п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Атактуулар ааламы

Сергей Бодров тирүү дейби?
Кино дүйнөсүндөгү алгачкы дебют
Белгилүү сценарист, режиссер Сергей Бодровдун уулу Сергей Бодров 1971-жылы 27-декабрда Москвада төрөлгөн. Ломоносов атындагы МГУнун тарых факультетин бүтүрүп, өз кесиби менен кетпей журналист, жан сакчы болуп эмгектенген. 1995-жылы атасы "Кавказ туткунун" тартууга Дагестанга жөнөгөнү жатса, Сергей болбой атасын ээрчип алган. Ал жерден атасы ага башкы каармандын ролун сунуштап, Сергей Бодровдун кинодогу алгачкы дебюту башталган. "Кавказ туткунуна" тартылып жаткан кезинде Алексей Балабановдун көзүнө чалдыгып, ал болочоктогу актёрду "Брат" (Ага) деген тасмага тартылууну сунуштайт. 1996-жылдан 1999-жылга чейин Сергей Бодров ОРТнын "Взгляд" (Көз-караш) телеберүүсүн алып барып,ал жерден өмүрлүк жары Светлана Михайловага жолугат. Экөө 1997-жылы баш кошуп, бир жылдан кийин Ольга аттуу кыздуу болушкан. Сергей Бодров көчкүнүн астында калаардан бир ай мурда Саша деген уулу төрөлгөн.

Каргашалуу кино тартылаарда…
Кино жаатында бир топ эле таанылып калыптана баштаган кезде 2002-жылы Сергей Бодров "Связной" деген тасманы Осетиядагы окуяга байланыштырып тартмай болот. Өзү башкы каармандын ролун аткарып, ошол эле учурда режиссер да болуп, кинонун сценарийин да жазган Сергей Бодров 19 кишини алып Кавказга аттанат. Отуз жаштагы актёр кино тартууга Кармадон капчыгайына киреберээрде 150 метр муз каптап, адамдар дайын оту менен жоголгон. Муз каптап калгандардын сөөгүн издөөгө коопсуздук кызматында иштегендер күнү-түнү издешсе да кырсык болгон жерден эч кимиси табылган эмес. Апасы Валентина Бодрова туугандарынын каршы чыкканына карабай коопсуздук кызматында иштегендер менен чогуу Кавказга барган, он жети адамдын сөөгү табылып, анын ичинен Бодровдуку кездешкен эмес. Уулунун сөөгү табылбаганына деми суубай, жүрөгү ооруган эне эки жумадан ашык реанимацияда жаткан. Арадан алты жыл өтүп, "Сергей Бодровдун сөөгү табылды" деген маалымат көпчүлүктүн кулагын түрдү, 30-35 жаштагы адамдын сөөгүн чогултушуп экспертизадан өткөргөн адистер табылган сөөктөр Сергей Бодровго таандыкпы же жокпу так айтуудан алыс. Ушул күнгө чейин табылган сөөк Бодровдукубу же башканыкыбы так аныкталбай келет.

