атактуулар ааламы

Тагдыры татаал, жаш өмүрү кыйылган Василий Лышкин
"Громовдор", "Сволочи" сыяктуу орустун тасмаларында образдарды жараткан белгилүү жаш актёр Василий Лыкшин быйыл 18-октябрда күтүүсүз каза болгон. Таланттуу актёрдун жан кейиткен тагдыры, балдар үйүндө өткөн балалыгына көз чаптырдык.

Бактысыз өткөн балалык
Василийдин тагдыры "Громовдор" сериалындагы айрым эпизоддорго окшошуп кетет. Актёрдун ата-энеси карапайым, иштеп тапканын ичкиликке жумшаган адамдар болгон экен. Арактын артынан түшүп кеткен ата-эне балдарын бага албай, өкмөт аларды балдар үйүнө өткөрүп таштаган. Байкеси Павлик, эжеси Настя үчөөнүн балалыгы балдар үйүндө өтүп жатканда Василий дагы бир инилүү болгонун угат. Бир нече убакыттан кийин кичинекей актёр атасынан айрылып, апасы башка адамга турмушка чыгат. Эл сыяктуу турмуш кечиргиси келген эне балдарын интернаттан алып алат. Өгөй атасы өз атасына караганда аракты аз ичкени менен үй-бүлө жакырчылыктан суурулуп чыга алган эмес. Балким ушундан улам Василий уурулукка барган чыгаар. Бир күнү Василий достору менен жалаң генералдар жашаган дачага ууруга киришкен. Короонун ичине видео орнотулганын билбеген балдар колго түшүп, жашы жете элек балдардын колониясына камалган. Ошентип кара курсактын камын ойлогон болочоктогу актёр түрмөнүн даамын татканга да үлгүрөт.

Колониядан кинону көздөй
Режиссёр Светлана Стасенко "Четте турган периште" аттуу тасма тартууга киришип, төрт жүздөн ашуун балдарды кастингден өткөрүп чыккан. Колуна Василий Лыкшин тартылган кассета тиет, ал кассетаны Светлана балдар үйүнө репортаж даярдаганы барганда тартып келген. Ошол замат Василийди болгон колонияны кыдырып издеп, таап чыгат. Тасманын жаратуучулары администрациядан Василийди сурап алышып, ал эми Вася "мен тасмага тартылганга сарптаган убакыт "срокко" кошулуп эсептелинет" деген шарт менен макул болгон. Өзүнүн тагдырын кайталап, кинодо Мишка деген баланын образын жараткан.Тагыраак айтканда, Мишка дагы Василийге окшоп жарды үй-бүлөдөн чыгып, колонияга отуруп калат.
Сьёмка учурунда Василий өзүн жакшы алып жүрүп, башкалардын сүймөнчүлүгүнө бат эле айланган. Тасма бат эле популярдуу болуп чыга келип, жаш актёр Американын "Young Artist Awards", Young Artist Awards" наамына арзыган.
Тасма тартылып бүткөндөн кийин "Василийди мындан ары эмне кылуу керек?" деген суроо туулган. Светлана Стасенко баланы кайра колонияга алып барганга дити барбай, багып алууга бел байлаган. Ошентип, Вася жаңы үй-бүлөлүү болгон. Балдар үйүндөгү көнгөн эркиндикти самап, жаңы үйүндөгү жашоону актёр төмөндөгүдөй сүрөттөп берет: "Мага өз баласындай мамиле жасашканы менен баарыбир өз үйүңдөгүдөй болбой тартынып, уяла берчүмүн. Жада калса уялганымдан тамак ичким келгенин айта алчу эмесмин. Кичүү кызы Мария менен да бат-баттан уруша берчүбүз. Азыр ал экөөбүздүн мамилебиз жакшы". Багып алган ата-энеси менен актёр үч жарым жыл жашап өз энесине, туугандарына кайтып келүүнү туура көргөн. Ал кезде Василийдин апасы экинчи жолу турмушка чыккан. Мурдагы өгөй атасына караганда экинчиси үй-бүлөгө карамдуу болуп, жашоолору бир калыпка түшкөн.

Тагдырдын түгөнбөгөн түйшүгү
Тасмада өспүрүмдөрдүн ролун ойногон Василий чыныгы жашоодо бүт түйшүктү мойнуна алган. 2008-жылы өзүнөн төрт жаш улуу Еленага баш кошуп, анын биринчи күйөөсүнөн калган уулу Никитаны, бир туугандарынын баарын чогултуп,батирде жашаган. Апасы каза болгондон тартып түйшүктүн баары актёрго жүктөлгөн. Акыркы күндөрү Васийлийдин ден-соолугу жайында болбой, ага кошумча сасык тумоо болуп көп дары иче баштаган. "Ранетки" тасмасына тартылып бүткөндөн кийин кесиптештери менен коштошуп үйүнө келген. Келип уктоочу бөлмөгө кирип жаткан бойдон турган эмес. Ал кезде аялы тогуз айлык кызы Кираны алып апасына учурашканы кеткен.

Киши колдуу болдубу?
Аялы Еленанын божомолунда жолдошу киши колдуу болгон. Анткени, Василий каза болгон түнү үйүндөгү кымбат-баалуу буюмдар, акча жоголгон. Доктурлар Василий каза болгон түнү келишип "жүрөгү токтоп калган" деген жыйынтыкка келишкен. Буга макул болбогон актёрдун жубайы менен баккан энеси Светлана Стасенко жеке экспертти жалдашып, анын сөөгүн дагы бир ирет текшерүүдөн өткөрөбүз деген жыйынтыкка келишти. Экспертизанын жыйынтыгы чыкмайын Василий Лыкшиндин жакындары Массалык маалымат каражаттарына комментарий берүүдөн баш тартышууда. Ал эми бул кырсык тууралуу Светлана Стасенко: "Ооба, ал жаны тынбай иштечү, жашоо-шарты анчалык деле жакшы эмес болчу, үч бөлмөдө жети адам тыгылып жашашчу. Анын үстүнө Кира кичинекей болуп аны бакканга көп каражат жумшалды. Албетте мунун баары жыйырма эки жаштагы жигит үчүн оор. Бирок мен анын өлүмүнө жетишпеген жашоо себеп болду деп айта албайм"-дейт. Ал эми аялы Еленанын айтымында, акыркы күндөрү ал дарыны көп ичип, бирок дары-дармектер эч кандай жыйынтык бербей жатканын жубайына айтыптыр. Елена ошол күнү таң калыштуу түш көргөн. Василий кызы менен ойноп жатып, аны менен ажырашкысы келбей жатканын айткан. Таң калыштуусу, Василий Лышкин өлгөн күнү тогуз айлык кызы Кира биринчи жолу "ата" деген сөздү айткан.