п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Мен аны өлтүргөнүмө өкүнбөйм"
Ушул айдын башында кылмыш хроникасында "Жылан" аттуу гезиттин редактору атанган, 58 жаш курактагы Сейит Мураталиевди 27 жаштагы бир аял бычактап өлтүрүптүр деген маалымат чыкты. Туш-тараптан сураштырып, бирок мындай журналист болгонун тастыктай албадык. "Жылан" деген гезитти окуган киши же катталган жери да табылбады.
Бул адамды бычактап өлтүргөнүн мойнуна алган толмочунан келген орто бойлуу, сулууча келген келин Тахмина Амантаева камакта отурган жеринен көкүрөгүн тепчиген ыймандай сырын ачып, кандуу окуяны төкпөй-чачпай баяндап берди. Ал журналисттен качкан жок. Андай-мындай суроолорго жооп бербеймин деген да жок. Уялган да жок. Эч бир тайсалдабастан, жүзүн ала качып жашырбастан түз келип отурду да, ичиндегисинин эч нерсесин калтырбай төгүп, ыйлап отуруп айтып берди.

Буга чейин кылмыш кылбаган, соттолбогон, үй-бүлөлүү, эки баланын энеси кандайча минтип киши өлтүргөнгө чейин жетти? Анан да кылмыш жасаганын, көз көрүнөө адам өлтүргөнүн мойнуна алмак түгүл, темир торго өзү келип түшүп бергени таң калаарлык. Алдымда бирөөнү он үч жолу бычак сайып өлтүргөн деген мыкаачы атанган, жапжаш Тахмина: "Менин ар-намысымды коргоп, зордук-зомбулуктарга каршы берген жообум адам укуктарында кандай жазаланат? Деги аял укугу басмырланбасын, аны тебелеп-тепсеген жазаланат деген мыйзам барбы?" дегендей суроолорду ачык айтып бербесе да анын көкүрөк кыйкырыгы ушундай чакырыкка жык толгондой сезилди.
- Мен Тахмина Амантаева болом. Ушул жерде 27 жашка чыгып, туулган күнүмдү камакта тостум (оор үшкүрүп). Бул Сейит Мураталиев деген кишини үч-төрт жыл мурда эле таанычумун, жолдошум аркылуу. Жолдошум Эркин Айжигитов азыр ал дагы камакта. Аны Мураталиев отургузуп койгон. Жолдошума Мураталиев ижарага машина берип, акысын алып турчу. Мураталиев менен жолдошум ар убак эле майда-чүйдө маселеге чырлашып, талаш-тартыш болуп жүрчү. Ошондой бир көрүнүш болуп, күндөрдүн биринде акчанын айынан айтышып отуруп, мушташып кетишти. Кайра жарашып, бири-бирине түшүнүшүп жаткандай эле болгон. Мураталиев кимдир бирөө менен милициялашып турбаса башы ооруган киши экен да. Анын арызы, кандай болбосун айткандары аткарылат. Болбосо ал арызды аткарбаган милициянын үстүнөн жазат. Милицияга анын арызы боюнча өзү кыйналгандан көрө бирөөнү камап койгону жакшыраак эмеспи. Сурасаңыз, аны арызчыл катары жакшы билишет. Бирок чара көрө албай келишкенинин себебин айталышпайт. Бул жерден Мураталиевдин милицияга арыздана билгени, анын бизге караганда колунда бардыгы чыныгы укуктук жактан жогору туруп жатпайбы.
Жолдошумдун сотуна ана барам, мына барам дейт, же барбайт, же соттоп жибербейт, же кое бербейт. Мына үч ай болду. Ленин райондук ички иштер бөлүмүндөгү Алмаз Касымакунов деген тергеди. "Тосмо арыз жазып берсе, күйөөңдү кое берет"- деп айтышты. Күйөөм өзү да: "эптеп-септеп, Мураталивге акча берип тосмо арыз жаздырчы, балдарымды сагындым, көрсөтүп кетчи?" деп суранат. СИЗОго ойноп кирмек белем. Аякка деле акча керек да. Атам каза болуп калган. Үстүмдө үйүм, арка-бел болоор атам жок азыр.
Мен жолдошумду да актабайм. Не кылайын эки балам бар. Алардын атасы да.
