п»ї
 Таанышуу жарыясы


  кызыктар дүйнөсү

Тарыхта калган сегиз "Секс-символ"
Аялзатынын жашоодогу орду тууралуу сөз козгоп калган учурда, сөзсүз дагы бир аспект айтылат. Ал аялдардын -сексуалдуулугу. Тарыхчылар, окумуштуулар жана ойчулдар бекеринен "Аялзатынын келбетинин сулуулугу-алардын чоң куралы"-деп айтышпаса керек. Көпчүлүк келишимдүү аялдар ушул убакка чейин өзүнүн сулуулугун ар кандай жолдо колдонуп келишкен жана мындан ары да көздөгөн максаттарына жетүү үчүн колдоно беришсе керек.

Жакшы үй-бүлөдөн чыккан секс-бомба
Жаклин Кеннеди жакшы үй-бүлөдөн чыккан, абдан сулуу кыз болгон. Акылдуу жана сулуу кызга көзү түшкөн Джон Кеннеди (Американын президенти) Жаклинге кызыгып, сүйүп калып, ага турмушка чыгуусун өтүнөт. Америкада жаш туруп, бай күйөөнү "чаап" алуу боюнча алгачкы рекордду Жаклин 31 жашында койгон. Билимдүү,илимдүү, сексуалдуулугу артып, адамды келбети менен тартып турган Жаклинди бүтүндөй Америка жакшы көрүп калат. Ар бир эркек Жаклин менен кумарга батмак турсун, анын колунан кармоону кыялданышкан. Жаклиндин дүйнөлүк искусствого болгон сүйүүсү Американын Ак үйүндө да артисттик атмосфераны түзүп турган. Жаклин Кеннеди өлсө да азыркыга чейин "Американын эң сексуалдуу айымы" деген статусун сактап келет.


Вашингтондун шилекейин чууруткан Марта
Антропологдордун изилдөөсүнө караганда Американын биринчи президенти Джордж Вашингтондун аялы Марта Вашингтон көптөгөн портретте сүрөттөлүп келгендей мерез, каардуу аял болгон эмес. Тескерисинче Марта сулуу, акылдуу, башкысы эң сексуалдуу аял болуптур. Эркектердин шилекейин чууруткан Мартага Джордж Вашингтон аялдарынын көптүгүнө карабастан, аларды кызгантып, күнүгө Американын "Секс-бомбасы" Мартага барып жүрүп, кийин аялдыкка да алып алган.


Француздардын башын айланткан Бордо
Француздардын актрисасы Бриджит Бордо "секс-символ" деген ат менен дүйнөнүн тарыхында калды. "Мен эркекмин" дегендин баары Бордону көргөндө көздөрү күйүп калчу. Ал эми аялдар тескерисинче жиндери келип, аны көргөндө өлтүрүп салгылары келген. Француз актрисасы экранда кандай ролду аткарган болсо, жашоодо да ошол сыяктуу образдарды жаратчу. Ал жайнаган көзү, жаркыраган жүзү, алтынга окшогон чачтары менен эркектердин башын бир заматта айланта алган. Бир жолу ооруп калып ооруканага келсе, пол жууган аял: "Шерменде! Деги сен бизге бир эркекти калтырасыңбы?! Же ар бир эркектин башын айлантып жүрө бересиңби?! Биздей болгон жөнөкөй аялдарга деле жок дегенде бир эркек калтырсаң боло!" деп колундагы чүпөрөгү менен атырылыптыр.


Клеопатра Эркектердин эрогендүү зонасын мыкты билген
Акыркы убактарда тарыхчылар Клеопатранын сулуулугун талашып-тартышып келишет. Талаш-тартышты жараткан Египеттин Клеопатрасы чынында сулуу болгонбу? Чынында Клеопатранын сулуулугу, өзгөчө мурду өтө деле көрктүү болгон эмес. А бирок Клеопатраныкындай мурун Байыркы Египетте эң күчтүү кыялдын наркы катары эсептелинген. Римдик тарыхчы Кассий Дио Клеопатраны: "Анын сулуулугуна эч ким тең келе алган эмес. Үнү абдан назик жана жагымдуу болгон. Ошондой эле Клеопатра эркектерге кантип жагыштын сырын мыкты өздөштүргөн" деп сүрөттөгөн. Клеопатра сексуалдуу гана эмес, күчтүү аял экенин мындан билиңиз: ал өзүнүн ишенимдүү кулдарын: Юлий Цезарь менен Марк Антонийди ири империянын кадыр-барктуу эркектерине айланткан. Антоний өзүнүн үйдөгү күтүп жаткан сүйгөн жубайын унутуп калып, Египеттин ханышасы Клеопатраны аялдыкка алып алган.


