п»ї

  Обон почта

ОП-94-01. Кыз багып алат элем. Дени сак, бир жашка чейин, жардам бергилечи СМСчилер. 0555176ххх.
ОП-94-02. Ысыкжанов Мирбек, Ысык-Көлдүн Ак-Булуң айылынан мага чалчы? 0550450233.
ОП-94-03. Менин саламым Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында жашаган менин сүйкүмдүү, барктаган жана күтүп жүргөн Айжамалыма жолдонот. 0772401ххх.
ОП-94-04. "Обонушканын" жалпы жамаатына салам! Калемиңер курчуй берсин жана чоң ийгиликтерди каалайм! 0771941ххх.
ОП-94-05. Мен Токтогул шаарчасынын тургундары биртуугандарым Сати, Токтайым, Бокиге салам жолдойм! Жылдызбек акеңер.
ОП-94-06. Амангүл деген ким? Кыргыз гезит бетин толтуруп бүттүң. Аман бол, саламатта бол! Каяша айтып жазба! Айбек.
ОП-94-07. Алай районундагы Кабылан-Көл айылынан тургуну сүйүктүү апам Маматова Бариканга салам жолдойм! Апа, ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болсун! Дайыма маңдайыбызда жадырап жүрө бериңиз! Алматыдан кызыңыз Кенже.
ОП-94-08. Баарынан өзгөчө, ОшТУнун 5-курсунун студенткасы Алимкулова Гүлнур бардык гүлдөрдөн сен сулуусуң, жыттуусуң. Бакыт, тилек, келечек бүгүнкүдөн. Сенден аракет менен үмүт. "Супер келин" болгуң келсе мен даярмын. Жалганчы Ноокаттык акаң.
ОП-94-09. Салам достор! Доско туруксуз, сага карап күлүп тур…. 0778296ххх.
ОП-94-10. Неля кыргыз эстрадасынын биринчи супер ырчы айымы! 0770242ххх.
ОП-94-11. Салам сүйүктүү газетам "Обонтай"! Гезитиңер күзгө жетсин, өзүңөр жүзгө жетиңиздер! Супер досум Максат Токтогулов жана супер аяшкам Айгүлдүн келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм! Жаша ошондой эле үй-бүлөсүндө жакшы-жакшы жаңылыктар жаңырып турсун! Терең урматтоо менен Таха.
ОП-94-12. Салам! "Обонтайдын" СМСчилери амансыздарбы? Мен да сиздер менен байланышып, достошсом дейм. 0773734ххх.
ОП-94-13. Сагынычты айтпа мага жүрөгүм, / Ансыз деле кусалыкта жүрөмүн. / Махабаттын жыргалы келчү күндү, / Мейли жаным жүз жыл болсун күтөмүн! / 0773734ххх.
ОП-94-14. Менин саламым Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында жашаган Элдиярга! Мен сени чексиз сүйөм. Айнаш.
ОП-94-15. Урмат Үсөнов экөөбүз тең экенбиз. Мен дагы 1981-жылы 11-февралда төрөлгөм. 0777681ххх.
ОП-94-16. Асема, тилеген тилегиңе жет! Зарина.
ОП-94-17. Гүлнур Сатылгановага эч ким жетпейт. Тата Улан экинчи орунда. 0777681ххх.
ОП-94-18. Алматыда "тирилик" деп иштеп жүргөн кыргыз элиме салам жолдойм! +77026121ххх.
ОП-94-19. Салам "Обон"! Кыргыз элиме сагынычтуу салам жолдойм! Кыргыз элим ар дайым тынч болгула! "Обондун" бети Амангүл боло берип тажатып жиберди. Башка кылаарга ишиң жокпу? Августина.
ОП-94-20. "Обондун" эң эле табышмактуу СМСчилери Тайыр, Сырдуу кыз жана Э. Дима сиздердин билдирүүлөрүңөр абдан маанилүү. Силер менен жакындан таанышкысы келген Бактыгүл92. 0554220114.
ОП-94-21. Салам алейкум "Обондун" жалпы жамааты жана супер СМСчилер Э. Дима, Жаным, Жанусь, Роза, Билал козу, Кушу сынчы, Зуля, Абда, Нурмухаммед, Гуля88, Айчүрөк, Замана93, Амангүл, Бегимай, Бактыгүл92, сиздерге бекем ыйман, түгөнгүс бакыт каалайм! Жан Айбын.
