Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
Абактагы алгачкы "свиданка"
"Осужденная Намазбекова, в комнату свидание!" деген үн угулду сырттан, үч жолу кайталанды. "Үйдөгүлөр келди" деген ойдон сүйүнөөрүмдү же күйүнөөрүмдү билбей катып туруп калдым.
- Мына, сени окшойт. Зона боюнча башка Намазбекова жок болсо керек эле. Эми үйдөгүлөрүң кебетеңди көрүп, кейишет турбайбы. Каап, ойдо жок жерден карачы... - деген Зейне тарагымды алып, чачымды тарап калды.
- Аздек, уктуңбу? - деп сырттан улам бири чуркап киришип, отряддагылар мага сүйүнчүлөп жатышты.
ДПНК нын "дубачкалары" менин кебетемди көрүшөөр замат:
- Сен эмне бирөө менен мушташтыңбы? Ким менен? Кайсы отряд?-дешти бир ооздон.
- Жок,- дедим каратып туруп,-"прачкадан" тайгаланып жыгылып кеттим. - Кызарып чыктым
- Ким фамилияң?-деди көздөрү ачык асмандай көгүлтүр, чачы кыска кыркылган, бойлуу "дубачка- свиданщица".
- Осуждённая Намазбекова Аздек,- статья жылымды айттырбай токтотуп калды.
- Намазбекова, "свиданкага" чыкчу сен экенсиң да? Кебетеңди күзгүдөн карадыңбы? Кечке чакыртып, эмне келбей жатат десе, "разборкада" жүргөн турбайсыңбы?! Эмне себептен, ким минтип оозуңду жыра койгонун айтпасаң, "свиданкага" чыгам деп ойлобо! - теше тиктеп, менден жооп күтүп калган "свиданщицаны" жалдырап карап эле көзүмдөн жаш сызылды. Мукактанып эч сөз сүйлөй албай койдум. Менден жарытылуу сөз чыкпасын түшүндүбү, ДПНКанын ичиндеги капитан чининдеги формачан аял:
- Сырттагылар көп күтүп калышты, алып чык. Начальник отрядына эскертип коюш керек, териштирсин,- деди.
Жолугушуу бөлмөсү чакан, терезелери тордолгон бөлмө экен. Төрт бурчта төрт жупуну стол, отургучтары менен турат. Төрдөгү столдо эки аял маңдай-тескей сүйлөшүп отурушат. Колунда жаш баласы бары ыйлап алган. Аны тааныдым. Бул жерде колунда балдары барларды "мамочка" деп коюшат. Бул келиндин да бир жаштагы кызы бар. Санчастка барып калганда мотурайган кичинекей, чачтары тармал кара тору кызды колума алып эркелетип да калгам. "Кызык, балдары менен да олтургузуп коюшабы?" деп таң калып келгенимде, "Боюнда бар кезинде соттолуп, ушул жерден төрөгөн. "Срогу" чоң байкуштун, "166" менен олтурат. Кызы тим эле сүймөнчүк кыз бекен? Таенеси алып кетейин десе бербей жүрөт окшойт" дешкендерин уккам. Тигил аялды келинге окшоштуруп апасы го деп божомолдодум. Күңкүлдөшүп сүйлөшсө да жемелеп жатканы билинип турду. Ары-бери басып аткан мени анда-санда көз кыйыгын салып карап коюп олтурду. Мен болсо үйдөгүлөрдүн киришин күтүп туруп бул бөлмөгө батпай турдум... Ушул түрүмдү көргөзгөндөн уялып...Жүрөгүм дүкүлдөйт. Темир эшиктердин шарактап ачылып-жабылганы, анан апамдын, мен аябай сагынган алтын апакемдин үнү угулду! Эшик ачылганда эле биринчи босогону аттаган апам мени көрүп колундагы баштыгын жерге таштай:
- Кебетең канте-ет?! Шордуу кызым ай! Куураган турбайсыңбы!-деп кучактай, буркурап ыйлап кирди. Эртеден бери өзүмдү жакшы эле тыйып жаттым эле, токтоно албай мен кошо шолоктодум. Артынан кирген атам болсо өзүн ыңгайсыз сезгендей эки жакты айландыра карап алып:
- Болду эми! Кел, кызым менен мен деле учурашайын,-десе апамдын угаар түрү жок. Кучагынан чыгарбай бети-башымды өпкүлөп, жалынып-кагылып жатты. Көптө гана атам карылуу кучагына бекем кысып, чекемден өөп, чачтарымдан шуу-шуу жыттай:
- Жакшысыңбы?-деди. Көздөрү жашылданып, каргылданган үнүнөн өзүн араң эле карманып турганы кадимкидей байкалды.
- Муну сабашыптыр, -деди апам отургучка олтуруп жатып.
- Жо-ок апа! Жана кир жууп жатып жыгылып кеттим...
