п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обондогу отуруш

"Галдир" Дамира, ашпозчу Бакыт,
жылдыз боло берген Нурдөөлөт
Көп жылдан бери достук мамиледе болуп келаткан шоу-бизнестин өкүлдөрү Дамира Ниязбекова, Бакыт Букаев жана Нурдөөлөт Копоевди "Обондогу отуруш" рубрикасына чакырдык. Алар түштөнгөнчө жаштык-мастык кездерин эстеп, бири-бирине кызыктуу суроолорду беришип, боорлору эзилгенче каткырып олтурушту. Анда биздин журналист менен түштөнүүгө келген меймандардын жашырбай айткан сырларын гезит бетинен окуп коюңуз.

Нурдөөлөт: - Жакында Букаевдин үйүнө жеңемди көргөнү тойчукка бардык. Жеңебиз укмуш кылып өрдөк жасаптыр.Ошончо кишиге бир эле өрдөк жетти. Бакыт байке өзүнүн "фирменный" тамагы "Жаткан төөнү" дагы жасаптыр.
Дамира: - Ай-ий, мен анда жакшы тамактан куру калыптырмын да.
Бакыт: - Мен сени атайын улуу адамдар менен "Бешбармак" жесин деп биринчи күнү чакыргам. Ошондо конокторумду үч бөлүп тосподумбу.
Нурдөөлөт: -"Замана" студиясындагы кесиптештери болсо манты жасаган каскан белек кылышыптыр. "Каскандын презентациясына качан чакырасыз?"деп, жеңеме чалсам, "Жакында" деген, күтүп жатам.
Дамира: Анда экөөбүз чогуу баралы, мага да айтып кой ээ?
Нурдөөлөт: - Угаарым менен сизге чалам.
Бакыт: - Нурдөөлөттүн болсо ич эттердин баарын салып, кайнатып анан ага калыңдыгы эки сантиметрдей болгон камырды кошуп, бир сааттай бышырган "Фирменный" тамагы бар. Аны жеген кишинин кан басымы жогорулайт. Ха-ха-ха...
Дамира: - Силер элде жок тамактарды жасап жесеңер, мен дайыма Таластын күлчөтайын жасайм. Нурдөөлөт экөөңөр канчанчы жылдан бери дос болуп келатасыңар?
Бакыт: - Сен экөөбүз 1991-жылдан бери жакын достордон болуп келсек,
2002-жылдан бери Жексон менин ини досум болуп келатат.
Дамира: - Кандайча Жексон?
Бакыт: - Нурдөөлөттү жакын достору "Жексон" дешет. Бир кезде Кыргызтелекомдун афишаларына чыгып, радиолордон, жомоктордон үнү жаңырып, теледен түшпөй калганда, бир жолу көчөдөгү кыздар жабалактап кала жаздаганда Майкл Жексондой болуп кулак-башын жаап, ал кыздардан качып кеткен. Ошондон бери биз муну Жексон дейбиз.
Дамира: - Менин атым болсо Галмира болчу. Классташтарым, айылдаштарым Галмира дешсе, мурунумдун үстүндө кичинекей калымдан улам, чоң атам менен чоң апамдар Калмира деп чакырышчу. Кийин ырдап чыкканда Дамира болдум, паспортумда да Дамира деп жазылган. Чыгармачылыгымды Таалай Бектурганов, Бек Борбиев, Нурлан Тиллебаевдер менен бирге баштадым. Алар өздөрүнүн диалектисине салып "Сенин атың Галмира болсо, "галдир" турбайсыңбы?" дешсе эч нерсе түшүнгөн эмесмин. Алар да эмне экенин күлүп айтпай "Тамаша, тамаша" деп коюшкан (Күлүп). Кийин сураштырсам ал сөз "келесоо" деген сөз экен да.
Нурдөөлөт менен Бакыттын боорлору эзилип, каткырып калышты.
Дамира: - Ошол күндөрдү эстеп азыр күлүп калабыз. Бектер болуп гастролдо жүргөндө таза жүргөн жаным, "Батташпай кийимиңерди жууп алгылачы" дей берчүмүн. Бектин чатыраш тапичкеси менен сахнага дайыма кийип чыккан кызыл көйнөгү бар эле. (Күлүп) Ошол кызыл көйнөгүн мен көп жуудум. Жууп, үтүктөп, тапичкесин тазалап берчүмүн. Кийин Малик Аликеев, Тууганбай агалар менен да гастролго чыкканда жандарына алып алган батташкан тасмалдарын кырып-сүрүп мен тазалап жуучумун. Эми улуу адамдардын батасын алып чоңойдук да.
Бакыт: - Билесиңби Дамира, экөөбүз эң биринчи жолу Филармониянын алдындагы жер төлөөдөн таанышканбыз.
Дамира: - Ооба, Саламат Садыкова эже экөөбүз кетип баратып, сага жолукканбыз. Ошондон бери минтип жакшы достордон болуп калдык. Ушунча болуп бири-бирибизге жаман айтышкан жокпуз. Саламат эже "Камбаркан" тобуна жаңы келгенде мен ал эжени көрүп аябай суктанчумун. Анан кесиптеш болуп калганда эженин көйнөктөрүн көтөрүшүп, концерттерге барчубуз. Бакыт, билесиңби? Саламат эже мени сага жабыштырып: "Бакытка эле турмушка чыгып ал. Аябай жакшы бала. Анан мен силердин өкүл энеңер болом."-деп күлүп калчу.
Кийин мен турмушка чыкканда да жолдошума Бакыт жөнүндө бир нерселерди айтып, дос болчубуз деп калсам, кызганып жүрдү. "Эски дос эстен кетпейт"- дегендей, Россиядан келээрим менен Бакыттын номерин таап, кафеге барып чай ичкенче жаңылык сурашалы деп чакырбадымбы.