ОП-94-22. Ангел, Асема, Роза, Гүлшайыр, Каныкей, Бакуля, Айзирек, Нуриза, Нурай, Гуля88, Амангүл, Леди Гуличка, Зуля, Алтынай, Азат 90, Жака Жазгүл, ЗАМ командасына жана кыргызымдын бардык кыздарына салам! Наргиза эжеге: Сүйлөсөң сөзүң кең болсун! / Сүйгөнүң сага тең болсун! / Сүйүү деген сөзүңө, / Сүйкүмдүү жигит туш болсун! / Фея.
ОП-94-23. Амангүл дося, сенин атың жазылган жакшы СМСти жүрөккө сакта, жаманын көңүлгө алба! Алар сенин эң алдыңкы кыздардан экениңди көрө алышпайт. Дайыма маанайың ачык болсун! Сени урматтаган досуң Айгөлөк.
ОП-94-24. Менин саламым Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Паселка айылындагы Парбеков Гулам атама, Кеңешова Чынар апама жана ошондой эле карындаштарыма, тууган-уругума чоң салам! Ар дайым тынч болгула! +77710400ххх.
ОП-94-25. "Бекжан" базарынын экинчи кабатында олтурган Айке, Мүрөк, Наргиза, Гүлмира, Асира, Бема, Гүнсулуу, Рабияга салам! Бар болгула сулуулар! Айпери.
ОП-94-26. Салам кыздар! 30 жаштамын, менин номериме чалгыла! 0777378582.
ОП-94-27. Кубарып кусалыктан кыйналганда, / Көңүлүм эч нерсеге сыйбаганда. / Кубулжуп музыка чыгып телефондон, / Кубанткан СМСтер келсе мага! / Фея.
ОП-94-28. Эх чиркин сүйүү кандай жаралат? / Бири сүйсө, бири сүйбөй баратат. / Бири жетсе, бири жетпей сүйүүгө, / Өкүнүчтүү өмүр өтүп баратат. / Фея.
ОП-94-29. Урматтуу "Обонушканын" СМСчилери! "Махабат" компаниясы сиздерге эскертет! Сиздердин эсебиңиздерде "сүйүү" түгөнүп баратат. Эсебиңиздерди толтурбасаңыз, сиздерди "жөнөкөй сүйүү" тарифинен "Арман" тарифине өткөрөбүз. 0771245ххх.
ОП-94-30. Кыргызстаным ыйык Курман айтыңар менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Жараткан жардамын аябасын! Таха.
ОП-94-31. Нарынбек брат, талантыңызга таазим. Таха.
ОП-94-32. Мен ичемин аппак аткан таң үчүн! Бүгүнкүдөй оюн күлкү шат үчүн! Мен ичемин бул дүйнөдө, Тирүүлүк, улуу достук бар үчүн! Таха.
ОП-94-33. Салам Перизат! Эч нерсе эмес. Мен кечиримдүүмүн, Аллахым да кечиримдүү. +77013655ххх.
ОП-94-34. Эй адамдар, акча сурап олтургандарга жардам берип, ынсаптуу болгулачы! 0777666ххх.
ОП-94-35. Мен сени сүйөм! 0778018ххх.
ОП-94-36. Бишкекте жашаган Көлмөдөгүлөргө салам! Айрыкча Амантурга! Досум сени сагындым! Атыраудан Жума.
ОП-94-37. ОП-93-102 Таалай. Ж. ырдын көркүн бузбай эле жазбайт белең! +77026587ххх.
ОП-94-38. Жүрөгүмдө калды сенин элесиң, / Айтчы жаным, эми качан келесиң? / Сени издейм элесиңди кубалап. / Кайсы күнү ак сүйүүмдү сезесиң?! Солнышко.
ОП-94-39. Менин эң жакшы көргөн иним Исламчикке жана Жамиля, Назима, Сезимай мен силерди жакшы көрөм! Эжеңер Миргүл.
ОП-94-40. Айт майрамыңар менен! +79266950ххх.
ОП-94-41. Салам "Обондун" СМСчилери! Мени да катарыңарга кошкулачы, суранам! +77011428ххх.
ОП-94-42. Сагынып саламымды учурдум мен асмандагы жылдыздардан. Садага мени сыздатпай келчи жаныма. Сүйүүнүн балын бир татып жүрөлүчү, суктантып элди каратып. Самаймын сезим толгонсо, сагынам ардагым, жалгызым менин! Айгөлөк.
