"Обон" шоу-таймс

Айпери кайрадан сахнада
Бир айдан бери кыргыз радиолорунан тынымсыз кетип жаткан "Апакай аккуу" ыры айтылуу "Кыз-Бурак" тобунан чыккан Айпери Сыдыкованын аткаруусунда экенин жакшы билебиз. Учурунда кымча белдүү кыздардын катарын толуктаган ырчы кыз кең Россияга кеткени жалпыбызга маалым болду эле. Эми минтип, кайрадан өз мекенине келип, чыгармачылыгын улантууга катуу киришкен кези.


"Жыйырманчы жаз" дисктерге чыгарылбайт
Чыныгы махабатты, аруу сезимди чагылдырган "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасы эми Ош шаарынын филармониясында көрсөтүлө баштайт. Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан көркөм фильмдин режиссёру Алим Токторовдун айтымына караганда, аталган тасма атайын үй шартында көрүүчү дисктерге чыгарылбайт экен. Тасманын пираттык жол менен таратылып кетишинен сактанып жүргөн режиссёр, Ош шаарынан кийин Кыргызстандын бардык региондорун кыдырат.


Сыйлыгың кут болсун!
Таланты менен таш жарып, кинодон-киного тартылып, кино сүйүүчүлөрдүн сүйүктүү актрисасына айлана баштаган Гүлнур Асанова Маданияттын мыкты кызматкери наамына татыды. Жаш болсо да, анча-мынча таланттарды артка таштаган Гүлнур айымга мындан кийин да чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз.


Жамила Муратова эми кино тартат
Белгилүү ырчы, композитор Жамила Муратова "Мурас продакшн" студиясы менен биргеликте "Шахрезаданын Жаңы жылдагы жоруктары" аттуу чыгыш стилине багытталган кызыктуу музфильм тартууга бел байлап жаткан кези. Жамила айым өзү эмгектенген М.Күрөңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайынын студенттерине кастинг жарыялап, тандалып алынган улан-кыздардын имиджинен үнүнө чейин даярдап, кызуу иш алып барууда. Фильмдин жылдызы жанып, экрандан көргөн адамдын купулуна толот деген ишенимдебиз.


"Музарттан" "мощный" концерт
Бир гана казак кыздарын гана эмес, жалпы Орто Азиянын кыздарын багындырган "Музарт" эстрадалык тобу эми Кыргызстанда. 14-декабрда биринчи жолу Бишкек шаарынын босогосун атташкан аталган топ, кыргыз боордошторуна сагынычтуу салам айтып, өзгөчө башкача тил менен айтканда "Дүң" боло турган чоң программадагы жеке концерттин тартуулайт. Анда Казакстандын популярдуу "Музарт" эстрадалык тобу менен Спорт ордосунда чогуу жолугабыз.




  Шырмаек

Семетей Мырзаканов, продюсер:
"Ошондо Бекчоро экөөбүз катуу урушканбыз"
Ата-бала, эне-бала болушкан продюсерлер менен ырчылар кызуу иш баштап, шоу-бизнестин казанында кайнап келишет. Бир убакта "дүң" деп өзгөчө стили менен чыккан ырчы Бекчоро, продюсери менен коштошуп жатканын угуп, Семетей Мырзакановго суроо узаттык.


- Семетей, Бекчоро экөөңөрдүн ортоңордо түзүлгөн келишимиңер аяктадыбы же?...
- Бекчоронун сахнага келишине төрт жыл болду. Биз алгач жарым айдай даярданып, анан иштеше баштаганбыз. Башкача айтканда эки жарым жыл бирге иштедик. Бекчорого продюсер болгонго чейин анын эки гана ыры бар болчу. Мен продюсер болгондон кийин тогуз ыр жаздырып, беш клип тарттырдык. Биздин келишимдеги максатыбыз Бекчоро популярдуу болгонго чейин болчу. Мен ойлойм, бүгүнкү күнү аны кыргыз эли таанып калды. Эми топтогон имиджи, таланты менен өзүн алып кете алат деп ишенем.
- Сыягы экөөңөрдүн ортоңордо чыр болгонго?
- Жок, андай деле эмес. Анча-мынча келишпестиктер болсо, экөөбүздүн ичибизде эле калат. Аны элге жарыялоонун кереги жок. Эгерде Бекчоро мага нааразы болсо, мен эч нерсе деп айта албайм. Себеби, мен ага жасаган эмгегимди айтып, милдет кылгым келбейт. Аны эл көрүп турбайбы.
- Продюсердин эмгеги көмүскөдө калат деп коюшат го?
- Чынында башында көп кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Жаңы чыгып жаткан ырчы болгондуктан, радиолор ырларын албай, гезиттерге, телеге чыкканга да тоскоолдуктар көп эле болгон. Менин канчалык жумушум көп болсо да Бекчорону биринчи планга коюп, ал үчүн болгон күчүмдү, аракетимди жасадым. Мурункудай кыйналган, ырларын албаган учурдан Бекчоро өтүп кетти. Эми анан чыгармачылыктагы жолу кудайга шүгүр ачык.
- Баары бир алгачкы иштешкен ырчың болуп калбадыбы, Бекчоронун өзүнчө жолго түшүшүнө ичиң ачышып жатабы?
- Албетте. Мен эле эмес бардык адамда мындай ич ачышкан сезим болсо керек. Эки жарым жылдан бери бирге жүргөнгө көнүшүп калдык дегендей. Азыр деле мамилебиз жакшы, качан келип жардам сураса мен жок дебейм.
- Сенин жеке оюңда ырчыларга продюсер керекпи?
- Негизи азыркы заманда ырчыга продюсер керек деп ойлойм. Себеби, аткаруучуга караганда ары-бери чуркаган, майда-барат иштерди жана теле, радио тармактар менен иш алып барууда продюсердин эмгеги зор.
Азыр биздин жашоо тааныш-билиш, жанталашмайдын жашоосу болуп калбадыбы.
- Бекчоро экөөңөр урушуп кеткен учуруңар болду беле?
- Иш үстүндө көп эле болгон. Бир жолу бир сьёмкага тартылып жатып сахнага көз айнеги жок чыгып алыптыр. Ошондо экөөбүз катуу урушканбыз. "Ушунча топтогон имиджиңди бир күндө чачып саласыңбы?"деп кыйкырганмын. Негизи Бекчоро менин сөзүмө караганда башкалардын сөзүн көп укчу.
- Эми көз айнегин алып салса каршы эмес экенсиң да?
- Эми өзү билет. Анткени биротоло өз алдынча кетпедиби. Балким чын эле көз айнеги жок чыгабы, аны мен да териштирбейм. Өзү каалаганын кыла берсин демекчимин.
- Мындан кийин жаңы ырчыларга продюсерлик кыласыңбы же өзүнчө иш алып барасыңбы?
- Менин кесибим чыгармачыл тармакта болгондон кийин бул жолдон алыстабайм го. Жакында эле Нурслан Сыдыгалиев экөөбүз продюсердик борбор ачтык. Учурда жаңы чыгып келе жаткан бир кызды тарбиялап жатам. Кудай буюрса аны да сахнадан көрө аласыңар.