п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Күнсүрөт

СПИД кыргызстанга
Африкадан келгенби?
Дүйнө жүзүндө "XXI кылымдын чумасы" СПИД оорусу күндөн-күнгө миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кетет. Окумуштуулар канчалык аракет кылышса да ушул убакка чейин аталган чумага вакцина табыша элек. Бүгүн 1-декабрь СПИДке каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата "Республикалык "СПИД" бирикмесинин" генералдык директорунун орун басары Шералиева Бүбүсара Анаркуловнадан аталган оорунун Кыргызстандагы абалы, кандай иш чаралар көрүлүп жаткандыгы, канча адам катталгандыгы тууралуу маалымат алдык

Алгач Африкадан
келген студенттен
аныкталган

- Бүбүсара Анаркуловна, ВИЧ инфекциясы биздин өлкөдө алгачкы жолу канчанчы жылдары катталган?
- Бизде ВИЧ инфекциясы алгачкы жолу 1987-жылы Африкадан келип, Бишкектеги Аскер-Аба орто окуу жайында окуп жаткан студенттен катталган. Ошентип отуруп 1987-1991-жылдар аралыгында ВИЧ инфекция менен катталган адамдардын саны 15ке жеткен. Алардын баары Азиядан жана Африкадан биздин өлкөгө келип окуган студенттер болуп чыккан. Ал эми Кыргызстандын атуулунан биринчи жолу 1996-жылы ВИЧ инфекция аныкталган.
- Ушул убакка чейин Кыргызстанда ВИЧ/СПИД менен катталган адамдардын саны канчага чукулдап калды?
- 2009-жылдын ноябрь айынын жыйынтыгы боюнча алсак СПИД оорусу менен Кыргызстандын бардык регион, облустары боюнча 2625 адам катталды. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын атуулдары 2473 адам. Баңги затын колдонгондор 1654. Бардыгы болуп 360 адам ВИЧ менен өлгөн болсо, анын ичинен 116 адам СПИДден өлгөн.
- Башка өлкөлөрдөн бизге жардамдар келип турабы?
- Ооба, бизде 2005-жылдын март айынан тарта ооруган адамдарды дарылаганга мүмкүнчүлүк пайда болгон. "СПИД, Кургак учук жана Малерияга каршы күрөшүү глобалдык фондунун" жардамынын аркасында бизге жаңы жабдуулар алынып келип турат.
Эл аралык Саламаттыкты сактоо фондунан гуманитардык жардам аркылуу келген Антивирустук препараттар вирустун ферменттерин жана вирустун көбөйүп кетүүсүн азайтат, ошону менен катар ооруган адамдын жашоосун бир канча жыл болсо да узартат.
- СПИД оорусуна чалдыгып калгандыгын кантип билсе болот?
- ВИЧ инфекцияга биз лабораториялык диагностикага таянып иш алып барабыз. Алгач бизге кайрылган адамга оору жөнүндө толук маалымат берип, түшүндүрүп бергенден кийин гана ал адамды биздин атайын лабораториябызга жиберебиз. Ал жактан сөзсүз түрдө кан тапшырып, жыйынтыгында гана дарылаганга өтөбүз.
- Сиздердин лаборатория ушул жерде эле жайгашканбы? Деги эле Кыргызстандын бардык айылдарында, облустарында жалпысынан лабораторялардын саны канча?
- Ар бир облустун "СПИД оорусу менен күрөшүү борборлорунун" өздөрүнүн лабораториялары бар. Ар бир облустардын борборлору ооруган адамдан алган кандарды бизге алып келишет. Биз бул жактан ал адамдын ооруган-оорубаганын текшерип беребиз. Кыргыз Республикасы боюнча бардыгы болуп 36 лаборатория бар.
- Сиздерге келген адам сөзсүз түрдө атын атап же болбосо өзү жөнүндө күбөлөндүргөн документтерди ала келиш керекпи?
- Кыргыз Республикасынын СПИД боюнча мыйзамында 2005-жылдын 13-августунан тарта ооруга шектүү болгон адам анонимдүү медициналык 3 тесттен өтүшү керек. Биринчиси, ал адам чын эле аталган ооруга чалдыгып калдыбы? Келип жөн гана канын текшертип, өзүнүн статусун билсе болот. Эч кандай паспорт, күбөлүк деген документтердин кереги жок. Атын да өзгөртүп айтып койсо болот.
Уяттын да, акчанын да,
