улуулар унутулбайт

Эрмек БЕЙШЕНАЛИЕВ:
"Ата-энем жок ресторанга Чыңгыз ага менен баргам"
(Башы өткөн санда)
- Эрмек ага, апаңыз Бүбүсара менен Чыңгыз Төрөкуловичтин ортосундагы мамилени билчү белеңиз?
- Апамдын 70 жылдык эскерүү кечесин театрдан өткөрүп жатканда Чыңгыз Төрөкулович "В течение долгих лет нас согревало тепло наших сердец"-деп биринчи жолу ачык айтып чыкпадыбы. Ошондо "Эмне үчүн анда үйлөнгөн жоксуңар?" деген суроо да болду. Ал кезде Чыңгыз Төрөкулович айткандай, "Өзүңөр маданияттын уул-кызы болуп туруп, жаштарга кандай үлгү көрсөтүп жатасыңар" -деп укмуш бийлегенине, сонун жазганына карабай жумуштан чыгарып, чыгармачылыгына бөгөт коюшмак. Экөөнүн тең анда чыгармачылык жолу жабылып калмак.
Чыңгыз Төрөкулович үйгө келип турчу. Мен аны "Дядя Чыңгыз" дечүмүн. Экөө бири-бирин сүйөөрүн мага ачык көрсөтүшчү эмес, бирок көз-караштарынан, бири-бирине кылган аяр мамилесинен улам мен бири-бирин сүйөөрүн түшүнчүмүн.
Чыңгыз Төрөкуловичти "Ленин" сыйлыгына көрсөтүп жатканда апам экөөбүз мелдешип кеттик. Мен "Берет" десем, апам "Бербейт" дейт. Апама "Берсе мага мотоцикл алып бересиз" дедим. Ошол учурда апам экөөбүз Москвада жашачубуз. Мен 8-классты ошол жактан бүтүрдүм. Мектепке автобус менен баратсам, радиодон "Чыңгыз Айтматов "Ленин" сыйлыгын алды" деп жарыялап калды. Мектепке чуркап кирип, усулканага кирдим да, мугалимдерден телефон чалганга уруксат сурадым. Союздагы республикалардын элчилигине чалсам, так ошол маалда Чыңгыз ага кирип баратыптыр. Окуучумун да, оюмда эч нерсе жок эле чалгам. Анда Чыңгыз ага "Московская правда" гезитинде кабарчы болуп иштеп турган маалы болчу. "Дяд Чыңгыз с "Ленинской" премией" десем, "Каяктан уктуң?" дейт, "Радиодон" десем, "Сабагың канчада бүтөт?" деди. Ошол күнү экөөбүз ресторанга бардык. Бул менин ата-энем жок экинчи жолу ресторанга барышым эле.
- А биринчи жолу ким менен кирдиңиз эле?
- Бир курдай Москвага атамдын достору келип, "Чеч галстукту" дешти. Ошентип пионер галстугумду чечип салып, алар менен ресторанга баргам.
- Атаңыз менен мамилеңиз кандай эле?
- Атам менен апам өздөрү ажырашкан эмес, атамдын эжеси менен апамдын эжеси эле экөөнү ажыраштырып койгонун элдин баары билчү. Ал кезде мен 5 жаштагы бала экенмин. Экөө ажырашып кеткенден кийин деле ортодо сый мамиле калган. Бири-бирин көргөндө жан-алы калбай учурашып, сүйлөшүшчү. Экөөнүн мамилеси жакшы болуп жатса, менин атам менен мамилем кантип жаман болсун? Абдан эрке элем. Апам бирдеме десе атама кетип калам, атам бирдеме десе апама. Бир курдай атамдын капа болгону эсимде. Менин фамилиям таятамдын атына жазылган да. Москвадан мейманканага кирели десек атама ишенбей, "Сиз балам деп жатасыз, бул жерде атасынын аты Акмат, а фамилиясы Бейшеналиев деп турат" дешсе, атам түшүндүрүп жатып араң киргенбиз. Анда мен 15 жашта болчумун. Комсомолдук билет менен жүрчү элек да.
