п»ї

  Сыр маек

Назгүл КЕМЕЛОВА:
"Мени Юрий менен чыгармачылык, Акматбаевдер менен биртуугандык, Санжар менен сүйүү байланыштырат"
Келерки айдын 16-17 синде Ысык-Көлдөн чыккан "Ажар" кыздар тобу "Детство" деген ыры менен 1980-жылдары популярдуулуктун туу чокусуна чыккан Россиянын белгилүү ырчысы Юрий Шатунов менен бирге өзгөчөлөнгөн шоу- концерт тартуулайбыз деп турган чактары. Биздин көңүлүбүздү бурган: Концерттин афишаларында "Маркум Санжар Кадыралиевдин 33 жаш туулган күнүнө жана анын элесине арналат" деген жазуу болду. Юра менен маркум депутат Санжардын, "Ажар" менен Юранын, Санжар менен "Ажардын" бири-бирине кандай байланышы бар деген кызык суроолордун тегерегинде "Ажар" тобунун жетекчиси Назгүл Кемеловага собол таштадык.


- Чын эле бири-бириңер менен кандай байланыш бар?
- 15-16-декабрда Спорт Ордосунда "Ажар" кыздар тобу уюшулганына бир жыл толгонуна байланыштуу "Тушоо кесүү" концертин сунуштаган жатабыз. Юра менен Санжардын эч кандай деле байланышы жок. Ал эми Юра менен мени чыгармачылык байланыштырып жатат десем болот. Мен Юраны Москвада "Прекрасный повод" деген агентство аркылуу таптым. Директору Людмила Рогачева менин курбум болот. Агентство концерттик программаларды уюштуруп иштейт. Алар Юра менен сүйлөшүп, Юра бизге чалып, концерттин жүрүшү жөнүндө макулдашып алдык. Буюрса, Юраны 14-декабрда тосуп алабыз. Өзүм дагы 7- ноябрда Москвага барып, өзү менен жолугуп келдим. Чыгармачылыгыбызды токтотпой, мындан ары да кызматташалы деп жатабыз. Келерки жылдын 21- мартында Ош, Жалал-Абад, Чолпон -Ата шаарларына өнөрүбүздү тартуулайлы деп алдын-ала пландаштырып жатабыз.
Ал эми Санжар Кадыралиев менин жигитим болчу. Экөөбүз 20-сентябрь менин туулган күнүмдө үйлөнөлү деген тилегибиз бар болчу. Ага жетпей ажал аны арабыздан алып кетти… Концерттин афишасын окуп алышып, мага бут тосуп, "Минтип кетебиз, тигинтип кетебиз " деп ар кандай коркутуулар, телефон чалуулар болду. Анан концерт тынч өтсүн, ач кулактан тынч кулак деп, ал жазууну алып салганга туура келди. Эми концертибиз "Назгүл Кемелова жана Юрий Шатунов тартуулайт" деган гана аталыш менен өтмөкчү.
- Балким алар силерди "Санжардын аты менен акча жасаганы жатышат" деп ойлоп алышкандыр…
- Мен акча жасагым келсе, анда 100 же 200 сомдук концерт коймокмун да. Алыстан Юрий Шатуновду чакыртып, мага эмне азап. Шатунов өзү койгондо мүмкүн 100-200 доллардан кем коймок эмес. А биз билет баасын 1000, 1200 сомдон эле кылдык. Башкысы, Юрий Шатуновдун акчасын чыгарып берсек болду. А мага башкысы Санжардын арбагы ыраазы болсо жетиштүү. Башкалар аз келгенсип, өткөндө бирөө "Санжардын секретаршасы болом. Мен аны сүйчүмүн. Ал мени алам деген" деп чалат. "Калп айтып жатканың үчүн сотко берем" -дейт. Мен калп айтып жатсам бир жөн. Анткенге менин уятым деле чыдабайт болчу. Ушундай сөздөрдү укканда жаман болуп калат экенсиң. Менин мындай акыбалда жүргөнүмдү сезди окшойт, өткөндө түшүмө кирип, "Ошол кыздан Санжардын үйүнүн, квартирасынын номуру канча?" деп сурабайсыңбы" деп жатпайбы. "Сенин үйүң 23, квартираң 25 да" десем, "Жо-ок, ошол кыз билет бекен?" дейт. Менин түшүмө киргенче, анын түшүнө ушуну айтып кирсе кана! Мен кыйналганда дайыма түшүмө кирет. "Мен да кетем" деп ээрчисем, "Сени алып кетээрде өзүм телефон чалам" дейт. Ким эмне десе, айта беришсин. Экөөбүздүн ортобуздагы сүйүүнү Кудай билет, анан Санжар менен мен билем. Башкысы, мен Санжарды, Санжар мени жакшы көрчү. Бизди коркуткандардан коркпойбуз, анткени "Ажар" тобун кримавторитеттер колдоп келишет.
