п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

"Обон" шоу-таймс
Кубаныч өзүнө мугалим жалдады
Чет өлкөлөрдү чекесинен кыдыра баштаган ырчы Кубаныч Сатаев жакында эле Тайвань өлкөсүнө барып келди эле. Сыягы чет тилин билбегени бир топ кыйынчылыктарды жараткан окшойт, эми эки жеңин түрүп, "Мына эмесе"-деп англис тилин үйрөнө баштады. Болгондо да мугалимди үйүнө чакырып, англисче сүйлөй баштаптыр.


"Жыйырманчы жаз" элдин суроосунда
"Обон" гезитинин ар бир санында жарыяланган "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасы Ош шаарынын филармониясында көрсөтүлүп жаткан эле. Батыштын кинолорунан тажаган эл мындай таза махабатты, кыргыздын каада-салтын чагылдырган тасманы сагынып калганбы, көпчүлүктүн суроосу боюнча, фильм кайрадан Ош жергесине коюлат.


Аскат мыкты кызматкер
Кино жаатында мыкты ийгиликтерди жаратып, "Жылдыздар манежде"теле долбооруна да катышып, күйөрмандардын купулуна толгон трюктарды жасаган Аскат Эрбаев жакында эле Маданияттын мыкты кызматкери наамын алды. Мындан кийин да Аскат мырзаны ийгиликтер коштой берсин демекчибиз.


Сайра
Момунбаева Ильяз менен сүйүү бийин бийлейт
Ырчы Сайра Момунбаева болочоктогу өкүл баласы Ильяз Андаш менен сүйүү бийин бийлейт экен. Башкача айтканда сөзү Гүлжамила Шакировага, обону Азат Дөөткуловго таандык "Сүйүү бийин бийлейли" аттуу жаңы ырды Жаңы жылдык көрсөтүүлөргө ырдап чыгышат. Кудай буюрса, эне-баланын өзгөчө дуэт ырын Жаңы жыл күнү экрандан көрө алат экенбиз.


Урмат
уулуна той өткөрүп, жубайын куттуктайт
"Уулубуз Нурэлдин кыркылыгын чыгармайынча гезиттерге уулубуздун сүрөтүн бербейбиз" деген кош жылдыздар Урмат менен Неля 2-декабрда уулуна бешик той беришет. Эртеси 3-декабрь Нелянын туулган күнү болгондуктан, Урмат жакындарынын коштоосунда келинчегин да куттуктайт. Учурда Урмат мырза кош майрамды белгилегенге кызуу даярдыктарды көрүп, жүгүрүп жүргөн кези.




  Шырмаек

Абды Кадырматов:
"Бишкекке концерт койгондон корком"
"Алло, Катыя" деген сатирасы менен популярдуу болгон куудул Абды Кадырматов кайда жүрөт десеңиз, минтип Казак ырчылары менен иштешип жүрүптүр. Анда куудул менен болгон кыска маекке көңүл буруңуз.

- Абды байке, булутка жашынган айдай болуп, көрүнбөй кайда жүрөсүз?
- Анда-санда жерден көрүнүп эле жүрөм. Акыркы убакта казак ырчылары менен келишимдин негизинде иштеп жатам. Башкача айтканда, жей турган нанымды Казакстандан таап жатам десем болот.
- Эмнеге Кыргызстанга концерт берип, куудулдар менен бирге иштешпейсиз?
- Чындыгында Кыргызстанга койбогон концерттеримди Казакстандын Алматы шаарына, бир топ жерлерине койдум. Биздин деле айылдарга концерттеримди коюп жүрөм, эмнегедир Бишкекке концерт бергенден корком. Рахман байке айтты эле "Эгер жаңы сатираларыңар бар болсо, биздин концертке катышкыла, мен каршы эмесмин"деп. Майда-барат сатираларымды кошпогондо менде азыр "дүң" дей турган жаңылары жок. Учурда элдин табитине жага турган жаңы сатираларды даярдап жатам.
- Сизди "Казактардын "Музарт" эстрадалык тобунун концертин уюштуруп жатат" деп угуп калдык эле?
- Ооба, 14-декабрда Спорт ордосунда бир гана күн "Музарттын" жеке концерти өтөт. Ал топто жалпы он эки адам бар. Негизги группасы үч баладан турат. Мен бул концерт боюнча "Музарттын" негиздөөчүсүнө бир жыл мурун эле айткам. Анан убакыт сааты ушул күнгө туш келди окшойт.
- Ал концертке биздин ырчылар да катышабы?
- Сөзсүз катышат. Анткени, биздин ырчылар Казакстанга концерт коюшса, казак ырчыларын сөзсүз катыштырышат. Бирок, азырынча кыргыз ырчыларынан кимиси катышаары тактала элек.
- Эмне себептен башка ырчыларды эмес, "Музарт" тобун Бишкекке алып келдиңиз?
- Башкаларды деле алып келсек болот дечи. Бирок, чынында алар мага Казак концерттерине, казактардын тойлоруна катышып турушума чоң жардам беришкен. Анан мен да Бишкекке коюла турган концерттерине жардам көрсөтөйүн дедим. Анын үстүнө бул топ Чубак Сатаевдин "Арман", Сардарбек Жумалиевдин "Таң сыры" жана башка кыргызча ырларды ырдашат. Мага ошонусу менен да жагат. Атайын концерттин администратору болбосом да, Бишкекке биринчи жолу келип жатышкандыктан, бул жактагы иштерди мен бүтүрүп жатам.
- Билеттердин баасы кандай болот?
- Концерт толук үч саат болот. Билет сатылуучу касса 1-декабрдан баштап эле ачылат. Билеттин баасы болсо 300-700сомго чейин.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
кыз-бурак" айперини сотко береби?
2-бет
"Жакшы адамды сөз ээрчийт, жаман
адамды чөп ээрчийт"

3-бет
Айчүрөк Иманалиева:
"Биздин үй-бүлөнү эч ким буза албайт"

4-бет
СПИД кыргызстанга
Африкадан келгенби?

5-бет
Атактуу адаштар
6-бет
Эрмек БЕЙШЕНАЛИЕВ:
"Ата-энем жок ресторанга Чыңгыз ага менен баргам"

7-бет
Мамбет Мамакеев:
"Энемдин көрбөгөн кордугу калган жок"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
"Галдир" Дамира, ашпозчу Бакыт,
жылдыз боло берген Нурдөөлөт

10-бет
"Мен аны өлтүргөнүмө өкүнбөйм"
11-бет
Дүйнө жүзүнө белгилүү "гейлер"
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Тагдыры татаал, жаш өмүрү кыйылган Василий Лышкин
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??