Назира
шаршенова:
"Иши кылып ИИМде иштейм"
Көпчүлүк окур-мандардын сүйүктүү рубрикасына айланган "Кумир менен баарлашууга" келген куудул Назира Жетигенова күйөрмандарына жолугуп, алар менен сыр бөлүшүп, кызыктуу күн тартуулап берди.


Нурзат:
- Кышкыга даярдык көрүп, кожейке катары кыям, салаттарды жасадыңызбы?
- Үйүмдү толук ремонттон өткөрүп, көмүр алып койдум. Мен өзүмдү үйдө жакшы кожейкемин деп айта албайм. Кыям, кышкы салаттарды дайыма курбу кыздарым жасап берет. Көп жылдан бери бири-бирибизди колдоп келаткан, кучакташкан досторум бар. Мен аларга керектүү азык-түлүктөрүн жеткирип берип коём, анан алар мага бардыгын жасап беришет. Ал эми үй жыйнап, тамак жасаган жагын кыздарым кылат.
- Кыздарыңыз канчага чыгып калды?
- Эки кызым бар. Улуусу Айпери он сегиз жашта. Кичүүсү Азиза он алтыда. Айпери тигүү цехинде иштейт, Азиза тогузунчу класста окуйт. Азиза "Мен да ырдайм" деп калат, бирок мектептеги окуусун бүткөндөн кийин ойлонбосок, азыр эртелик кылат го деп ойлойм.
- Жолдошуңуз менен ажырашып кеткениңизге көп болдубу?
- Күйөөм менен төрт жыл бирге жашагандан кийин ажырашып кеткем. Ажырашканыбызга он төрт жыл болду. Мен ажырашам десем, ал ажырашпайбыз деп аягында ажырашып тындык. Мен негизи адамдан бир көңүлүм калса кайра кечире албайм. Ажырашып жатканда "Ачка калсам дагы мен сага барып акча сурабайм" дегем. Сөзүмө туруп суранбадым, алимент да алган жокмун. А азыр ал кыздарына жолугуп, жардам берип турат. Өткөндө кыздарына акча салам деп телефон чалыптыр. Учурда Москвада иштейт. Мен тамашалап, "Жардам берсең биротоло эле квартира сатып бербейсиңби, кыздарың чоңоюп калды"десем, "Коё тур кичине, дагы иштейин" дейт.
Алтынай:
- Жолдошуңуз да үйлөнгөн эмеспи?
- Үйлөнүп, эки баласы бар. Аялы менен да таанышкам. Мен болсо азыр апам, кыздарым менен чогуу жашайм.
- Сизди ала качып кетти беле?
- Ала качканга окшошот десем болот. Мен анда биринчи мугалимим Такен Шаршеев агайдан бийден сабак алчумун. Ал жакка мени Алина эжем ээрчитип барган. Жолдошум болсо ошол жерде сүрөтчү экен. Бийге эрте келип калганда алардын өнөрканасына барып, сүрөттөрүн көрүп, отуруп калчумун. Ал мени "Братишка" дечү. "Нан алып келчи, чай куюп берчи. Сен жакшы кыз экенсиң ээ?" деп жумшап алчу. Бир жылдай мени сыртымдан багып, чоңойсун деп күтүп жүрүптүр. Бир жылдан кийин Таласка кетсем, аркамдан издеп барып, "23-февралга карата досторум менен отурушка барабыз" деп мени Фрунзеде жашаган байкесинин үйүнө алып келген. Ошол үйдөн ак жоолук салышкан. Эсимде, сүйүүсүн билдиргенде мага мүйүздөн жасалган сөйкө белек кылган. "Сени албасам өлүп калам" деп жатып үйлөнгөн да(күлүп).
Наргиза:
- Эжеңиздин аты башкача болсо, сиздин фамилияңыз башкача деп уккам?
- Ооба. Мен Шаршенова Назира Солтоевнамын. Чоң атабыз Шаршен, чоң атамдын атасы Жетиген. Менин паспортумдагы фамилиям Шаршенова. Азыр гезиттерге да Шаршенова деп жаздырып жатам. Бирок эл арасына Жетигенова Назира деп тарап кеткендиктен, көпчүлүгү көнбөй жатышат. Аэропорттон өтүп жатканда же МАИчилерге кармалганда "Ой, бул сенин фамилияң эмес го?"деген суроону көп угам. Анан убакытты кетирип, "Ой, бул менин чоң атам, анан деген мындай болгон да..."деп түшүндүрүп олтурмак белем. Кыскача эле күйөөмдүн фамилиясына өтүп алгам деп тамашалап коём.