- Бүбүсара Бейшеналиеваны "Өзү балерина болгону менен камыр тамактарды жакшы көрчү" - деген чынбы?
- Ооба, өзү да камыр тамактарды мыкты жасачу. Биздин үйдө жогорку сорттогу ун болчу эмес. Конок келгенде биринчи сорттон алып жасабасак, өзүбүз жалаң экинчи сорттогу унду пайдаланчубуз. Эртеден кечке мындайча айтканда, "секирип" жүрсө, анан бир чыны чай менен ким чыдайт? Апам эртең спектакль деген күнү гана " Муну жеп алсам, байкуш Уран мени кантип көтөрөт. Жебей эле коёюнчу " деп тамашалап, өнөктөшү Уран Сарбагышевди аяп, бир аз сактанып койчу. Апамдын 70 жылдык эскерүү кечесинде Белорусиядан, Москвадан, Ленинграддан, Чехославакиядан ж.б. шаарлардан келген коноктор апамдын аткаруусундагы "Чолпон" балетин дагы ирет көрүшкөндөн кийин "Да, раньше танцевали женщины, а теперь как кости прыгают" деп күлдүрүп жатышпайбы.
- Тааныгандын баары "Тамашакөй эле" деп эскеришет экен…
- Укмуш. Кээде үйгө конок келет. Отурушат. Апамдын тамашалары кошул-ташыл болуп, үйдүн ичи күлкү-шаңга толо түшчү. Алар кеткенден кийин карасаң, баягы ортого койгон бир бөтөлкө арактын жарымы араң түгөнгөнүн көрчүсүң. Ичилчү эмес. Бирок, тимеле шаңкылдап отурушчу эле.
Анын тамашалары адамдын статусун да ылгачу эмес. Бир курдай Кыргызстандагы делегаттар Лениндин 100 жылдыгына карата Москвага салтанаттуу отурумга учмай болушту. Машине жок, күтүп жатып эптеп аэропортко жеттик. 20 мүнөт кечигиптирбиз. Усубалиев баш болуп, Кубатов, Сүйүнбаевдер сүрдүү карап, күтүп турушуптур. Аларды көрүп алып мен ичимден "Эми уруш жейт турбайбы" -деп, апамдын чемодандарын көтөрүп алып аркасынан келатам. Аларга жетип, "Мужчины! Не можете одну женщину прихватить?" деди эле, үчөө тең "Бибичка-Бибичка" дешип самолетко киргизип кетишти.
Апамдын тамашакөй жоруктарын айтып отурсаң сөз түгөнбөчүдөй. Ошентсе да айрымдарын айтып берейин:
Бир курдай апам экөөбүз Элчиликтин имаратына кирип баратабыз. Кирээрде документти текшерип киргизет да. Апам сумкасынан күрөң булгарыдан жасалган бир нерсе алып чыгып көрсөтүп, кирип кеттик. Мен депутаттык күбөлүгү көк, өзүнүн ишиндеги күбөлүгү кызыл түстө экенин билем. "Жана эмнени көрсөттүңүз?" десем, "Иши кылып көрсөттүм да" -дейт, мен жанын коймок белем, кайра сурасам, күлүп, "Ой, күзгүмдүн берки бетин көргөзүп койдум. Сумкамды аңтарып, издеп отурмак белем"-дейт.
Апама "Театрдан чыкканда жарык көчө менен баспайсыңбы. Караңгыда хулигандар тоноп кетсе экен" -десең, "Хулигандар караңгыдан өздөрү коркушат. Мен жарык менен келатсам, алыстан эле көрүшүп камданып алышат да, а караңгыда байкатпай астынан чыга калсаң, өздөрү чочуп кетишет. Алар эстерине келгиче мен өтүп кетем"-деп күлдүрчү.
Апам бир күнү отуруп алып, жалаң чоңдордун, министрлердин аялдарына телефон чалып "Бүгүн "Чалканды" окудуңарбы?" деп сурайт. Ал кезде "Чалканга" чоң кызматта иштегендерди чымчып, какшыктап, жаман жактарын ачык айтып жазышчу эмес беле. Анан баары дүрбөлөңгө түшүп, "Чалканды" сатып алышып, ичин карашса, эчтеке жок чыгат. Тигилердин ар бири кайра апама телефон чалышып, "Эмнеге сурадың эле?" дешсе, "Ой жөн эле сурагам" деген тура, кенебей.
