п»ї

  Аздек Намазбекова

К
ө
з
мончок
Күйүт күндөр
"Эми баштыктарымды көтөрүнүп, отрядга кантип жетем?" деп сыртка чыксам, ДПНКнын жанында Бегим күтүп туруптур. Көрүп алып сүйүнүп кеттим.
- "Свиданкага" чыкканыңды угуп, чыгаар маалы болду деп күтүп тургам. Апаңдар келиштиби, жакшы жатышыптырбы? Кебетең кантет? Байкуш апаңдын жүрөгү ооруп кетти го,ээ? Эмне дедиң? Дарыя болсо бүк түшүп жатат. Тигил отрядыңдагы Аккыз апаң ыйлап-сыктап, "блатнаяларга" даттанып жүрөт деп уктум. Эми алар "разборкага" чакырышып, ары-бери сүйрөшпөсө болду деп менде жан жок,- деп кейип-кепчип мени отрядга жеткизди. Саат төрттөгү кечки "проверкадан" кийин Бегим шашып жумушуна кетти, "кечинде келем, со-онун кылып чай даярдап койгула ээ. Тамаксоо жаным, эми мага саат жылбай куурайм го. Эси-дартымдын баары эт менен боорсок болуп канча шымды кыйшак тигээр экенмин" деп күлдүрдү тамашалап.
Отрядда "каптёрка" деп аталган эки бөлмө бар экен. Бирине өткөндө атайын мага бөлүнгөн орунга кийимдерим салынган баштыктарды койгом. Ал эми тамак-аш коюлган "каптёрканы" бүгүн көрдүм. Проверкадан кийин "каптёрщица" ачып, Зейне мени ээрчитип кирип, "мобул экинчи катардагы коробка сеники болот. Маал-маалы менен "каптёрка" ачылган учурда эмне керек болсо кирип ала аласың" деп түшүндүрдү. "Хлебкаң" экөөңөр чай ичип койгула" деп нан, май, таттуу аралаштырып Зейнеге салып берсем ыраазы болуп калды. "Проходдошбуз го,биз менен деле чай ичип сүйлөшүп турсаң" деп калды. Отряддагылар ал-жайымды сурашып, акырындап үйралышып калгандай болдум.
- Кызым, үйдөгүлөрүң жакшы бекен? Өзүң кандайсың? Бүгүн "вешалада" топ катындан таяк жеп калды деп угуп, кейип калдым,- деп өткөндө телевизионкада менин таламымды талашкан апа менен бир аз сүйлөшүп отурдум. - Тигил Аккызга теңелбей "чай ичиңиз" деп бир аз таттууңан салып алып, барып көңүлүн алып кой. Өзүнүн ошондой албуутураак жайы бар. Өчөгүшүп калбасын,- дегенинен макул болдум.
- Апа, эртең менен түшүнбөстүк болуп кетти…-деп Аккыз апанын "проходуна" табагымды көтөрүп алып күлүп барсам, кучактап бетимден өөп:
- Менин да жүрөгүм ооруп, "апалары келиптир" дешсе ого бетер жаман болдум. "Ал атайлаган жок, жип кийимдин оордугун көтөрө албай үзүлдү" деп ошол жерде кир кайтаргандар кийин айтышты. Чай коёюн, мени менен чай ич,-деп болбой банкасына чай кайнатып келди. Өзү жөнүндө айтып көпкө сүйлөп отурду. Апа менен ошентип "элдешип", жүрөгүм ылдыйлады. "Апаңды алдадыңбы?" деп аялдар көз кысып күлүп калышты. Көрсө, мен "свиданкага"чыгып кеткенден кийин биздин урушту отряддын "председателине" төкпөй-чачпай жеткизип барышкан экен. Ал гана эмес Аккыз апа башка отряддагы бир-эки "многоходочницага" арызданып ыйлап жүргөндөрүн да уккандар болуптур. "Председателибиз" апаны чакырып алып сүйлөшкөн экен. Ошондон кийин "жаш кыздын эмне үчүн