п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кызыктар дүйнөсү

Дүйнө жүзүнө белгилүү "гейлер"
Гейлер башкалардан өзгөчөлөнүп аялдарга эмес, эркектерге болгон сексуалдык каалоосу күчөйт. Алардын көз карашы менен караганда мындай көрүнүш мыйзам ченемдүү болгону менен көпчүлүктүн көзүнө өөн учурайт. Гейлердин эркектерге болгон тартылуусу бала бакчадан, тагыраак айтканда аң-сезими өнүгө баштаган учурдан тартып өнүгөт. Дүйнө жүзүнө белгилүү гейлер, тарыхта калган аттар тууралуу төмөнкү макаладан окуй аласыз.

Чайковский өз өмүрүн өзү кыйганбы?
Калың журтка белгилүү композитор Пётр Ильич Чайковский гей болгону баарына эле маалым болсо керек. Тагдыры татаал Чайковскийдин түйшүгүн анын кичүү иниси Модест бөлүшкөн. Бул "үй-бүлөлүк тандем" жалпыга белгилүү болгондон кийин Петр Чайковский гомосексуал экенин жашырып, ушак-айыңдардын артын тыюу үчүн үйлөнүүгө аргасыз болгон. Тилекке каршы курулган нике көпкө созулбай аялы менен ажырашып тынган. Жашоосундагы катастрофадан кийин Чайковский: "Табияттын тартуусун кабыл албай коё албаган соң, жан-дүйнөң башка нерсени эңсеп турса, өзүңдү зордоп каалабай турсаң дагы аялды сүйүп, аны менен бир төшөккө жатуу канчалык оор экенин өз жон терим менен сездим" дегени бар. Андан соң өзүнүн жакын досу А. Н. Апухтин менен бирге жашаганга өттү. Апухтинден айырмаланып Чайковский өзүнүн гомосексуалдыгынан уялчу. Ал өмүр бою бул маселе менен башын катырып келгени, аягында өз өмүрүн өзү кыйган деген имиштер айтылып келет. Ал тургай Чайковский бир байдын баласын азгырып, аны менен сексуалдык жакындыкка барган деген ушактар ээрчип жүргөн. " Жыгылган күрөшкө тойбойт" жашоосун кайрадан бир калыпка түшүргүсү келген Чайковский 1877-жылы өзүнүн студент кызына үйлөнөт. Бирок, үй-бүлөсү болсо да орто жолдон он төрт жаштагы жээни Бобду сүйүп калып, "сүйүктүүсүнүн" ар бир кадамын күндөлүгүнө төмөндөгүдөй сүрөттөп жазган: "1-май, 1884-жыл. Бүгүн мен сүйүктүүм Боб менен пианинодо ойноп, дуэт ырдадым. 22-май. Мен иштеп жатканда да же сейилдеп жүргөндө менин мээм иштеп жатканы менен эс дартымдын баары Бобдо болуп жатат, жалгызсырап жаман болуп жүрөм. Кээде өз сүйүүмөн өзүм коркуп кетчү болдум". 1893-жылы ал халера оорусунан каза болгон. Өзүнүн болгон мурасын ал жээни Бобго таштап кеткен.

Жан Жененин өнөктөшү өз өмүрүн өзү кыйган
Франциянын белгилүү жазуучусу Жан Жененикиндей кайгылуу тагдыр кездешпесе керек. Гомосексуал болгону аз келгенсип, китеп уурдаганы үчүн бир нече жолу абакка отуруп чыккан. 1910-жылы 19-декабрда төрөлгөн Жанды апасы мамлекетке таштап, өзү дайын-оту менен жоголгон. Бала карапайым үй-бүлөгө туш келип, катуу тартипте өскөн. Ага карабай он жашынан баштап акча уурдаганды мыкты өздөштүргөн. Он сегиз жашында аскерге барганда анча-мынча тартипти үйрөнгөнү менен кайра эле "таз кейпине түшүп" кымбат ичимдиктерди, көйнөктөрдү уурдап удаа-удаа түрмөгө отуруп чыккан. Жашоосундагы эң оор, трагедиялуу роман чиркөөнүн кызматкери Абдалла менен болгон, тилекке каршы Абдалла өз өмүрүн өзү кыйган, эмнеден улам экени табышмак бойдон калып келет. Ошол каргашалуу окуядан кийин Жандын жашоосу түп-тамыры менен өзгөрүп, жыйырма беш жыл эч кандай чыгарма жараткан эмес. 1982-жылы жазуучу тамагы шишип (рак оорусуна кабылып) көз жумган.

Бир эле убакта гомосексуал да, ата да болгон Леонардо да Винчи
Жер шаарына белгилүү италиялык скульптор Леонардо да Винчи жыйырма төрт жашынан баштап сойкулук менен алектенген он жети жаштагы Джакопо Сальтарелла менен жакын мамиледе болгон дешет. Андан кийинки өнөктөшү өзүнүн окуучусу Салаи, анын элге кеңири тараган аты "Кичинекей албарсты" болгон. Окуучусу менен Леонардо он сегиз жыл жашап, анын бардык чыгымын төлөп, кымбат кийимдер менен камсыз кылган экен. Мыйзамдуу түрдө аял албаганы менен Леонардо да Винчинин он жети жашында эле никесиз баласы болгон деген божомолдорду италиялык окумуштуулар айтып чыккан.