Бир күнү түштүктөн бир башкарма конокко чакырыптыр. Апам барганы камынып жатып, тиги башкарма, Бүбүсара Бейшеналиева келсе, "Волга" машинесин белекке берээрин мактанып айтып жүргөнүн угуп калат. Анан "Мен барсам конокко бармакмын, а "Волгага" барбайм"- деп барбай койгон.
- Үйдөн кантип эс алчу эле?
- Айтсам эч ким ишенбейт. 1-май, 7-ноябрь сыяктуу майрам күндөрү элдер эшикке чыгып, көчөдө парад, демонстрация, музыка болуп жатса, биздин үйдө "уборка" болчу. Анткени театр майрам күндөрү гана эс алчу. Апам ушундай убакыттан гана пайдаланып, үйдө болбосо, башка күндөрү эртеден-кечке театрда эле. Мен да түшкө чейин театрда апамдын жанында болом. Түштө сабакка кетем да, кечинде спектакль болсо кайра театрга бет алчумун.
- Түшүңүзгө кирип аян береби?
- Түш десең бир окуяны эстеп кеттим. Мен үйдө жок кезде балдарым ким, канчада, канча жолу телефон чалганын кагазга жазып, күзгүнүн бетине илип коюшат. Бир жолу бир жумадай үйдө жок болуп, келсем күзгүнүн бети "Рысбек Качкеев чалды" -деген жазууга толуп кетиптир. Рысбек Качкеев мурунку депутат, элчи болуп жүргөн киши эмеспи. Анын арбактар менен сүйлөшкөн китеби бар деп уккам, бирок, өзүм окуган эмесмин. Ал кишиге барсам, "Кадыр түндө Бүбүсара эженин арбагы келди. "Баары жакшы, бирок 8-апрелде кан чыгарып койсун. Эрмекке айтып кой" деди "Эмнеге?" деп сурасам, "Эрмек өзү билет" деди" дейт. Мен араң эстедим дагы, "Билем, анткени 8- апрель апамдын туулган күнү" дедим. А паспортунда туулган күнү 17-май деп жазылган да. Эсимде, мен 2 -класс кезим. Апам экөөбүз "Хроника" деген кичинекей кинотеатр бар болчу, ошонун жанына өтүп баратканда, "Балам, бүгүн жаңы паспорт алдым, өзүмдүн туулган күнүмдү сенин туулган күнүң менен бир кылып жаздырдып койдум" деген эле. Анда маани деле берген эмесмин, кичинекеймин да. Андан бери туулган күнүбүздү бирге өткөрүп, өзүнүн туулган күнү унутулуп деле калган. Анан 8-апрель күнү апама куран окутуп, замандаштарын чакырып чай бердим.
- Өзүңүздүн канча уул-кызыңыз бар? Эженин талантын тарткан неберелери болдубу?
- Эки кызым бар. Улуу кызым Москвада, кичүү кызым Алматыда турат. Кичүү кызым апамдын эле өзү. Улуу кызымдын атын Чолпон деп чоң апасы өзү койгон. Апам жаңы эле "Чолпондо" ойноп бүтсө, " Неберелүү болдуң" деп сүйүнчүлөшөт. Төрөт үйүнө барса, врачтар "Өзүңүз табыңыз" деп тамашалашат. Толтура наристелердин арасынан тиякка-биякка баспай эле түз эле барып, "Мына" деген тура. Төрөт үйүнөн алып чыгаарда мен врачтын колунан кызымды алайын десем, анда да тамашалап, желкемден алып, "Стоять, сенден улуулар турганда, сен каякка" деп туруп, небересин өзү колуна алып, кайнатымдын колуна берген.
Ошол кызымдын угуу сезими күчтүү, темир комуз, ооз комуз, гитара, пианинодо ойнойт. Бирок үн жок. Мен айтам :"Энемдей боло алам десеңер чыккыла, анте албасаңар, анда тынч эле жашай бергиле" деп.