"Кыз-Бурак" тобунан таанылган Айпери
Сыдыкова бизде мейманда.
Айпери
Сыдыкова:
"Жакшы адамды сөз ээрчийт, жаман
адамды чөп ээрчийт"
- Айпери, Россияга барып, эмне иш кылып келдиң?
- Россияда эки жыл, эки айдай жашадым. Ошол убакытта Екатеринбург,
Санкт-Петербург жана Москва шаарларында болдум. Ал жактан чыгармачылыктан алыстабай кафеде, ресторанда музыкант болуп ырдап, бармен болуп иштеген да күндөрүм болду.
- Ресторанга ишке орношуу кыйынга турган жокпу?
- Алгач жаңы барганда бөтөн эл, бөтөн жер болгондуктан ата-энемди, досторумду, жакындарымды сагынып куса болдум. Таанышың болбосо ишке орношуш кыйын эле да. Екатеринбург шаарынан ырчы Фатима Султанова эжеге жолугуп калдым. Анан мага колунан келген жардамын көрсөтүп, мени "Ырда" деп, ресторанга музыкант кылып орноштуруп, жумуш таап берди.
- Демек, ырчылык өнөрүңдү андан ары улантыпсың да?
- Ошондой десем болот. Ал жакта атайын чоң сахнада ырдабасам да кафе, ресторанда иштеп жүрүп, ырдан алыстамак түгүл, тескерисинче күн сайын ырдап, тажрыйба топтодум. "Апакай аккуу" аттуу ырды Россияга келгениме бир ай болгондон кийин жазгам. Андан башка да жаңы жазган ырларым бар. Буйруса эл алдына тартуулайм.
- Россиядан качан келдиң, эми жеке ырчы катары ырдай баштайт экенсиңда?
- Жай айларынын башында келгем. Эки ай толук эс алып, жакындарымдын үйлөрүн кыдырып, сагынычымды таратып алдым дегендей. Анан эки жеңимди түрүп чыгармачылыкка кирише баштадым. Топ менен иштеп көрдүм, эми өзүмчө жеке ырдап көрөйүн дедим.
- "Кыз-Бурактын" кыздары менен катташып турсаң керек?
- "Кыз-Бурак" менен катташпайм дегенден алысмын. Айжамал экөөбүз биртуугандай мамиледебиз, бат-баттан кабарлашып, жаңылыктарды сурашып турам. Москвада жүргөндө да катташып, мамилебизди үзгөн жокпуз.
- "Эл оозунда элек жок" деп коёт го. Сени "Кыз-Бурак" тобунан кууп жиберишкен деген сөз чынбы?
- Апей, андай болгон эмес. Куулуп кеткидей мен адам өлтүрүптүрмүнбү, наркоман болуп кетиптирминби же бирөө менен көчөдө жатып калыптырмынбы? Менин эч кандай жаман оюм жок. Топтон кеткендердин биринчиси же акыркысы мен жалгыз болгон жокмун. "Кыз-Бурактан" менден башка деле кыздар ырдап кеткен. Мен эжекелерим менен урушкан эмесмин, урушпайм дагы. Мүмкүн бизди уруштургусу келген ортомчулар болсо бекер убара болушат.Топтон өзүмдүн каалоом менен эле кеткем. Учурда өзүмдүн арабамды өзүм тартып жүрөм. "Жакшы адамды сөз ээрчийт, жаман адамды чөп ээрчийт" дегендей, мындай ушактарга көңүл бурбайм.
"Кыз-Бурактагы" катуу тартип үйүмдө да бар. Айрыкча, атам бизди аябай катуу кармайт. Топтун тартибине чыдаган үчүн төрт жыл иштедим да.
- Ата-энең, бир туугандарың жөнүндө айтып берсең?
- Атам менен апам азыр пенсияда. Жети биртууганмын. Алты кыз, бир эркек. Сиңдилерим окушат, эжелерим турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп калышкан. Учурда Москванын жараны болуп, ошол жакта жашашат. Биздин үй-бүлө чоң болгондуктан майрамдарда, той-топурда чогулуп калганда опур-топур, базар болуп эле калабыз.
- А өзүң качан турмушка чыгайын деп жатасың? Жигиттин гүлүн тапсаң керек?
- (Күлүп) Күйөөгө чыгууга азырынча шашпайм. Кудайдын буюрганы болот да. Азыр жигитим бар. Экөөбүз интернеттен таанышып, бат эле тил табышып кеттик. Учурда Россиядагы жогорку окуу жайлардын биринде акыркы курста окуп жатат. Таластын кулуну болот. Эң кызыгы экөөбүздүн фамилиябыз окшош.
- Ырчы болуп калганыңа өкүнбөйсүңбү?
- Мен ырдаганга чейин бий ийримине катышчумун. Сахнага биринчи жолу ырдап эмес, бийлеп чыкканмын. Бирок ошол учурда аябай ырдагым келчу, анан
"Кыз-Бурак" тобуна кастингден өтүп, ырдап калдым. Сахна жолунда чоң түрткү болгон Гүлшайыр, Кенже эжелериме ыраазымын. Ырчы болуп калганыма өкүнбөстөн, тескерисинче сүйүнөм.
- Азыр окууңду да бүтө элек экенсиң. "Сага демөөрчү болом, мага экинчи аял бол" деген бизнесмендерге эмне дейт элең?
- Азыр окуумду бүтө элекмин. Өзүм кошумча эч жерде деле иштебейм.
Мага өзүмө жеткен байлык кызык болушу мүмкүн. Бирөөнүн даяр байлыгына суктанып, экинчи аялы болгум келбейт. Андан көрө жөнөкөй жигиттин биринчи жана жалгыз сүйгөнү болгон мен үчүн чоң бакыт жана байлык.
- Репертуарыңда канча ыр бар?
Россиядан келгениме аз эле болбодубу. Эки жаңы ырым бар. Буйруса, жаңы ырларды кошконго аракет кылуудамын. "Апакай Аккуу" деген ырыма клип тартууну пландаштырып жатам.