Бала кезиндеги досу менен көңүл ачкан
Александр Македонский
Белгилүү кол башчы Александр Македонский аялдарынын баарына дээрлик саясий кызыкчылык менен баш кошкон. Анын денеси, сүйүүсү өзүнүн балалык чагынан берки досу Гефестионго арналган. Аялдарына көңүл бурбай, бош убактысы болсо эле досуна барып турган. Экөөнүн мамилесин аялдары, жакын достору гана билип, көпчүлүккө анын гомосексуал экенин сыр бойдон сактап келишкен. Гефестион өлгөндө анын жашоосун сактап кала албагандыгы үчүн доктурду жазалаганга буйрук берип, өзү аза күтүп бир нече күн турбай жатканын тарыхчы Мари Рено Македонскийге арналган өзүнүн илимий ишинде баса белгилеп өткөн. Гефестиондун сөөгүн жерге берүү салтанаты эң жогорку деңгээлде өтүп, "тарыхтагы эң кымбат узатуу салты" наамына татыган.

Гомосексуалдыгы
менен пиар жасаган
Борис Моисеев
Орус элинин шоу-бизнесиндеги белгилүү өкүл Борис Моисеев он беш жылдан бери өзүнө бир топ эле пиар жасап келүүдө. Бирде ашыкча кабыргасын операция жолу менен алдырып салганын жар салса, бирде гей эмес экенин айтып актанып келет. Же өнөктөшү экени же ойношу экени билинбейт, Нильда Фернандес менен көптөн бери бирде урушуп, бирде жарашып келишет. Ар бир концерти аншлаг менен өтүп, залдын көбүн айымдар толтургандыктанбы айтор Боря өзүнө туруктуу "түгөй" таба албай келет. Гей болгон күндө деле өзүнүн убактылуу жашаган түгөйлөрүн эл алдына чыгарып мактангысы келбесин билдирген. Балким ушундан улам Борис Моисеев учурда ким менен жашап жатканы табышмак болуп келүүдө.
Ал тургай элдердин арасындагы дагы бир резонанс жаратып үйлөнөм деп чыккан, кызыгы анын болочоктогу колуктусун эч ким көргөн эмес. "Мага аялбы, эркекпи айырмасы деле жок. Эң негизгиси мени сүйүп, каалап турушса болду" дейт шоумен.

Гейлерден тепки жеген Шура
Ырчы Александр Медведев көпчүлүккө Шура деген псевдоним менен таанымал. Шуранын репертуарындагы ырлар акыркы күндөрү жаңыланбай эл арасында аты өчүп да бара жатат. Ызы-чуусуз бир да күн жүрө албаган Шура мас абалында өзүнүн жакын досу Ольганы сабап, муунтуп атын бир таанытса, экинчисинде өзү гейлерден таяк жеп оор абалда бейтапканага жеткирилген. Эс-мас абалында 12 миң евросун жоготконун кайра-кайра кайталап, ийне сайганда араң эсине келген. Кээ бир маалыматтарга таянсак Саратовго гастролдоп барган Шура көчөдө топтошуп бара жаткан гомосексуалдардын бирөөсүнө өзү биринчи тийишкен. Муштуму кычышып, араң турган гомосексуалдар Шураны тепкиге алышып, кабыргаларын сындырып, көкүрөк клеткаларына оор жаракат келтиришкен. Бул кырсыктан кийин бутуна турган ырчы азыр гомосексуалдар үчүн арналган стрип-клубда бийлеп жан багат. Өнөктөштөрүн бат-баттан алмаштырып тургандыктан, учурда кайсы гей менен көңүл ачып жүргөнү табышмак. Шоу-бизнестеги гомосексуалдардын ичинен бат-баттан түгөйүн алмаштырган да дал ушул Шура болуп эсептелет.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
кыз-бурак" айперини сотко береби?
2-бет
"Жакшы адамды сөз ээрчийт, жаман
адамды чөп ээрчийт"

3-бет
Айчүрөк Иманалиева:
"Биздин үй-бүлөнү эч ким буза албайт"

4-бет
СПИД кыргызстанга
Африкадан келгенби?

5-бет
Атактуу адаштар
6-бет
Эрмек БЕЙШЕНАЛИЕВ:
"Ата-энем жок ресторанга Чыңгыз ага менен баргам"

7-бет
Мамбет Мамакеев:
"Энемдин көрбөгөн кордугу калган жок"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
"Галдир" Дамира, ашпозчу Бакыт,
жылдыз боло берген Нурдөөлөт

10-бет
"Мен аны өлтүргөнүмө өкүнбөйм"
11-бет
Дүйнө жүзүнө белгилүү "гейлер"
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Тагдыры татаал, жаш өмүрү кыйылган Василий Лышкин
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??