Ал казино деген балекетке кирип кетип, азап тартканымды айт. Университеттин юрфагында окучумун. Контракт дегенди төлөй албай таштап койгом (ыйлап). Жамандык бир басса ушинтип басып алат турбайбы. Апам жесир, байкуш болуп жүргөн кызынан жардам күтөт. Ооруган жүрөгүн дагы оорутуп албайын деп эч нерсе айтчу эмесмин. Кудайдын айтканы бардыр. Кандай болбосун балдарымды багып өстүрүшүм керек эле. Бул кыйынчылык да артта калар дечүмүн. (көпкө солуктап ыйлап отурду)
Бул окуянын болушун каалабайт элем. Болор иш болду, эми бул окуяга кантип барганымды айтайын. Күйөөм камакта. Ал жакка да кириш керек экен. Колумда эки балам бар. Чынын айтайын ачка эле калдык. Ошол Мураталиевге акча таап берем деп ушундай абалга келдик. Айлам кетти.
- Тахмина, бул жерге келгенден кийин оюң өзгөрүп, бекер кылыпмын деп өкүнүп жатасыңбы?
- Жо-ок. Эч качан. Өкүнгөнүм башка. Тескерисинче ырас кылдым дейм. Билесизби, Мураталиевдин өлгөнүн көргөндөн кийин башымдан баскан бир тонна ташты ыргытып, кутулгандай жеңилдедим. Анын эл арасында жүрүшүнүн өзү азап болчу. Ошол жердегилер айтчу, "бул өтө коркунучтуу, этият болуш керек" деп. Мураталиев өзү болсо "Мен органдар менен кызматташам, алар мага төлөп берет" деп мактанчу. Канчалык чындыгы бар билбейм.
- Кандай болгондо ушул окуя болбойт эле дейсиң, Тахмина?
- Эгер менин арыздарым, көз жашым тиешелүү жерлерге жетип, тескелгенде, көңүл бурганда, албетте болбойт эле. Ачыгын айтайын. Жолдошумдун камалганына үч ай болду. Же соттоп жиберишпейт нары камап, же чыгарышпайт. Кайдагы бир акмакка жалдырап, биздин тагдыр, биз жете турган укуктук мыйзам ошол кишинин колунда гана тургандай шарт эч жагына өзгөрбөй туруп алды. "Мени Мураталиев чакырып эле, тажатып бүттү. Тосмо арыз жазып бербей кыйнай берди. Сураган акчасын деле бердим. Эмне кылайын" -деп канча кайрылдым. Форма кийгендин баары эле тартип коргоочу милиция эмес экен. "Бар, сени зордосо, зордоду деп арыздан, анан зордоду деп иш козгойбуз" дешет. Мен зордукталып туруп анан арызданышым керекпи? Ушинтип теңселбедимби. Билбейм менин ушундай кордукка калган абалым соттор тарабынан эске алынабы?
- Тахмина, өзүңдү кармап, баштан кечирген окуянын кандай болгонун айтып берсең? Бирөөдөн уккандан көрө өз оозуңдан уксак. Минтип сураганым үчүн кечирим сурайм.
