п»ї
 Таанышуу жарыясы


Кандай
ата-энесиз?
Ата-эне балдарына бирдей тарбия беришпейт. Ар кимдин бала тарбиялоо ыкмасы ар башка. Бирөө уруп, бирөө коркутуп, бирөө эркелетип, бирөө акырын түшүндүрүп дегендей. Сиз балаңызды канчалык деңгээлде билесиз? Биз сунуштаган тест аркылуу өзүңүздүн кандай ата же эне экениңизди текшерип алсаңыз болот.


Тест:


1. Сиздин балаңыз китеп окуганды эрте үйрөндү
а) ооба өзүм үйрөткөм
б) жок абдан кеч үйрөнгөн
в) байкабай деле калыптырмын

2. Китептен көзүн албайт жана баттан окуйт
а) ооба
б) кеч окуйт
в) билбейт экенмин

3. Өзү же болбосо башка адамдардын жардамы менен энциклопедияларга жана сөздүктөргө кызыктар
а) өзү кызыккан
б) мен жардам берем
в) андайларга кызыкпайт

4. Кыйналып, "эжелеп" окуйт
а) башында кыйналган, бирок азыр бат окуйт
б) эжелеп окуйт
в) орточо

5. Эшикти жаап алып окуйт жана анын достору өзүнөн бир топ улуу балдар
а) эшикти жаап алганда мээсине бир нерсе жакшы кирет
б) эшикти жаппай эле биздин жаныбызда окуйт
в) көбүнчө китепканада даярданат

6. Өзүнөн улуулар менен бирдей деңгээлде сүйлөйт
а) улуулар менен гана сүйлөшөт
б) өзү менен тең балдар менен сүйлөшөт
в) ар кандай жаштагы балдар менен мамилеси бар

7. Сизге жарга такаган суроолорду берип тажатат
а) жооп таба албаган суроолорду көп берет
б) мен андай суроолорду бердиртпейм
в) кээде берип калат

8. Кандай учур болбосун анын жообу дайым даяр
а) жоопту бат таба калат
б) жооп таба албай ыйлап жиберет
в) андай учурлар боло элек

9. Айлана-чөйрөдө болуп жаткан көрүнүшкө туура көз караш менен карап, өзүнүн баасын бере алат
а) ооба
б) бере албайт
в) эгер өзүнө тааныш көрүнүш болсо, берет

10. Үй оокаттарын жасагысы келбей, жалкоолонот.
а) үй оокатын таптакыр жасабайт
б) мага дайыма жардам берип турат
в) маанайы жакшы болгондо гана жумуш жасайт

11. Маанайы пас болуп турса да жанындагы адам менен эч нерсе болбогондой жайдары сүйлөшөт
а) ооба
б) андай эмес
в) маанайы жакшы болсо гана сүйлөшөт

12. Өзүнөн жогорку класста окуган окуучулар менен чогуу окугусу келет
а) ооба
б) антип айтпайт
в) классындагы окуучулар менен урушуп кеткенде гана

13. Ар кандай жумуштарды өзү жалгыз жасагысы келет
а) башынан эле ошондой
б) мен ага жол бербейм
в) жеңил иштер болсо гана өзү жасайт

14. Мугалимдердин берген суроолоруна өзүнүн жеке ою боюнча гана жооп берет.
а) китепти жаттап алат
б) өзүнүн ою менен жооп берет
в) кандайдыр бир булактарга таянуу менен жооп берет

15. Музыканы түшүнүүгө кызыгат
а) музыка менен сабак окуйт
б) музыкалык мектепке барат
в) музыкага кызыкпайт







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Урмат менен нелянын
уулу Нурэлдин жентек тоюндагы
кызыктар

2-бет
Назира
шаршенова:
"Иши кылып ИИМде иштейм"

3-бет
Өскөнбаев Бейшен, "Аю" ири
компаниясынын генералдык директору:
"Мен өзүм "Родниктен" баштап "VIP"ге чейин…"

4-бет
Нурсултан Назарбаевдин жубайы да орус болмок тура, буюрганда
5-бет
Биринчи күйөөмдөн таппаган
бакытты, экинчисинен табам десем…

7-бет
"Бармактайдан баш кошуп, бактылуу ата-апабыз"
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
атайын репортаж
10-бет
Кандай
ата-энесиз?

11-бет
Киллер деген ким?
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Элдерди ойго салган
"Кармелита"

14-15-бет
Обон почта










??.??