п»ї

  Жылдыздар кеңеш берет

Группалашым мени "жинди" кайнисине ала качып берип…
Турмуш бирде уу берет, бирде бал берет эмеспи. Бардык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жүргөн адамдар аз болбосо керек. Кайгырып жүргөн адамдардын катарын Айдай аттуу кезектеги биздин каарманыбыз
тда толуктап келет.

Шахра Талипова: "Кыңыр иш кырк жылда билинет"
- Азыркы жаштарды билбейм, биздин убактагыга караганда бир топ эле башкача. Айдайга айтаарым: "Кызым, сен бардыгын акыры айтышың керек. Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, акыр-аягы айтылчу иш болгондон кийин, "Кокус, мен мурда күйөөгө тийип чыккан келин болсом эмне кылат элең?" деп акырын учун чыгарып биринчи ал баланы сынап көр. Эгер сени чындап сүйө турган болсо, баарына чыдап, сени менен турмуш курууга даяр болот. Азыр үйлөнө элек балдар деле эки-үч балалуу келиндерди алып, бактылуу жашап жүрүшпөйбү. Сен Азамат менен жашаган күндө сага абдан эле оор болуп калмак. Наргиза биринчи ойлонуп туруп иш кылса болмок экен. Бирок, турмушта өйдө-ылдый боло берет кызым. Бардыгына чыдап жашаш керек. Байлардын да өзүнчө түйшүгү, кемчиликтери болот. Ошондуктан белди байлап ала турган баланы сынап көр. Андан кийинкисин дагы көрө жатаарсың.

Асылбек Өзүбеков: "Апасына айтпай, балага жай түшүндүр"
- Андайлар турмушта болуп эле жүрбөйбү. Учурда мындан жаман нерселерди деле башынан өткөрүп жаткан адамдар бар. Эң негизгиси Айдай балага ачыгын айтып, баардыгын жайынча түшүндүрүп бериш керек. Ала турган бала кыздын бир күйөөгө чыгып келгенине же эки күйөөгө чыкканына, баласы бары-жогуна карабайт. Апасына айтпай эле балага баардыгын түшүндүрсө жакшы болот. Акыры бир күнү билинет да баары бир. Ал эми Наргизага окшогон кыздарга мындан ары ишенбей жүрнбей жүр.

Студенттик күндөрүмдү эң кызыктуу өткөрүп жүрдүм
- Атым Айдай, 22 жаштамын. Көптөн бери менин жүрөгүмдү өйүп келаткан тагдырым менен бөлүшүүнү туура көрүп, сиздерге кайрылып, кеңеш сурайын деп ойлодум. Менин сүйлөшкөн жигитим өзүмдөн төрт жаш улуу болчу. Бири-бирибизди абдан сүйчүбүз. Мен шаарга окууга кетип, ал айылда калган. Шаарга келгениме бир жыл болгондо бирге окуган кыздар менен жатаканага чыгып кеттим. Студенттик күндөрдү эң кызыктуу өткөрүп жүрдүм. Ошентип жүрүп төртүнчү курска кантип келип калганымды билбей деле калдым. Биздин бөлмөдө бизден төрт жаш улуу Наргиза деген кыз чогуу жашап, бир группада окучубуз. Биздин мамилебиз эже-сиңдидей абдан жакшы болчу. Үчүнчү курстун башында Наргиза Мирлан аттуу Таластык балага турмушка чыгып кетти. Мен анын үйүнө барып жүргөн күндөрдүн биринде кайниси менен тааныштырып калды. Ошол убакта жигитим менен кичине таарынышып жүргөндүктөн Наргизанын кайниси Азамат менен жакшы мамиледе болуп кеттик. Азамат менден он жаш улуу байдын баласы экен. Наргиза мага "Азамат үйлөнгөнү жатат, биз сага окшогон жакшы кыз издеп жүрөбүз. Тийип алсаң акчадан эч кыйналбай жашайсың. Бай жердин баласы, иштеген иши да жакшы. Азамат да сени жактырып калыптыр" деп мага айтып жүрдү. Бир күнү алакачып кете тургандыгын кыздардан угуп калып, университетке барбай койдум. Чындыгында ал балага турмушка чыккым келген эмес. Жигитимди эстеп жаман болдум. Мен университетке барбай койгон күнү Азамат пландарын өзгөртүп, группамдын старостасы Асел деген кызды алдап, Ак-Өргө жаңы конушуна чейин ала-качып барышат. Асел амалдуулук кылып, ал жерден качып кетип калат.

Жеңеме акча берип, мени отургузуп коюшту
Эртеси "Азамат башка кызга үйлөнсө керек" деген ойдо университетке барсам, Айка деген Наргизанын курбу кызы мени алдап сыртка чыгарып, Азаматтын машинесине салып берип, Таласка жөнөтүштү. Артымдан жеңелерим кууп барышса, колдоруна акча берип, алдап кетирип жиберишкен. Ошентип мен отуруп калдым. Башында баары жакшы көрүнгөнү менен убакыт өткөн сайын кылыктары чекесинен чыга баштады. Көрсө, Азаматтын (күйөөм) ата-энеси "Сендей уулубуз жок!" деп шаарга кууп жиберишиптир. Азамат "Чым-Коргонго" эки-үч жолу жатып чыккан, мурун баңги затын колдонгон, атасын "өлтүрөм" деп мээсине мылтык такаган бала экен. Азаматтын баш мээси мушташтын айынан чайкалып калган. Анын оорусу жаз-күз кармап, кармаган учурда эч кимди тааныбай, кылам дегенин кылып коймою бар экенин кайдан билейин?.. Башында Наргиза күйөөсү экөө "Кичине чыдап тур, баары жакшы болуп кетет" деп менин боюма бүтүшүн күтүп жүрүшүптүр. Азамат кээде мага таң калтырган кыял-жоруктарын көргөзчү болду.

