п»ї
 Таанышуу жарыясы


Элдерди ойго салган
"Кармелита"
Орустун чакан шаарчасы. Цыган элинин турмушу, каада-салты жана эл ичиндеги болгон чыр-чатактар, сүйүү үч бурчтугу, дубанын сыры камтылган "Кармелита" сериалы көпчүлүк киносүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап келет. Күн сайын күтүп, сериалдын башкы ролун ойногон кыз Кармелита ыйласа ыйлап, сүйүнсө сүйүнгөн адамдар да жок эмес. Сериал "Кармелита 1" жана "Кармелита2" деп эки бөлүмдөн туруп, 300 бөлүктү өзүнө камтыйт.

Цыгандардын сырын
чагылдырган Рожко
Кино топ алгач Улуу Новгород шаарында өз ишин башташкан. Новгород- Россиянын аймагындагы байыркы шаарлардын бири. Бул шаардан кадам сайын тарыхый эстеликтерди кезиктирүүгө болот. Андан тышкары жаратылышы кооз жапжашыл тоолор, талаалар, адамды суктандырган токойлор. "Волхов" дарыясынын жээги- сериалдын көркүнө-көрк кошкон. Режиссер Валерий Рожко цыган айылынын турмушун мыкты деңгээлде чагылдырып, алардын каада-салтынын оң жана терс жактары менен бирге улуттук кийимдерин, ырларын, бийлеринен өйдө ачып бере алган. Сериалда жаш актёрлор жана "Ромэн" театрынын белгилүү артистери катышышкан. Ал эми саундтрегин жазууда атайын цыган кыздарын ырдатышкан.

Мазмуну
Керемет шаарча. Цыгандардын башкаруучусу Барон Зарецкийдин жашаган шаарчасына анын ысык досу Бейбут Астахов өзүнүн эли менен келет. Көп жыл мурун эки дос баласы менен кызын кудалашып, "Балакатка келээри менен эки баланы үйлөнтөбүз" деп бири-бирине сөз беришкен эле. Бейбуттун сулуу баласы Миро Барондун кызы Кармелитага үйлөнүү үчүн баардык күч аракетин жумшайт. Жаш цыган кызы ата-бабаларынын салтын улагысы келбей, салтка таптакыр туура келбеген нерсени жасайт. Ал орустун баласын сүйүп калат. Кайгылуу сүйүү үч бурчтугу ушинтип башталат…

Сүйүү үчүн
дуба окуткан
"Кармелита" сериалынын экинчи бөлүмүндө цыган кызы Кармелита Мирону чанып, бара- бара ага арбалып, сүйүп калат. Экөөнүн махабат тарыхы кайрадан ошол эле цыгандардын кичинекей шаарчасында чагылдырылат. Барон Зарецкий жана анын досу Бейбут Астахов өз иштерин уул-кызына өткөрүп, аларга цыгандардын шаарчасын башкарууга бийлик беришет. Миро атасы дайындаган таборду (цыгандардын айылы) башкарып, өзүнүн ишин мыкты өздөштүрүп кетет. Орустар менен цыгандардын ортосунда акыры жылуу мамиле пайда болуп, цыгандардын шаарчасы тынч жайга айланат. Эки улут канчалык бири-бирине тийишпей, өз алдынча оокат кылышканы менен кээде маанилүү маселелер чыгып турат. Миро менен Кармелита курулуш бизнеси менен да алектенишип, үйү жок цыгандарга көмөктөшүп келишет. Эки цыгандын сүйүүсүнүн андан ары уланышына курулуш жаатындагы жаңы өнөктөшү орус улутундагы Стас Жданов тоскоол болуп чыга келет. Стас Кармелитага ашык болуп калып, өзүнүн күчүнө ишене албай дуба окутуп салат. Учурда сериалдын сюжети абдан чаташып, окуя реалдуу өнүгүп жаткан кези.

Турмушка чыга албай жүргөн Юлия Зимина
Юлия Александровна 1981-жылы 4-июлда Саратов областында төрөлгөн. Ата-энесинин чыгармачылык таланты жок. Атасы - мал доктур, апасы - мектепте биология-химия сабагынан берген мугалим. Юлия Зиминой алтынчы классында эле актриса болууну чечкен. Кичинекей Юлия бий ийримине катышып, спектаклдерде эжеси Лена менен роль ойногон. Мектепте жалаң бешке окуган Юлия чыгармачылык чөйрөгө арала баштагандан кийин окуусунан начарлай баштаган. Ролдорду мыкты аткаргандан сырткары, адамдардын үндөрүн да өзүндөй туурай алган. Бир жолу, жергиликтүү радиого чыгып, "Катуу сууктун айынан мектепте сабактар өтүлбөйт" - деп диктордун үнүнө окшотуп сүйлөгөндө окуучулардын көбү мектепке барбай коюшкан. 1998-жылы мектепти аяктап жатып, Саратов Театралдык Институтуна абитуриенттер керек экендигин радиодон угуп калып, тапшырат да өтүп кетет. Окуусун 2003-жылы бүтүп, ар кандай спектаклдерде ойноп келгени менен жылдызы "Кармелита" сериалынан кийин жанган. Азыркы учурда актриса көптөгөн жигиттердин жүрөгүнө чок салып келет. Бирок, өзүнүн жүрөгүнө чок салган чыныгы сүйүүсүн жолуктура элек. Апасы кызынын "Мага азыр жалгыздык ыңгайлуу" деп айтканына кабатыр болуп, бактысын тилеп келет.

Таарынган цыгандар
Бир курдай үч цыган эркек Юлиянын чыныгы күйөрмандары экендигин айтып, актрисанын ата-энесинин үйүнө келишет. "Чын жүрөктөн чыккан белек"-дешип, алтын аттын такасын алып чыгышат. Ата-энеси кызына телефон чалып айтышат. Мындай өтө кымбат белекти алгандан Юлия баш тартат. Катуу таарынган цыган күйөрмандары "Биз Юлияны Москвадан таап, баары бир бул белекти тапшырабыз" деп кетишкен экен.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Урмат менен нелянын
уулу Нурэлдин жентек тоюндагы
кызыктар

2-бет
Назира
шаршенова:
"Иши кылып ИИМде иштейм"

3-бет
Өскөнбаев Бейшен, "Аю" ири
компаниясынын генералдык директору:
"Мен өзүм "Родниктен" баштап "VIP"ге чейин…"

4-бет
Нурсултан Назарбаевдин жубайы да орус болмок тура, буюрганда
5-бет
Биринчи күйөөмдөн таппаган
бакытты, экинчисинен табам десем…

7-бет
"Бармактайдан баш кошуп, бактылуу ата-апабыз"
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
атайын репортаж
10-бет
Кандай
ата-энесиз?

11-бет
Киллер деген ким?
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Элдерди ойго салган
"Кармелита"

14-15-бет
Обон почта










??.??