет
Жүрөк-кан тамыр ооруларын жөнгө салат
Ашказан жана ичегилердин иштешин жакшыртат.
Аллергия, бронхит, астма, экземаны айыктырат.
Кандагы холестеринди азайтып, боорду тазартып, дене шишиктеринин тарашын камсыз кылат.
Кесилген, күйгөн жерлерди тез сакайтат (ичкенден сырткары эки маал, эртең менен жана кечинде жараат алган жерге сыйпап туруу керек).
Ууланганда, өзгөчө арактан ууланганда денени тез тазалайт
Ич өтүүнү токтотот
Денени азыркы колдонуп жүргөн уюлдук телефондордун жана башка радиацияларынын терс таасирлеринен сактайт
Организмдеги ашыкча туздарды тазалайт
Тукумсуздукту жоёт
Аялдардын бетиндеги бырыштарды азайтып, бетке чыккан ар кандай жараларды дарылайт
Эс тутумду жакшыртат
Боюнда бар аялдарга ичиндеги түйүлдүктүн өсүп жетилүүсүн камсыздайт
Унутчаактыкты жоёт
Эркектерге күч-кубат берет

Суу жана суунун
дарылык касиеттери:
Жашоодо суунун жети түрү кездешет: жаандын суусу, мөңгүнүн суусу, шар аккан суу, кудуктун суусу, деңиздин суусу (туздуу суу), токойдун же саздын суусу.
Жамгырдын суусун пайдалансаңыз, суусунуңузду кандырат. Бардык дене ооруларына жардамын тийгизет.
Мөңгүнүн суусу ичтеги ысыкты кетирип, температураны түшүрөт. Суукчан адамдар сууга кумшекер же таза бал салып, ысытып ичсе жакшы натыйжасын берет.
Тоодон шаркырап аккан суу жамгырдын суусунан кем калбайт.
Кургак талааны аралап, күндүзү ысып, түнкүсүн муздап турган суулар да организмге абдан пайдалуу.
Муздак булактын суусу тамакка абдан тоюп алып, сиңире албай жаткан учурда сиңирүүгө жардам берет. Бирок, эркектер ичүүгө болбойт. Анткени, бел кубатты алсыратат. Кекиргенде, жүрөгү айланганда жардамга келет.
Муздуу суу нерви оорукчандарга жакшы. Денедеги шишиктерди да жок кылат. Ичеги-карын ооруларын жөнгө салып, адамдын тамакка болгон табитин жакшыртат.
Күнүнө ачкарын 200-300 грамм кайнаган ысык сууну ичип жүрсөңүз, кан тамырлар ар кандай туздардан, шлактардан тазаланат.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
24-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"САНЖАР КАДЫРАЛИЕВ ЭКӨӨБҮЗ 20-СЕНТЯБРДА ҮЙЛӨНМӨКПҮЗ"
2-бет
Күмөндөр Абылов:
"Куудул эмес балекет болсоң да капаланасың"

3-бет
Назгүл КЕМЕЛОВА:
"Мени Юрий менен чыгармачылык, Акматбаевдер менен биртуугандык, Санжар менен сүйүү байланыштырат"

4-бет
Группалашым мени "жинди" кайнисине ала качып берип…
5-бет
Сарайдын үстүндө заңкылдап ырдаган Самара Токтакунова
6-бет
улуулар унутулбайт
7-бет
Макал менен "маяк" таштаганда...
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Баатырбек ИСМАИЛОВ:
"Актыкты" чыгарууда 1300 дөн ашык эксперимент жасагам"

11-бет
Сергей Бодров тирүү дейби?
12-бет
окумал
13-бет
Тарыхта калган сегиз "Секс-символ"
14-15-бет
Обон почта










??.??