Күйөөм жиндилигин көргөзө баштады
Бир күнү сабактан келсем үйдө тамак жасаганга эч нерсе жок калыптыр. Акча сурасам "Ачка болуп жатсаң, эшиктеги павильонду тоноп, сага тамак таап келем" деп чыгып кетти. Жиним келип экөөбүз уруша кеттик. Бир жарым ай жашагандан кийин жогорудагы сырларын Азаматтын жакын тууганынан билип калып, чыдай албай ызаланып, кайненемди Таластан чакыртып, бардыгын айтып кетип калдым. Мындай адам бир күнү мени өлтүрүп койгондон баш тартпайт болчу. Жигитим болсо менин турмушка чыкканымды угуп алып үйлөнүп алыптыр. Азыр окууну бүттүм. Бир жигит менен сүйлөшүп жүрөм. Бирок, ал байкуш менин бир күйөөдөн чыкканымды билбейт. Мени аябай эле жакшы көрүп калган окшойт апасы менен тааныштырганы жатат. Мен болсо эмне кылаарымды билбей башым маң.

Гүлшайыр Садыбакасова: "Сатып кеткен курбунун барынан жогу жакшы"
- Бул тагдыр да, аны биз чече албайбыз. Андай кыл, мындай кыл дегендин кереги жок. Айдай сүйгөн жигитине ачыгын айтып, бетме-бет сүйлөшүшү керек. Эгер бала сүйгөн болсо, бардыгына чыдап үйлөнөт. Ал эми ал баланын апасына ачыгын айтып кереги жок. Мындай иштер бала менен кыздын ортосундагы сыр болот. Ал эми Наргизадай курбу кыздын барынан жогу демекчимин. Ал саткынчылыкка жатат. Бирөөнүн турмушу менен оюнчуктай ойноп, курбу кызын сатып кетип жатпайбы. Менин деле курбуларымдын сатып кеткен күндөрү болгон. Азыр эч кимге сырыңды айтпашың керек. Наргиза бул жерде "малдай" иш кылган. Айдайдын курбусу эмес, "душманы" десем болот. Ошондуктан Айдай кызым, мындан кийин билип жүрөсүң. Балага болсо чыныңды айт.

Майрамбек Осмонов:"Баланы да толук изилдеп көр"
- Биздин жашоодогу ар бир нерсе бир гана бизди жараткан Аллахтан болот. Биз Аллахты эстебесек, ушинтип бизди бушайманга салат. Айдай кичине сабырдуу бол! Үйлөнө турган баланын ата-энесинин маңдайына барып: "Балаңар мага үйлөнгөнү жатат. Бирок, мен буга чейин турмушка чыккам. Күйөөм Чым-Коргонго жатып чыгыптыр, "жинди" оорусу менен ооруптур. Оорусу жаз-күз кармап, кармаган учурда эч нерсени билбей калат экен. Мен аны билчү эмесмин. Ушинтип группалаш кызым ала качып берип койгон. Бир айча жашап, аргасыздан ажырашып кеттик" деп ачыгын айтсын. Анан баланын ата-энеси ары ойлонуп, бери ойлонуп "Үйлөнө бергиле" деши мүмкүн. Бирок, Айдай ал балага тийээрден мурда, баланы да толук изилдеп көр. Эң негизгиси Аллахтан "Сен боорукер жансың! Эң мээримдүү жансың! Мени жакшы бүлөөгө кошуп кой!" деп тилен! Намаз окусаң ишиң илгери жылат карындашым.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
24-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"САНЖАР КАДЫРАЛИЕВ ЭКӨӨБҮЗ 20-СЕНТЯБРДА ҮЙЛӨНМӨКПҮЗ"
2-бет
Күмөндөр Абылов:
"Куудул эмес балекет болсоң да капаланасың"

3-бет
Назгүл КЕМЕЛОВА:
"Мени Юрий менен чыгармачылык, Акматбаевдер менен биртуугандык, Санжар менен сүйүү байланыштырат"

4-бет
Группалашым мени "жинди" кайнисине ала качып берип…
5-бет
Сарайдын үстүндө заңкылдап ырдаган Самара Токтакунова
6-бет
улуулар унутулбайт
7-бет
Макал менен "маяк" таштаганда...
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Баатырбек ИСМАИЛОВ:
"Актыкты" чыгарууда 1300 дөн ашык эксперимент жасагам"

11-бет
Сергей Бодров тирүү дейби?
12-бет
окумал
13-бет
Тарыхта калган сегиз "Секс-символ"
14-15-бет
Обон почта










??.??