п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Эне жөнүндө баллада

Мамбет Мамакеев:
"Энемдин көрбөгөн кордугу калган жок"
"Бейиш-энелердин таман алдында" экени талашсыз. Эненин бала үчүн тарткан түйшүгүн, мээримин эч нерсеге салыштырып болбос. Мындан ары энелер тууралуу эскерүүлөрдү гезит бетине чыгаралы деп атайын "Эне жөнүндө баллада" деген рубрика ачтык. Энеси жөнүндө белгилүү инсандар сүйлөп беришмекчи. Биздин алгачкы коногубуз, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуттук Хирургия борборунун директору, Академик Мамбет Мамакеев болду. Өзүн ушундай деңгээлге жеткирген энеси тууралуу Мамбет агай төмөнкүлөрдү айтып берди.

Энем Батыйдын көзү өткөнүнө 26 жыл болду
Энем Батыйдын кайтыш болгонуна быйыл жыйырма алты жыл болду. Кээде отуруп алып, "энемдин ак сүтүн актадымбы?" деп ойлоном. Энем он жети бала төрөптүр, ошонун үчөө эле тирүү калдык. 1939-жылы карындашым Бейшекан төрөлдү, алы жок, эмчек эмалбай араң жатат. Энем төрөгөнүнө үч-төрт күн болгондон кийин айылдагы Жумабай деген киши чакырып, чоң энемди ээрчитип ошол жакка кетишти. Мен болсо карындашымды карап үйдө калдым, улам эле тынымсыз чырылдап ыйлайт. Карап отуруп чыпалагымды оозуна салсам соруп жатат, ошол замат бир чүпөрөк таап, ичине талкан салып, сүткө малып оозуна салсам чопулдатып соруп баштады. Тез-тез сүткө чылап сордура бердим, ошентип уктап калды. Кийин ойлосом он эки жашымда биринчи доктурлугум башталып, карындашымды аман алып калыптырмын. Күз айларында энем көз жаруу алдында турат, менин санаа тартканым, толгоосу башталса ким төрөтөт? Апамдын толгоосу башталганда көчөнүн четинде жашаган эжекемдикине чуркап бардым. Экөөбүз чуркап келсек эч жардамы жок эле өзү төрөп салыптыр. Ымыркайды эжекем жаман чүпөрөккө ороп колуна алса үнү чыкпайт. Эгер төрөлгөн баланын үнү чыкпаса муздак суу чачып же чаканы калдыратса үнү чыгат дегенди уккам. Мен чаканы катуу калдыратсам ымыркай ыйлап жиберди. Эртеси жарыкта баланын кебетесин көрөйүнчү деп жакын барып жүрөгүм түшүп калды, анткени башы чоң, курсагы чоң, колу чиедей, кабыргалары арсайып, айтор, көзүмө бир укмуш көрүндү. Азыр ойлосом энем байкуш бир ырыстуу тамак ичпептир. Эшиктин алдында чакан огородубузга жалаң арпа айдаганбыз. Арпаны оро турган кез келди, мен болсо анда орок оргонду жакшы үйрөнө элек болчумун. Колумду кескилеп жатып үч күн араң ордум, энем байкуш ошонун баарын көрүп отуруп мага боору ооруду окшойт, төрөгөнүнө төрт күн болгондо калган арпаны оруп бүтүрдү.

Коктунун ичинде куюлган жаанда ыйлап отуруптур
Эмнеге экенин билбейм, биз үй-бүлөбүз менен өтө кедей жашачубуз. Атам "кудай берет" деп жүрө бермейи бар эле, апам бизди багам деп көрүнгөндүн көзүн карап, оокатын кылып жүрдү. Бир окуяны эстесем бүгүн да демим кысылып, жашып кетем. 1944-жыл болчу, колхоздун саан уйларын саап, тартылган сүтүн үйгө алып келет. Сүттү талканга аралаштырып берет. Бир күнү укмуштуудай бороон-чапкын болуп жатат, апам сүт алып келгени кеткен боюнча жок. Сарсанаа болуп отуруп, огороддо чоочун бир ат оттоп жүрүптүр, аны кармадым да жайдак боюнча минип алып энемди издеп жөнөдүм. Болгон жерди кыдырып коктунун ичине кирсем, ыйлап отуруптур, жаан болсо куюп жатат. Көрсө коктуга түшчү ичке жол менен келе жатып жаанда тайгаланып жыгылып, эки чака сүтү төгүлүптүр. "Ыйлаба, өйдө тур"деп жөлөп тургузсам, "бүгүн эми эмне ичесиңер" деп боздоп ыйлайт. Эптеп сооротуп, "бүгүн сүтү жок эле жарма ичебиз" деп атка учкаштырып үйгө алып келдим. Андан бери бери канча жыл өтсө да, машина менен айылга барган сайын ошол коктуну карайм, караган сайын ошол окуя, энемдин ыйлаганы эсиме түшүп, муунуп барып оңолом.