соттолуп келгени менен чын эле менин ишим эмне?! Мен эмне сот же прокурор белем?! Карыганда ушинтип абактан алжыбай эртерээк сыртка чыгаар күнүм качан келет?!" деп ыйлаганын эртеси аялдардан уктум. "Председателдин" апа менен эмне деп сүйлөшкөнүн билген жокмун, бирок түшүнүктүү, кыраакы, кимге жумшак сөз менен, кимге кыйкырык менен жеткирип түшүндүрүштү билген аялга аябай эле ыраазы болуп калдым. Көп учурда колдоо көрсөттү. Ал болбосо чын эле Бегим айткандай "разборкага" түшүп, дагы далай муш жейт белем, ким билет.
Кечки "ужинде" тамак-ашымдан көтөрүп алып экинчи отрядга барсам, шишип-көөп Дарыя жатыптыр. Өзүнүн бөйрөгү оорукчан неме оңбой эле калса керек… Алаксытайын деп үйдөгүлөрдүн келгенин, уккан-билгендеримди айтып чай даярдадым. "Бегим экөөңө" деп самын, айна, буттарына бирден жаңы байпак берсем буркурап ыйлайт, "бүгүн туулган күнүм болчу! Мени эстеп, издеп келээр киши жок. Балам байкуш кантти экен?!" деп. Бегим келгенде айтсам ал отряддарды кыдырып, беш пачка "Океан" чайга жоолук (шаль) сатып келип, куттуктадык. Абакта соода-сатыкта акчанын ордуна "Океан" деп аталган чай менен тамеки айланат экен. Башка чайдын анча баркы жок. Анткени, аталган чай "чефирге" жакшы. Ал эми акчаны амалын таап колдонгондор эле колдонбосо, "шмон" күнү кайсы жерге катсаң да шыпырып алып кетишээри толук мүмкүн.
Бир күнү "үчүнчү отрядда чоң "шмон" болуп жатат" деп аялдар ары-бери чуркашып, "не положенный" (атайын номер коюлбаган бычак, кайчы, колго жасалган кипятильник, карта, акча) нерселерин катып башташты. Айткандай эле жарым саат өтпөй беш-алты формачан отрядга кирип келип:
- 5-отряд, баарыңар эшикке чыгып тургула, "шмон"! - дешти. Аялдар күйпөлөктөп эле калдык. Чыгып бараткандарды да бирден токтотуп чөнтөк-башын текшерип жатышты. Сырттан улам баштарын созуп отряддын ичин карашып:
- Гүлү, сенин "проходуңду" чачып жатышат.
- Ий, Калыянын жаздыгынын ичине кипятильнигин таап алды, - деп жатышты.
Бурмагүл деген жүрөгү оорукчан болгон үчүнбү өтө эле эпсиз толук, бир жак көзү начар көргөн аял жакшы эле байпагынын таманына 300 сом катыптыр. Аны дароо эле "байпагыңды чеч" дешип акчасын таап алышты. Эми "нарушение" деп ага рапорт жазышат.
- Ким айтса, ким жеткирип барса да эгерим жакшылык көрбөй калсын! Жаткан ордумду карабай, дароо билгендей байкагымды чечтиришкенден кийин көргөн бирөө айтып барды да. Алдыраар күнү жаздыраар болуп эртең менен шашып байпагыма катып алгам,-деп күйүп-бышып жатты.
- Ий, байкуш, Бурмаш, сол жак көзү көрбөсө да күнү- түнү үңкүйүп отуруп байпак токуп сатып тапкан акчасы экен. Ичпей-жебей чогултуп, жада калса зонанын ашканасы берген балыкты да өзүнө ыраа көрбөй 5 сомдон сатып акчасын чогултчу эле да. Сыртта оорукчан кызы бар дешет. Ошону биякта отуруп өзү багат. Жаман эле болду, карачы, акчасынын ошол жерине катканын билген биздикилерден бирөө ДПНКга акырын шыбырап койду да. "Бир көзүң бир көзүңө жоо" деген ушул!- деп жатышты жанымдагы аялдар шыпшынышып.