- Албетте. Адам өлтүрдүм деп айтып отуруу канчалык кыйын болсо да айтайын. Өзүмдүн башымдан кечиргенимди эл таразасына салайын. Мени мыкаачы карап, жийиркенгендер да болор. Менин тагдырымды өз тагдырына салыштырып, көз жашын көлдөтүп отуруп менин сөзүмдү окугандар да болор. Ошол окуя болгон 2-ноябрь күнү Сейит Мураталиев күндүзү "каяктасың" деп, тим эле мени сатып алган кулунан бетер жекирип сүйлөп мага чалды. "Байке, мен үйдө элемин. Балдарым ыйлап, атасына барам деп атат, апам да келген экен" дедим телефондон. "Качан келесиң? Сага тосмо арыз керекпи же керек эмеспи?" деди. Дайым эле чалганда ушинтип сөз баштайт. Ошентсе, "Ии, мага тосмо арыз жазып бергени аткан экен"- деп сүйүнбөйм. Билем, антпейт. Апам үйдө эле, сураганынан "Мураталиев чалып жатат, тосмо арыз берем деп" дедим. Апам "Бар анда, барагой, мен балдарыңды карап турам" деп калды. Менин чыдамым жетээр жерине жеткен окшойт, "Апа, ал мени аялдыкка чакырып жатат"-деп кыйкырдым. Эмне кылайын, көңүлүң тартса бир жөн деп ыйлап-сыктап, буркан-шаркан түштүм да, "Сиз кете бериңиз"- деп апамды жөнөтүп жибердим. Жакшы эле кылган экенмин. Анан бир инимди чакырып, балдарымды каратып коюп, Мураталиев жашаган жерге келдим. Консерва, вино коюп отуруптур. Ичесиңби деди. Кайдагы тосмо арыз, өзүнө чакырып жатпайбы. "Байке, жазып бересизби, жокпу, балдарым жалгыз калды кетейин"- дедим. Ал кебиме деле көңүл бурбай, орусчалап "я люблю ласка" деп жылаңач жатып алып, ар нерсени айтты. А түгүл "күйөөң жок азыр, түрмөдө отурат, сени ким көрмөк эле" дегендей айтты. Чын айтайын, эптеп алдап-соолап тосмо арыз жаздырып алайын -деген аргасыздыкка бардым. Жок , ал дале мени жасап алган куурчагы менен ойноп жаткансып, "приватташтырып" алгандай мамиле кылат. Кичине вино ичип алдым эле, ачка жаным дене боюм ысып, ошондогу абалым капаска түшкөн бөдөнөдөй чыйпылыктап, койчу сөз менен жеткире айталбайм…
Эми дагы тосмо арыз болбойт экен деп , тагдырдын тамашасына тан берип, эндиреп отурдум. Телефон чырылдап калды. Алсам балдарым ыйлап: "Апа качан келесиз" деп жатпайбы. Ачка да. Тиги болсо жылаңач, чалкалап жатат, "я люблю ласка" деп коюп. Сол колумду болсо керек, кармап ичине коюп, дагы мени тарткылап жатканда карасам, консерва ачкан аш бычак туруптур.
"Ээ-э"- дедим. "Балдарым ачка ыйлап отурса. Тосмо арыз жаздырып келчи -деп жалдырап атасы түрмөдө отурса. Апам байкуш көзүнүн жашын көлдөтүп, мени эмне болду экен деп отурса. Аларды жалдыратып коюп, мунун жанында кыйналган жанымды ого бетер кыйнагыдай мен эмне көчөдөгү каңгып жүргөн итминби? Же бул түшүнбөсө, же укугумду талашып арызданган жерим укпаса деп, бычакты алдым да , көкүрөгүнө сайдым. Кантип, кандайча бычак саят билбейм деле да. Эки жолу сайганымда эки колумду кармап өйдө турду. Бычак колумдан чыкпас болуп катып калыптыр. Аркасына сайдым, мына сага деп. Чала сайып, өлбөй калса деле мага ушундай жазаны алып бермек ал. Билбейм, бычак ийрейип, кирбей калганда жерге таштадым. Тиги бүк түшүп ылдый болуп, кырылдаганын уктум. Тынбай сүйлөп жатканым өзүмө кайра угулуп, алдастап калдым. Өлдү окшойт, жер жайнап кан акты. Анын жанында калган костюмум көзүмө урунду. Тартып алсам, чыланган ысык кан. "Эмне кылдым?"-деп, ошондо көзүм ачыла түштү, Костюмумду кийип, дубалдан ашып түшүп кеттим.
Эшик караңгы. Ал жерде тирүү жан жок. Себеби өзү иштеткен СТОсунда (автоунаа оңдоочу жай) жашачу. Балдарым телефон чалып атат. Мен бирөөнү өлтүрдүм, мени азыр милициялар келип алып кетет, камалам"- деп үнү ачылбаган телефонго карап алып ыйлап жатам. Телефон чырылдаган бойдон, чөнтөгүмө түштү. Костюмумдагы кан бутуман ылдый агып, бүт эле кан болуп калсам керек эле. Көчөдө ары-бери басып жүрдүм. Мага милициядан телефон чалат, мен каерде жүргөнүмдү айтышым керек деп чарчаган мас немедей басып жүрдүм. Камакка барам деп коңгуроо күтүп атам.