ОП-94-43. Кыргыз элиме ысык салам! Ар дайым ойноп-күлүп жүрө бериңиздер! Мика.
ОП-94-44. Салам Ильяз Абдразаков! Ошко коюп кеткен концертиңиз үчүн чоң рахмат! Сиздин жөнөкөйлүгүңүз жакты. Сизге деген белектеримди өз колум менен тапшырганыма абдан кубанычтамын. Чынында мен сизди биринчи жолу жакындан көрдүм. Сиз деле көрсө биздей адам турбайсызбы. Ар дайым ушундай болуп жүрө бериңиз! Белектерди берип, сүрөткө түштүм. 0778654ххх.
ОП-94-45. Эки жыл мурун Элиза жана Бегимай деген досяларым бар болчу. +77013655ххх.
ОП-94-46. Салам таланттуу мегазвезда Ильяз Абдразаков! Дайыма алдыда болуп жүрө бериңиз! Сизге кат жазып, белектердин арасына салып койдум. Сизге плакатымды былтыртан бери эле бере албай жүргөм. Эми мага чалып коюңузчу, суранат элем. 0778654ххх.
ОП-94-47. Салам Билал козу! Мени кечирип коюңуз, кеч болгонун билбей калыптырмын. Эми тынчыңызды албайм! Оштон Айсулуу 89.
ОП-94-48. Салам леди Гуличка! Кандайсың дося? Ден соолугуң, ишиң жакшыбы? Биз жакка качан келесиң? Сагындым сени! Айсулуу 89.
ОП-94-49. Саламым "Бекжан" базарында олтурган тагам Адылбекке, жеңем Зуурага жолдонот! Бар болгула! Айпери.
ОП-94-50. Менин саламым аскердеги эрке иним Темирланга жолдонот! Эр жигит Ата Мекенин коргош керек! Сага албан-албан ийгиликтерди каалайм! Тек гана алга! Абда.
ОП-94-51. Саламатсызбы Назира эже! Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм! 0772722ххх.
ОП-94-52. Чоң-Алай элин Курман айт майрамы менен куттуктайм! Исмат.
ОП-94-53. Айтыңыз маарек болсун! 0771268ххх.
ОП-94-53. Саламым менин сүйүктүү ырчыма! Сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Биз сиз менен сыймыктанабыз! 0773739ххх.
ОП-94-54. Салам алейкум кыргыз калкым! Айт майрамыңыздар маарек болсун! +79267804ххх.
ОП-94-55. "Обон" газетасына эмне мынча казактар көп жазышат? Кызык экен... Саячка.
ОП-94-56. Урматтуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, бриллианттан сымбаттуу менин эч нерсеге теңегис асыл апам, сизге эң биринчи бекем ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт каалайм! Ар дайым биздин бактыбызга бар болуңуз! Сизди сагынып, өөп, кызыңыз Абда.
ОП-94-57. Ош шаарындагы Медфактын 4ЛК 10 группасында окуп жаткан Маликти Соревнованиядан 2-орунга жетишкени үчүн куттуктайм! Ар дайым ийгиликтерге жетишип жүрө бер! Сауле.
ОП-94-58. "Обондун" супер СМСчилери менен таанышам. Элиза. 0543029333.
ОП-94-59. Ардагым жүрөгүмдү жараладың, / Тузагыңдан чыгалбай мен сабаладым. / Айла таппай көздөн агат мөлтүр жашым, / Атаганат басып кеттиң, карабадың! / Нур.
ОП-94-60. Таластын Кең-Арал айылындагы Сатыбалдиевдердин үй-бүлөсүнө чоң салам! Силерди сагынган кызыңар Аська.
ОП-94-61. "Обондун" СМСчилерине салам! Ынтымактуу экенсиңер, таанышалы! Элиза.
ОП-94-62. "Обон" айт маарек болсун! Эля.
ОП-94-63. ОП-93ө193 абонентиндеги Эрнияз кандайсыз? Мая 95.
ОП-94-64. Мады айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызчек айылында жашаган эжем Гүлжамалды, жездем Мамбетти, кызы Жумаканды "курман айт" майрамы менен куттуктайбыз! Алган машинаңар кут болсун! Нургүл, Эркинай.