Жарым сааттан ашык созулган "шмон" бүтүп, отрядга кирсек тири укмуш көрүнүш! Төшөнчүлөр чачылган, кээ бирөөнүн тумбочкасынын ичиндегилер жайнап жерде жатат. Алар өз иштерин аткарышып кеткендерин түшүнүп турсаң деле көңүлүң ирээнжип калат мындайда. Ыза болосуң. Жакшынакай жыйнап, ирээттеп койгон сенин буюм-тайымдарыңды эле сапырып чачып, чоочун бирөөлөр аңтарып жатышса…Айла канча, а-бу дешке укугуң жок. Баш иесиң. Мындай "шмондун" далайын баштан өткөргөн менен баары бир дайыма жүрөгүң дүпөйүл тартып, ар бир жолу көңүлүң чөгүп калат. А бирок чачпай, сенин буюмуңа астейдил, аяр мамиле жасаган деле "дубачкалар" бар арасында. Андайларды адам катары сыйлап, ичиңден ыраазы болосуң. Анткени алар аял катары аялдардын ички жан дүйнөсүн түшүнүү менен мамиле кылып жатышпайбы.
Аялдын амалы кырк эшекке жүк деп бекер айтылбаса керек. Улам-улам айланып карашып, текшерүүгө алышып турушкандарына карабай майрам, туулган күндөрү "бражка" ачытып, бактын башына, "каптёркага", "вешалага" чейин катып, бирок көп учурларда "шмондо" алдырып ийип, аргасыз күлүп, күйүп арманда калгандар канча?!
Урушуп-талашып, кайра жарашып, ач калып, ток болуп, бирде күлүп, кайра карышкырдай улуп-уңшуп ыйлашкан абактагы аялдар менен кошо менин да күнүм өтүп жатты. "Вязальный цехке" жумушка кирип алдым. Дарыя болсо катуу ооруп "санчастка" жатып калды. Бегим экөөбүз кезектешип кечкисин колубуздан келген тамагыбызды жасап алып барып беребиз. Ал жакта жаткандарга деле ашканадан "күчтүүлөп" тамак беришет, бирок баары бир өзүбүз тамактандырып ал-акыбалын сурап турдук. Күндөн- күнгө арыктап, өңүнөн азып баратты. Врачтардын айтуусу боюнча оорусу катуу экен. Күйөөсүнөн кечээ жакында кат алган, көрсө кайненеси катуу ооруп, өлүм алдында жатып калыптыр. Кароосуз калган баласын кошуналары балдар үйүнө тапшырып жатышкан экен. Катты окугандан кийин ден-соолугу оңолмок тургай оорлоду.Кайгы деле жеп койду окшойт.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Урмат менен нелянын
уулу Нурэлдин жентек тоюндагы
кызыктар

2-бет
Назира
шаршенова:
"Иши кылып ИИМде иштейм"

3-бет
Өскөнбаев Бейшен, "Аю" ири
компаниясынын генералдык директору:
"Мен өзүм "Родниктен" баштап "VIP"ге чейин…"

4-бет
Нурсултан Назарбаевдин жубайы да орус болмок тура, буюрганда
5-бет
Биринчи күйөөмдөн таппаган
бакытты, экинчисинен табам десем…

7-бет
"Бармактайдан баш кошуп, бактылуу ата-апабыз"
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
атайын репортаж
10-бет
Кандай
ата-энесиз?

11-бет
Киллер деген ким?
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Элдерди ойго салган
"Кармелита"

14-15-бет
Обон почта










??.??