Журналист:
- Дамира эже, байкасам сиздин досторуңуздун көбүнчөсү мырзалар экен. Алардан жолдошуңуз сизди кызганбайбы?
Дамира: - Жолдошум менен ажырашып кеткем. Бир кыз, бир уулум бар. Кызым он төрткө, балам беш жашка чыгып калды. Жолдошум милиция тармагында иштечү. Балдарым үчүн турмушта көп нерсеге чыдадым. Акыры ажырашып кетүүгө туура келди.
- Бакыт, сиз кеч үйлөнүп калганыңызга өкүнгөн жоксузбу?
Бакыт: - "Өткөнгө өкүнбө, ачкычы өзүңдө"дейт го. Ар ким ар кандай деп айтканыбыз менен нике кайып, буйрук деген болот экен да. Буга чейин өткөргөн жаштыгымды, бактылуу, көңүлдүү көз ирмемдерди, чыгармачылыкка, карьерага арнаган күндөрүмдү эстеп, кеч үйлөнгөнүмө эч убакта өкүнбөйм. Бул эми менин маңдайыма жазылган тагдырым да.
Журналист: - Бири-бириңерге жакпаган кандай сапаттарыңар бар?
Бакыт: - Нурдөөлөт таарынганды билбей, ак көңүл болгону менен бир жерге чакырсаң өзүнчө эле жылдыз боло берет. Мага ошонусу жакпайт. Мага эле эмес, туугандары чалып "Бул жерге келе кал" деп чакырышса, бош болсо деле
"Бош эмесмин" дей бергени бар. Ха-ха-ха...
Нурдөөлөт: - Айтып салдыңыз ээ, Бакыт байке, ха-ха-ха. А Бакыт байке менен жүрсөң эч качан ачка калбайсың. Үйүнө барсаң жоктон бар кылып, даамдуу тамактарды жасап берет. Ал эми жакпаганы көрүнгөн адамга эле карызга акча бере берет. Жок дегенди билбейт, анан кайра алалбай убара болот.
Дамира: - Мен Бакыттын да, Нурдөөлөттүн да жаман сапаттарын байкай элекмин. Бакыт ар дайым пейилин кенен коёт. Конок тосконду жакшы көрөт. Ал эми Нурдөөлөттүн кабак-кашы бузулса да, чач жасалгасы бузулбайт. (Күлүп) Үйүнө барганда эринчээктигинин айынан чай кой десең, "Плиткам бузулуп калган, шире эле ичип алалычы" деп калмайы бар деп уктум эле, бирок мага андай кылалек.
Нурдөөлөт: - Бакыт байкенин ашыкча патриот болгону мага абдан жагат. Мурда үйүнө барсаң, эшик пардасынан тартып, тасмалына чейин кыргызча оюулар бар болчу. Жакында барсам, илинип турган кыргыздын желегинин жанында түндүк да илинип калыптыр. Үйлөнгөндө да өзгөчө тамактарды жасаптыр. Үч жылдан бери "Назми"деген салат жасаса, туулган күнүндө "Элмаранын көзү", "Нурдөөлөттүн муруту" деген сонун салаттарды жасаптыр.
Бакыт: - Аны мен жасаган жокмун, жеңеңер жасаган. Жаңы үйлөнгөндө ашкананын сырларын айтып, бир жума бою атайын "Мастер класс" өткөнмүн дебейминби. Азыр эми менден кыйын ашпозчу болуп чыкты.
Журналист: - Ичимдикке кандайсыздар?
Дамира: - Тескерисинче айтканда аябай ичкичтерге киребиз да. Тамаша, мен ичимдиктен алысмын.
Нурдөөлөт: - Аябай кубанып же кайгырганда жакшы эле бир бутылка пивону алам. Жарымына жеткенде кайра ичким келбей калат.
Бакыт: - (Күлүп)Тойдон чогулган үйдөгү арактарды бир досум келип түгөтүп кетет. Атын айтпай эле коёюн, гезиттен окуп алып, өзүмдү кошо түгөтүп кетпесин. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдалынып, кожейкелерге кеңеш: Эгерде сиздин ашканаңызда ачылган арак бар болсо, бышып жаткан эттин көлөмүнө ылайыктап, 50-100 граммдай арак кошуп койсоңуз, эт жумшарып даамдуу бышат.
Ушинтип "Обондогу отуруш" рубрикабыздын алгачкы коноктору бизге кызыктуу маек куруп беришти.
Айнура Касымова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
кыз-бурак" айперини сотко береби?
2-бет
"Жакшы адамды сөз ээрчийт, жаман
адамды чөп ээрчийт"

3-бет
Айчүрөк Иманалиева:
"Биздин үй-бүлөнү эч ким буза албайт"

4-бет
СПИД кыргызстанга
Африкадан келгенби?

5-бет
Атактуу адаштар
6-бет
Эрмек БЕЙШЕНАЛИЕВ:
"Ата-энем жок ресторанга Чыңгыз ага менен баргам"

7-бет
Мамбет Мамакеев:
"Энемдин көрбөгөн кордугу калган жок"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
"Галдир" Дамира, ашпозчу Бакыт,
жылдыз боло берген Нурдөөлөт

10-бет
"Мен аны өлтүргөнүмө өкүнбөйм"
11-бет
Дүйнө жүзүнө белгилүү "гейлер"
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Тагдыры татаал, жаш өмүрү кыйылган Василий Лышкин
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??