Мерилин Монро Американын секс-символу
Бүткүл дүйнөлүк кино тарыхында чоң-чоң ийгиликтерди өзүнүн сексуалдуулук чеберчилиги менен багынткан Мэрилин Монро Американы гана эмес, бүткүл Европаны да багынткан. Анын сулуу келбетин көп аялдар көрө албай, далайлары бут тосушкан. Мэрилин Монронун биринчи күйөөсү Американын жазуучусу жана драматургу Артур Миллер болгон. Ал аялын абдан сүйгөн, бирок, абдан кызганган. Ошонун айынан ажырашып тынышкан. Мэрилин Монрону көп режиссерлор актриса катары эмес, "секс-символ" катары абдан баалашкан. Анткени ал аткарган ар бир ролунда өзгөчө бир сексуалдуулук байкалып турган. Бирок, Мерилин "Ушундай көрүнөйүн" деп атайлап жаратчу эмес. Тубаса сексуалдуу деп Мерилинди гана айтса болот.


Стриптизди тыткан Мата
Биринчи Дүйнөлүк Согуш жылдарында Париждеги экзотикалык бийлердин аткаруучусу же жөн гана стриптизчи Мата Хари согушуп жаткан эки мамлекеттин ортосунда агент болгон. Францияга өзүнүн туулган жери Голландиядан келген. Парижде "уят" бийлерди бийлеп жүрүп эле тез көтөрүлүп кеткен. XX кылымдын башталышында Европада жылаңачтанып алып эл алдына чыгып бийлөө абдан сейрек кездешкен көрүнүш болгонуна карабастан, Хари бийлегенден уялган эмес. Ошол учурдагы француз аскеринин башчыларынын, чиновниктеринин ойношу болгон. Анын фигурасына Француздун гана эркектери эмес, башка өлкөнүн эркектери да суктанып турушкан.


Людовикти багындырган Мария
14 жашында Мария-Антуанетта 16 жаштагы француз падышасы Людовик XVI турмушка чыгат. Жаш, ак жумал, сулуу Антуанетта мода менен кийим кийгенди абдан жактырчу. Кийген кийими, баскан-турганы менен көптөгөн француз жигиттеринин башын айланткан. Ал эркектерге абдан жакын болгондуктан, эркектердин компаниясында отурганды жакшы көргөн. "Мен-мен" деген эркектер менен махабаттын туу чокусуна бат-баттан чыгып турган. Аялынын "аягы суюк" экенин билсе да Людовик XVI баарына көз жуумп жашаган экен. Сыягы сексуалдуу аялын эч кимге бергиси келбесе керек.


Жанна д'Арк да эркектердин бүйүрүн кызыткан
Биз дүйнөлүк тарыхтан билгендей Жанна д'Арк кедей-кембагал үй-бүлөдөн чыккан баатыр кыз гана эмес, абдан сексуалдуу аялзаты болгон. Жанна д'Арк эркектердин бүйүрүн кызытып, бай кишилер сугун артып тийишкенинен тажаганда чачын кесип, эркекче кийинип, сексуалдуулугун жашырган. Канчалык келбетин жашырган менен баары бир сексуалдуу аялдардын катарын толуктап келет.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
24-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"САНЖАР КАДЫРАЛИЕВ ЭКӨӨБҮЗ 20-СЕНТЯБРДА ҮЙЛӨНМӨКПҮЗ"
2-бет
Күмөндөр Абылов:
"Куудул эмес балекет болсоң да капаланасың"

3-бет
Назгүл КЕМЕЛОВА:
"Мени Юрий менен чыгармачылык, Акматбаевдер менен биртуугандык, Санжар менен сүйүү байланыштырат"

4-бет
Группалашым мени "жинди" кайнисине ала качып берип…
5-бет
Сарайдын үстүндө заңкылдап ырдаган Самара Токтакунова
6-бет
улуулар унутулбайт
7-бет
Макал менен "маяк" таштаганда...
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Баатырбек ИСМАИЛОВ:
"Актыкты" чыгарууда 1300 дөн ашык эксперимент жасагам"

11-бет
Сергей Бодров тирүү дейби?
12-бет
окумал
13-бет
Тарыхта калган сегиз "Секс-символ"
14-15-бет
Обон почта










??.??