Гүлшайыр Садыбакасова:
"Айперини сотко берсекпи деп ойлонуп жатабыз"
Гезитибиздин өткөн санында "Айпери чыгармачылыкка жекече киришет" деген мазмундагы кыскача жаңылык жазылган эле. Айперинин алдыңыздардагы маеги да бир жума мурун даярдалып калган. Гезиттин № 93 саны чыккандан кийин Ош тараптан "Кыз- Бурак" тобунун солисти жана аткаруучу директору Кенже Дүйшеева телефон чалып, "Айпери топтон кеткенине байланыштуу аны "Кыз-Бурак" деген сөзгө кошуп жазбай жүрүүбүздү" кыйыта айтты. Ушундан кийин "Чын эле бир мандем бар го" деп толук маалымат алыш үчүн топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова эжеге байланышка чыктык. Эже бизге ал кырдаалды мындайча түшүндүрүп берди:

- Айперини менин колума ата-энеси өзү суранып алып келишкен. Ага татыктуу тарбиябызды берип, мындайча айтканда материалдык жана моралдык потенциалыбызды короттук. Ыр жаздырып, клип тарттырып, форма тиктирип дегендей, жаманбы-жакшыбы кыздар менен бирге эл алдына алып чыктык.
Биздин топко кирээрдин астында шоу-бизнестин мыйзамына ылайык эки тарап 10 жылдык келишим түзөбүз. Келишимде эки тараптын жоопкерчилиги айдан-ачык жазылган. Бирок, Айпери келишимди бузуп, биздин даярданууларга келбей жүрдү. Ошол учурда Самаркандагы фестивалга кызуу даярданып жатканбыз. Апасы келип, "Атасы намаз окуп, кызынын ырдашына каршы болуп жатат" дегенинен биз аны туура эле кабыл алганбыз. Андан кийин Россияга кеткенин угуп калдык. Ал жактан келгенин деле жакында уктум. Өзүнө болсо жолуга элекмин. Көрсө, "Ырдабайт" деген Айпери келишимди бузганы аз келгенсип, "Кыз-Бурактын" атын пайдаланып, кайра чыгып жатканы үчүн биз чынында, ачууландык. Эми ал кызды ортодогу келишимди бузганы үчүн сотко берсекпи деп ойлонуп жатабыз. Бул иш азырынча тараза ташка салынып турган убагы.

Акыл Карачач