п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Үй-бүлөм менин байлыгым

Сарайдын үстүндө заңкылдап ырдаган Самара Токтакунова
Жашооңду жакын адамдарың кооздоп, көрккө бөлөп турса кандай бакыт. Туугандарың маңдайыңда күлүп-жайнап, сыйга бөлөп урматтап турса андан өткөн сыймык барбы. "Үй-бүлөм менин байлыгым" рубрикабыздын бул жолку коногу Эл артисти, комузчу, кыргыз элинин сүйүктүү кызы, сыймыгы Самара Токтакунова болмокчу.

Сиңдиси Тинатин: "Түйшүктүн көбүн Самара эжем тартты"
- Биздин үй-бүлөдө беш кыз анан бир эле эркек бала бар. Атам жалгыз бала деп Токон байкеме көп жумуш кылдырбай эркелетип, түйшүктүн көбү Самара эжеме түштү. Өзү дагы эркек мүнөз болчу, апама караганда атама жакыныраак өстү. Мени чоң атамдар багып алып, өз атамды Токон байке деп калдым. Эжемдин ошол кезде эле чыгармачылыкка жөндөмү бар болчу, колунан комузу түшчү эмес. Кичинекей кезимде мага өзбектердин артист көйнөктөрүн кийгизип коюп, тамга такап тургузуп алып жалына бермей адаты бар экен. Кийин мен шаарга келгенде деле жездемдердин үйүндө жашачумун, айылдан жаңы келсем шаарды жакшы билбейм да. Ошондой учурларда эжекем эринбей колуман жетелеп алып үйдөн чыккандан баштап окуган жериме чейин жеткирчү. "Автобуска түшкөндө адашсаң жөө чурка, сен деген спортсменкасың да" деп тамашалап күлүп калчу эле. "Мен тууган" дегендердин баары эле эжемдердин үйүнө келе беришчү, ошолордун баарына пейилин кенен салып, үйүнө батырып канча жашатты. Улуттук филармонияда иштегенине канча убакыт болду, бир да жолу кесиптештери менен жаман-жакшы айтышып нааразыланышканын көргөн жокмун.

Келини Гузаль: "Апам күрүчтү жакшы көрөт"
- Келин болуп келгениме төрт жыл болду. Булардын босогосун жаңы аттаган күнүм андай деле эсте калбаптыр, жылуу-жумшак тосуп алышкан. Мага апам кайненелик кылып кыялын деле көрсөтпөйт, дайыма мээримдүү мамиле жасап келет. Биз өзүбүзчө жашаганыбыз менен бат-баттан келип турат, неберелерин эркелетип эс алганды жакшы көрөт. Айрыкча улуу кызым Аяраны концерттен калтырбай ээрчитип алат. Келечекте Аяра да колуна комуз кармап калат деген үмүттөмүн. Негизи апам шашма деле эмес, бирок бир жолу бир күлкүлүү көрүнүш болгон. Сыртка чыгып бара жатып бутун алмаштырбай үйгө кийген тапочкасы менен сыртка чыгып кеткен, дагы бир жолу кофтасын алмаштырбай үйгө кийген көйнөгү менен чыгып бара жатыптыр. Апамдар үй бүлөсү менен күрүчтү жакшы көрүшүп, бат-баттан эле басып жей беришет. Мен да апам конокко келген сайын күрүч демдеп берем. Экөөбүздүн ортобузда сый-урмат, жакшы мамиле өкүм сүрүп турат.