Семиз эчкибизди уурдатып…
Колхоз бизге жардам болсун, ачкадан өлүшпөсүн дегени го, үч саан эчки берди. Эчкилерди катыра саап отуруп, бирөөсүнүн улагы өлүп калды. Улагы өлгөн эчки тез эле семирди. Август айы болчу, эчкилер улагы менен биз жаткан үйдүн ортосунда жатчу. Күндүз кечке колхоздун чөбүн чаап, аябай чарчап, эч нерсени сезбей уктап калыптырмын. Түнкү саат экилерде апам "эчки жок, тур" деп жулкулдатып ойготту. Баягы улагы өлгөн, семиз эчки жок, укмуштуудай ажаан канчыгыбыз бар эле, ал да үрбөйт. Көчөнүн баш-аягына чейин чуркап издеп жүрүп, таппай койдум, уурдап кетти деген ой башыма келбептир. Эми эртең жарыкта издейин деп үйдү көздөй келе жатып, жаман жапыз кепе үйдүн башына чыгып, мордун түтүгүн карасам ысык түтүн бетиме уруна түштү. Үйдүн ээси ары жакта өткөн-кеткендерди карап отурган экен, мени көрө коюп арыраак качты, мен түз эле үйүнүн эшигин ача койсом эттин жыты "бур-р" этти. Дөөлөтбайдын аялы Мөөркан казандагы этти оодарып жатыптыр. Казандагы бышып калган этти казаны менен көтөрүп үйгө чуркадым. Апам эшиктин алдында отуруптур "Мына эчкини таптым" десем, "Колуң күйгөн жокпу" деп мени ойлоп жүрөт. Кара жумушта жүрүп колум жооруп, чор болуп калган үчүн күйбөсө керек. Жарым этин салышып, жарымын терисине ороп катып коюшуптур, аны да алып келип беришти. Көрсө, Дөөлөтбайдын аялы Мөөркан жеңе кез-кези менен биздикине келип талкан тартып кетчү, талкандан кичинеден итке берип отуруп аны үргүс кылып өзүнө көндүрүп алыптыр. Эчкибизди да Мөөркан жеңе өзү уурдаган экен. Эртеси "ит болдук, куш болдук, эл журтка айтып шермендебизди чыгарбагыла " деп келишти. Уурдалган эчкинин ордуна үйүнөн барып бир эчкисин кармап келдим. Апам айкөлдүк кылып унчуккан жок, өзү деле кой оозунан чөп албаган жоош киши болчу.

Өрөөн боюнча кедейдин-кедейи биздин үй-бүлө эле
Согуш убагында ошол өрөөн боюнча кедейдин-кедейи биздин үй-бүлө болчу, атам, чоң атам деле эмгекчил адамдар болчу. Бирок, эмне себептен мен биздин үйдөн кой,уй көрө алган жокмун эмдигиче түшүнбөйм. Үйлөнгөндөн кийин эле 1960-жылдан баштап ата-энеме жакшылап каралаша баштадым. Биринчи айылга үй салдырып бердим. Кийим, тамак-ашы кенейип калды, мал күтүп эл катары жашай башташты. Кышкысын жылуурак деп шаардагы үйүмө алып келем, айылга көнгөн немелер кыңкыстап жазга чейин араң чыдашчу. Адеп келгенде аялым Сокен кайната-кайненесин уялбай-этпей эле бакыртып чечинтип ваннага сууга салып жуунтуп, таза ич кийим кийгизип койгону эсимде. Атам бечара "Түшпөйм эле,түшпөйм. Айылдан жуунуп келгем" деп бакырып жатат. Мен "Эмне айылда мончо болуп калдыбы?" деп сурай салдым, айылда мончо эмес, ысык суу жок экенин мыкты билем да. Ичинде кири жок неме "Бээмди талаада откозуп жүргөндө арыктагы сууга түшүп алгам" деп жатпайбы. Ушул Сокен деле айылдан келген чал-кемпирдин битин үйгө жайылтып ийбей жоготоюн деген ой менен аларды киринтсе керек деп айтып калам. Апам Сокенди "көзүмдү ачып биринчи көргөн келиним" деп жакшы көрчү. Энемдин эч ким менен жаман-жакшы айтышканына күбө болгон жокмун. "Бирөө менен ажылдашып урушкандан көрө ошол урушкан адамыңа бир карап жылмайып койсоң, мээси болсо өзү түшүнөт" деп көп айтаар эле.