- Силердин топтун аты дагы "Акматбаев жакшы адам" деген сыяктуу сөздөр менен чечмеленет экен деп укканым бар. Ошондойбу?
- Муну убагы келгенде айтылат деп жүрдүк эле… Ооба, "Аман жүр агам Рысбек" кайра арткы тамга менен алдыга "Рысбек Акматбаев жакшы адам" деп чечмеленет.
- Кандайча ушундай аталыш менен чыктыңар же ал адам менен да байланыш бар беле?
- Балыкчы шаарынын №69 шайлоо округунун депутаты Тынычбек Акматбаев менен кандидатурасын коюп жаткан кезде таанышып калдым. Экөөбүздүн ортобузда бир жакшы идея пайда болду. Ысык-Көлдөн "Кыз-Бурак" сыяктуу кыздар тобун түзөлү деп чечтик. Ал идеябызды ишке ашыралы деп жаңыдан ырларды жаздырып, формаларды тиктирип баштаганда 19-октябрда өзүңүздөр билгендей, Тынычбек байкени атып өлтүрүштү. Андан кийин Рысбек байкеге жолугуп, ал менен иштешели деп жатканда, ага да ок атылды. Эки адамдын ысымы унутулбасын деп топту "Ажар" деп атадык. Эң алгачкы концертибизди Тынычбек байкенин арбагына багыштап, Балыкчыга койдук. Алар менен ага-карындаштай элем. Азыр алардын ата-энеси менен ата-баладай катышып, колдон келген жардамыбызды бири-бирибизге берип турабыз.
- Акматбаевдер менен байланышыңды ата-энең кандай кабылдашты эле. Сен үчүн коркушса эле керек?
- Башында коркуп, мага айтканда , атама "Анын "рэкет" деген аты гана болбосо, анча -мынча чоңдорго караганда алда канча өйдө турат" дегем. Ал тирүү болгондо кийинки президент болгонго мүмкүнчүлүгү бар эле. Эл колдоп бермек. Рысбек байкени атып кеткенин укканда жүрөгүмөн кан сыгылды. Азыр "Ал тирүү"-деп ар кандай сөздөр айтылып жатпайбы. Мен да анын келээрине ишенем…
- Сөзүбүздү чыгармачылыкка бурсак. Топтун ачылганына бир жыл убакыт өтүптүр. Бирок, көрүнбөй жүргөнүңөрдүн себеби барбы?
- Башында беш кыз болчубуз. Алардын ичинен ар кандай кыздар болуп калды, бирөө тартипсиз, бирөө группага ылайык эмес дегендей. Ошентип отуруп экөөбүз эле калганбыз. Экөөбүз даярданып жүргөн учурда жол кырсыгына кабылып калдым. Андан кийин Санжардын өлүмү да мени бир топ алсыратып койду. Эми-эми өзүмө келип, чыгармачылык менен иштейин деп жатам. Быйыл жайдан баштап курбум Клара Алибекова, Нүргүл болуп абактагы адамдарга кайрымдуулук концертин тартуулап келатабыз. Буюрса, топтун курамын кеңейтип, 7-8 кыз болдук. Эми алгачкы концертти берип алалы деп баарыбыз чуркап жүрөбүз. Артисттерди ассистент кызым Эльвира даярдап жатса, уюштуруучулук иштери менен Жанара деген кызым алектенип жатат.
- Концертте дагы эмне өзгөчөлүк күтүлөт?
- Лотерея ойнотулат, 33 орундукта отургандар белекке ээ болушат.Жаңы жыл алды болгондуктан аяз- ата, аяз -кыз майып балдарга, балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдарга белектерин беришет. Юрий Шатунов өзү балдар үйүндө тарбияланган да. Андан тышкары "Ажар" деген 6 литрлик шампандар чыгып жатат. Алар аукционго коюлат.