Жылдыз:
- Белгилүү болгонго чейин эмне иш кылчу элеңиз? Сахнага кеч келдиңиз го?
- Мен аны эмнеге жашырмак элем. Кыздарымды багыш үчүн, нан жеш үчүн Ош базарда кийим сатып, оромо сатып, кафеде официант андан кийин администратор болуп иштедим. Жолдошум менен жаңы ажырашкан жылдары "Бешсары" базарына (анда кийим саткан базар болчу) оромо сатчумун. Ошол кезде "Дикая роза" деген Мексиканын сериалы мода болуп жаткан. Таежем оромону роза кылып орогонду ойлоп таап, аны целофан пакетке салып, базардын ичин кыдырып оромо дебей, "Роза алабыз, роза" деп кыйкырып сатам. Өтпөй баратса, "Розаны түгөйү Карлос менен кошо алыңыздар" деп кинодогу каарман Роза менен Карлостун атын айтып реклама кылам. Тапкан акчам батирдин акчасына, күнүмдүк азык-түлүккө кенен жетет. Менин оромомду кыргыздарга караганда корейлер, орустар көп алчу. Ошондой күндөрдүн биринде корей улутундагы бир аял менен таанышып, кичине даражам көтөрүлүп (тамашалап), анын кол алдында юбка сатып иштеп калдым. Ошондогу бир окуя эсимден кетпейт. Бир жолу сиңдим экөөбүз карта ойноп олтурсак, бир юбкам акыры-ын жылып баратат. Карасам элүүдөн ашып калган эле кыргыз аял юбканы уурдап баратыптыр. Экөөбүз талашып жатабыз. Ал "Сатып алгам" деп мойнуна албайт. Элдин баарын ызы-чуу кылып, милицияларды чакырткам. Элдин көзүнчө тигил аялды чаап-чаап жибергеним да эсимде.
- А азыр деле ууруларга кабыласызбы?
- Айтпа. Жакында эле бир концертке алыпбаруучу болуп, Спорт сарайынын артына машинемди токтотуп койгом. Магнитофонумду, курбу кызымдын дублёнкасын, таенемден калган күмүш чачпакты, Түркияныкы деп 30 миң сомго чейин алып, ой-да кийинген кийимдеримди, кыскасы машинемдин ичиндеги болгон байлыгымды тоноп кетишти. Менимче, билген адамдар эле тоношкон. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып уурулардан "Жок дегенде курбу кызымдын дублёнкасы менен таенемден калган чачпакты кайтарып бергилечи. Сүйүнчүсү болот" -деп суранат элем.
Гүлжан:
- Колуңузду сураган жигиттер барбы? Качан турмушка чыгайын деп жатасыз?
- Колумду сураган жигиттер, күйөрмандар толтура. Турмушка чыгам десем, кыздарым каршы деле болбойт. Бирок, "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп, менин жашоомду толук түшүнгөн, чоңоюп калган кыздарыма жакшы мамиле жасай турган күйөө таба элекмин. Ал эми "Аялымды таштап сени алам" деген эле мырзалар. Үй-бүлөсүн бузуп, мага үйлөнөм дегендерге жол бербейм. Анысы аз келгенсип, мага менден сегиз, он жаш кичүүлөр сөз айтышат. Же өзүмдүн табитим жаштарга жакынбы билбейм. Ха-ха-ха... Кээде тамашалап, кыркка чейин ойноп-күлүп алайын деп коем. Кудай буюрса, кыздарым 2-3-курс болуп калса, анан күйөөнү ойлонуп көрөм деп койбоюнбу.
- Назира, сизди ИИМде иштеп жатат деп бир ырчынын айтканын уккам? Ал жакта эмне иш кыласыз?
- ИИМде ыр-бий ансамбли жаңы ачылып, Айбек Карымов көркөм жетекчибиз болгон. Он үч артис ар бир айда кадимкидей эмгек акы алып иштейбиз. Ар кандай кечелерде, майрамдарда кесиптештерибизге жагымдуу маанай тартуулап келебиз. Орган кызматкерлери биздин даярданып жатканыбызды көрүшүп, "Силердин деле иш оңой эмес турбайбы. Биз "артистерге эле жыргал"-деп жүрсөк" деп айтып жатышпайбы. Биз да баштагыга караганда көнүп калдык. Кээде МАИчилер тосуп калганда "Эми кесиптешпиз го" десем, "Кандайча?" деп таң калышат. Анда мен "Ким болуп иштегенимди билбейм, иши кылып ИИМде айлык алып иштейм" деп тамашалап, күлдүрүп калам.