п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жылдыздар турмушунан

"Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт" деп кылычын сүйрөп кыш мезгили да кирип келе жатат. Ар кимибиз кыштын камын алыбызга жараша көрөт эмеспизби, айрым атактууларга "кышка кандай кам көрдүңүз?" деген суроону узатып, төмөндөгү жоопторду алдык.


Назира Жетигенова:
"Көмүр кымбаттайт дегенди укканда…"
- Кышкыга варенье, салат, көмүр, өзүмө өмүр дебейимби… тамаша. Көмүр кымбаттайт экен дегенди укканда эле жанталашып барып октябрь айында эле сатып алгам. Салаттын түрүн, бадыраң туздаганды бир негр курбум бар, өзүмдүн убактым тартыш болуп ошол курбума жаптырдым. Кышкыга жылуу кийимдерден жакшы эле алдым. Баса, машинам тайгаланбасын деп унаа токтотуучу жайдын үстүн шыйпырлаттым.


Нуриса Абазова: "Өзүмөн биринчи машинеме кам көрөм"
- Азыр силер чалып жаткан маалда мен кыштын камын көрүп машинама кышкы "батинке" алып жүргөм. Кабат үйдө жашайм, "көмүр алыш керек" деп ойлонбойм. Өзүмдүн болсо кышкыга анча-мынча кийимдерим бар. Жумуштарымдын көбүн машинам менен бүтүргөндүктөн өзүмдөн мурда машинамдын камын көрүп жатам. Жыл сайын кышкы дөңгөлөктөрүн алмаштырып турам.


Алтынбек Алымов:
"Өзгөчө деле даярдык жок"
- Кышка көмүр, отун алып даярданып жатам. Азыр Ош шаарында гастролдоп жүрөм, Баргандан кийин машинама кышкы дөңгөлөк сатып алайын деп жатам. Андан башка кышкыга өзгөчө деле даярдыктар жок.


Ома: "Жаңы жылды жаңы үйүмөн тосом"
- Кышка өзгөчө деле кам көрө элекмин. Ажобуз белек кылган квартирамды өзүмө ылайыктап, мага жаккандай кылып оңдоп-түзөп алдым. Кудай буюрса 27-ноябрда көчүп барайын деп жатам. Жаңы жылды, кышты жаңы квартираман тосом. Досторумду чакырып борбордогу кафелердин биринде конушту майлап берейин деген оюм бар. Биринчи үйүмдү ата-энеме бергем, бул үйдө буюрса өзүм жашайм.


Неля: "Өзүбүзгө, уулубузга кат-кат кийим алып койдум"
- Кыштын камын күздөн баштап эле көрө баштаганбыз. Кышкы салаттардын түрлөрүн апам менен бирге жасадым. Кабат үйдө жашагандыктан бизде көмүр, генератор алыш керек деген маселе жаралган жок. Кудайга шүгүр светибиз жакшы күйүп, үйүбүз азырынча жылуу эле. Өзүбүзгө, уулубузга кат-кат кышкы кийимдерден алып камынып койдук. Буюрса бул кышта үшүбөй аман-эсен чыгабыз деген ойдомун.


Марат Жанталиев:
"Быйыл отун жарып куурайм го"
- Быйыл кышкыга түйшүк көп эле, үйүбүз мурда газ менен жылытылчу да, оңдоп-түзөйм деп жетишпей калдым. Илгери отун-суу алган учурлар болгон, бир топ убактан бери газ менен жылытылган үйдө жашап жаман көнүп алыптырмын. Эми көмүр алып, отун жарып, кыштата азап чегет окшойм. Балдарга кышкыга калың-калың кийимдерден алып бердим. Машинамды болсо сатып ийгем. Кышта тоңот, бузулат, андан көрө ага оңдоткон акчага таксиге түшүп кетип калсаң жакшы эмеспи.


Айжамал Кабылова:
"Кышында Москвага кетем"
- Мен кышты жолдошум, кызым менен Москвадан тосом, бирок качан кетээрим белгисиз. Бул жерде болсо кайната-кайненемдин үйүнө салаттардын, вареньелердин түрүн жасап койдум, жеген сайын бизди эстеп турушсун деп. Салаттардан өзүм ала кетейин десем ансыз деле узак жолго оокаттарыбыз көп. Кайнатамдар кабат үйдө жашагандыктан көмүр, печка менен иштери деле жок, өзүбүздүн Москвадагы үйүбүзгө өзүм биякта жүргөндүктөн кышкыга кам көрө алган жокмун.


Анара Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
24-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"САНЖАР КАДЫРАЛИЕВ ЭКӨӨБҮЗ 20-СЕНТЯБРДА ҮЙЛӨНМӨКПҮЗ"
2-бет
Күмөндөр Абылов:
"Куудул эмес балекет болсоң да капаланасың"

3-бет
Назгүл КЕМЕЛОВА:
"Мени Юрий менен чыгармачылык, Акматбаевдер менен биртуугандык, Санжар менен сүйүү байланыштырат"

4-бет
Группалашым мени "жинди" кайнисине ала качып берип…
5-бет
Сарайдын үстүндө заңкылдап ырдаган Самара Токтакунова
6-бет
улуулар унутулбайт
7-бет
Макал менен "маяк" таштаганда...
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Баатырбек ИСМАИЛОВ:
"Актыкты" чыгарууда 1300 дөн ашык эксперимент жасагам"

11-бет
Сергей Бодров тирүү дейби?
12-бет
окумал
13-бет
Тарыхта калган сегиз "Секс-символ"
14-15-бет
Обон почта










??.??