ОП-94-65. Саламатсыздарбы Замана93! Рахмат жакшы болуп калдым! Мая 95.
ОП-94-66. ОП-93-193 Эрнияз сага чоң салам! Мая 95.
ОП-94-67. Менин супер группалаштарым, сессияңарга ийгилик! Абда.
ОП-94-68. Кыргында далай беттешип, / Кыргыздар нени көргөн жок. / 07772777ххх.
ОП-94-69. Бадыева, кичине келечегиңди ойлонбойсуңбу! Акыйкат.
ОП-94-70 . Жалал-Абаддыктарга чоң салам! Оорубаңыздар ээ? Мая 95.
ОП-94-71. Момун мусулмандар Курбан айт кабыл болсун! 0772722ххх.
ОП-94-72. Сезимиме ак сүйүүнүн шамын жагып, / Жашоомо кайдан кирдиң бүлүк салып? / Эстесем бирге жүргөн күндөрүмдү, / Сагынып, ойго батам кусаланып. Асылжан.
ОП-94-73. Урматтуу Амангүлдүн каршылаштары, ичиңер күйсө баарыңар туз жалагыла! Өзүңөрдү биринчи билгиле! Ал казак кызы. 0772722ххх.
ОП-94-74. Салам "Обондун" СМСчилери жана окурмандары, силер менен качан таанышабыз. Айсулуу 95.
ОП-94-75. Салам Амангүл эже! Мен сизге айтаарым азыр балдар акчага кызыкпайт. Аларга сулуу болсо болду. Кыздын байлыгынын балдарга бир сомдой да пайдасы тийбейт. Айнаш.
ОП-94-76. "Обон" силерге ийгилик! Кичинекей сиңдим Альбинага салам! Таттуу балалык каалайм. Кузя.
ОП-94-77. Кыргызстандыктарга салам! Бар болгула! Баарыңарды сүйөм. Элиза 92.
ОП-94-78. Менин саламым Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы атам Казыбек, апам Асылга жолдонот. Апам кичине сыркоолоп калыптыр. Тезирээк айыгып кетишин каалайм! Апамды жакшы көрөм Кузя.
ОП-94-79. Атам Нурмаматка, апам Сыргага, биртуугандарыма салам! Силерди жакшы көрөм! Айнаш.
ОП-94-80. Кыздар эмнеге көрө албастык кыласыңар? Андай нерсени токтоткулачы, суранам? Амангүл эже, мен сизди жакшы көрөм. Сиз менен таанышкым келет! Айнаш.
ОП-94-81. Мен өзүмө салам жолдойм! Мээрим.
ОП-94-82. Назира Жетигенова жакшы көргөн киноңуз эмне? Келечекте кандай таене болсом деп ойлойсуз? 0770405ххх.
ОП-94-83. Сиңдилерим Айзирек, Тахмина, Айнагүл, Назгүл, Перизат, Замана, Дамира, Адазия, Аксана, Елена, Элка, Алтынай, Гүлбурак, Зуляга салам! Силерди жакшы көрөм! Амангүл.
ОП-94-84. Досторум Таалай Ж. Мирлан 87, Мирлан-Акон, Арман-Шрек, Дилшат, Э.Дима, Умар, Сыргак, Калназар, Миша, Айбек 1, Бека 2, Талант, Мурас, Сүйүн, Нурлис, Азаматка салют! Бар болгула! Эч оорубагыла! Амангүл.
ОП-94-85. Саламым Чымкенттеги өкүл балам Сыргакка! Шерзат ака менен тааныштырганыңа чоң рахмат! Сени менен тааныштырган доскем Умарга да рахмат! Бар болгула! Кудай кааласа Жаңы жылда барып калам. Өкүл энең Амангүл.
ОП-94-86. Саламым Бишкек шаарындагы Белекке жолдонот! Аман болуңуз! Амангүл.
ОП-94-87. Москвадагы Асыл байкеме ысык салам жолдойм! Аман жүрүңүз! Сасык тумоодон сак болуңуз! Карындашыңыз Амангүл.
ОП-94-88. Н. Жусупбаев 12 мүчөңүз соо, ырыңыз авторитеттүү болсун! 0777666ххх.
ОП-94-89. Менин саламым Чоң-Өрүктүгө! "Обон" силерге чоң салам! 92 жана 94 гө супер салам! Салима 94.
