п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Атактуу адаштар

Назданган
Назиралар
Кыргызда "Атына заты жарашкан"- деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, Назиралар кандай мүнөзгө ээ экендиги, алардын бала кезинде жасаган жоруктары сизди кайдыгер калтырбаса керек. Турмушта да Назира дегендер аябай тың болушат дегенди тастыктоо үчүн Назира аттуу айымдарга кайрылдык.

Күнү-түнү Назираны апасы эмес, атасы карачу экен
Назира Токонованы апасы үч күн бою толготуп, 1988-жылы 7-апрелде төрөгөн. Атасы "Келинчегим үч күн бою толготконуна караганда чо-оң кыз төрөйт го"деп толкунданса, тескерисинче, жубайы тыпырайган кичинекей кыз төрөп берген. Үч бир туугандын ортончусу болгон Назиранын бир эжеси, бир иниси бар. Назира деген ысымды атасы ыйгарган. Кызы аябай ыйлаак болгондуктан апасы уктап алсын деп, атасы күнү-түнү өзү карачу экен. Атасы "Ошол ыйдын баары азыр ыр болуп чыкпадыбы" деп ырчы кызы менен сыймыктанат. Назира "Атам мени 2-классыма чейин мектепке велосипед менен өңөрүп алып барып, кайра алып келчү. Жолдо келатып, тааныбаган эле үйлөрдүн дубалына чыгып, ылдый салаңдап өсүп жаткан алмаларынан уурдап, үзүп берчү"деп күлөт. Апасы жумуштан келгенде сумкасын колунан жулуп алып, ичинен боёнгучтарын алып, ооз боёгучтары менен дубалды кызарта чийип, дивандын үстүн булгап, өзүнүн бети-башын да боёп алмай адаты бар экенин ырчы жашырган жок.

Биртуугандарынын эң жоошу Назира болгон
Ал эми Назира Ахмедова 1979-жылы 19-апрелде төрөлгөндө айылда чоң той деле болбоптур. "Назира" араб тилинен которгондо "жакшы" дегенди түшүндүрөт" деп Назира өзүнүн ысымын жакшы көрөт экен. Төрт кыз, бир эркектен турган биртуугандардын эң жоошу Назира болгон. Өзү менен өзү жүрө берген кичинекей Назиранын куурчак, топ ойноп, кыздар менен оромпой тээп ойногону эсинде калган. Беш жашында дене табы жогорулап, эти ысып, катуу ооруп калганда атасы аны бир жума бою колуна көтөрүп, эркелетип баккан. Бала кезинде көп ооругангабы, "Мен чоңойгондо врач, хирург болом"деп тиленчү экен. Эми минтип, эл алдында жылдызы жайнап турган кези.

Назирага атасы Кылыч деген ат коюп...
Назира Жетигенова 1974-жылы 24-апрелде төрөт үйүндө эмес, чоң энесинин беш бөлмөлүү үйүндө төрөлүптүр. Беш бир туугандын бешинчиси. Назира төрөлөөрдө атасы Фрунзе шаарында экен. Апасы эркек төрөйт экенмин деп айтып келгендиктен, үйүндөгүлөрдүн баары эркек күтүп, атасы да "Аялың төрөдү, сүйүнчү!"дегенди укканда эч нерсе деп сурабастан "Эркек уулдуу болдум" деп, майрамдап, атын Кылыч коюп алыптыр. Бир айдан кийин айылга келгенде эркек эмес, кыз экенин угуп "нес" болгон. Кылыч деген атты Айгүл кылып өзгөртөлү десе, иниси да кыздуу болуп атын Айгүл койгон. Анан апасы кызына Назира деген ысым ыйгарган. Төрөлө электе дагы, төрөлгөндөн кийин дагы эркек атка конгон Назирага "Кимдин кызысың?"деп сураган айылдаштарына "Мен кыз эмесмин, Солтонун баласымын"деп жооп бергенин жашырбайт. Эркектей болгон Назира кыздардын оюнчугу куурчактардын чачын жулуп, ичин жарып жек көргөнүн карабайсызбы. Кызыгы атасы Назирага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алаарда, "Кайсы күнү туулганын билбейм, иши кылып үйдөн төрөлгөнүн билем" деп 20-апрель деп жаздырып коюптур.

