Бырс этме

Тарак
Бир күнү тамаша кылгысы келген Рахман Жамбылдан тарак сурайт. Жамбыл чөнтөгүнөн чакан тарагын алып чыгып сунат. Андай деп күтпөгөн Рахман таракты алып, тумагын чечпестен башын тарап-тарап жиберет. Анда Жамбыл шыпылдай:
- Раке, чоңураагын дебейт белең,-деп дагы бир тарак сунуптур.

Джеки Чан
Депутат ырчыбыз Ибрагим Жунусов Америкага барып калат. Көчөдөгү көпчүлүк тегеректеп, кол жазма сурап жанын коюшпайт. Ырчыбыз кол жазмаларды келиштире жазып,тарата берет. Күйөрмандардын арасынан бирөөсү:
- Кандай гана бактылуумун, Джеки Чандан кол жазма алып,-дептир кубанычы төгүлүп.

Репетиция
Бопуш күн сайын кыйкырып, аялын үйдөн кубалап чыгып, кубалап кирип, коңшуларына тынчтык бербей коёт. Акырында тажашкан коңшулары чогулуп келишип:
- Уят эмеспи Бопуш, тынчтык берсең боло-дешет.
Бопуш кабагын чытып:
- Эмне, биз репетиция кылып жатабыз, Жүр кайра
башынан деп аялын үйгө жетелептир.

Лейли
Ырчы Ильязга күйөрмандары нааразы мүнөздө кайрылып калышат:
- Ильяз, патриот эмес турбайсыңбы, "Лейли"
аттуу ырыңды казактарга эмнеге сатып жибердиң? Ильяз дароо:
- Туура түшүнсөңүздөр, "Лейли" деген кыргыз
кызынын аты эмес да.

Осуят
Илгери-илгери бир көсөм айтып кеткен экен:
- Шоу-бизнестин закону:- Сахнада ырчынын канчалык денгээлде үнү аз болсо, ошончолук ачык кийнет-деп.