ОП-94-90. Бою узун, акылдуу, жылдыздуу 20-22 жашка чейинки кыздар-балдар менен таанышам. Чалгыла достошобуз. 0551199987.
ОП-94-91. Салам достор! Кыргызымдын шок кыздар-балдары барсыңарбы? Чалгыла таанышабыз. 0551030226 Зули.
ОП-94-92. Ыймандуу 18-22 жашка чейинки балдар менен достошобуз. Пери, Нази, Анара.
ОП-94-93. Кандайсың Айжаркын? Туулган күнүң менен! Бактылуу бол! Роза.
ОП-94-94. Сүйүн байке, мени күттүрбөңүзчү? Суранам батыраак келиңизчи! Пери.
ОП-94-95. Сүйүн байке үмүт үзбөй жатам. Мага чалыңызчы. Пери.
ОП-94-96. Жүрөгүмдөн эч кетпей койдуң го Усубаалы. Кетчи жүрөгүмдөн суранам! 0777666ххх.
ОП-94-97. Бул ыр Адиге арналат: Жашоодогу орду толгус арманым./ Ойлонбостон сени сүйүп калганмын. / Мүнөзүңө, жан дүйнөңө берилип, / Эрке сезим сендик болгон ардагым. Моли.
ОП-94-98. Т. Адыранов мектеби төгөрөгү төп келген мектеп. Мара.
ОП-94-99. Менин СМСчи досторум Жаным, Кукла, Фея, Красоткага салам! Мара.
ОП-94-100. Сүйүктүү классташым Жийдегүлгө супер салам! Жаным.
ОП-94-101. МАУФиБде окуган эжекем Мекуга ысык салам жолдойм! Окууңузга ийгилик! Бактылуу болуңуз! Мара.
ОП-94-102. Кыздар толо-толо айланам, күндөн-күнгө "ширин" болуп шайланам. Айланамда толо кыздар болсо да, Баарыбир арасынан чын сүйүүнү таба албайм. Э. Дима.
ОП-94-103. "Кыз" дегендер көтөргүлө намысты, Азыркылар харам жерден ишин табышты. Кыз деген намысты көтөрүп, Кетпесин ага эч кандай капалык. Э. Дима.
ОП-94-104. Салам "Обондун" жамаатына! Марат кызы Айтурган.
ОП-94-105. Салам баарыңарга! 0554588ххх.
ОП-94-106. Канат Кадыржанга салам! Фанатка.
ОП-94-107. Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Исмаиловдорго жана Кулманбетовдорго салам! Баарыңарды жакшы көрөм! Асылжан.
ОП-94-108. Эмнеге башкача болуп баратам? Күндө сага жолугам деп күзгүдөн чыкпайм. Бирок, сен жоксуң. А мен кайра эле жаздыкка жатып, ойго батып чөмүлөм. Айзат.
ОП-94-109. Сагынычтуу салам сага Асылжан! ЖИ.
ОП-94-110. Оштук кыздар кандай жылуу баарынан! Оштук кыздар сулуу экен Нарындан, Оштук кыздар Таласыңа карабай, Оштук кыздар Баткен жакты карабай, Оштук кыздар барсыңарбы Таласта? Оштук кыздар кандай экен ал жакта? Ысык-Көлдөн жүрбөгүлө ысыкты. Оштуктар учурабагыла кырсыкка. Каалаганда Оштук жүрөт Таразда, Каалагандай жүрөт дайым Алма-Атада. Астанада алга жүрсүн Оштуктар. Чымкентте баары бир толо экен Оштуктар. Э. Дима.
ОП-94-111. Музыка, тамада аппаратурасы менен. 0550652177.
ОП-94-112. Мирбек Атабеков, сен суперсиң! Алга! Гулька.
ОП-94-113. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына ысык салам! Медербек.
ОП-94-114. Бүгүн мына атакемди сагынып, / Колго алдым күлүп түшкөн сүрөтүн. / Бажырайган эркелеткен көздөрү, / Кусалантты, ыйга салды жүрөктү. / Атакебай сизди эстеп сагынам, / Эркелегим келип ыйлап зарыгам! / Кызыгы жок бул жашоонун көркү да, / Жалган жашоо, жалган ушул айланам! / ЖИ Асылжан.
ОП-94-115. Менин мээримдүү апама, кадырлуу атама, акылдуу байкеме, ыймандуу эжеме чоң салам. 0771268ххх.