"Кой, балдарым менен коштошойун"-деп эсиме келип, үйгө бардым. Ыйлап кирдим үйгө. Балдарым уктап жатышыптыр. Менин киргенимди билишкен жок. Чөгөлөп отурдум да, беттеринен өөп, эки-жагын кымтып, эми көрүшпөйбүз дегендей болуп эшикти чала жаап чыгып кеттим. (Тахминанын үнү бирде буулуп, саамга токтогондой болуп, солуктап ыйлап сөзүн улантып отурду). Костюмумду сууга салып жуудум да , суу бойдон кайра кийип алдым. Ичиркенип, үшүп чыктым. Өзүм менен өзүм сүйлөшүп эле абдырап жүрөм. Ал кишини өлтүргөнүм үчүн эмес, "Мен кантип адам өлтүрүүгө бардым"- деп. Ошол күндүн таңы ушинтип атты. Ошол кейпимде милицияга келдим. Мен милициядан коркуп келгеним жок. "Мына менин арызымды сурабадыңар эле, эми сурайсыңарбы? Силердин алыңар жетпегенге менин алым жетти. Эми тосмо арыздын да кереги жок. Биздин укугубузду коргогондордун да кереги жок"- айткым келип, өчөшүп келдим.
Адам укугуң менен адам экенсиң да. Укугуң корголбогондон кийин, сен эч ким эмес экенсиң. Мына эми камактамын. Балдарымды сагындым. Мага эч ким келбейт. Балдарым жаш, күйөөм түрмөдө. Ушул жердин берген тамагын ичип отурам. Тергеп жатат. Ушуларды айтып бердим. Мага окшогондорго сыртта орун болбосо, түрмөдөн ордумду тапкандырмын.
- Тахмина, балдарымды сагындым деп жатпайсыңбы? Балдарым үчүн деле ушул ишке барбай койсом болмок деген өкүнүү болуп жаткандыр?
- Болот да, болбой коет беле. Бирок ал кишиден кутулуу бир эле мен эмес, көптөргө жакшы болду. Акыры угасыңар. Ушундай мүнөздү туу тутуп жүргөндөргө да сабак болсун, аял эркекти өлтүргөн бул окуя. Укугум тиешелүү жактардан корголбосо эле, өзүмдүн адамдык абийиримди, аялдык намысымды өзүм коргой албаймынбы? Мен адаммын да. Неге ушунчалык, тебеленип-тепселишим керек? Өлтүргөн кылмышыма карата берген жазага кайылмын. Пешенеме ошондой жазылгандыр. Балдарым чоңоет. Балдардын өз ырыскысы бар дейт го. Кыйналып чоңоюшар. Кантмек элем, тирүү болсом түшүндүрөрмүн.
Балдарымды окутуп, билимдүү-илимдүү кылам деп, аттарын да улуу максат менен улуу инсандардын атынан Чынгыз, экинчи уулумдун атын Илгиз койдум эле. Кудай деген бар. Ушундай ит көргүс, итке ыраа көрбөгөн азабымдын ырахаты болор. Мен көрбөсөм, балким ал ырахатты балдарым көрөр. "Балдарым, пешенеңерге органда иштеген кесипти жазса арызданып келген энеге, аялга жана балага үзүлүп түшүп карагыла. Арам тамак болбогула. Анда адамдын айбандан не айырмасы бар" деп айтып,тарбиялайм деп кыялданчумун. Ушул жерин жазып коюңузчу. Балдарым балким чоңойсо окушаар.
Материал "Азаттыктын" сайтынан алынып, кыскартылып берилди.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
кыз-бурак" айперини сотко береби?
2-бет
"Жакшы адамды сөз ээрчийт, жаман
адамды чөп ээрчийт"

3-бет
Айчүрөк Иманалиева:
"Биздин үй-бүлөнү эч ким буза албайт"

4-бет
СПИД кыргызстанга
Африкадан келгенби?

5-бет
Атактуу адаштар
6-бет
Эрмек БЕЙШЕНАЛИЕВ:
"Ата-энем жок ресторанга Чыңгыз ага менен баргам"

7-бет
Мамбет Мамакеев:
"Энемдин көрбөгөн кордугу калган жок"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
"Галдир" Дамира, ашпозчу Бакыт,
жылдыз боло берген Нурдөөлөт

10-бет
"Мен аны өлтүргөнүмө өкүнбөйм"
11-бет
Дүйнө жүзүнө белгилүү "гейлер"
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Тагдыры татаал, жаш өмүрү кыйылган Василий Лышкин
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??