Түрү суук төрөлгөн Назира
Назира Айтбекова 1985-жылы 7-ноябрда Революция күнү аппак кар жаап турган маалда төрөлгөнүн айтып берди. Ал күн майрам болгондуктан врачтардын баары майрамдап, төрөт үйүндө жаш кыз гана калган экен. Түнкү саат үчтөрдө төрөт үйүнө барган Назиранын апасын ошол жаш кыз төрөткөн тура. Назираны да үйүндөгүлөр эркек төрөлөт деп күтүшүптүр. Анан эле түрү суук, муруну чоң, оозу жалжайган капкара кыз төрөлсө, апасынын жүрөгү түшүп калганы кызык болуптур. Ошол учурда Наргиза деген ысым мода болуп, жаңы төрөлгөн бөлөсү Наргизага уйкаштырып, Назира деген ысымды коюшуптур. "Эс тартып калганыма чейин мага эркектей мамиле кыла беришип, ойногондо да кыздар менен эмес, балдарга кошулуп, талаада машине айдап, чүкө ойночумун"дейт Назира. Үйдүн жалгыз кызы болуп, эрке өскөн. Бир күнү апасы чачын кырып, чий калпак кийгизип, эки кулагына бантик тагып койсо, бирге ойногон балдары аны катуу шылдыңдашкан. Назира дароо үйүнө чуркап барып, "Эмнеге менин чачымды кырып саласыңар"деп бир күн кечке ыйлаган.

Кыз болуп төрөлүп, атын айткандан уялган эркек Назира
Ди-джей Назира Кадыева 1983-жылы 29-майда төрөлгөн. Үй-бүлөсүндө он кыз, бир уул. Назира төрөлгөндө "Надира Бегим" аттуу тажик фильми көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон. Кинодогу каармандын ысымынан улам Назира деп улуу эжеси Зулайка коюптур. Өзүн кыз болуп төрөлүп калганына өкүнгөн Назира, эркек болгусу келип, эркекче шымаланып, чачынын жасалгаларын да эркектердикиндей кыска алып жүрчү экен. Атын Назира деп айткандан да уялчу тура. Мырзалар менен чүкө ойноп, ат чаап, кадимкидей мушташып, айылдын атаманы болгон Назираны Наду, Накен деп чакырышкан. Бир күнү классташы Тынчтыктын болгон чүкөлөрүн утуп алып, аны ыйлаткан. Атасын ээрчитип келатканын көрүп, дароо гараждын үстүнө чыгып кетип, бир күн кечке түшпөй койгон. "Сенин балаң менин баламдын чүкөсүн утуп алыптыр" деп келген кошуналарына атасы "Ал менин балам эмес, кызым болот"десе эч ким ишенбей койгон. Эркекче тарбияланып калган Назиранын келечегин ойлогон ата-эне "Ушул бойдон аң-сезими бузулуп калбасын" деп шаардагы мектепке жөнөтүшкөн.

Айнура Касымова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
кыз-бурак" айперини сотко береби?
2-бет
"Жакшы адамды сөз ээрчийт, жаман
адамды чөп ээрчийт"

3-бет
Айчүрөк Иманалиева:
"Биздин үй-бүлөнү эч ким буза албайт"

4-бет
СПИД кыргызстанга
Африкадан келгенби?

5-бет
Атактуу адаштар
6-бет
Эрмек БЕЙШЕНАЛИЕВ:
"Ата-энем жок ресторанга Чыңгыз ага менен баргам"

7-бет
Мамбет Мамакеев:
"Энемдин көрбөгөн кордугу калган жок"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
"Галдир" Дамира, ашпозчу Бакыт,
жылдыз боло берген Нурдөөлөт

10-бет
"Мен аны өлтүргөнүмө өкүнбөйм"
11-бет
Дүйнө жүзүнө белгилүү "гейлер"
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Тагдыры татаал, жаш өмүрү кыйылган Василий Лышкин
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??