ОП-94-116. Алма-Атадагы +7702481070 абоненти атыңды айтып койчу. Айка.
ОП-94-117. Ак-Өргөдө жашап жаткан эжем Элита, жездем Уланга салам жолдойм! Миргүл.
ОП-94-118. Саламым быйылкы бүтүрүүчүлөргө! Иштер-тиштер быйылкы кар жаагандай, булутту элестеткен экзамендерге ийгилик! Чоң Кеминдеги А.Акаев атындагы мектепте окуган 92лерге салам! 0554154ххх.
ОП-94-119. Гүлнур Сатылгановага ысык салам! 0554058ххх.
ОП-94-120. Балдар менен дос катары таанышкым келет. Мен 16 жаштамын. 0552928893.
ОП-94-121. Замир ушундай да калпычы болосуңбу? Сенде кичине болсо да намыс барбы?! Ушунуңдан жазба! Замана93.
ОП-94-122. Адам түрдүү болот. Сүйүү күчтүү болот. Айчүрөк 93.
ОП-94-123. Лейлектин сулуусу, жигиттердин жүрөгү, кыздардын гүлү, ажарлуу да, акылдуу да карындашым жана супер досум Наргиза Теңированы айт майрамы менен куттуктайм! Жараткан өзү колдосун! Бактылуу бол! Азик.
ОП-94-124. Ома сага салам! 0554128ххх.
ОП-94-125. Сүйгөнгө сүйгөн кат берет. Сүйүшүүгө саат керек. Сүйүшүп жүргөн жаштарга, Ажырагыс ант керек. Айчүрөк 93.
ОП-94-126. Арман дүйнө, жалган дүйнө. Балким кээ бирине зор дүйнө. Неге мынча кыйнайсың мени кайгы?! Мен да учкум келет башкаларга окшоп, тээ алыска азыр дагы. Ошондо жерде калат кайгы-азап, армандын бардыгы. Нури.
ОП-94-127. Түн кирип ай шооласы нурун чачат, Сени эстеп жатып уйкум качат. Эгерде түшүмдө сени көрсөм, Эртең менен бактылуу таңым атат! Билал козу.
ОП-94-128. Саламым "Алатау" базарында иштеп жаткан Айзирекке, Ренатка, Медерге жолдонот! Айтыңар маарек болсун! Алтынай.
ОП-94-129. "Обондун" СМСчилерине жана окурмандарына чоң салам! Бар болгула туугандар! Элиза 92.
ОП-94-130. Жалпы элимдин ишине ийгилик, бакыт, өмүр каалайм! Бар болгула! Бай болгула! Элиза 92.
ОП-94-131. Сүйүү-сүйүү деп коёт, / Сүйүү өлдү деп коёт. / Сүйүп калсаң бирөөнү, / 345 деп коёт. Эли.
ОП-94-132. Гүлзина менин жаным. Мен сени укмуш сүйөм! Совет.
ОП-94-133. Салам Азамат! Акыркы убакта кайдасың? Концерттериң качан болот! Дамира.
ОП-94-134. Менин саламым алтындай апам Мамаева Апалга жолдонот. Апа сиз оорубаңыз! Жүзүңүздөн күлкү кетпесин! Дүйнөдө сиз бар биз бактылуубуз! Айпери.
ОП-94-135. Бети табак, башы чара кызга көзү көк, бети сары баладан ысык салам! 0778413ххх.
ОП-94-136. Мирбек Иманбековго салам! Иштериң кандай, жакшыбы? Кудайым сени колдосун! 0773721ххх.
ОП-94-137. "Обондун" супер СМСчилерине салам! Талыкпай жаза бергиле! Урматым менен Элиза 93.
ОП-94-138. ОП-93-175 абоненти номериңди толук берчи сүйлөшөлү. Бир кыз.
ОП-94-139. СМС жазган эжелерге жана байкелерге салам! Урматым менен Элиза 92.
ОП-94-140. Мээримка келе жаткан туулган күнүң менен! Кайда болсоң аман бол! Жакшы адамдар гана жандап, чоң ийгиликтерди багынтып жүрө бер! Ден соолугуң чың болуп, ата-энеңдин сыймыктанган кызы бол! Кара корооз.
ОП-94-141. Досум Кубанын 26-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Кили.
ОП-94-142. Акылай: Достук бул күзгү сымал. Сынса кайра түзөлбөйт. 0552445ххх.