Экстрасенстер эмне дейт?
Дайын оту менен жоголгондордун туугандары акыркы айланы көрүшүп, Түндүк Осетиядагы белгилүү экстрасенс Сергей Бестаевди кырсык болгон жерге, Кармадон капчыгайына алып келишкен. Сергей Бестаев: "Өлгөн адамдардын жан-дүйнөсүндө эмне болуп жатканын так билиш үчүн алардын сөөгү жаткан жерине барыш керек. Мен азыр Сергей Бодров менен анын досторунун жан-дүйнөсүн тыңшайм" деп бир нече мүнөттөн кийин Сергей Бодровдун энесине: Уулуңуз "мени издебегиле, баары бир жыйынтык чыкпайт. Биз тоннелге жетпей калдык. Өкүнүчтүүсү, мен бул жашоодо көп нерсеге жетишпей калдым, Светанын түшүнө кирген сайын ал коркпой эле койсун, мен анын, балдарымдын жанында болгум келет. Аларды дайыма коргоп жүрөм…" деген жоопту кайтарган. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин ким билсин, бирок ошондон кийин апасынын санаасы бир аз да болсо тынган. Ал эми Москвага атагы чыккан экстрасенс Аделина Караева мындан беш жыл мурун көчкүнүн астында калган балдардын сүрөттөрүн маңдайына тизип алып, тоннелге барчу түз жолду көрсөтүп, Бодровду үңкүрдүн ичинде тирүү бойдон көрүп жатканын божураган. "Мени жинди деп эсептейсиңерби же келесоо деп ойлойсуңарбы мага баары бир. Бирок, мен Бодровду, анын тобундагы балдарды дале тирүү бойдон көрүп турам. Кээ бирөөлөрү өлүшү мүмкүн, айрымдарынан кадимкидей жылуу энергияны сезип турам. Алар: Сергей Бодров, Заурбек Цирихов, Виталий Салбиев, Сергей Волокушин, Хажби Галазова" деген.
Кавказда да үңкүрдүн астында калып, бирок тирүү калып, жердин астындагы тамырларды казып жеп алты жыл жашаган беш адамдын окуясы болгон. Балким Бодровдун тобу да ушундай күнгө туш болушу мүмкүн деген божомолдор да жок эмес. Түрдүү божомолдор менен экстрасенстердин ою эске алынбай, коопсуздук кызматкерлери издөөнү токтотуп коюшкан.

Жеке жашоосундагы драма
Атактуу адамдарды ээрчиген ушак-айың Сергей Бодровду да айланып өткөн эмес. Бодровдун "Последний герой" (Акыркы калган баатыр) долбооруна алып баруучу болгону көпчүлүгүнө маалым. Үйлөнгөнүнө беш жыл болгондон кийин "Последний герой" долбооруна катышкан Снежана деген кыз менен мамилеси бар деген маалымат тарап, Светлана балдарын алып кетип калган. "Жизнь" деген гезиттин берген маалыматына караганда жубайлардын жашоосундагы чыр-чатак Сергей Бодров долбоорду жыйынтыктап, аралдан келгенден кийин башталган. Светлана жеке жашоосундагы чукул бурулуштар тууралуу, жолдошунан кеткенине эмне себеп болгонун кыскача гана "өзгөчө деле эч нерсе болгон жок" деп жооп берген. Ал эми актёр өзү болсо жок жерден Снежанага жабыштырышканына ызаланып: "Бир жолу түз эфирден бетинен өпкөнүм чын, бирок ага карата эч кандай сексуалдык каалоом болгон эмес" деген. Жубайлар талашып-тартышып жатып аягында Светлана боюнда бар экенин билгенде баары бир жолдошун сүйөөрүн түшүнүп, ага кайтып келген. Учурда Сергей Бодровдун артында калган уулу менен кызы жубайынын колунда, ал эми Светлана ВИД телекомпаниясында эмгектенип келет.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
24-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"САНЖАР КАДЫРАЛИЕВ ЭКӨӨБҮЗ 20-СЕНТЯБРДА ҮЙЛӨНМӨКПҮЗ"
2-бет
Күмөндөр Абылов:
"Куудул эмес балекет болсоң да капаланасың"

3-бет
Назгүл КЕМЕЛОВА:
"Мени Юрий менен чыгармачылык, Акматбаевдер менен биртуугандык, Санжар менен сүйүү байланыштырат"

4-бет
Группалашым мени "жинди" кайнисине ала качып берип…
5-бет
Сарайдын үстүндө заңкылдап ырдаган Самара Токтакунова
6-бет
улуулар унутулбайт
7-бет
Макал менен "маяк" таштаганда...
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Баатырбек ИСМАИЛОВ:
"Актыкты" чыгарууда 1300 дөн ашык эксперимент жасагам"

11-бет
Сергей Бодров тирүү дейби?
12-бет
окумал
13-бет
Тарыхта калган сегиз "Секс-символ"
14-15-бет
Обон почта










??.??