Сиңдиси Анара: "Сарайдын башында заңкылдап ырдап отурчу"
- Мен Самара эжемен беш жаш кичүүмүн, биз беш кыз, бир эркекпиз. Мен билгенден атамдын чөп жыйнаган бийик сарайы бар эле, эжем 6-7-класста окуп жүргөн кезинде ошол сарайдын үстүнө чыгып, комузун колго алып заңкылдап эле ырдап отурчу. Мектептен кандай келди, чечинип, чайын ичип комузун колго алат да ошол сарайдын үстүнө чыгып Мыскал Өмүрканованын, Атай Огомбаевдин ырларын ырдап отурчу. Кечинде бададан уйлар келет, уйларды тосот, болгон кылган кызматы ошол. Үй оокаттарына караганда эшиктин жумушун жасаганды жакшы көрчү, өзүнүн да мүнөзү дардаңбай эле. Кыздардын баарын эшиктин алдына чогултуп алып тартайган узун буттары менен пара тепчү. Мүнөзү ак көңүл, ишенчээк, бирөөнө жакшылык кылганга шашат. Экөөбүз ынак өстүк. Кийин деле Аслан менен Актанды 8 айлык кезинен баштап бактык, эжемдер гастролдорго көп чыгып, үйдө аз убакыт өткөрчү да ошондой кездерде уулдары апам менен менин колумда калышат. Мен турмушка чыккандан соң деле балдарыбыз чогуу өсүп, азыр бөлөдөй эмес бир туугандай мамиледе жүрүшөт. Сүрөт тартканга шыгы бар болгондуктанмектептеги дубал газеталарды тартуу эжемдин мойнунда болчу. Ал кезде тартиби жакшы класска самолёттун сүрөтүн, тартиби начарына эшек мингизип койчу эмес беле, Самара эжем ошол сүрөттөрдү мыкты тартчу. Эжем менен сыймыктанабыз, атамдын атын таанытты, элге кызмат кылып келет. Ал жөнүндө макалалар чыгып калса калтырбай окуйбуз. Буюрса эмдиги жылы Самара эжем 65 жашка чыгат, эч качан оорубай, ушул калыбынан жазбай жүрө берсин.

Аслан Исабаев: "Апама караганда атам катуу болчу"
- Актанга караганда мен жоошураак болчумун. Ата-энебиз гастролдорго бир кеткенде бир айлап кетишчү, ал убакта биз Анара эжебиздин колунда калчубуз. Азыр ойлосом ата-энебизди сагынып, куса болсок да Актан экөөбүз бири-бирибизди алаксытып ойноп көп билинчү эмес экен. Атам менен апам чыгармачыл адамдар болгондуктан биз да кичинебизден музыкага жакын өстүк. Кичинемде мени апам "Асёк" деп эркелетчү, негизи эле үйдө апама караганда атам катуу тартипти сүйгөн адам болчу. Атаман көбүрөөк коркчубуз, апамдын мүнөзү жумшак, бирөөнө жаман көрүнбөйүн деп эле көп сүйлөбөйт. Менин колуктум атамдын окуучусу болот. Мен армиядан келгенден кийин бир жыл сүйлөшүп жүрүп, атам менен кеңешип туруп баш коштук. Апам келинине кандай тамакка "заказ" кылса ошону жасап берет.

Анара Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
24-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"САНЖАР КАДЫРАЛИЕВ ЭКӨӨБҮЗ 20-СЕНТЯБРДА ҮЙЛӨНМӨКПҮЗ"
2-бет
Күмөндөр Абылов:
"Куудул эмес балекет болсоң да капаланасың"

3-бет
Назгүл КЕМЕЛОВА:
"Мени Юрий менен чыгармачылык, Акматбаевдер менен биртуугандык, Санжар менен сүйүү байланыштырат"

4-бет
Группалашым мени "жинди" кайнисине ала качып берип…
5-бет
Сарайдын үстүндө заңкылдап ырдаган Самара Токтакунова
6-бет
улуулар унутулбайт
7-бет
Макал менен "маяк" таштаганда...
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Баатырбек ИСМАИЛОВ:
"Актыкты" чыгарууда 1300 дөн ашык эксперимент жасагам"

11-бет
Сергей Бодров тирүү дейби?
12-бет
окумал
13-бет
Тарыхта калган сегиз "Секс-символ"
14-15-бет
Обон почта










??.??