Кызыктар дүйнөсү

Киллер деген ким?
Сойкулук- эң байыркы кесиптердин бири дешет. Ушул кесип менен эле катар дагы бир байыркы кесип бар. Эгерде өтүкчү же уста деп ойлоп жатсаңыз, анда жаңылышасыз. Баарына кеңири белгилүү болгон байыркы кесиптин бири-киллер.


Киллерлер жөнүндө
кандай кабарыңыз бар?
Адатта бул кесипти тергеп "ликвидатор", "аткаруучу", "тазалагыч", "киши өлтүргүч" деп аташат. Киллер-деген сөз англис тилинен которгондо "ty kill"- "өлтүрүү" деген сөзүнөн келип чыккан. Андан сырткары "ассасин" деген термин кездешет. Мисалы, Италияда кокусунан болгон өлүмдү же болбосо киши колдуу болуп өлгөндөрдү ушул сөз менен аташат. Мындан жүз жыл мурда ушул эле өлкөдө киллерлерди "кондотер" деп аташкан. Бул сөздүн мааниси "жалданган аскер" дегенди туюндурат.
Башынан эле киллерлер саясатчылардын жашоосунда кеңири роль ойногон. Өзгөчө орто кылымда Венецияда киллерлер саясатчылардын чоң кадыр-баркына ээ болушкан. Ал эми карапайым эл киллерлерди жөн гана киши өлтүргүч катары кабыл алышат. Байыркы киллерлер мылтыктын ордуна чопо идишке толтурулган чаяндарды, жыландардын, жөргөмүштөрдүн уусун негизги курал катары пайдаланышкан. Биздин доорго чейин 1000-жылы гана учтуу темирлерден жасалган куралдар пайда боло баштайт, 1044-жылы жардырууга күкүрттү ойлоп табышкан. Орто кылымда киллерлердин курмандыгына көбүнчө байлар анан жоокерлер кабылган. 180 метр аралыкка жеткен жаанын жардамы менен бир топ киллерлер өзүнө нан таап жешкен.
Киллерлердин түрү
Киллердин кесибин аркалагандар: штаттык, бир жолу иштеген, штаттан сырткары болуп үч топко бөлүнүшөт. Штаттык киллерлер адаттагыдай эле айлык акы менен иштеп, өзүнчө топ болуп бөлүнүшөт. Бул киллерлер өкмөттө иштеген саясатчылардын оң колу, жан сакчысы болуп саналат. Штаттык киллерлер түрмөдөн качкан оор кылмышкерлердин көзүн тазалаганга уста болушат.
Бир жолу иштеген киллерлер өзүнүн жашоосун тобокелге салгандар. Алар террордук акцияларга көп катышышат. Алдын ала кыла турган "жумушу" үчүн акча алышып, аны жакындарынын карамагына өткөрүп берип, өздөрү колдон келишинче көбүрөөк адамдарды өзү менен кошо ала кеткенге көп катышат. Коомчулуктагы кокусунан чыккан жардыруулар, учактарды барымтага алганды дал ушул киллерлердин түрү жасашат. Штаттан сырткары киллерлер убактылуу келишим түзүшүп, кылган кызматына көп суммадагы акчаны алышат. Адатта жалгыздап өзүнчө жүрүшөт, өз ишине тың, таза болушат. Алар - өз күчүнө ишенген, машыккан адистер.
Киллерлердин бул түрлөрүнөн сырткары "тазалагыч" деген дагы бир түрү бар. Тактап айтканда, булар жогорку үч түргө бөлүнгөн киллерлердин артын тазалап, издерин суутат. Кээ бир учурларда "тазалагычтар" киллерлердин көзүн тазалап салган учурлар да кездешет.
Киллер деле кесип
Киллер жөн жерден пайда болгон кесип эмес, буга да атайын (Тайный Институт Наёмных Ликвидиторов ТИНаЛи) де окутушат. Бул институт кайда жайгашаарын, кантип тапшыруу керек экенин эч ким билбейт. Болгону, мектепти артыкчылык менен бүткөн балдарга атайын кишилер келип кирешелүү келишим түзүүнү сунушташат. Бул кишилер өзгөчө балдардын дене түзүлүшүнө, математика, химия сабагын жакшы окуйбу, кайсы чет тилдерде сүйлөйт ушуларга басым жасашат. Химия сабагын мектептен жакшы өздөштүрбөгөн өспүрүм келечекте жардыруучу заттар менен мыкты иштей албасынан кабар берет. Атайын институттан билим алган киллерди 2-3 жыл практикага жиберишет. Кээ бир маалыматтарга таянсак, киллерлердин практика өтө турган жерлери Молдова, Забайкальеде, Орто Азияда катталган.
Колдонгон терминдер
Киллер менен "заказ" кылган адамдын ортосунда колдонгон атайын сленгдер бар. Мисалы, кардар "капчённый карасты" сураса, демек мээлеп койгон адамын тез аранын ичинде ызы-чуусу жок жоготууну суранганы. Ал эми "зеркальный карп" дегени өлтүрө турган кишини тескерисинче элдин баары билип, Массалык маалымат каражаттарына жарыя болушу керек. "Скумбрий в консерве" деген термин эч кандай артына из калтырбай, сөөгүн түп-орду менен жоготуу деген маанини туюндурат. Эгер кардар "Немного свежей трески" деген сөздү айтса, демек мээлеген кишисин өлтүрбөй, жөн гана коркутуп коюу керек.
Аялдар менен балдарга мылтык мээлемей жок
"Эч качан аял менен балдарды өлтүрбө!" -бул киллерлердин арасындагы эң негизги эреже. Кандай суммадагы гонорар төлөнбөсүн бул эрежени эч ким буза албайт. Кээ бир жагдайларда киллерлер алган "заказынын" туулган жылын изилдешет, эгерде ал адамдын жашы жете элек өспүрүм же өтө эле жаш жигит болсо келишим бузулуп, кардар төлөгөн акча артка кайтарылып берилбейт. Киллердин куралында сөзсүз түрдө акциздик марка болуш керек. Ар бир курал өз "ишин" аткаргандан кийин, кылган иши менен кошо отчёт берип, кардарга кайтарылып берилет. Байыркы Грецияда киллер өлтүргөн кишисин өзү жерге көмүп, изин тазалайт. Ал эми Америкада көпчүлүк киллерлер интернет аркылуу заказ алышат.
Киллерлер канча
акча алышат?
"Үй шартындагы" киллерлер берилген тапшырманы убагында аткарганы менен так аткарбашы мүмкүн. Ошого жараша булардын кылган кызматы 100 доллардан 1000 долларга чейин. Ал эми жалданган "орто деңгээлдеги" киллерлер 5000 ден 15 000 долларга чейин акы алат. Эң жогорку даражадагы "элиталык" киллерлердин кызматы 50 000 доллардан жогору бааланат. Эксперттердин айтуусунда Владислав Листьев менен "Инкомбанктын" филиалынын жетекчиси Борис Якубовичти 1993-жылы дал ушундай даражадагы киллерлердин огунан каза тапкан дешет. "Обьектин" даражасы канчалык жогору болсо, киллер аны өлтүрүүгө ошончолук көп акча алат. Киллерлер 3-4 айда бир "заказ" алышат.