п»ї
 Таанышуу жарыясы


  улуулар унутулбайт

1958-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын адабий искусство декадасында "Чолпон" балети көрсөтүлүп, көрүүчүлөр тарабынан өтө жогору бааланган.
"Ленфильм" киностудиясы жана Фрунзе көркөм жана хроникалык фильмдердин киностудиясы менен бирдикте Ленинградда Фрунзелик искусство чеберлеринин катышуусунда кыска мөөнөттө фильм тартылат. Ал фильм 1959-жылы "Чолпон" деген ат менен экранга чыгат. Башкы каарман айдай сулуу Айдай менен жезкемпирдин ролун бир эле убакта аткарган белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиева болгон. Андан бери фильм экранга чыкканына быйыл 50 жыл толуптур. Учурда улуу инсандын уулу Эрмек Бейшеналиев Москвага барып, киноархивден "Чолпонду" жөнөкөйлөштүрүп, дискке көчүрүп келиптир. Энесинин элесин элдин эсине дагы бир жолу салып, борбордон баштап, ар бир дубанга көрсөтсөм деген тилеги бар экен. Учурдан пайдаланып Бүбүсара Бейшеналиеванын уулу Эрмек жана күйөө баласы Жумалы Момкулов менен эскерип өттүк. Эрмек ага өзү айткандай, "Советтик пенсионер" аскер адамы, учурда "Бүбүсара Бейшеналиева атындагы коомдук фондду" жетектейт.
Күйөө баласы Жумалы ага, маданият ишмери, учурда Мамлекеттик Маданият жана маалымат агенттигинин жетекчисинин кеңешчиси болуп эмгектенет.

Жумалы Момкулов:
"Эженин ажары жүзүнө чыгып турчу"
- Эжем Бүбүсаранын деңгээлиндей аялзаты чанда кездешет. Учурунда атагы таш жарып, депутат болуп турганда да жөнөкөйлүгүнөн жазган жок. Айылдагы кайната-кайненемдердин үйүнө (Таш-Дөбө) бат-баттан каттап турчу. Барган сайын кайненеме "Сиздин көңгө жапкан наныңызды, камкаймагыңызды сагындым" деп тураар эле. Антип айтканына жетиналбай үйдөгүлөр берээрге ашын таппай калышчу. Айыл-ападагылар эжем келгенде чогулуп калышчу. Алардын ар биринин тамашалай сүйлөп, көңүлүн алганды билчү. Өзү көп жыл Ленинградда окуп, борбордо жашаган да. Ошентсе да кыргыздын улуттук тамактарын үйрөнгөнгө аракет кылып, бара-бара "мастер" болуп чыга келди. Анын мантусун, кесмесин, өз колу менен чойгон лагманын тамшанып жечүбүз. Айылдан үйдөгүлөр келгенде дайыма үйүнө чакырып, конок кылмайынча жөнөтчү эмес. Мен да маданий чөйрөгө жаңыдан аралашып, ал убакта "Шубин" атындагы музыкалык мектепте мугалим болуп иштеп турган учурум. Көп иш-чараларда бирге болуп калдык. Отургандарга "Менин күйөө балам болот" деп тааныштырып, менден да кыя өтчү эмес. Мүнөзү назик, жөнөкөй, тамашакөй, адамды өзүнө тартып турган сүйкүмдүү жүзү, таза аурасы бар эле. Ажары тим эле жүзүнө чыгып турчу. Акыркы күндөрү ооруканада жатканда барганыбызда ооруп жатканын билгизбегенге аракет кылып, жаркылдап гана турду го, чиркин. Дарыланганы Москвага кетип жатканда кайнатам экөөбүз эки курдай узатып, поэздге салдык. "Убара болбой эле койбойт белеңер" деп, бирок, ичинен абдан ыраазы болгону билинип турду. …Акыркы сапарга узатып жатканда мен так гана Чыңгыз Төрөкуловичтин маңдайына туруп калыптырмын. Ал киши жашын аарчыганга чамасы жетпей, эки ийини сүлкүлдөп, көзүнүн жашы көл болуп турду. Аны көрүп мен да токтоно алсамчы…
Эже түзгөн образдарды андан кийин бир да балерина ачып бере алган жок. Кээде театрга барганда көңүлүң толбо-ой кайтасың. Ошондо эже дагы бир жолу эсиңе түшөт. Эми буюрса уулу Эрмек жакшы бир жөрөлгөнү баштап турат. Жүздөн ашык мамлекетти кыдырып, дүйнө элин таң калтырган "Чолпон" шедеврине экинчи өмүр тартуулап, элибизге көрсөтсөм деп аракет кылып жатат. Азыр аракет кылбасаң алтын деле жата берип чирип кеткен жатпайбы. Бул жагынан алганда Эрмек азамат! Кайталангыс таланттын талантын дагы бир жолу экран аркылуу алып чыккан жатканы эрдик эмей эмне? Фонд кат аркылуу ар бир областтарга кайрылганда баарынан оң жооп келиптир. Бул да болсо эженин өлбөс-өчпөс экенинен кабар берет эмеспи. Нарын облусу биринчилерден болуп, "Алып келгиле" деп шаштырып жатышыптыр. Бирок, алгач борбордун Тарых музейинен көрсөтүп, анан областтарга көрсөтөлү деп жатабыз.