- Койчу айланайын! Мына бетиңде тырмактын изи...Кайсы колуң сынгыр айдай бетиңе айгырдай так салып жүрөт?! Алдагы оозуң дагы айрылып турбайбы? Начальнигиңе кирели,бир ооз айтып койбосок... Келе электе эле ушинтишсе булар сени соо коюшпайт го?!-деп безеленген апамды атам араң тыйып:
- Ой, бай болгур, болду эми! Алып чык алдагы тамак-ашыңдан, муздап кала электе жеп алсын,-дегенде гана бир аз тынчый түшкөн апам:
- Чын эле балакетиңди алайыным, сабап аткан немелер сага тамак арттырышмак беле! Көзүм менен көрүп, көңүлүм тойсун, мына жечи мобулардан...Мантыны Чүрөк эжең өз колу менен жасады, сени жакшы көрчү эле деп. Каттаманы өзүм жасадым. Тигил баштыгыңда бышкан эт, боорсок бар, атайын айылдан өзүң жакшы көргөндөй тоң майга жеңең бышырды. Жей кой,-деп апам өнтөлөгөн сайын өрөпкүп өпкөм көөп, тамагымдан тамак өтпөй, жемиш болуп отурдум. Термоско сүттөлгөн чай куюп алышыптыр. Үшүдүңөр деп өздөрүнө да ичирдим.
- Тигил түрмөң жакшы эле, уруш-талашы жок олтурбадың беле? Бул жерде болсо соту бүткөндөр олтура турган жер турбайбы. "Эми мага сурак жок, эмне кылсам өзүм билем" деген ойрондор да ээ?!- деп дагы деле апам тынч олтура албай атам экөөбүздү алмай-термей карап коёт. Атам болсо менин абалымды түшүндү. Ошон үчүн эркектик кылып ашыкча суроо берген жок.
- Дагы бирди же, тигинден ал,-деп гана анда-санда колдорумдан өпкүлөп коёт.
- Өзүңөрдө эмне жаңылык? Сүйлөп бергилечи?-дедим.
- Бизде эмне жаңылык болсун...Өзүң көргөндөй эле баягы эле айылдын түгөнбөгөн көр оокаты менен алпурушуп күн өтүп жатат. Атаң больницага жатып жаңы эле чыкты. Сага чогуу келели деп атаң чыкканча мен айылда болдум. Жеңең эмчектеги эки баласы менен кыйналып калбасын деп. Байкеңдер, кошуна-колоңдор салам айтышты. Баарыбыз эле кейип, эки сөзүбүздүн бири сен болуп калдың, каралдым. Чүрөк эжеңдер да жакшы эле турушат. Күйөөсү жакшы неме экен, сен олтуруп калгандан бери бизди машинеси менен ары-бери ташып, адвокатыңдын акчасын төлөп берди. Атаңды тааныш докторуна көргөзүп, өзү төлөп жаткырды. Сага барабыз десек 2000 сом берди, кой десек болбой. Өзүбүз деле эки коюбузду сатып акча кылып келгенбиз. Эми биз бат-баттан келе албайбыз, "сен барып тур, кызыбыз куурап калбасын" деп Чүрөк эжеңе кайра акча бердик. Келип турат. Эмне кем-карчың болсо тартынбай эле айтып тур. Самын-сумун, көйнөк-кече алып келдик. Кайын-журтуң да кийим-кечеңди берген жок, биз да сураган жокпуз. Башы-көзүңдөн садага, алтын башың аман болсо кийим табылат. Ай, ай, ай кызым! Жаштык кылып койдуң да. Күйөөң таштап кеткенден кийин эле үйгө баса бербейт белең, эмне аларга анча тырмыштың? Жакшы эле башы оор баладай көрүндү эле, эмне болду экен? Урушуп-талашпай эле иштегени кетти беле?
- Ап-па!- дедим атамдан тартынып. - Ал таштаган эмес...
- Билбейм...Кайненеңдин айтканына ишенбейин десем кайда анан?
- Эми анын кайда экенинин эмне кереги бар?!- атам апамдын сөзүн жактырбагандай кагып койду. Апам унчукпай калды.
Сүйлөшүп олтуруп төрт сааттын кантип өткөнүн да байкабай калыптырбыз. Сырттан жанагы "свиданщица" кирип келип тигил келиндин апасын чыгарып баратып:
- Сиздердин да убакыт бүттү, даярданып туруңуздар,-дегенде апам чочуп кетти, "жаңы эле кирбедикпи?" деп.
Коштошоор мүнөтүбүз ушунча оор болду. Апам кайра ыйлап, атам аны тыйып...
Экөөнү ээрчип үйүмө кетким келип, ушул жерде жалдырап кайра жалгыз калаарыма ишене албай ичим күйөт.
- Турмушта баары болот, Аздек! Акылдуу кызымсың, сабырдуу, көтөрүмдүү бол! Бул да болсо Кудайдын сага деген бир сыноосудур деп ойлойм. Аял көп жерде түрмөдө эмес, сыртта деле чыр-чатак болот. Болгону аралашпаганга аракет кыл. Бизди ойлобо, өзүңдү карап жаныңа тың бол!-деп кетишти.
Мени эки жакын адамымдан темир эшик бөлүп калды.