ОП-94-143. Миң-Булак айылындагы Бөжөндө жашап жаткан менин алтындай болгон атама, апама ысык салам! Биздин маңдайыбызда оорубай жүрө бериңиздер! Биздин сый-урматыбызды гана көрүп, бактылуу болуңуздар! Кызыңар.
ОП-94-144. Салам "Обон" газетасынын жалпы жамааты! Келе жаткан айтыңыздар менен! 0554588ххх.
ОП-94-145. Эй брат, куймаң барбы? Кечээ крыша тайып кетиптир, ох, башым! 0778697ххх.
ОП-94-146. СМСчилерге ысык салам! Силерге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Солнышко.
ОП-94-147. Айтурган, Сауле, Перизат аттуу кыздар менен таанышкым келет. Жүмөн 2.
ОП-94-148. Мен Оштук, Таластык кыздар менен таанышкым келет. 0778481ххх.
ОП-94-149. Аруукедей акылдуу, Айчүрөктөй сулуу досторум Нурпериге, Асема, Назгүл, Гүлшан, Кымбаттарга чоң салам! Дамира.
ОП-94-150. Мен Жумгал районунда жашаган жалпы таякелериме супер салам жолдойм! Жээниңер Үмүт.
ОП-94-151. Ломоносов мектебинде 4 "г" классында окуп жаткан Марат кызы Айтургандын 1-декабрь 10 жашка чыгышы менен куттуктайбыз! Оштогу эжелериң Асылгүл, Кайыркан.
ОП-94-152. Менин жандай көргөн эжелерим Амангүл жана Гуляга жалындуу ысык салам! Дайыма алга, алга жана дагы алга болгула! Дамира.
ОП-94-153. Мен Бактыгүл Бадыеваны тим эле жакшы көрөм! Бакуля эмне мынча сулуусуң? Окуп калсаң чалып койчу. Менин номерим 0558434547.
ОП-94-154. "Обондун" супер СМСчилерине салам! Айчүрөк 93.
ОП-94-155. СМСчилер чалгыла, достошобуз. Нурмухаммед. 0551473033.
ОП-94-155. Темир Назаровго ысык салам! 0554782ххх.
ОП-94-156. Салам "Обондун" СМСчилери! Мени да катарыңарга кошкулачы? Айдай
ОП-94-157. Назира эже келе жаткан Жаңы жылыңыз менен! +77052476ххх.
ОП-94-158. Сүйүү сүрдүү болот. Адам түрдүү болот. Колуң жетсе булутка, Тун сүйүүңдү унутпа! Сүйүү кандай көңүлдүү! Сүйбөй адам өткөрөбү өмүрдү? Сүйүп жүрүп сүйгөнүнө жетпесе, Айтчы жаным, ошол дагы сүйүүбү?! Билал козу.
ОП-94-159. Бишкекте окуп жаткан Анарбаев Элдиярга салам! Окууңа ийгилик! Дайыма ден соолукта бол! Сен сулуусуң. Сени чексиз жана чексиз сыйлаган Айнаш.
ОП-94-160. Менин саламым Бишкек шаарында жашап жана окуп жаткан сүйүктүү сиңдим Тахминага! Ишиңе ийгилик, талантың ташкындасын! Кыргыздын жагымдуу кыздарынан болуп жүрө бер! Сени сүйгөн эжең Алена.
ОП-94-161. Амангүл эже, менин сизге айтаарым, балдарга акчанын кереги жок. Айнаш.
ОП-94-162. Кара-Суу районунун ынтымак айылында жашаган 1989-жылкы кыздарга салам! Айнаш.
ОП-94-163. 055479 абоненти сизге рахмат. Кыргыздын кызын барктаган Айнаш.
ОП-94-164. Уулдарым Даниель менен Баэлдин ноябрь айындагы туулган күндөрү менен куттуктайм! Ар дайым атасы экөөбүздүн бешенебизге аман болгула! Апаңар Айгүл.
ОП-94-165. Неля, сен тууралуу жазылган ушак сөздөрдү көңүлүңө алба! Сен бул дүйнөгө Урмат үчүн жаралган жансың. Күйөрманың.
ОП-94-166. Мирбек Иманбеков, ишиңе ийгилик каалайбыз! Ар дайым бар бол! Нази.
ОП-94-167. Кош бол менин ак сүйүүм! Мени эч качан унутпа! 0557413ххх.