- Демөөрчүлөр барбы?
- Мен баарынан демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип кетем. Бишкек шаарындагы "Урмат Ордо" мейманканасы, "Шоро" фирмасы, Чолпон-Ата шаарындагы "Бакыт" мейманканасынын директору Жаныбек Тургуналиевдерге чоң рахмат. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков агаларыбыз бизге башынан жардам берип келишет. Жакында "Жок, жок" деген ырыма клип тарттыргам. Аскар Салымбековдун бир тууган иниси, шаардык депутат Жумабек Салымбеков клипке демөөрчү болгондон тышкары, өзү да тартылып берди. "Асел Турдалиева, Бактыгүл Бадыевалар айтканда тартылган эмес элем. Сен абдан "шустрый" кыз экенсиң" деп күлүп жатпайбы. Негизи бул клибимди Акылбек Жапаров тарттырып берем деп жүргөн, анан так ошол учурда вице-премьер министр болуп чоңоюп кетти. Жаңы эле кызматка отуруп атса, убактысы кантээр экен деп жатканда Жумабек байке макулдугун берип жакшы болду. ИИБдин начальниги Дегенбаев Таалай концерттин күзөт жагын камсыз кылып берди. Өмүр Ногоев деген агабыздын менчик күзөт агентствосу бар экен. Ал да көмөк көрсөтүп жатат. Күзөт жагын абдан күчтөп жатабыз. Анткени көрө алганы, көрө албаганы болуп жатат. Өзүм да эки адамды эки жагыма коюп жүргөнгө мажбур болуп калдым.
- Концерттен кийинки кадам кандай болот?
- Концертибизди ийгиликтүү өткөрүп алгандан кийин Кыргызстандын атынан "Тынчтык" агентствосун ачып, жылына жок дегенде эки жолу Казакстан, Өзбекстан, Россия ж.б. чет мамлекеттин жылдыздарын алып келип, концерт уюштуруп турсакпы деп жатабыз.
- Өзүң ыр чөйрөсүнө кантип аралашып калдың эле, азыр канча жаштасың?
- 1983-жылы туулгам. Жердигим Көлдөн. Атам мени "юрист кылам"- деп окууга өткөргөн. Ырга берилип алгандан кийин болбойт экен. Бирок, азыр окуй берсем, эмгиче бүтүп коймок экенмин деп өкүнүп калам.
2003-жылы Райхан Абдувалиева бизге концерт коюп барып калды. "Ырдайм" - деп аны ээрчип кетип калдым. Сыймыктанганым: ошол учурда президентибиз Курманбек Салиевич Ала-Букадан кандидатурасын жаңы коюп, аны колдоп, "Периште" тобу менен мен да ырдап баргам. Менин чыгармачылыгым ошентип, түштүк жергесинен башталган.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
24-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"САНЖАР КАДЫРАЛИЕВ ЭКӨӨБҮЗ 20-СЕНТЯБРДА ҮЙЛӨНМӨКПҮЗ"
2-бет
Күмөндөр Абылов:
"Куудул эмес балекет болсоң да капаланасың"

3-бет
Назгүл КЕМЕЛОВА:
"Мени Юрий менен чыгармачылык, Акматбаевдер менен биртуугандык, Санжар менен сүйүү байланыштырат"

4-бет
Группалашым мени "жинди" кайнисине ала качып берип…
5-бет
Сарайдын үстүндө заңкылдап ырдаган Самара Токтакунова
6-бет
улуулар унутулбайт
7-бет
Макал менен "маяк" таштаганда...
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Баатырбек ИСМАИЛОВ:
"Актыкты" чыгарууда 1300 дөн ашык эксперимент жасагам"

11-бет
Сергей Бодров тирүү дейби?
12-бет
окумал
13-бет
Тарыхта калган сегиз "Секс-символ"
14-15-бет
Обон почта










??.??