Эрмек Бейшеналиев:
""Чыңгыз менен Бүбүсара" мен үчүн жаман анекдот"
- Апамдын кайтыш болгонуна 35 жылдан ашык убакыт өтүптүр. Эки жылдан кийин 85 жылдыгы болот. Ага эмитен минтип даярдана бербесең болбойт экен. Жаш муун Абдылас Малдыбаев, Болот Миңжылкыев, Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымын угуп жүрүшөт, белгилүү адам экенин билишет, бирок ким экенин билишпейт. "Чолпон" фильми аркылуу кары адамдарга эстетип, жаштарга "Бүбүсара катышкан ушундай фильм бар" деп көрсөтөлү деп жатабыз. Ансыз да өгүнү бир министрликтен зал алып, "Чолпонду" көрсөтсөк, 60 жаш курактагы адамдар, "Бизди жаш куракка кайрып барып койдуңар" деп ыраазы болушту. "Биз ал убакта жезкемпирди карачубуз, азыр сулууну карап калдык" -дейт, күлдүрүшүп.
А жаштар мен айткандай , "Ушундай жакшы фильм бар турбайбы" деген ой менен кетип жатышты. Жаш муун ошол фильмди көргөндөн кийин "Болоттой болуп ырдайм, Бүбүсарадай болуп бийлейм" деп чыкса кандай жакшы.
Фильм Москвада тартылып жатканда мен апамдын жанында элем. Жезкемпир апам экенин билем, бирок, жанына баргандан корком (күлүп). Анда 13 жашта болсом керек.
Мен айылга көп барам. "Бүбүсаранын уулу" дешсе, 13-14 жаштагы балдар-кыздар жаныма келип, таң калып кара-ап кетишет. Демек, алар да Бүбүсара деген ким экенин билишет, а бирок, "Кайсы балетте роль ойногон?" деп сурасаң, ийинин куушурушат.
- Жакында "Чыңгыз менен Бүбүсара" аттуу фильм жарыкка чыкты.Сиз баш каармандын уулу катары эмне сөз айтаар элеңиз?
- " Чыңгыз менен Бүбүсара" тууралуу укканда эле мен жаман анекдот экенин түшүндүм. Андан көрө жакшы анекдот уксаң ыраазы болуп каласың. Режиссер Жаныш Кулманбетов "5 каналдан" "Мен уулу Эрмекти чакырсам келген жок" деп калпты айтты. Аны уккандан кийин адвокатым менен ал кишиге чогуу бардык. Адвокатым Нуржанга "Менин ким экенинмди айтпай тур,өзү тааныр бекен" дедим. Мени маңдайына отургузуп алып эле "Эрмекти чакыргам" деп дагы калп айтып кирди. "Бул киши Эрмек Бейшеналиев" десе, дароо сөздү буруп "Аа, сизби? Сизди Чыңгыз Төрөкулович ээрчитип келем деп айтты эле" деп суудан кургак чыккысы келди. "Бул жомокту кайдан алдың?" деп сурасам, ""Аңчынын ыйы" китебинде баардыгы жазылуу"-дейт, актанып. "Роза Төрөкуловна келип көрдү" дегенинен, ага да бардым. Роза Төрөкуловна:"Атайын билет сатып алып баргам. Менин келгенимди көрүп, "Билетти эмнеге алдыңыз, жөн эле кирбейт белеңиз" дейт. "Канча убакытта тартып бүттүң?" деп сурасам, "Эки айда" дегенинен, "Ушундай улуу эки инсанды эки ай эмес, он жыл камданып тартсаң да аздык кылмак. Уятың жок экен" деп басып кеттим" деди.
Режиссер Чыңгыз менен Бүбүсаранын атын пайдаланып, акча жасаштын эле айласын кылган. Эгерде маданиятты көтөргөн, эки инсандын бийик деңгээлин көрсөткөн, изилденген, изденген фильм тартса мен унчукпайт болчумун. Мени тааныгандар, тааныбагандар деле (Бүбүсаранын уулу экенимди билгендер) учурап калсаң токтотушуп, "Кантип ушуга уруксат бердиң" деп нааразы болуп жатышат. Жездемди да (Жумалы Момкулович) "Өзүң Маданият министрлигинде иштеп туруп, кантип жол бердиң" деп урушкандар болду. Азыр сотко документтерди даярдап жатам. Бирдеме айтсаң сот дароо "Далилдеңиз" дейт. Ошондуктан бардык аргумент- фактыларды даярдап, анан сотко берейин деп жатам.
(Уландысы кийинки санда)







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
24-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"САНЖАР КАДЫРАЛИЕВ ЭКӨӨБҮЗ 20-СЕНТЯБРДА ҮЙЛӨНМӨКПҮЗ"
2-бет
Күмөндөр Абылов:
"Куудул эмес балекет болсоң да капаланасың"

3-бет
Назгүл КЕМЕЛОВА:
"Мени Юрий менен чыгармачылык, Акматбаевдер менен биртуугандык, Санжар менен сүйүү байланыштырат"

4-бет
Группалашым мени "жинди" кайнисине ала качып берип…
5-бет
Сарайдын үстүндө заңкылдап ырдаган Самара Токтакунова
6-бет
улуулар унутулбайт
7-бет
Макал менен "маяк" таштаганда...
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Баатырбек ИСМАИЛОВ:
"Актыкты" чыгарууда 1300 дөн ашык эксперимент жасагам"

11-бет
Сергей Бодров тирүү дейби?
12-бет
окумал
13-бет
Тарыхта калган сегиз "Секс-символ"
14-15-бет
Обон почта










??.??