ОП-94-168. Айгүл эже Нарынга аман-эсен барып келиңиз! Сиңдиңиз.
ОП-94-169. Менин саламым Балыкчыдгы чоң атама жолдонот! Чоң ата дайым ден соолукта болуңуз. Кызыңыз.
ОП-94-170. Мени саламым Перизат, Нуриге! Саламат болуп, чочко тумоосунан алыс болгула! Досуңар.
ОП-94-171. Кандайсыңар кыргыз калкым? Мен силерди сагындым! Экиге бөлүнбөй тынч оокат кылалычы! Кыргыз кызы.
ОП-94-172. Мен сени сүйөм жаным Нурланчик! Мени таарынта бербечи! Тултушкаң.
ОП-94-173. Мага жар керек! Дзю.
ОП-94-174. Кыргыздын кымча бел кыздары менен таанышам. Атым Мирбек.
ОП-94-175. Мени түшүнгөн жан качан пайда болот? 0775842ххх.
ОП-94-176. Амангүл кандайсың? Оорубай элесиңби? Дзю.
ОП-94-177. Амангүлдөй кыздар көбөйсүн! Дзю.
ОП-94-178. Леди Гуличка эмне СМС жазбай калдың? Дзю.
ОП-94-179. Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел! 0552487ххх.
ОП-94-180. Мага кыргыз кыздарынын кылыктары абдан жагат. Дзю.
ОП-94-181. Студенттер абалыңар кандай болуп жатат. Дзю.
ОП-94-182. Мен Таластын ак куулары менен жолуккум келип жатат. Эмне кылсак болот? 0551785ххх.
ОП-94-183. Бишкек шаарына ысык салам! Бар болгула! Дзю.
ОП-94-184. Мени атым Нуська. Силер менен таанышсам болобу?
ОП-94-185. Мени сыйлаган балдар керек болуп жатат. 0554723ххх.
ОП-94-186. Эмнеге кыргыз кыздарынын курсун түшүргөн СМСтерди жазып жатасыңар? Дзю.
ОП-94-187. Кыргыз кыздарына эч ким жетпейт. Ошону билип алгыла жигиттер! Дзю.
ОП-94-188. Кыргыздын балдарына да эч ким жетпейт. Муну да биле жүргүлө кыздарики. Дзю.
ОП-94-189. Менин саламым Кочкорго жолдонот! Аман болгула! Аська.
ОП-94-190. Мага кат жазып тургулчы кыздар. Мирбек.
ОП-94-191. Кышкы сууктан сак болгула кыргыз калкым! Дзю.
ОП-94-192. Улуттук университеттин кыздарына салам! Аська.
ОП-94-193. Кара-Суу районуна ысык салам! 0777459ххх.
ОП-94-194. Кайда болбо аман бол кыргыз элим! 0778416ххх.
ОП-94-195. Үй-бүлө курганга балдар менен таанышам. Жашым 24тө. 0553700718
ОП-94-196. Казак кызы сулуу келет, анан ошол сулуу менен сулуу "Обон" гезитинен сулуу сөздөр менен сулуу сүйлөшсөм дейм. (Кыргыз жигит) Bad boy.
ОП-94-197. Кочкор районуна ысык салам жолдогум келет. Менин киндик каным тамган жер Нью-Йоркко да алмаштыргыс. Патриот жигит.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
кыз-бурак" айперини сотко береби?
2-бет
"Жакшы адамды сөз ээрчийт, жаман
адамды чөп ээрчийт"

3-бет
Айчүрөк Иманалиева:
"Биздин үй-бүлөнү эч ким буза албайт"

4-бет
СПИД кыргызстанга
Африкадан келгенби?

5-бет
Атактуу адаштар
6-бет
Эрмек БЕЙШЕНАЛИЕВ:
"Ата-энем жок ресторанга Чыңгыз ага менен баргам"

7-бет
Мамбет Мамакеев:
"Энемдин көрбөгөн кордугу калган жок"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
"Галдир" Дамира, ашпозчу Бакыт,
жылдыз боло берген Нурдөөлөт

10-бет
"Мен аны өлтүргөнүмө өкүнбөйм"
11-бет
Дүйнө жүзүнө белгилүү "гейлер"
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Тагдыры татаал, жаш өмүрү кыйылган Василий Лышкин
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??