Атама башка аял алып бермек болгом
Атам токсон үч жашка чыкканга чейин дары ичкен жок, ден-соолугу жакшы болчу. Атама кантээр экен деп кеңеш салып "Ата, энемди биротоло шаарга алып калайын. Айылга эле кетем дей бересиң, туура көрсөң сага башка аял алып берейин, келип-кетип турасың" десем, "Мага карыганда ким тиймек эле" деп көңүлдөнбөйт, "Аял таап бериш менин милдетим" десем "Өзүң бил" дебеспи. Апама кеңешпей туруп ошондон тарта мен жаңы эне издей баштадым. Иликтеп көрүп, мен тапкандардын баары эле "атаңдын өзүн көрөлү" дешет. "Коркпогула, атам тың, дени сак" дедим. Ошентип, орто жаштагы бир аял таптым. Сүйүнүп үйгө келип атамды жуунтуп, жасантып "ата, бир жумадан кийин сени жаңы аял менен тааныштырам" десем. Мурун макул болуп унчукпай жаткан атам, "жок балам, убара болбо, аял албайм, кереги жок" дейт. Качантан бери убара болуп араң тапсам, бул эмне кылганың десем, "энең уруксат бербей" койду деди. Ошондо акмакчылыгымды сезип, энемен жаман уялдым. Ал байкуш менен бир ооз да кеңешпей коюптурмун. Мен кеңешпесем да, атам кемпири менен кеңешкенин карабайсыңбы. Бирок апам атама караганда мени менен шаарда көбүрөөк жашады.

Рак оорусуна чалдыгып көз жумду
Энем сексен үч жашка келгенде эмнегедир тамак ичкени начарлап, арыктай баштады. "Эне, эмне тамак ичпейсиң?" десем "Суюк тамак жакшы эле тамагыман өтүп, коюу тамак жутсам жакшы өтпөй жатат" деди. Дароо эле чочулап, өзүмдүн бейтапканама жаткырдым. Текшерүүдөн өткөрсөм кызыл өңгөчүнөн шишик (рак) болуп калыптыр. Дарынын күчү менен бир аз оңолду, андан кийин ашказанына операция жасап, трупка кийрип ошол аркылуу тамак бере баштадык. Ушундай жол менен кайтыш болгончо жашады. Күн өткөн сайын арыктагандан арыктай берди, ден-соолугу начарлагандан-начарлап баратты…
Бир күнү түнкүсүн хирургияда дежур элем, Сокен телефон чалып "апам кыйналып жатат, тез кел" деди. Чуркап барсам деми кыстыгып, дем алалбай кыйналып жатыптыр. "Атаңды чакырт" деди, атам эртеси эле жетип келип, кемпиринин жанында отурду. Эртеси күнү түнкү саат 12лерде жарыкчылык менен коштошуп кете берди. Ошондо өзүмө, кесибиме таарынып, энемди аман алып кала албай калганыма капа болуп ушунчалык кейидим. Жыл сайын отпускага барганда машинадан түшөөр замат чыныга суу куюп алып бирдеме деп башыман айлантып, "түкүрүп койчу" дегенине "койчу апа, болбогон нерсеңди" деп нары бассам, болбой артыман ээрчип түкүртүп, сууну төгүп, чынысын жерге көмкөрүп койчу эле. Энем каза болгондон кийинки жылы айылга барсам короодо бир киши жок, үйдөн чыккан жан жок. Баягы күтүп турган, "түкүрүп койчу" деген жан жок. Энемди эстеп, ошондо эмнеге анттим экен деп эсим оой, сарайдын артына барып бир өкүрүп алып эс алдым. Энем байкуш кетээрде "Балам ,сага ыраазымын, ак сүтүмдү кечтим. Жашымда кедейчиликтин, жокчулуктун азабын көп тарттым эле, карыганда колуңан келишинче жакшы бактың. Менин эле балам болбостон элдин баласы болдуң. Кудайдан өмүрүңдү, ден-соолугуңду тилейм" деген. Ушул сөздөрү бүгүнкү күндө да кулагымда жаңырып турат.
Ата-эненин тирүү кезинде кээ бирибиз көп барктабайбыз, кээде укпай, орой жооп берип койгон учурлар болот. Бирок көзү өткөндөн кийин "ка-ап" деп өкүнөсүң, башыңды койгулап кыйкырсаң да, өкүрсөң да, тирилип маңдайыңа келбейт. Ушул сөздү эне-атасы бар балдар унутпасаңар!






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
кыз-бурак" айперини сотко береби?
2-бет
"Жакшы адамды сөз ээрчийт, жаман
адамды чөп ээрчийт"

3-бет
Айчүрөк Иманалиева:
"Биздин үй-бүлөнү эч ким буза албайт"

4-бет
СПИД кыргызстанга
Африкадан келгенби?

5-бет
Атактуу адаштар
6-бет
Эрмек БЕЙШЕНАЛИЕВ:
"Ата-энем жок ресторанга Чыңгыз ага менен баргам"

7-бет
Мамбет Мамакеев:
"Энемдин көрбөгөн кордугу калган жок"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
"Галдир" Дамира, ашпозчу Бакыт,
жылдыз боло берген Нурдөөлөт

10-бет
"Мен аны өлтүргөнүмө өкүнбөйм"
11-бет
Дүйнө жүзүнө белгилүү "гейлер"
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Тагдыры татаал, жаш өмүрү кыйылган Василий Лышкин
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??