п»ї

  тентек телефон

Макал менен "маяк" таштаганда...
Кыргыздын ар бир айткан макалы чындыкты айгинелеп, тарбиялык маанини таамай берет эмеспи. Эл арасында айтылып келген макал-лакаптарды белгилүү инсандарга айтып берип, ал макалдардын чечмеленишин сурамжыладык.


Бир кемпир, бир кемпирди "кыз" деп тергептир-деген макалга сиздин оюңуз?
Алтынай Нарбаева, ырчы:
- Жеңеси болсо керек да, ошон үчүн "кыз" деп тергеген чыгаар. Же болбосо өмүр бою күйөөгө чыкпай калса керек. Бир четинен колдоо ирээтинде "кыз"деп айтып койгондур. Жүз жыл жашап, кемпир болсоң дагы жүрөгүң жаш бойдон калат экен да. Мына биз деле кыркка чыгып калдык, бизди деле бирөө "кыз" деп айтып койсо, көңүлүң көтөрүлүп калат.


"Байдын ашын байкуш аяйт"-дегенди кандай түшүнөсүз?
Муратбек Бегалиев, композитор:
- Абдан жакшы макал экен. Муну эми азыркы жашоого салыштырып айтсам, мисалы, бирөөнүн тою болуп жатса, той ээси келген меймандарга белек берет. Бир-экөөнө белек жетпей калса, ортодон сараң адам чыгып, "Аларга бербей эле, жөн кой"деп сараңданат. Же болбосо, мыкты ырчылар, дайыма аракеттин үстүндө жүрсө, Министрликтен ал ырчыга гонорар төлөнүш керек болот. Ал жерден да "Коё тур, дагы убакыт өтсүн"деп аны да ыраа көргүлөрү келбеген адамдар болушу мүмкүн. Андай адамдарга башкалар "Сен эмне эле аны аяйсың, байдын ашын байкуш аяйт болбочу"деп айтышат. Кыргыз эли илгертеден акылдуу, кеменгер эл болгон. Бир сөз менен миң жылдык тереңдикти айтып коюшкан.


Аялың долу болсо, замандын тынчтыгында не пайда, Өтүгүң тар болсо, дүйнөнүн кеңдигинде не пайда - деген макалга сиздин пикириңиз?
Элмира Кайып кызы, ырчы:
- Мындай болуш керек деп ойлойм. Үйүң кенен болуп, телегейиң тегиз болгону менен үйдүн куту болгон эненин пейили тар болуп, үйүнө эч ким кирбесе, күйөөсүнүн жоро-жолдошторун сыйлабаса, кулак-мээсин жесе, анда замандын тынч болгонунда эмне пайда. Негизгиси үй-бүлө уруш-талашсыз бактылуу жашаса, андан өткөн тынч заман жок болсо керек. (Күлүп) Кээ бирөөлөр "Мен баймын" деп мактанышат да кийген өтүгү тар. Чөнтөгүңдө миллион сомуң болуп, тар өтүк кийип алганыңдын зыяны өзүңө эле тиет да. Анткени, ал өтүктү өзүңдөн башка эч ким кийбейт дегендей.


Бала чуркаса чалдын буту зыркырайт-деген макалды кандай чечмелейсиз?
Кадырбек Тажиев, Кыргыз Циркинин директорунун орун басары:
- (Күлүп) Аа, эми чуркап бараткан бала жыгылып кетпесин деп тынчсызданат да. Ошол чуркап, мойтоңдоп бараткан баланы карап олтурган чал өзүнүн жаштыгын эстеп, ооруп турган бутун көрүп, жүрөгү зыркырайт. Жашоодо бирөөгө көз каранды болуп, кор болбой чуркап жүргөнгө не жетсин-деп түшүнөм.


Миң чеченди бир тантык
жеңиптир-дегенге кошуласызбы?
Элмирбек Иманалиев, төкмө акын:
- "Тантык" деген сөздүн эки мааниси бар. Биринчиси, сөздү так айталбаган, тили булдуруктаган адам. Экинчиси, сөз кадырын билбеген дөөрүк адамды айтат. Бул макал экинчи тантык жөнүндө болуп жатса керек. Ал эми чечендер өтө акылман, сөздүн атасы болушкан. Өкүнүчтүүсү, алар тантыктардан качып гана кутулушат. Сөз талашта деле үндөбөй калган тараптын эки себебин эске алган оң. Биринчиси, жеңилгени болсо, экинчиси, теңелбейин дегени. Экөөнө тең бийик эрк керек. Мындай "Төөнү, бээ" деп үч жолу талашкан кишиден качып кутулуудан башка амал жок калат.


Бай, байбиче урушта болсо, Кул менен күң куймакта-дегенге кошуласызбы?
Сагын Ниязалиева, режиссёр:
- Туура эле. Негизгиси үй-бүлөдө ынтымак болбосо, чарба алдыга жылбайт. Кожоюн менен кожейке ыркырашып-урушуп жатса, кол алдында иштегендер учурдан пайдаланып, өз каалагандарын жасашат да.


Жакшы үйгө келгенде, жаман адам мас болот-деген макалдын маанисин кандай түшүнөсүз?
Турусбек Жумалиев, актёр:
- Ар бир адам өзүнүн кемчилигин, анан артыкчылыгын жакшы билет. Өңдү көрсө жүз тайыйт болуп, билимдүү, көрөгөч, акылдуу адамды көргөндө, акылсыз адам эмне кылаарын билбей калат эмеспи. Бул жерде арак ичип мас болгон адам жөнүндө айтылган жок. Бул макалдын "Алдуу арстанды көргөндө, алсыз коён мас болот"деген варианты да бар го. Анын сыңарындай, акыл-эсин чогулта албай, өзүн ыңгайсыз сезген адамды маска салыштырып айткан.


Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
24-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"САНЖАР КАДЫРАЛИЕВ ЭКӨӨБҮЗ 20-СЕНТЯБРДА ҮЙЛӨНМӨКПҮЗ"
2-бет
Күмөндөр Абылов:
"Куудул эмес балекет болсоң да капаланасың"

3-бет
Назгүл КЕМЕЛОВА:
"Мени Юрий менен чыгармачылык, Акматбаевдер менен биртуугандык, Санжар менен сүйүү байланыштырат"

4-бет
Группалашым мени "жинди" кайнисине ала качып берип…
5-бет
Сарайдын үстүндө заңкылдап ырдаган Самара Токтакунова
6-бет
улуулар унутулбайт
7-бет
Макал менен "маяк" таштаганда...
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Баатырбек ИСМАИЛОВ:
"Актыкты" чыгарууда 1300 дөн ашык эксперимент жасагам"

11-бет
Сергей Бодров тирүү дейби?
12-бет
окумал
13-бет
Тарыхта калган сегиз "Секс-символ"
14-15-бет
Обон почта










??.??