документтин да кереги жок...
- Ал үчүн канча акча төлөш керек? Кээ бир адамдардын акчасы жок болуп, бирок текшерүүдөн өтүүсү керек болсо кандай кылат?
- Бул үчүн эч кандай акча төлөөнүн кереги жок. Ким өзүнөн шектенип жаткан болсо, коркпой, уялбай эле келип, кан тапшырып, биздин врачтардан, консультанттардан СПИД боюнча керектүү болгон маалыматты алып кетсе болот.
- Кыргызстан башка мамлекеттердин арасында СПИД оорусу менен катталган адамдардын саны боюнча канчанчы орунда турат?
- Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун маалыматы боюнча 1996-жылга чейин Кыргыз Республикасы бир дагы ВИЧ инфекциясы катталбаган өлкө болчу.
- СПИД менен ооруган көчөдөгү жеңил ойлуу кыздар да сиздерге келип турушабы?
- Бизге андай кыздар келе беришпейт. Азыр СПИДге каршы күрөшүү боюнча 120дан ашык Өкмөттүк эмес уюмдар бар. Алар жергиликтүү элдер менен кантип иштеш керек экендигин жакшы билишет. Коммерциялык секс менен иштеген адамдар, баңги затын колдонгон адамдар менен абдан жакшы иштер жүрүп жатат. Ал кыздар ошол уюмдарга барып, консультация алышат да, керектүү чараларды көрүшөт.
- СПИД менен катталган адамдардын саны эмне үчүн Кыргызстандын түштүк аймагында көп учурап келет?
- Түштүк аймак баңги заты менен бизнес кылууга абдан ыңгайлуу болгондуктан баңги заттарын Афганистандан алып келишет. Ошондуктан бизде баңги заттарынын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан жана баңги затын колдонгон адамдардын саны арбын.
КР. Түштүгүндө баңгиге
байланыштуу СПИД көп
- Кыргызстанда СПИДдин кандай жол аркылуу жугуусу көп тараган?
- 2009-жылдын 1-ноябрына чейинки жыйынтык боюнча кан аркылуу жуккандар бизде көп учурайт. Андан кийинки орунда шприц аркылуу жана жыныстык жол менен жугуулар турат.
- Эгер боюнда бар аял СПИД менен ооруганын сиздер билсеңиздер ал аялга кандай чараларды көрөсүздөр?
- ВИЧ СПИД боюнча мыйзамда "Ар бир адам төрөөгө, көбөйүүгө жана эркиндикке акылуу" деп жазылган. Биз ал аялды профилактикадан өткөрүп, боюнда бар кезинде жана төрөп жаткан убакта дарыласак, жаңы төрөлгөн наристе ден соолугу таза болуп чыгышы мүмкүн.
- СПИД менен ооруган адам максимум канча жыл жашай алат?
- Биз аны мынча жыл жашайт деп так айта албайбыз. Эгер ВИЧ СПИД менен ооруган адам Антивирустук препараттарды албаса, 12 жыл жашашы мүмкүн.
- Келе жаткан Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө даярдыгыңыздар кандай?
- Эң жакшы даярдыктабыз. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда СПИДге каршы атайын концерт өткөрүлөт. Ошондой эле Кыргызстандын бардык региондорундагы мектептерде, Жогорку окуу жайларында СПИД боюнча докладдар, лекциялар окулуп, тегерек столдор, конференциялар өткөрүлөт.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
кыз-бурак" айперини сотко береби?
2-бет
"Жакшы адамды сөз ээрчийт, жаман
адамды чөп ээрчийт"

3-бет
Айчүрөк Иманалиева:
"Биздин үй-бүлөнү эч ким буза албайт"

4-бет
СПИД кыргызстанга
Африкадан келгенби?

5-бет
Атактуу адаштар
6-бет
Эрмек БЕЙШЕНАЛИЕВ:
"Ата-энем жок ресторанга Чыңгыз ага менен баргам"

7-бет
Мамбет Мамакеев:
"Энемдин көрбөгөн кордугу калган жок"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
"Галдир" Дамира, ашпозчу Бакыт,
жылдыз боло берген Нурдөөлөт

10-бет
"Мен аны өлтүргөнүмө өкүнбөйм"
11-бет
Дүйнө жүзүнө белгилүү "гейлер"
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Тагдыры татаал, жаш өмүрү кыйылган Василий Лышкин
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??